Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы N 168 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277, 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2009-жылдын 19-сентябрындагы N 605, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139, 2010-жылдын 27-августундагы N 178, 2010-жылдын 8-декабрындагы N 309, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483, 2025-жылдын 19-августундагы № 503 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жобо
1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу менен менчиктештирүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт. 2. Конкурс мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы болуп эсептелет, анда менчиктештирүү объектин сатып алуучу өзүнө конкурстун шартында белгиленген белгилүү милдеттенмени алат. Мамлекеттик мүлктү сатып алуучуга коюлган талаптарга жараша конкурс коммерциялык же инвестициялык болушу мүмкүн. (3 абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы N 605, 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 3. Мамлекеттик мүлктү сатуучу болуп, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Сатуучу) чыгат. Конкурсту уюштуруучу мамлекеттик мүлктү Сатуучу болот. Мамлекеттик мүлктү Сатуучу конкурс өткөрүү датасын, ордун жана тартибин аныктайт, конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнү өз учурунда жарыялоону камсыз кылат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 4. Мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар юридикалык же жеке жактар болушу мүмкүн. Акыл эси ордунда эмес деп белгиленген тартипте таанылган жеке адамдар, мамлекеттик уюмдар жана ишканалар менчиктештирилчү мамлекеттик мүлктү сатып алуучу боло албайт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомунун редакциясына ылайык) 5. Конкурска коюлуп сатылуучу менчиктештирүү объектилери: - мамлекеттик ишканаларды кайра түзүү процессинде пайда болгон чарбалык шериктиктер менен коомдордун капиталдарындагы мамлекетке тийиштүү акциялар (үлүштөр); - мүлктүк комплекс катары мамлекеттик ишканалар; - мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп түзүүнүн (жоюунун) натыйжасында пайда болуп, ишке жарактуу комплекстерди түзүүчү мамликеттик ишканалардын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмчөлөрү. Менчиктештирүүнүн жүрүшүндө эмес түзүлгөн Чарбалык шериктиктер менен коомдордун капиталындагы мамлекетке тиешелүү менчик укугундагы акциялар (үлүштөр) дагы бул Жобоиун тартиби боюнча конкурста сатылышы мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277 токтомунун редакциясына ылайык) 6. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 7. Коммерциялык жана инвестициялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирүү объектисине карата милдеттемелердин тизмеси аныкталат, аны сатып алуучу өзүнө алуусу керек. Милдеттемелердин тизмеси менчиктештирүү объектисине жараша болот жана аны конкурс жарыялаганга чейин Сатуучу аныктайт. Коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарты өзүнө сатып алуучунун менчиктештирүү объектисине карата төмөндөгүдөй милдеттемелерин камтышы мүмкүн. - сунуш кылынган инвестициялардын суммасы; - эмгек акы, жумушка орношуу деңгээли, социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануу жаатында социалдык программа; - жаңы сатуу рыногуна чыгуу же болгонун өздөштүрүү; - жаңы атаандаштыкка жөндөмдүү же импортту алмаштыруучу продукцияларды чыгарууну өздөштүрүү; - натыйжалуу менеджментти ишке киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу; - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенме. - карыздарын жоюу боюнча милдеттенме; - уставдык капиталын көбөйтүү боюнча милдеттенме. Милдеттенменин сандык көрүнүшү, ошондой эле аларды сатуу мөөнөтү болууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 8. Сатуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктештирилүүчү мүлктүн наркын аныктайт жана анын негизинде конкурста баштапкы сатуу баасын (мындан ары баштапкы сатуу баасы деп аталат) белгилейт. 9. Конкурстун шартын Сатуучу аныктайт жана Сатуучунун тиешелүү чечими менен бекитилиши керек. 10. Конкурска катышуу үчүн талапкер конкурста сатып алуучу мүлктүн акысын камсыз кылуу эсебине шертакы (мындан ары гарантиялык взнос) берет. Гарантиялык взностун өлчөмү менчиктештирилүүчү объектти сатуунун баштапкы баасынын 10 процентин түзөт. Гарантиялык взнос төмөнкү учурларды кайтарылып берилет: - конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп табылбаса (шертакыны кайтаруу мөөнөтү - конкурстун жыйынтыгы жөнүндө Сатуучу протоколду бекиткен учурдан баштап 10 банктык күндүн ичинде); - тоорук өткөн жок деп табылса (гарантиялык взносту кайтаруу мөөнөтү - конкурстун жыйынтыгы жөнүндө Сатуучу протоколду бекиткен учурдан баштап 10 банктык күндүн ичинде); - Талапкердин катталган арызды кайта алып койгон учурунда (шертакыны кайтаруу мөөнөтү - арызды кайта сурап алынышы жөнүндө билдирүүнү менчиктештирүү боюнча комиссия алган учурдан баштап 10 банктык күндүн ичинде). Конкурста жеңип чыккан адам менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдө ал төккөн гарантиялык взностун суммасы түзүлгөн келишим боюнча милдеттенменин эсебине эсептелет. (8 абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2009-жылдын 19-сентябрындагы N 605, 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт.
II. Менчиктештирүү объектилерин сатуу боюнча конкурсту даярдоо жана уюштуруу
11. Менчиктештирүү объектилерин конкурс боюнча сатуу үчүн Сатуучу конкурсту даярдоо жана өткөрүү комиссиясын (мындан ары конкурстук комиссия) түзөт. 12. Конкурстук комиссиянын курамына Сатуучунун, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү кирет. Анын курамына башка мамлекеттик органдардын, ишканалардын (акционердик коомдордун) өкүлдөрү, эксперттер кириши мүмкүн. Комиссия Сатуучуга ишке аудитордук, консультациялык, баалоочу, эксперттик жана башка уюмдарды тартуу жөнүндө сунуш киргизе алат. Конкурстук комиссиянын төрагалыгына Сатуучунун өкүлү дайындалат. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так санда жана 5 кишиден кем эмес болууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт. 13. Конкурстук комиссиянын чечимдери заседаниеге катышкан, добуш берүү укугуна ээ болгон комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүдө комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Эгер заседаниеге добуш берүү укугуна ээ болгон комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, комиссия анын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу. Добуштар бирдей болуп калган учурда комиссия төрага добуш берген чечимди кабыл алат. Комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет, ага заседаниеге катышкан комиссия мүчөлөрү кол коюшат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт. 14. Конкурстук комиссиянын милдети конкурсту даярдоо жана өткөрүү болуп саналат. Бул максатта конкурстук комиссия: - талапкерлерден конкурска катышууга ниетин билдирген арыздарды, ошондой эле комиссияга көрсөтүүгө зарыл болгон материалдарды кабыл алууну арыздын формасын аныктайт (типтүү арыздын үлгүсү Тиркемеде берилген), камсыз кылат, ар бир арызга анын түшкөн датасын, мезгилин жазып, номер коет; - талапкерлерди конкурска катышууга кое берүү (же болбосо кое берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алат; - конкурс өткөрөт; - конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт; - конкурстун жыйынтыгы боюнча протокол жазат жана кол коет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт. 15. Менчиктештирүү объектисин сатуу боюнча конкурстун өткөрүлүшү тууралуу маалыматтык билдирүү аны өткөрүү датасынан кеминде 30 күн мурда, ал эми стратегиялык маанидеги объекттер үчүн кеминде 90 күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы керек. Билдирүү төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: - менчиктештирүү объектисинин аты; - объекти сатуунун баштапкы баасы; - конкурстун түрү-коммерциялык же инвестициялык; - конкурстун шарты; - конкурстун түрүнө (коммерциялык же инвестициялык) жараша мамлекеттик мүлктү сатып алуучуга коюлуучу талаптардын тизмеси; - мамлекеттик мүлктү сатып алуучунун менчиктештирүү объектилерине карата алган милдеттенмелеринин тизмеси; - конкурска катышуу үчүн талапкерлер тапшыруучу документтердин жана аларды тариздөөгө талаптардын тизмеси; - гарантиялык взностун өлчөмү жана аны төгүү мөөнөтү, Сатуучунун эсебинин зарыл болгон реквизттери; - арызды кабыл алуу орду жана мөөнөтү; - конкурс өткөрүү орду, датасы жана убактысы; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Сатуучу белгилеген тартипке ылайык сөзсүз жарыялануучу зарыл болгон башка маалыматтар. Конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүү жасаган Сатуучу ишти берүү үчүн белгиленген мөөнөттүн биринчи жарымында гана конкурстун шартын өзгөртүүтө же конкурсту болтурбай коюуга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2010-жылдын 8-декабрындагы N 309 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 16. Менчиктештирүү процессинде түзүлгөн ачык акционердик коомдун акцияларын сатууда маалыматтык билдирүүгө төмөндөгүлөрдү сөзсүз түрдө кийирүү керек: - мындай коомдун кыймылсыз мүлкү жайгашкан жер участогунун жалпы аянты; - кыймылсыз мүлккө жалпы мүнөздөмө; - акцияларды кайра сатууга белгиленген чектөө; - продукциянын (иш, кызмат көрсөтүү) негизги номенклатурасы; - кызматкерлердин саны; - Кыргыз Республикасынын резиденти эместердин, ошондой эле уюштуруучусу (катышуучусу) жана биригишкен жагы катары чет өлкөлүк жана юридикалык жактары бар Кыргыз Республикасынын резиденттеринин катышуусуна чектөөлөр; - негизги финансы-экономикалык көрсөткүчтөрү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139токтомдорунун редакцияларына ылайык) 17. Арыздарды кабыл ала баштагандан тартып Сатуучу ар бир талапкерге менчиктештирүү объектиси жөнүндө өзүндө болгон маалыматтар менен таанышууга мүмкүндүк берет. 18. Конкурска катышуу үчүн конкурстук шарттар менен катар эле, талапкерлер конкурстук комиссиянын дарегине белгиленген мөөнөттө төмөнкү документтерди тапшырат: - конкурска катышууга арыз; - гарантиялык взносту төлөгөндүгүн ырастоочу, аткарылгандык тууралуу банк белгиси түшүрүлгөн төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү; - менчиктештирүү объектиси үчүн баа боюнча сунуш; - тизмеси арызга кошо тиркелүүчү документтер; - маалыматтык билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча башка документтер. Бир адам бир гана арыз, ошондой эле коммерциялык же инвестициялык конкурста сатылган менчиктештирүү объектисине баа берүү боюнча бир гана сунуш берүүгө укугу бар. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) 19. Юридикалык жактар төмөнкүлөрдү кошумчо берет: - уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - талапкерлердин арыз берүү датасына чейин, акыркы кварталга бардык деңгээлдеги бюджетке салык төлөмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугун ырастаган салык инспекциясынын маалымкаты. Бул талап чет өлкөлүк талапкер - Кыргыз Республикасынын резиденти эместери үчүн милдеттүү болуп саналбайт; - юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - баалуу кагаздарды (акционерлик коомдор үчүн) каттагандыгы жөнүндө баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик органдын күбөлүктүн көчүрмөсү. Бул талап чет өлкөлүк талапкер - Кыргыз Республикасынын резиденти эместери үчүн милдеттүү болуп саналбайт; (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 503 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт. 191. Документтер электрондук почта же башка байланыш каражаттары аркылуу санариптик форматта, анын ичинде башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мындай документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болсо, “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилиши мүмкүн. Санариптик жана санариптештирилген документтерди берүү тартиби мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык) 20. Талапкер арыз менен кошо бардык тапшырылган документтердин тизмесин 2 нускада берет. Талапкердин ыйгарым укук берилген өкүлү арыз жана зарыл болгон документтерди тапшырган учурда, талапкердин атынан келген укугун күбөлөндүрүп, жазылган документти көрсөтүүсү керек. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт. 21. Берилген документтердин мыйзамдардын талаптарына жана конкурстун шарттарына ылайыктуулугун аныктоо үчүн конкурстук комиссия зарыл учурда кошумча маалыматтарды сурап алууга, ошондой эле берилген документтерди экспертизага жиберүүгө укуктуу. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) 22. Конкурстук комиссия маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга тиркелген документтери менен арыздарды кабыл албайт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) 23. Талапкер конкурска катышууга төмөнкү учурда жиберилбейт, эгерде: - берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талапкердин сатып алуу укугун ырастабаса; - маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн тизме боюнча бардык документтер берилбесе, же болбосо алар туура жазылбаса, же болбосо мыйзамдын талабына же конкурстун шарттарына туура келбесе; - Сатуучунун эсебине белгиленген мөөнөттө шертакынын түшкөнү аныкталбаса. Конкурска катышууга жол берилбеген талапкерлерге алардын суроо-талабы боюнча арыздарды кабыл алуу протоколунун выпискасы берилет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) 24. Арызды кабыл алуунун бүтөөрүнө 3 күндөн кем эмес мөөнөттүн ичинде,талапкер Сатуучуга жазуу түрүндө билдирүү жолу менен, ошол билдирүүнү комиссияга жиберүү менен катталган арызын кайта чакырып алууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы N 139 токтомунун редакциясына ылайык) 25. Сынакта катышуучу талапкерлерди таануу жөнүндө сынактык комиссиянын чечими, арыз кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин түзүлүүчү, арыз кабыл алуучу протокол менен таризделет (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы N 139 токтомунун редакциясына ылайык) 26. Комиссия мүчөлөрү арыздардын кабыл алуу протоколуна кол койгондон баштан талапкер конкурстун катышуучусу статусун алат. Эгерде конкурстун катышуучусунун документтери боюнча эксперттердин терс корутундусу алынса, мындай катышуучу андан ары конкурска катыша албайт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) 27. Сатуучу талапкерлер берген арыздар менен ага тиркелген документтерди сактоону, ошондой эле арыз берген жактардын жана алар тапшырган документтердин мазмуну жөнүндө маалыматтардын жашырындыгын аларды комиссиянын заседаниесинде жарыялаганга чейин сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт. 28. Бир дагы арыз түшпөсө, же конкурска бир эле катышуучу өткөрүлсө, же болбосо талапкерлердин бири да катышуучу деп таанылбаса анда конкурс өткөн жок деп табылат. Конкурс өткөн жок деп эсептелсе, конкурстук комиссия эгер мурда бул мамлекеттик мүлк колдонуудагы ыкмалардын бири менен да менчиктенттирилбесе, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн башка ыкмаларын пайдаланууну сунуш кылып конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзөт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт. 29. Конкурстарды өткөрүүдө катышуучулар конкурстук комиссияга менчиктештирүү объектисинин баасы боюнча сунуш киргизет. Менчиктештирүү объектиси үчүн баа боюнча сунуш мамлекеттик же орус тилдеринде жазылып, ага катышуучу кол коюшу керек. Сунуш кылуу баасы жазуу менен көрсөтүлөт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2009-жылдын 19-сентябрындагы N 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 30. Конкурс өткөрүүдөн кийин жана конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол жазылып, заседаниеге катышкан комиссия мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол мамлекеттик мүлктү Сатуучунун бекитүүсүнө берилет жана конкурс өткөн датадан 10 күндүн ичинде бекитилет. Стратегиялык маанидеги мамлекеттик менчикти сатуу боюнча конкурс өткөргөн учурда мындай мөөнөт бир айга чейин узартылат. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - конкурстук комиссиянын курамы; - конкурстун катышуучусу тууралуу маалыматтар; - конкурстун жыйынтыгы. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт. 31. Конкурстун жыйынтыгы жөнүндөгү протокол Сатуучу бекиткен жеңүүчүгө мамлекеттик мүлктү сатуу - сатып алуу келишимин түзүүгө укук берүүчү документ болот. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу Сатуучунун чечими жеңүүчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруу менен берилет же болбосо заказ кат менен почта аркылуу жиберилет. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун выпискасы конкурстун катышуучуларына же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө алардын суроо-талабы боюнча кол койдуруу аркылуу берилет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) 32. Мамлекеттик мүлктү сатуучу конкурстун жеңүүчүсү менен сатып алуу-сатуу жөнүндө келишим түзөт. Конкурстун жеңүүчүсү мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн тайсалдаса (баш тартса) гарантиялык износ кайта кайтарылбайт. Мындай учурда конкурска коюлган мүлк мамлекеттин менчигинде сакталат жана кайта конкурска коюлушу мүмкүн же болбосо башка ыкманы пайдалануу менен менчиктештирилет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Коммерциялык конкурс
33. Сатуучу өзүнө белгилүү бир милдеттенмелерди алып, менчиктештирүү объектиси үчүн эң чоң бааны сунуш кылган конкурс коммерциялык конкурс деп табылат. 34. Менчиктештирүү объектиси үчүн коюлган баа боюнча сунуш коммерциялык конкурстун негизги шарттарына кирет. Ал конкурстун катышуучусу тарабынан берилет жана конкурстук комиссия тарабынан каралат. Баштапкы сатуу баасынан төмөн сунуш кылынган баа каралбайт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) 35. Өзүнө милдеттенмелерди алып конкурска коюлган менчиктештирүү объектиси үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү болот. Менчиктештирүү объектиси үчүн эки же андан көп бирдей баа сунушталса, конкурстук комиссия конкурстун катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана менчиктештирүү объектиси үчүн жаңы баа коюну сунуш кылат. Конкурстун катышуучулары жаңы баа коюдан баш тартса, кимдин финансы - экономикалык көрсөткүчтөрү эң мыкты деп табылган катышуучу жеңүүчү делип табылат. 351. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
IҮ. Инвестициялык конкурс
36. Инвестициялык конкурс - бул менчиктештирүү объектилерин Сатып алуучуга сатуу, ал менчиктештирүү объектисине карата белгилүү милдеттемелерди гана сактабастан, бизнес-планды ишке ашыруучу үчүн зарыл болгон инвестициялык милдеттемелерди кошумча кабыл алууга даяр болот. 37. Инвестициялык конкурстун негизги шарттарына конкурстун катышуучуларынын төмөнкүдөй сунуштары кирет: - бизнес-планга ылайык көлөмү жана мүнөзү боюнча өзүнө алган инвестициялык милдеттенмелеринин; - менчиктештирүү объектиси үчүн баа боюнча. 38. Инвестициялык конкурстун шарттарына ылайык ушул Жобонун 18, 19-пункттарында көрсөтүлгөн тизмеден сырткары, талапкерлер конкурстук коммиссиянын дарегине төмөндөгү документтерди кошумча тапшырат: - бизнес-план; - бизнес-планда чагылдырылган иш-чараларга ылайык кабыл алынган инвестициялык милдеттемелердин көлөмү жана мүнөзү боюнча сунуштар. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) 39. Инвестициялык конкурс эки этап менен өтөт: - биринчи этапта бизнес-пландарды кароо, конкурстун катышуучуларынан түшкөн инвестициялык милдеттенмелер, алардын көлөмү жана мүнөздөрү боюнча сунуштарды экспертизадан өткөрүү жүргүзүлөт; - экинчи этапта менчиктештирүү объектиси үчүн баа боюнча сунуштар каралат. 40. Биринчи этап комиссия арыздарды кабыл алуу протоколун түзгөндөн кийин өткөрүлөт. Биринчи этапты өткөрүү мөөнөтү комиссиянын чечими менен аныкталат. Комиссия биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча эң мыкты инвестициялык сунуштарды жана бизнес-планда чагылдырылган сунуштарды аныктайт жана кыйла оптималдуу инвестициялык долбоорлорду сунуш кылган конкурстун катышуучуларын тактап, аларды экинчи этапка өткөрөт. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча тандалган конкурстун катышуучуларынын саны чектелбейт, бирок экиден кем болбоо керек. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт. 41. Инвестициялык конкурстун биринчи этабынан жыйынтыгы боюнча кимдин бизнес-планы менен инвестициялык сунуштары тандалып алынса, ошол конкурстун катышуучулары экинчи этапка чакырылат. Экинчи этапта конкурстук комиссия менчиктештирүү объектисинин баасы боюнча конкурстун катышуучуларынын сунушун карайт. Баштапкы сатуу баасынан төмөн бааны камтыган сунуш каралбайт. о 42. Сунушу эң мыкты деп табылган катышуучу инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болот. Сунушту мыкты деп табууда, төмөндөгү шарттарды сактоо зарыл: - конкурстун катышуучусунун бизнес-планы жана инвестициялык сунуштары инвестициялык конкурстун биринчи этабында тандалышы; - конкурстун катышуучусу оптималдуу жана натыйжалуу инвестициялык планды сунуш кылышы; - конкурстун катышуучусу менчиктештирүү объектиси үчүн эң жогорку бааны сунуш кылышы. Менчиктештирүү объектиси үчүн эки бирдей же андан көп сунуш түшсө, кимдин инвестициялык сунушу жакшы деп табылса ошол катышуучу жеңүүчү деп табылат. Инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү деп табылган катышуучу, менчиктештирүү объектисине карата өзүнө белгилүү милдеттемелерди алат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) 421. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
V. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмүн тариздөө
43. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилгенден кийин мамлекеттик мүлктү Сатуучунун жана конкурстун жеңүүчүсүнүн (мындан ары Сатып алуучу деп аталуучу) ортосунда мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт. Мамлекеттик мүлктү (кыймылсыз объектилер) сатып алуу - сатуу келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Мамлекеттик мүлктү (баалуу кагаздардын мамлекеттик пакеттерин) сатып алуу-сатуу келишими Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу боюнча мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) 44. Сатып алынган мамлекеттик мүлк үчүн эсеп-кысаптын тартиби, менчиктештирүү объектисине карата Сатып алуучунун милдеттери, ошондой эле ушул милдеттемелерди аткаруунун тартиби сатып алуу-сатуу келишиминде чагылдырылат. Мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишими милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтуусу керек: - мүлктү сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалымат; - келишимдин предметин аныктоо; - менчиктештирүү объектиси жөнүндө маалымат; - объекти сатып алуу баасы; - алынган мүлк үчүн төлөмдүн формасы жана мөөнөтү; - менчиктештирүү объектисине карата сатып алуучунун өзүнө алган милдеттемеси, анын сандык туюнтулушу жана аны аткаруу мөөнөтү; - инвестициялык жана (же) социалдык шарттар, ага жараша көрсөтүлгөн мүлктү сатып алуучу сатып алган; - мындай шарттар менен милдеттемелердин аткарылышын сатып алуучунун ырастоо тартиби; - менчиктештирүү объектисине карата сатып алуучу өзүнө алган милдеттенмелерди кошкондо, коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарттарын сатып алуучу аткарбаса келишимди бузуунун тартиби; - өз ара макулдашуу боюнча мындай келишимде тараптар белгилеген башка шарттар. 45. Сатып алуучу конкурста сатып алган мамлекеттик мүлктүн эсеп-кысабы сатып алуу-саауу келишиминде белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт. Сатып алуучу Сатуучунун эсебине которгон гарантиялык взнос конкурста сатып алынган мүлктүн акысына кошулат. (3 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (4 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт. 46. Мамлекеттик мүлккө жана акциялардын мамлекеттик пакеттерине менчик укугу мамлекеттен аны Сатып алуучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленген тартипте өтөт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 47. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 48. Сатуучу бүтүм жасалган күндөн кийин бир айлык мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик мүлктүн коммерциялык же инвестициялык конкурста сатылганы жөнүндө маалыматты жарыялоого тийиш. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүм эсептелген мөөнөт бул мүлккө менчик укугу таризделген учурдан тартып аныкталат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
ҮI. Корутунду жоболор
49. Бул Жобону бузуу менен өткөрүлгөн конкурстар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн. 50. Тараптар тарабынан пайда болгон жана бул Жобо менен жөнгө салынбаган талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чечилет.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык)
“Мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобого тиркеме
Коммерциялык же инвестициялык конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча конкурстук комиссия
“____” __________20____-ж. ________________ ш.
Коммерциялык же инвестициялык конкурска катышууга типтүү арыз
Арыз ээси: юридикалык жактар үчүн_________________________________ (юридикалык жактын толук аталышы) _______________________________________________________ (жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты) _______________________________________________________ (юридикалык дареги, телефону, МФОнун а/э) жеке жактар үчүн _______________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) _______________________________________________________ (паспорт маалыматтары, катталган жери) мындан ары Талапкер деп аталып, _________________________________________________ атынан (фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду) ________________________________ негизинде иш алып барган (документтин аталышы) мамлекеттин менчигинде турган менчиктештирүү объектилерин сатуу боюнча коммерциялык же инвестициялык конкурска катышуу жөнүндө чечим кабыл алуу менен: а) акциялардын саны ___________ даана, ал мамлекеттик үлүштүн _______ %ын түзөт ____________________________________________________________ _________________________________________________________________________________________________________ АК капиталынын (акционердик коомдун аталышы, анын юридикалык дареги) же б) башка мүлктүн ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ (мүлктүн аталышы, анын негизги мүнөздөмөлөрү жана жайгашкан жери)
милдеттенет: менчиктештирүү объектилерин сатуу боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө камтылган конкурстун шарттарын, ошондой эле Мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жободо белгиленген конкурс өткөрүү тартибин сактоого; менчиктештирүү объектисине карата конкурстун шартында аныкталган милдеттемелерди өзүнө алууга; конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган учурда конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилген датадан тартып 10 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө Сатуучу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө; конкурстун жыйынтыгы боюнча белгиленген мүлктүн наркын Сатуучуга сатып алуу-сатуу келишиминде аныкталган мөөнөттөрдө төлөөгө; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Сатуучуга зарыл төлөмдөрдү төлөп берүүгө. Арызга төмөнкүлөр тиркелет: юридикалык жак үчүн: – уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; – талапкердин арыз берилген датадан мурунку акыркы кварталга карата абал боюнча бардык деңгээлдеги бюджеттерге салык төлөмдөрү боюнча мөөнөтү өткөн карызы жоктугун ырастоочу салык инспекциясынын маалымкаты; – юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү; – баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик органдын баалуу кагаздарды каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү (акционердик коомдор үчүн); жеке жактар үчүн – паспорт (арыз берүү учурунда талапкер өзү көрсөтөт).
Талапкердин (анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) колу
М.О.”.
|