Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 1-марты № 158

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236, 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө", 2009-жылдын 13-октябрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Жаза аткаруу департаментинин № 41 мекемесин жоюу жөнүндө", 2011-жылдын 14-октябрындагы № 635 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун № 53 мекемесин түзүү жөнүндө", 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 722 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын № 54 мекемесин түзүү жөнүндө" токтомдоруна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын ишине тийиштүү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу тутумунун № 50 түзөтүү мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы "мамлекеттик кызматынын алдындагы Жазаларды аткаруу департаментинин" деген сөздөр "мамлекеттик кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-пункттун алтынчы абзацындагы "алдындагы Жазаларды аткаруу департаментине" деген сөздөр алып салынсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ө. Бабанов