Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2003-жылдын 3-июлу № 405
Падышата мамлекеттик жаратылыш коругун түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
Өзгөчөлүктүү арча токойлорун, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген Семенов пихтасын жана жалпы эле республиканын биологиялык түрлөрүн сактоо максатында, ошондой эле Биологиялык түрлөр жөнүндө конвенциянын 8-статьясына таянып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалалабат облусунун Аксы районунда жайгашкан Авлетим токой чарбасынын Падыша-Ата токойчулугунун жерлеринде 1-тиркемеге ылайык 15846 га аянтта Падышата мамлекеттик жаратылыш коругу түзүлсүн.
2. Падышата мамлекеттик жаратылыш коругунун жер пайдалануусунун жана анын корголуучу зонасынын чектери № 2 тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өзгөчө корголуучу табигый аймактардын жерлери" категориясына которулсун.
4. Бекитилсин:
- Падышата мамлекеттик жаратылыш коругунун чек араларынын баяндамасы № 3 тиркемеге ылайык;
- Падышата мамлекеттик жаратылыш коругунун корголуучу зонасынын чек араларынын баяндамасы № 4 тиркемеге ылайык.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы жаңы түзүлгөн Падышата мамлекеттик жаратылыш коругун Мамлекеттик токой кызматына 2003-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде каржыласын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство, Жалалабат облустук мамлекеттик администрациясы жаңы түзүлгөн Падышата мамлекеттик жаратылыш коругуна жер бөлүп берүү боюнча материалдарды аныкталган тартипте тариздешсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агро өнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Н. Танаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-июлундагы № 405 токтомуна № 1 тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
┌─────────────┬───────────────────────────────────────────────────────┐
│Жерлер, │ Токой жерлер │
│бардыгы, ├─────────────┬─────────────┬─────────────┬─────────────┤
│га │Токой баскан │Ала-телек │Токой баспа- │Токой жерлер,│
│ │аянт, га │токой өсүм- │ган аянттар, │бардыгы, га │
│ │ │дүктөрү, га │га │ │
├─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┤
│ 15846,0 │ 4419,6 │ - │ 1298,6 │ 5718,2 │
└─────────────┴─────────────┴─────────────┴─────────────┴─────────────┘
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Токой жерлер │
├──────────┬───────────┬───────────┬──────────┬───────────┬───────────┤
│Айдоолор, │Чабындалар,│Жайыттар, │Чарбактар,│Башка │Токой эмес │
│га │га │га │га │жерлер, │жерлер, га │
│ │ │ │ │га │ │
├──────────┼───────────┼───────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ 11 │
├──────────┼───────────┼───────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ - │ - │ 2158,8 │ 1,1 │ 7967,9 │ 10127,8 │
└──────────┴───────────┴───────────┴──────────┴───────────┴───────────┘
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр |
Б.Талгарбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-июлундагы № 405 токтомуна № 2 тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
┌─────────────┬───────────────────────────────────────────────────────┐
│Жерлер, │ Токой жерлер │
│бардыгы, ├─────────────┬─────────────┬─────────────┬─────────────┤
│га │Токой баскан │Ала-телек │Токой баспа- │Токой жерлер,│
│ │аянт, га │токой өсүм- │ган аянттар, │бардыгы, га │
│ │ │дүктөрү, га │га │ │
├─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┤
│ 14714,0 │ 9146,0 │ 120,6 │ 336,8 │ 9603,4 │
└─────────────┴─────────────┴─────────────┴─────────────┴─────────────┘
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Токой жерлер │
├──────────┬───────────┬───────────┬──────────┬───────────┬───────────┤
│Айдоолор, │Чабындалар,│Жайыттар, │Чарбактар,│Башка │Токой эмес │
│га │га │га │га │жерлер, │жерлер, га │
│ │ │ │ │га │ │
├──────────┼───────────┼───────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ 11 │
├──────────┼───────────┼───────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│ 86,0 │ 17,6 │ 3106,9 │ 21,8 │ 1878,3 │ 5110,6 │
└──────────┴───────────┴───────────┴──────────┴───────────┴───────────┘
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр |
Б. Талгарбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-июлундагы № 405 токтомуна № 3 тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
Падышата мамлекеттик жаратылыш коругу (мындан ары - корук) Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Аксы районунун администрациялык чек арасынын ичинде жайгашкан. Коруктун аянты 15846 га.
Мамлекеттик коруктун аймагы Авлетим токой чарбасыиын жерлери менен 1 чекиттен 8 чекитке чейин чектешет.
8-9-чекиттердин ортосундагы участокто мамлекеттик корук Жалалабат облусунун Аксы районунун мамлекеттик жер запасынын жерлери менен чектешет.
Мамлекеттик коруктун чек арасынын башталгыч 1-чекити Четти тоосунун чокусунда жайгашкан.
Чек ара 1-2-чекиттен түштүк-чыгыш тарапка, Падышата жана Итагар дарыяларынын суу бөлгүчү аркылуу деңиз деңгээлинен 3564,0 м жогорудагы бийиктик аркылуу, деңиз деңгээлинен 3566,7 м жогору белгиси бар тригопункт аркылуу, деңиз деңгээлинен 3293 м бийик белги аркылуу, деңиз деңгээлинен 2869 м белгиси бар тригопункт аркылуу өтүп, деңиз деңгээлинен 2869,9 м бийиктиктен Көкдөбө өзөнүнө чыгып, андан ары анын агымы боюнча Падышата дарыясы менен кошулганга чейин кетет.
Чек ара 2-3-чекиттен (1000 м) Падышата дарыясы боюнча анын өрүшүн бойлоп 1688,1 м суу бөлгүч белгиден ары Падышата дарыясынын оң куймасы боюнча деңиз деңгээлинен 3043,8 м бийиктиктеги белгиге чейин барат.
Чек ара 3-4-чекиттен (1200) өзөндүн аралы боюнча түштүк-батышты карай кетет.
Чек ара андан ары 4-5-чекиттердин ортосу менен (1000) батышты карай Тосту суусуна куючу өзөнгө чейин кетет.
Андан ары чек ара 5-6-чекиттерден (900) м түштүктү көздөй өзөндү бойлоп Тосту дарыясына куюшуна чейин барат.
Андан ары 6-чекитте чек ара.
Түндүк-батышка бурулуп Тосту дарыясын бойлоп өйдөнү карай кетет (1500 м).
Чек ара 7-чекиттен түштүккө бурулуп, дарыянын аралы менен түз Чарташ дарыясына жетет, 7-8-чекиттердин ортосундагы аралык 1500 м.
Андан ары 8-9-чекиттердин ортосунда (4000 м) мамлелеттик корук Алабука районунун мамлекеттик токой фондунун жерлери менен чектешип, чек ара жайыт боюнча кетет.
9-10-чекиттердин ортосундагы участокто (4000 м) чек ара тоону батыш тарабынан айланып өтүп, жайыттар аркылуу Миңжылкы дарыясынын оң куймасына чейин барат.
10-11-чекиттерден баштап чек ара Миңжылкы дарыясынын оң куймасы боюнча алар кошулган чекитке чейин барат.
Андан ары чек ара 11-12-чекиттерден (2000 м) түндүк-батыш багытта түз жүрүп отуруп деңиз деңгээлинен 3399 м бийиктеги белгиге чейин барат.
12-13-чекиттердин ортосундагы участокто (1000 м) чек ара чыгышка бурулуп, ошол багыт боюнча эңкейиш менен суу бөлгүчкө чейин барат.
13-14-чекиттен (2100 м) түндүк-батыш багытта дарыянын аралы боюнча токойдун четине чейин барат.
14-15-чекиттин ортосундагы участокто мамлекеттик коруктун чек арасы адегенде токойду түндүк-чыгыштан айланып (1300 м), анан түндүккө бурулат да жайытты түз кесип токойго чейин барып (1500 м), анан токойду батыш жагынан айланып өтөт да андан ары түндүктү карай токойго чейин барат (1500 м), ал жерден токойду түндүк тарабынан батыштан чыгышты көздөй Музтөр өзөнү менен кесилишкенге чейин айланып деңиз деңгээлинен 2225,8 м бийиктеги чекитке чейин барат.
Чек ара 15-16-чекиттерден (2400 м) Кашкасуу өзөнү боюнча өрдөштү карай кетет.
Андан ары 16-17-чекиттен (3000 м) чек ара чыгышты карай тоо кыркасын кесип өтүп, Четтисай өзөнү менен кесилишкенге чейин жетет.
17-18-чекиттерден (800 м) Четтисай өзөнү боюнча жогору, чыгышты карай кетет.
18-чекиттен башталгыч чекитине чейин (1400 м) чек ара түндүк-чыгыш багытта Четти тоо кыркасы боюнча Четти тоо кыркасынын башталгыч чекитине чейин барат.
Падышата мамлекеттик жаратылыш коругунун баяндамасы 1998-жылдагы 1:100000 масштабдагы карта (к-42-84, к-42-96) боюнча көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр |
Б.Талгарбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-июлундагы № 405 токтомуна № 4 тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
Падышата мамлекеттик жаратылыш коругунун 14714 га аянттагы корголуучу зонасы Жалалабат облусунун Аксы районунун мамлекеттик токой фондунун жерлеринен турат.
Мамлекеттик коруктун корголуучу зонасынын чек арасынын башталгыч 1-чекити деңиз деңгээлинен 2869,9 м бийиктеги белгиде жайгашкан.
Чек ара 1-2-чекиттен түштүккө карай барып, арча токой, бадалдар аркылуу ийне жалбырактуу жана жалбырактуу токойдун чек арасы боюнча суу бөлгүч боюнча Үчкалатсай өзөнү менен кесилишкенге чейин барат.
Чек ара аралыгы 1100 м болгон 2-3-чекиттерден 10 град. түштүк-чыгыш багытта сай боюнча кетет.
Чек ара 3-4-чекиттерден (2100 м) 67 град. түштүк-чыгыш багытта дарыянын аралы боюнча өтөт.
4-5-чекиттерде (1700 м) чек ара түштүккө карай кетет.
5-чекитте чек ара 87 град. түндүк-батышка бурулат жана ушул багыт менен 1200 м жүрүп, Тегерексай өзөнүн кесип өтүп, андан ары түштүк-батышка бурулат да, аты жок сайга чейин 900 м барат.
Узундугу 2600 м болгон 6-7-чекиттерде чек ара батышты карай кетет.
7-чекитте чек ара 15 град. түндүк-батышка бурулуп, ошол багыт менен 4100 м түз барып, тоолор аркылуу Төгөрөксай жана Каврабашат өзөндөрүн кесип өтөт.
8-чекитте чек ара 50 град. түндүк-батышка бурулуп, ошол багытта Падышата дарыясына чейин 2500 м барат.
Чек ара 9-10-чекитте (4000 м) Падышата дарыясынын сол жээги боюнча жогору карай түштүктөн түндүккө өтүп, Аксай өзөнүн кесип өтүп Боктубулак өзөнүнө чейин барат.
10-11-чекиттерде чек ара түндүк-батышка карай (700 м) Кайынсай өзөнү менен кесилишкенге чейин барып, андан түндүк-чыгышка карай кетет (2100 м).
Чек ара 11-чекитте 80 град. түндүк-батышка бурулуп, ошол багытта 2000 м жүрүп Кичикөктөбө өзөнүн кесет да, андан ары Молоташ таштарына чейин барат.
12-чекитте чек ара Падышата дарыясын кесип өтүп, анын оң жээгине чыгат, жээкти бойлой ылдый жүрүп түштүккө бурулуп, аларды бойлой (9300 м) Жыландысай, Бербулак, Айвексай өзөндөрүн кесип өтөт.
Чек ара 13-чекитте 50 град. түштүк-чыгышка бурулуп түз (1500 м) кетет да, анан Тосту өзөнүнө карай 90 град. бурулат.
14-15-чекиттерден чек ара Тосту өзөнүн өрдөй түндүк-батыш багытта Чекучаксай өзөнү куйган жерге чейин барат (6100 м).
Аралыгы 600 м 15-16-чекиттен чек ара Тосту өзөнүнүн алабын кесип өтүп анын оң жээгине чыгат.
16-чекитте кайра артка бурулат да, сууну бойлой ылдый түз (4150 м) 17-чекитке чейин кетет.
17-чекитте чек ара түштүк-батышка 48 град. бурулат жана Көлсай дарыясы менен кесилишкенге чейин (2100 м) түз кетет.
18-19-чекиттерде чек ара Көлсай өзөнү боюнча өтүп (800 м), ал Өлөңбулак өзөнүнө куйган жерге чейин барат.
Чек ара 19-чекиттен Өлөңбулак өзөнүнүн сол жэзги боюнча түндүк-батышка сууну өрдөп (2700 м) Чоңташсай өзөнүнө барат, андан 300 м нарыда 20-чекит турат.
20-21-чекиттердин ортосунда 179 м чек ара Өлөңбулак өзөнүн кесип өтүп, анын оң жээги менен ылдый, түштүк-батышты карай жүрүп, 22-чекитке чейин (8670 м) барат; өз жолунда чек ара Төгөрөксай, Долоносай өзөндөрүн кесип өтөт.
22-23-чекиттердин ортосундагы 5000 м аралыкта чек ара 60 град. түштүк-батыш багытта кетет.
23-24-чекиттердин ортосунда 7110 м аралыкта чек ара 40 град. түндүк-батышка жүрүп жайыт аркырлуу Карагайлысай өзөнүнө чейин барат.
24-чекиттен 25-чекитке чейинки 1200 м аралыкта чек ара Өлөңбулак өзөнүн кесип өтүп ошол эле багыт боюнча кетет.
25-чекитте чек ара 90 град. түндүк-чыгышка бурулуп, 1400 м жүрүп 26-чекитке жетип, арча токой аркылуу өтөт.
26-чекитте 40 град. түндүк-батышка бурулуп, андан ары ошол багыт боюнча Карагайсай өзөнүнө чейин 4300 м барат.
27-28-чекиттерден ары чек ара тоо кыркасы боюнча (1700 м) Чарташ тоосунун чокусуна чейин барат.
28-чекитте чек ара чыгышка бурулуп, Падышата мамлекеттик жаратылыш коругунун түштүк чек арасы боюнча 1-чекитке чейин барат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр |
Б. Талгарбеков |