Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-декабры № 822
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамына ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-мартындагы № 91 "Каратал-Жапырык мамлекеттик коругун уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- аталышы жана бүткүл тексти боюнча "Каратал-Жапырык мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин "жаратылыш" деген сөз менен толукталсын;
- преамбуласы "жаратылыш комплекстерин," деген сөздөрдөн кийин "суулуу-саздак жерлерди," деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункту "Каратал-Жапырык" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик жаратылыш" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде "Каратал-Жапырык мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин "жаратылыш" деген сөз менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 24-июнундагы № 277 "Каратал-Жапырык коругунун балансынан Нарын районунун 8-март дыйкан чарбасынын балансына жайыт жерлерин өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- аталышы "Каратал-Жапырык" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик жаратылыш" деген сөздөр менен толукталсын;
- бүткүл тексти боюнча "Каратал-Жапырык мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин "жаратылыш" деген сөз менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун чек арасынын баяндамасында:
түрдүү жөндөмөдөгү "Каратал-Жапырык мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин тийиштүү жөндөмөдө "жаратылыш" деген сөз менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 2-августундагы № 353 "Ош облусунун Өзгөн районунда "Кара-Шоро" жана Талас облусунун Талас районунда "Беш-Таш" мамлекеттик улуттук жаратылыш парктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "улуттук" деген сөз алып салынсын;
- 7-пункттагы "токой чарбасы боюнча" деген сөздөр "курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-4-тиркемелеринде түрдүү жөндөмөдөгү "улуттук" деген сөз алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 15-апрелиндеги № 225 "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда "Каракол" улуттук жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "улуттук" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "мамлекеттик" деген сөзгө алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-3-тиркемелеринде түрдүү жөндөмөдөгү "улуттук" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "мамлекеттик" деген сөзгө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 13-августундагы № 472 "Чүй облусунун Кемин районунда "Чоң-Кемин" мамлекеттик улуттук жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "улуттук" деген сөз алып салынсын;
- бүткүл тексти боюнча "токой чарбасы" деген сөздөр "Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде түрдүү жөндөмөдөгү "улуттук" деген сөз алып салынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-майындагы № 249 "Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мамлекеттик табигий Улуттук жаратылыш паркын жана Нарын областынын Нарын районунда Салкын-Төр мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Улуттук" деген сөз алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелеринде түрдүү жөндөмөдөгү "Улуттук" деген сөз алып салынсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-июлундагы № 405 "Падышаата" мамлекеттик коругун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Падышаата мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин тийиштүү жөндөмөдө "жаратылыш" деген сөз менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-4-тиркемелеринде "Падышаата мамлекеттик" деген сөздөр "жаратылыш" деген сөз менен толукталсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы № 598 "Кулуната" мамлекеттик коругун уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кулуната мамлекеттик" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "жаратылыш" деген сөз менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-5-тиркемелеринде түрдүү жөндөмөдөгү "Кулуната мамлекеттик" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "жаратылыш" деген сөз менен толукталсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 233 "Кара-Буура мамлекеттик коругун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кара-Буура мамлекеттик коругу" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелеринде түрдүү жөндөмөдөгү "Кара-Буура мамлекеттик коругу" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 414 "Сурматаш мамлекеттик коругун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Сурматаш мамлекеттик" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "жаратылыш" деген сөз менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелеринде түрдүү жөндөмөдөгү "Сурматаш мамлекеттик" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "жаратылыш" деген сөз менен толукталсын.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|