Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24 январы № 2/6
Кара-Суу шаарында үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык Кара-Суу шаарынын аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сунушту угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кара-Суу шаарынын аймагында үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети түзүлсүн. (№1 тиркеме тиркелет).
2. Кара-Суу шаарынын аймагында үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин Жобосу бекитилсин. (тиркелет).
Түзүлгөн үй-бүлөлүк зомбулуктуу токтотуу боюнча жергиликтүү комитет өз ишин бекитилген Жобонун негизинде жүргүзүшсүн.
Бул токтомдун аткарылышы шаардык кеңешинин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы | А.О. Назаров |
Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2022-жылдын 24-январындагы II сессиясынын №2/6 токтомуна 1 тиркеме
Кара-Суу шаарында үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин курамы
Ш.Осмоналиев – вице-мэр, комитеттин төрагасы;
Т.Абдураимова – шаар мэриясынын адиси, комитеттин катчысы
№ | Ф.А.А. | Ээлеген кызматы | Байланыш телефону | |
№1 ҮБЗТК | ||||
1. | Атабаева Д. - | Аялдар кеңешинин төрайымы | 0558 04-74-74 | |
2. | Бакыева С. - | Шаардык кеңешинин депутаты | 0555856095 | |
3. | Урманов Х.- | Шаардын тургуну | 0551210121 | |
4. | Исраилов С.- | №134 нег. мектебинин соц. педагогу | 0552275007 | |
5. | Тургунова Э.- | К.Рахимов о.м соц педагогу | 0559000616 | |
6. | Султаналиева З.- | Кара-Суу шаардык YДТ башчысы | 0557005788 | |
7. | Изакеева Р.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0553030382 | |
8. | Сатвалдиева Д.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0557290172 | |
9. | Касирова Я.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0553717122 | |
№2 ҮБЗТК | ||||
1. | Бегматова А. | Шаардык кеңештин депутаты | 0777366687 | |
2. | Абдиева М.- | YБДТ фельдшер-акушер | 0550892309 | |
3. | Алайчиев М.- | Аксакалдар кеңешинин төрагасы | 0557114344 | |
4. | Бегалы к Р | З.Бабур о.м соц педагогу | 0558251075 | |
5. | Сайдрахманова А.- | №2 кв комитетинин төрайымы | 0556066262 | |
6. | Абакулов М.- | КААБ башчысы | 0550262158 | |
7. | Амирбекова З.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0559302799 | |
8. | Тургунбаева А.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0555818030 | |
№3 ҮБЗТК | ||||
1. | Орозмаматова В.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0550146329 | |
2. | Маматкаримов И. | Мэриянын башкы адиси | 0772020209 | |
3. | Абдураимова Т. | Мэриянын адиси | 0557096066 | |
4. | Шакеева К.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0556090982 | |
5. | Турдиева Х.- | Х.Турсунов о.м соц.педагогу | 0551104705 | |
6. | Калматова Н.- | №3 балдар бакчасынын башчысы | 0554223201 | |
7. | Закирова Ч.- | Шаардык кеңештин депутаты | 0771377337 | |
8. | Толубаева Д.- | Кара-Суу РИИБүнүн кызматкери | 0551287600 | |
Жооптуу катчы А.К.Кебекбаева
Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2022-жылдын 24-январындагы II сессиясынын №2/6 токтому менен бекитилди
Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети жөнүндө ЖОБО
Жалпы жоболор
1.1. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети (мындан ары кыскача ҮБЗТК деп аталат) Кыргыз Республикасынын "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесинин 6-пунктунун талаптарына ылайык үй-бүлөлүк зомбулукту, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотууга салым кошуу максатында курамы мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, дин кызматкерлеринин өкүлдөрүнөн жана жергиликтүү жамааттардын башка мүчөлөрүнөн турган ведомстволор аралык координациялоо жана өз ара аркеттенишүү үчүн коомдук башталышта түзүлгөн дайыма иштей турган коллегиялык орган.
1.2. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн жергиликтүү мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өкмөттүк эмес, коомдук уюмдар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта ишке ашырат.
1.3. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын буюртмаларына жана ушул Жобого ылайык ишке ашырат.
Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин максаттары
2.1. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн маселелерин аткаруу үчүн кийинки функцияларды ишке ашырат:
- Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин иш пландарына үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, үй-бүлө институтун бекемдөө жана үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотуу маселелерин камтуу менен иштеп чыгышат жана шаардык кеңешинин сессиясына бекитүүгө алып чыгат;
- Үй-бүлөлүк зомбулуктун анализин жүргүзүп Кара-Суу шаардык кеңешинин жана Кара-Суу мэриясынын талкуулоосуна алып чыгат;
-Жарандарды социалдык коргоо мекемелери жана өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте кыйын жашоо абалында калган жарандарды, балдар үйлөрүн,карылар йлөрүн колдоо боюнча иш уюштурат
Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин милдеттери
3.1 Жарандардын кайрылуулары менен иштөө, зомбулуктун курмандыктарына маалыматтык, психологиялык жана юридикалык колдоо көрсөтүү;
3.2.Калк арасында адам укугунун сакталышы жана зомбулукту токтотуу маселелери боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;
3.3. Ар бир кварталдан бир жолудан кем эмес ҮБЗТК мүчөлөрүн окутуу боюнча иш чараларын жүргүзүү;
3.4. Зарыл болгон учурда прокуратура жана ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулуктун айкындалган фактылары жөнүндө кабарлоо;
3.5. Аялдардын, балдардын, улгайган адамдардын, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коопсуз жашоого болгон укугунун сакталышына такай мониторинг жүргүзүү;
3.6. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аны токтотуу маселелери боюнча коомдук пикирди калыптандыруу боюнча иш чараларды уюштуруу жана ага катышуу;
3.7. Жергиликтүү коомчулуктун ишкер жана коомдук саясий чөйрөсү менен байланышты колдоо жана өнүктүрүү;
3.8. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча коомдук демилгелерди өркүндөтүү боюнча региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
3.9. Зомбулуктан жабыр тарткан жарандардын турмуш тиричилигине тийгизген тоскоолдуктарды жоюусуна көмөктөшүү жана алардын башка жарандар сыяктуу коомдун турмушуна толук кандуу аралашып кетишине шарт түзүп берүү;
3.10. Мамлекеттик жана коомдук бирикмелер менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашыруу;
3.11. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана токтотуу чөйрөсүндө иштеген аймактагы мекемелердин базасын түзүү;
Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин укуктары
4.1. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана токтотуу маселелерине арналган укуктук ченемдик актылардын, программалардын, чечимдердин долбоорун коомдук талкулоого катышууга;
4.2. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана токтотуу маселелерине арналган коомдук демилгелерди кароого;
4.3. Мамлекекттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана токтотуу маселелери боюнча кабыл алына турган же кабыл алынган чечимдерди жакшыртуу боюнча тиешелүү сунуштарды берүү;
4.4. Өз ишмердүүлүгүнө улуттук, эл аралык, жергиликтүү эксперттерди, илимий ишмерлерди тартууга;
4.5. Тиешелүү маселелерге ылайык семинар, конференция, тегерек стол, коомдук угууларды, маалыматтык жыйындарды уюштурууга жана өткөрүүгө;
4.6. Өз компетенцияларынын чегинде маселелерди талкуулоо боюнча ҮБЗТКнын кеңешмелерине тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, жооптуу кызматкерлерин чакырууга;
4.7. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулук менен кызматташуусуна көмөк көрсөтүүгө;
4.8. Өз ишмердүүлүгү тууралуу Жобону иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
4.9. Зарыл болгон учурда убактылуу жумушчу топторду, комиссияларды түзүүгө;
4.10. Өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган булактары аркылуу каржы булактарын тартууга укуктуу.
Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин жана анын иш регламенти
5.1. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети кеңеш менен калыптанат.
5.2. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитет шаардык кеңешине жана шаар мэриясына отчет берет.
5.3. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитет коомдук кызыкчылыктардын эсеби менен калыптанат, анын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү укук коргоо структураларынын, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелеринин, диний уюмдардын, жергиликтүү жамааттардын, жарандык коомдун, акчакалдар сотунун, аялдар кеңешинин өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) жана башкалар кирет.
5.4. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитет мамлекеттик уюмдардын, жарандык коомдук уюмдардын жана калктын кызыкчылыктарын чагылдырган коомдук орган катары шаардык кеңештин жана шаар мэриясынын кароосуна бекитилген Жобого ылайык маселелерди алып чыга алат.
5.5. Жергиликтүү комитеттин башчысы комитеттин отурумунда шайланат, анын мөөнөтү бүткөндө шаар мэриясы менен макулдашуу боюнча төрага же активдүү мүчөлөрдөн бири төрага болуп шайланышы мүмкүн.Жергиликтүү комитеттин башчысында орун басар жана катчы болот. Комитеттин отуруму протокол менен таризделип,ага бардык кабыл алынган чечимдер жазылат жана ага төрага жана катчы кол коюшат.
5.6. Жергиликтүү комитеттин отурумдары бир айда бир жолудан кем эмес аралыкта өткөрүлөт,ал эми зарыл болгон учурда Комитеттин кезексиз отурумдары өткөрүлүшү мүмкүн.Комитеттин отуруму эгерде ага комитеттин жарымынан көбүрөөгү катышса укуктуу болуп саналат,анын чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
5.7. Комитеттин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ, анын кабыл алган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммуникативдик байланыш аркылуу тиешелүү бийлик органдарына, коомчулукка жетикирилиши мүмкүн.
5.8. Жергиликтүү комитеттин ишмердүүлүгү иш пландарынын негизинде ишке ашырылат.
5.9. Жергиликтүү комитеттин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаар емэриясы тарабынан каржыланат.
5.10. Жергиликтүү кеңештин укуктук-ченемдик актылары юстиция органдарында катталат жана массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан кийин өз күчүнө кирет.