Загрузка документа…
| Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 26 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого сынактарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жобо
1. Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого сынактарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык иштелип чыкты жана ачык конкурстун негизинде Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоонун негизги принциптерин жөнгө салат.
Конкурсту уюштуруунун максаты жеңүүчүнү аныктоо жол-жобосунун ачыктыгын камсыздоо, менчигинин түрүнө карабастан, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө шарттарын түзүү, адилеттүү атаандаштыкты камсыз кылуу жана транспорттук кызмат көрсөтүү рыногун өркүндөтүү болуп саналат.
2. Ушул Жободо төмөндөгү терминдер колдонулат:
автобус - айдоочунун орундугун кошпогондо, сегизден көп орундугу бар, жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу үчүн арналган автотранспорт каражаты;
каттам - белгилүү бир пункттардын ортосунда коомдук транспорт жүрүүчү белгиленген жол. Бардык каттамдар километрдик аралыгына, баштапкы, акыркы аялдама пункттарынын аталыштары жана саны менен мүнөздөлөт;
муниципалдык коомдук транспорт - муниципалдык менчикте турган жана жүргүнчүлөрдү жана жол жүк ташуу үчүн арналган жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттары;
шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташууну жүзөгө ашыруу укугуна келишим (мындан ары - келишим) - өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча тапшырыкчы менен ташуучунун ортосунда түзүлүүчү типтүү келишим;
заказчы - Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы;
Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурс (мындан ары - конкурс) - шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн мыкты шарттарды сунуш кылган ташуучуну аныктоого багытталган уюштуруу иш-чараларынын жыйындысы;
конкурстук комиссия - шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого карата конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоого өзгөчө укугу бар коллегиалдуу орган;
конкурстук табыштама - Бишкек шаарынын каттамдарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууга кызматтарды көрсөтүү боюнча катышуучунун сунушу;
конкурстук документтер - тапшырыкчы катышуучуга сынактык табыштаманы даярдоо үчүн берүүчү конкурстун предмети, шарттары, өткөрүү мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган документтердин пакети;
жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспорту (коомдук транспорт) - жүргүнчүлөрдүн отуруп жана туруп жүрүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү ыңгайлуулугун камсыз кылуучу, жүргүнчүлөрдү массалык ташууга арналган автобустар (троллейбустар);
ташуучу - белгиленген тартипте берилген, тийиштүү уруксаты же лицензиясы бар жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу боюнча кызматтарды көрсөткөн, менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде автотранспорт каражаттарына ээ болгон, конкурстун жеңүүчүсү болгон жеке же юридикалык жак;
катышуучу - менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде, автотранспорт каражаттарына ээ болгон жана конкурска катышкан жеке же юридикалык жак;
электробус - ички күйүү кыймылдаткычы жок электр энергиясынын (аккумулятор, күйүүчү элементтер, конденсаторлор ж.б.) көз карандысыз булагынан кубат алуу менен бир же бир нече электр кыймылдаткычтар менен кыймылга келтирилүүчү автобус.
3. Бишкек шаарынын мэриясы конкурсту өткөрүүнүн уюштуруучусу болуп саналат.
Конкурсту уюштуруу үчүн жоопкерчилик заказчыга жүктөлөт.
4. Бишкек шаарынын мэриясы конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана тийиштүү буйрук чыгарат.
Конкурстун катышуучусун каттоо жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөн тартып башталат жана 30 календардык күн өткөндөн кийин аяктайт. Конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзүлгөнгө чейин конкурстук процесстин узактыгы 45 календардык күндөн ашпашы керек. Конкурска каттамдар: бир каттам - бир лот принциби боюнча коюлат.
5. Конкурска кыймылдуу курамынын квалификациялык маалыматтары жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу талаптарына ылайык келген катышуучулар киргизилет.
6. Конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссия тарабынан Ташуучуларга каттамдарды тейлөө жана бекитүү мөөнөтү белгиленет жана келишимдин иштөө мөөнөтүн узартуу укугусуз - 3 жылдан ашпаган мөөнөткө жана кыймылдуу курамы жаңы болгон учурда (сынак өткөн учурда чыккан жылы 3 жылдан көп эмес болсо), ушул Жобонун талаптарын сактаган шартта 3 жылга узартуу укугу менен - 5 жылга түзүлөт.
II. Конкурс уюштуруу жана аны өткөрүү тартиби
7. Заказчы Бишкек шаарынын каттамдарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу укугуна сынак өткөрүү жөнүндө кулактандырууну 1-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурс өткөрүлгөнгө чейин 30 календардык күндөн кем эмес убакытта жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
8. Конкурска менчигинин түрүнө карабастан, сынакка катышуу жөнүндө табыштама берген, жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууга тиешелүү уруксаты же лицензиясы бар ар кандай жеке же юридикалык жак катышат.
Конкурска катышууну каалагандар, конкурстук документтер пакетин сатып алуу наркын алдын ала төлөп, эркин формада табыштама беришет. Конкурстук документтер комплектисинин наркы сынакты өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерине байланышкан чыгымдарга ылайык келүүгө тийиш (кеңсе товарларга жана буюмдарга жумшалган чыгым) жана конкурстук комиссия тарабынан белгиленет.
9. Катышуучу бекитилген формаларга ылайык конкурстук документтердин пакетин изилдеп чыгат, андан кийин белгиленген мөөнөттө ушул Жобонун талаптарына ылайык конкурска катышуу жөнүндө табыштаманы берет.
10. Конкурстук документтердин пакети төмөнкү документтерди өзүнө камтыйт:
а) 2-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурска катышууга табыштама;
б) 3-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурска катышуучунун жүргүнчү автобустарынын бар экендиги жана абалы жөнүндө маалымат;
в) 4-тиркемеге ылайык форма боюнча катышуучунун кыймылдуу курамды сатып алуу жана жаңыртуу боюнча планы;
г) 6-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурска катышуучунун өндүрүштүк-техникалык базасынын абалы жөнүндө маалымат;
д) 7-тиркемеге ылайык форма боюнча автобустардын кыймылынын коопсуздугу жана эксплуатациялоо үчүн жооптуу катышуучулар жөнүндө маалымат (аты-жөнүн көрсөтпөстөн) (конкурстук сунуштар үчүн);
е) 8-тиркемеге ылайык форма боюнча формалык кийимдин болушу жөнүндө маалымат;
ж) 9-тиркемеге ылайык форма боюнча жаратылыш газында, Евро 5 экологиялык класстагы күйүүчү майда иштеген автобустардын (жасап чыгаруучу завод тарабынан жабдылган), жана электробустардын (жасап чыгаруучу завод тарабынан чыгарылган) бар болушу жөнүндө маалымат;
з) 10-тиркемеге ылайык конкурстук сунуштарды толтуруу боюнча нускама;
и) 11-тиркемеге ылайык Бишкек шаарынын каттамдарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруу укугуна типтүү келишимдин формасы.
11. Катышуучу сынакты өткөрүү башталганга чейин ушул Жобо тарабынан белгиленген талаптарга ылайык конкурстук сунуштарды жана катышуучу жөнүндө маалыматтарды берет.
Катышуучу жөнүндө конкурстук сунуштар 10-тиркемеге келтирилген Нускамага ылайык оңдоолорсуз жана катасыз белгиленген формада берилет.
Конкурстук сунуштарда төмөнкүлөр камтылат:
а) 3-тиркемеге ылайык форма боюнча катышуучунун жүргүнчүлөр автобустарынын бар экендиги жана анын абалы жөнүндө маалыматы;
б) 4-тиркемеге ылайык форма боюнча катышуучунун кыймылдуу курамын сатып алуу жана жаңыртуу боюнча планы;
в) 6-тиркемеге ылайык конкурстун формасы боюнча катышуучунун өндүрүштүк-техникалык базасынын абалы жөнүндө маалымат;
г) 7-тиркемеге ылайык форма боюнча автобустардын кыймылынын коопсуздугу жана эксплуатациялоо үчүн жоопкерчиликтүү адамдар жөнүндө (аты-жөнүн көрсөтпөстөн) маалымат;
д) 8-тиркемеге ылайык форма боюнча формалык кийимдин болушу жөнүндө маалымат;
е) 9-тиркемеге ылайык форма боюнча жаратылыш газында, Евро 5 экологиялык класстагы күйүүчү майда иштеген автобустардын жана электробустардын бар болушу жөнүндө маалымат.
Конкурстук сунуштарда конкурстук сунуштардын конкреттүү катышуучуга таандык экендигин белгилей турган маалыматтар көрсөтүлбөшү керек.
12. Автобустарды жана айдоочулар курамын бир эле мезгилде бирден көп каттамга кайталап киргизүүгө жол берилбейт. Конкурска катышуу үчүн мурда коюлган жана лотторду утуп алган автобустардын андан ары башка лотторго конкурска катышуусуна жол берилбейт.
Башка лоттун жеңүүчүсү болгон катышуучунун кайрадан катышуусу аныкталган учурда, ал конкурска андан ары катышуудан четтетилет, ал эми анын жыйынтыгы жокко чыгарылат.
13. Катышуучу тууралуу маалымат төмөнкү документтерди тиркөөсү менен 2-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурска катышууга табыштаманы өзүнө камтыйт:
а) юридикалык жактар үчүн юстиция органдарында, жеке жактар үчүн мамлекеттик статистика органдарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
б) юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
в) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууга лицензиянын көчүрмөсү;
г) 6-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурска катышуучунун өндүрүштүк-техникалык комплексинин бар болушун ырастаган документтер (менчик/келишим боюнча), ошондой эле сынакка катышуучунун өндүрүштүк-техникалык базасынын абалы жөнүндө маалымат;
д) жайгашкан жери боюнча салык кызматынын салыктар боюнча карызынын бардыгы же жоктугу жөнүндө маалымкаты;
е) жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун карызынын бардыгы же жоктугу жөнүндө маалымкаты;
ж) акыркы 2 жылда, Кыргыз Республикасынын ичинде жана андан тышкары да болуп өткөн отчеттук жана эсепке алуучу мүнөздөгү жол-транспорт кырсыктарынын (мындан ары - ЖТК) саны жөнүндө, жабыр тарткандардын (жаракат алгандардын, өлгөндөрдүн) санын жана бүткүл кыймылдуу курамдын жалпы санын көрсөтүү менен жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан маалымкат;
з) конкурстук документтерге акы төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.
Катышуучу жөнүндө маалымат белгиленген формадагы бланктарда оңдоолорсуз жана катасыз 2 нускада толтурулат.
14. Конкурстук сунуштар жана катышуучу жөнүндө маалымат электрондук порталда берилет
15. Заказчы белгиленген мөөнөттө берилген табыштамалардын бардыгын кабыл алууга милдеттүү.
Белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн табыштамалардын сынакка катышуусуна жол берилбейт.
16. Катышуучу табыштаманы берүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин заказчынын табыштаманы өзгөртүү же кайтарып алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнөн кийин гана өзүнүн табыштамасын өзгөртө алат же кайтарып ала алат. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин берилген табыштамага өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынат.
17. Катышуучу тарабынан конкурска катышуу үчүн берилген сунуштар сынактын жыйынтыгы чыгарылганга чейин юридикалык күчкө ээ болот.
Маалыматтарды ачуу, конкурстук сунуштарды кароо жана баалоо, жеңүүчүлөрдү аныктоо электрондук платформа тарабынан жүзөгө ашырылат.
18. Конкурстук комиссиянын курамына мурда мамлекеттик, жарандык же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар бир жыл өткөнгө чейин, бир эле мезгилде конкурстун катышуучулары (конкурстун катышуучусунун уюмдаштыруучуларынын бири), конкурска катышуу үчүн белгиленген автобустардын менчик ээлери же конкурстун алкагында билдирилген айдоочунун курамына киргизилген адамдар кире алышпайт.
Эгерде катышуучулардын табыштамаларын жана квалификациялык маалыматтарын кароонун жүрүшүндө конкурстук комиссиянын кандайдыр бир мүчөсү конкурстун катышуучуларынын бири (конкурстун катышуучусунун уюмдаштыруучусунун бири), конкурска катышуу үчүн билдирилген автобустардын менчик ээси болуп саналгандыгы, же конкурстун алкагында жарыяланган айдоочунун курамына киргендиги белгиленген болсо, анда мындай катышуучу конкурска андан ары катышуудан четтетилет.
III. Конкурстук комиссиянын ишин уюштуруу
19. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын жеке курамы заказчынын сунушу боюнча 7 адам санында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.
Конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлү - комиссиянын төрагасы;
- транспорт чөйрөсүндөгү заказчынын өкүлү - комиссиянын төрагасынын орун басары;
- транспорт чөйрөсүндөгү заказчынын өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын өкүлү;
- Бишкек шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар департаментинин өкүлү;
- ташуучулардын кызыкчылыктарын көздөбөгөн коммерциялык эмес уюмдун (коомдук бирикмелердин) өкүлү.
20. Коммерциялык эмес уюмдардын (коомдук бирикмелер) өкүлдөрү конкурстук комиссиянын курамына кирүү ниетин билдирген коммерциялык эмес уюмдардын (коомдук бирикмелердин) ичинен заказчы тарабынан өткөрүлүүчү чүчүкулак кармоо жолу менен аныкталат.
21. Коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн конкурстук комиссиянын курамына тандоо (чүчүкулак кармоо) жүргүзүү үчүн заказчы жалпыга маалымдоо каражаттарында тандоо жүргүзүү жөнүндө тийиштүү кулактандыруу жарыялайт. Кулактандырууда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт: тандоо предмети (чүчүкулак кармоо), табыштама берүү орду, табыштама берүү жана кароо мөөнөтү, заказчынын байланыш маалыматтары.
22. Тандоого (чүчүкулак кармоого) катышуу үчүн коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү төмөнкүдөй документтерди беришет:
а) тандоого (чүчүкулак кармоого) катышууга карата эркин формада табыштама, анда милдеттүү түрдө коммерциялык эмес уюмдун аталышы жана комиссиянын курамына кирүү ниетин билдирген конкурстук комиссиянын курамына берилген өкүлдүн аты-жөнү, арыз ээсинин дареги жана байланыш маалыматтары тууралуу маалыматтарды камтууга тийиш;
б) тастыктоочу документтер: юридикалык жактын каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн жана уставынын тастыкталган көчүрмөсү, сынактык комиссиянын курамына берилген өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү (коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
в) конкурстук комиссиянын курамына берилүүчү талапкердин соттолбогондугу тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалым катынын түпнускасы;
г) сынактык комиссиянын курамына берилүүчү талапкердин кыскача таржымалы;
д) юридикалык жактын (коммерциялык эмес уюмдун) ыйгарым укуктуу органынын сынактык комиссиянын курамына киргизүү үчүн берилген юридикалык жактын өкүлүн көрсөтүү жөнүндө коммерциялык эмес уюмдар үчүн -чечиминин түп нускасы (жалпы чогулуштун протоколу, башкармалыктын чечими).
23. Документтерди кабыл алуудан баш тартуунун жана коммерциялык эмес уюмдун өкүлүн тандоого (чүчүкулак кармоого) киргизбөөнүн негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин биринин эле жоктугу;
б) сунушталган документтердин туура эмес таризделиши (зарыл кол тамганын, мөөрдүн жоктугу, берилген документтердин колдонуу мөөнөтүнүн өтүп кетиши, туура эмес жана так эмес маалыматтарды берүү);
в) көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербөө, ошондой эле толук эмес жана так эмес маалыматтарды берүү.
24. Коммерциялык эмес уюмдардан тандоого (чүчүкулак кармоого) катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алуучу заказчычы:
а) ташуучулардын кызыкчылыгын көздөбөгөн, коммерциялык эмес уюмдардан тандоого (чүчүкулак кармоого) катышууга карата келип түшкөн арыздардын реестрин түзөт;
б) келип түшкөн табыштамалардын кезек тартиби боюнча каттоону жүзөгө ашырат, реестр боюнча аларга катар номерлерди ыйгарат;
в) табыштамаларды кабыл алууну аяктоо үчүн белгиленген күндөн кийин конкурстук комиссиянын курамына кирүүгө талапкер адамдардын аталыштарын же аты-жөнүн көрсөтүү менен (реестр боюнча) тандоону (чүчүкулак кармоо) өткөрүү үчүн зарыл материалдарды даярдайт.
25. Тандап алуу (чүчүкулак кармоо) заказчы тарабынан тандоого катышуу үчүн табыштамаларды берүү аяктаган датадан тартып бир календардык жумадан кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
Түз тандоо (чүчүкулак кармоо) тандоого катышууга табыштама берген бардык өкүлдөрдү чакыруу менен ачык-айкын жүргүзүлөт.
26. Белгиленген талаптарга ылайык келген бир табыштама берилгенде, табыштамада көрсөтүлгөн адам чүчүкулак кармоосуз конкурстук комиссиянын курамына киргизилет.
27. Конкурстук комиссиянын курамына бир эле учурда конкурстун катышуучулары (конкурстун катышуучусунун уюмдаштыруучуларынын бири), конкурска катышуу үчүн билдирилген автобустардын менчик ээлери болуп саналган же конкурстун алкагында билдирилген айдоочулар курамына киргизилген коммерциялык эмес уюмдардын (коомдук бирикмелердин) өкүлдөрү кире албайт.
Конкурстук комиссиянын катчысы конкурстук комиссиянын курамына кирбейт.
28. Конкурстук комиссиянын жыйындарында конкурстук комиссиянын мүчөлөрү алмаштыруу укугусуз катышышат. Конкурстук комиссиянын жыйыны эгерде ага анын курамынын кеминде 2/3 мүчөсү катышса, ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.
29. Конкурстук комиссия жарыяланган конкурстун талаптарына ылайык келген конкурстук сунуштарды баалайт, салыштырат жана кабыл алат, ал жөнүндө протокол түзөт. Эгерде конкурстук сунуш бул талаптарга жооп бербесе, ал четке кагылат.
Конкурстук комиссия маалыматтар өз убагында берилбеген учурда, ошондой эле так эмес жана толук эмес маалыматтарды бергендиги үчүн (квалификациялык маалыматтар, уруксат берүүчү документтер ж.б.), же конкурстук сунуштарда конкурстун катышуучусун аныктоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтар көрсөтүлгөндө, катышуучуну конкурска катыштыруудан четтете алат.
30. Конкурстук документтерди сактоо мөөнөтү келишимди узартуу укугусуз 3 жылдан көп эмес жана жаңы кыймылдуу курамы болгондо 8 жылдан көп эмес узартуу укугу менен келишим түзүлөт.
IV. Конкурстук сунуштарды баалоо жана жеңүүчүнү аныктоо тартиби
31. Эгерде эки же көп катышуучу бирдей максималдуу балл алган учурда, автобустардын абалы үчүн көбүрөөк балл алган катышуучуга артыкчылык берилет, ал эми автобустардын абалы үчүн алынган балл бирдей болгондо, өндүрүштүк-техникалык база үчүн баллдын көбүрөөк санын алган катышуучуга артыкчылык берилет.
32. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо боюнча сынактык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы конкурстук комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү кол тамга койгон протокол менен таризделет жана конкурстук комиссиянын төрагасы бекитет.
33. Эгер кандайдыр бир лот боюнча бир гана катышуучу катталган болсо, же бир дагы катышуучу катталбаса, бул лот боюнча конкурс болгон жок деп эсептелет жана кайрадан конкурска коюлат.
Мында каттам кайрадан конкурсту өткөргөнгө чейин бул лоттун катышуучусуна бекитилет. Эгерде лотко бир дагы катышуучу катталбаган учурда, каттам конкурс өткөрүлгөнгө чейин, келишим боюнча мурда бекитилген ташуучу тарабынан тейленет.
34. Катышуучу тарабынан берилген конкурстук сунуштардын маалыматтарынын аныктыгы, 16-тиркемеге ылайык форма боюнча протокол менен таризделе турган сынактык комиссия тарабынан контролдук текшерилүүгө тийиш.
Жеңип чыккан катышуучу 5 календардык күндүн ичинде конкурстук шарттарга ылайык документтерди (лотторду утуп алган бардык автобустардын техникалык паспорттору, алардын катышуучуга таандык экендигин ырастаган документтер) көрсөтөт.
Контролдук текшерүү процессинде катышуучу берген конкурстук сунуштардын анык эмес фактысы аныкталган учурда, сынактык комиссия топтолгон баллдардын санын жокко чыгарат жана бул лотко конкурска кайрадан катышуу укугунан ажыратуу менен аны конкурстан четтетет.
Андан ары конкурстук комиссия эң көп сандагы балл топтогон кийинки катышуучунун конкурстук сунуштарын карайт жана ушул Жобонун 44-пунктунда көрсөтүлгөн жол-жобону кайталайт.
Конкурстук комиссиянын кабыл алынган чечими жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт жана конкурстук комиссия сынактын катышуучуларына 5 жумуш күндүн ичинде билдирет.
35. Конкурстук сунуштарда камтылган маалыматтардын аныктыгы текшерилгенден кийин конкурстук комиссия жыйынтыгын чыгарат жана 17-тиркемеге ылайык форма боюнча протокол менен таризделе турган жеңүүчү - ташуучу жөнүндө акыркы чечим кабыл алат.
Жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун эң жакшы шарттарын сунуш кылган жана конкурстук сунуштарды баалоонун тийиштүү шкаласы боюнча эсептелген баллдын эң көп санын алган, конкурстук комиссиянын контролдук текшерүүсү менен тастыкталган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
Конкурстук комиссиянын протоколунун негизинде заказчы белгиленген мөөнөттө конкурстун жеңүүчүсү менен Бишкек шаарынын каттамдарында жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого карата келишимди түзүүгө милдеттүү.
46. Ташуучу заказчынын макулдугу менен келишимди колдонуу мезгилинде конкурстук сунуштарда билдирилген автобустарды комфортабелдүүрөк автобустарга же кийинки жылдары чыгарылган моделге гана алмаштырууга укуктуу.
V. Корутунду жобо
47. Конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде конкурстун катышуучусу арыз (даттануу) менен конкурстук комиссияга кайрыла алат.
Конкурстук комиссиянын чечимине карата конкурстун катышуучусунун арызы (даттануусу) конкурстук комиссия тарабынан 5 күндүн ичинде каралат. Конкурстук комиссия кароонун жыйынтыктары боюнча өзүнүн чечимин жокко чыгарат же күчүндө калтырат.
38. Эгерде конкурстун катышуучусу комиссиянын чечими менен макул болбосо, анда арызды (даттанууну) кароонун жыйынтыктарын алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ал арыз (даттануу) менен заказчыга кайрыла алат.
Бул мөөнөт аяктагандан кийин конкурстун катышуучуларынын даттануулары заказчы тарабынан каралбайт.
Арызды (даттанууну) карап чыгуу үчүн заказчы арыз (даттануу) келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде атайын комиссия түзөт.
39. Атайын комиссиянын курамы бештен кем эмес адамдан турууга тийиш.
Атайын комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү (бир адам);
- заказчынын өкүлдөрү (эки адам);
- конкурстук комиссиянын өкүлдөрү (бир адам);
- автоташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү (бир адам).
40. Атайын комиссия арыз (даттануу) келип түшкөн күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде сынактын катышуучусунун арызын (даттануусун) карайт жана чечим кабыл алат.
41. Атайын комиссия конкурстук комиссиядан, конкурстун катышуучуларынан, заказчыдан жана Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктуу органдарынан зарыл маалыматтарды жана документтерди суроого укуктуу.
Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча атайын комиссия ушул жобонун 50-пунктунда белгиленген мөөнөттө конкурстук комиссиянын чечимин күчүндө калтыруу же аны жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарат.
Атайын комиссиянын чечими атайын комиссиянын бардык мүчөлөрү кол тамга коюшкан маалымкатта чагылдырылат.
42. Атайын комиссиянын чечиминин жыйынтыгы боюнча заказчы атайын комиссиянын маалымкатын конкурстук комиссияга жөнөтөт.
Конкурстук комиссия атайын комиссиянын маалымкатынын негизинде акыркы чечимди кабыл алат.
43. Конкурстук комиссиянын чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
VI. Келишимди түзүү, аткаруу жана бузуу
44. Конкурстук комиссиянын протоколунун негизинде заказчы Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга ылайык, 11-тиркемеге ылайык конкурстун жеңүүчүсү менен Бишкек шаарынын каттамдарында жүргүнчүлөрдү тейлөө жөнүндө келишим түзөт.
45. Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө укугу алар менен кийин келишим түзүү менен, ачык конкурстун жеңүүчүлөрүнө берилет. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 2 нускада түзүлөт. Келишимдин бир нускасы заказчыда, экинчи нускасы конкурстун жеңүүчүсүндө калат.
46. Жеңүүчү келишим түзүүдөн баш тарткан учурда, келишим конкурстун жыйынтыгы боюнча кийинки орунду ээлеген катышуучу менен түзүлөт.
47. Ташуучунун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн келишиминин көчүрмөсү жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырууда автобустардын айдоочуларында болууга тийиш.
48. Каттамда (каттамдарда) иштөө укугун үчүнчү тарапка өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
49. Келишим шарттарында каралган келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулган же келишимдин иштөө мөөнөтү аяктаган учурда, заказчы бул келишим боюнча тейленүүчү каттамга (каттамдарга) жаңы конкурс жарыялайт.
50. Тараптардын биринин демилгеси боюнча келишим бузулган учурда, бузуунун демилгечиси экинчи тарапка ал жөнүндө бул келишим боюнча милдеттер токтотулганга чейин 30 күн мурда жазуу жүзүндө билдирет.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Бишкек шаарынын каттамдарында жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурс өткөрүү жөнүндө КУЛАКТАНДЫРУУ
Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы Бишкек шаарынын каттамдарында жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт:
Каттамдын аталышы | Лот № |
1 | 2 |
Конкурс ________-жылдын "___" ______________ саат __________ Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары
______________________________________________________________________________
дареги боюнча өткөрүлөт.
Табыштамалар жана конкурстук документтер ________-жылдын "____" __________
саат "_______" "_________" чейин Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары
________________________________ дареги боюнча кабыл алынат.
Конкурстун катышуучулары толук маалыматты жана конкурстук документтерди
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары _______________, № ____ дареги боюнча,
№ ___ кабинеттен ала алышат.
Сурап-билүү телефону ________________________________________________________.
|
|
|
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Конкурска катышууга ТАБЫШТАМА
Кимге:__________________________________________________________
(заказчыга)
Кимден: _________________________________________________________
(катышуучунун аталышы), (аты-жөнү (толук))
Юридикалык дареги ______________________________________________
Тел №.:__________ факс № ________
Табыштаманы берген дата: 20___ -жылдын "___"___________
Конкурска катышууга табыштама
Сиздердин _________________________________________________ (конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун датасы) конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууга ылайык номери __________ лот боюнча конкурска катышуу ниетимди билдирем жана конкурска катышуу үчүн шарттарга ылайык белгиленген форма боюнча өзүмдүн конкурстук табыштамамды, конкурстук сунушумду берем.
Ушуну менен мен _________________________________________ (катышуучунун аталышы) Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жободо камтылган шарттар жана талаптар менен таанышкандыгымды, макул экендигимди жана аткарууга милдеттенгендигимди билдирем.
Өзүм жөнүндө төмөндөгү маалыматты билдирем:
1. Конкурстун катышуучусунун атынан иш алып барган ыйгарым укуктуу адам (тиешелүү ишеним кат менен)
________________________________________________________________
(аты-жөнү (толук) жана ээлеген кызмат орду).
2. Катышуучунун мамлекеттик каттоо же кайра каттоо номери жана датасы
_________________________________________________________________
3. Тейлеген банктын аталышы жана анын юридикалык дареги, алыш-бериш эсебинин номери
________________________________________________________________.
М.О.
_________________________________________________________________
(жетекчинин аты-жөнү (толук) жана кол тамгасы
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Конкурстун катышуучусунун жүргүнчү автобустарынын бар экендиги жана абалы жөнүндө МААЛЫМАТ
1. Резервди (керектүү саны) кошкондо, № _____ каттамда иштөө үчүн сунушталган автобустардын тизмеси
Квалификациялык маалыматтар (катышуучу толтурат) | Кыймылдуу курамды баалоо (сынактык комиссия толтурат) | ||||||||
№ | Автобустун классы | Автобустун менчик ээси (катышуучунун/келишим боюнча) | Автобус чыгарылган жыл | Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкталган жабдуулары бар болушу | Класс үчүн | Менчик үчүн | Чыгарылган жылы үчүн | Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкталган жабдуулары бар болушу | Баллдын жалпы суммасы |
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
ж.б. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы | Жыйынтыгы | Жыйынтыгы | Жыйынтыгы | Бардыгы |
_____________ (сынактык комиссия мүчөсүнүн кол тамгасы) _____________ (сынактык комиссия мүчөсүнүн аты-жөнү (толук)) | |||||||||
Кол тамгасы ________ (катышуучунун кол тамгасы) |
| Толтурулган датасы 20___ -жылдын "___" ____________________ |
Эскертүү. Автобустардын сыйымдуулугу автотранспорт каражатынын каттоо документтерине ылайык көрсөтүлөт. Мында айдоочунун ордун кошпогондо, отуруу үчүн орундардын саны төмөнкү көрсөткүчтөрдөн ашпоого жана кем болбоого тийиш:
- өзгөчө чакан класстагы автобустар үчүн 9дан 16га чейин орун (6,9 метрге чейин);
- чакан класстагы автобустар үчүн 17ден 25ке чейин орун (7,0-7,9 метр);
- орто класстагы автобустар үчүн 26дан 35ге чейин орун (8,0-10,4 метр);
- чоң класстагы автобустар үчүн 36дан 45ке чейин орун (10,5-12,0 метр).
Транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген автобустар аныкталган учурда (контролдук текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча), ушундай автобустарды сынакка койгон катышуучу мындан ары конкурска катышуудан четтетилет.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Кыймылдуу курамды сатып алуу жана жаңыртуу боюнча ПЛАН
Бишкек шаарынын каттамдарында жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо келишимин колдонуу мезгилинде конкурста жеңген учурда, катышуучу каттамга тартылган кыймылдуу курамды кыйла комфортабелдүүрөк автобустар же кийинки жылдары чыгарылган моделине төмөнкү көлөмдө жана мөөнөттө жаңыртууга кепилдик берет:
№ | Кыймылдуу курамдын пландаштырылган жаңыланышы (сынактын катышуучусу тарабынан толтурулат) | Кыймылдуу курамды сатып алуу жана жаңыртуу боюнча планды баалоо (сынактык комиссия мүчөлөрү тарабынан толтурулат) |
I | II | III |
А | Кыймылдуу курамдын (каттамда иштеген автобустардын жалпы санынан) ____% (пайыз) жаңыртууга милдеттенебиз, же болбосо конкурстун алкагында эксплуатациялоо мөөнөтү бир жылга чейинки автобустар коюлгандыгы көрсөтүлөт. |
|
Б | Кыймылдуу курамды жаңыртууну ____ жылдын ичинде ишке ашырууга милдеттенебиз (мөөнөтү көрсөтүлөт, бирок 3 жылдан көп эмес) |
|
В | Кыймылдуу курамды жаңыртуу автобустардын классынын жогорулашын эске алуу менен жүзөгө ашырылат______ (ооба/жок). Каттамдагы өзгөчө чакан класстагы автобустарды ______________ автобустарга алмаштыруу пландалууда (автобустардын классы көрсөтүлөт, эгерде автобустардын классын жогорулатуу пландалбаса, "пландалган жок" деп көрсөтүлөт) |
|
|
| Баллдын жыйынтыгы: ______________________________ __________________________________________________ (конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн кол тамгасы) _________________________________________________ (конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн аты-жөнү (толук) |
Катышуучунун кол тамгасы ________________________
Толтурулган датасы 20___-жылдын "___" ___________
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Форма
Конкурстук сунуштарды баалоо ШКАЛАСЫ
№ | Көрсөткүчтөр | Баллдын саны | |||||
I | II | III | |||||
1 | Автобустардын классы: |
| |||||
өзгөчө чакан класстагы автобустар (6,9 м чейин) - отуруу үчүн 9дан 16га чейин орундар | 1 | ||||||
чакан класстагы автобустар (7,0-7,9 м) - отуруу үчүн 17ден 25ке чейин орундар | 5 | ||||||
орто класстагы автобустар (8,0-10,4 м) - отуруу үчүн 26дан 35ке чейин орундар | 10 | ||||||
Чоң класстагы автобустар (10,5-12,0 м) - отуруу үчүн 36дан 45ке чейин орундар | 15 | ||||||
2 | Автобустардын менчиги: |
| |||||
катышуучуга таандык | 3 | ||||||
келишим боюнча тартылган | 1 | ||||||
3 | Автобустардын сыйымдуулугу: |
| |||||
12ге чейинки отурган орун (кошо алганда) | 1 | ||||||
12 орундан көп | 1 + 0,2 балл ар бир кошумча орун үчүн | ||||||
4 | Автобустардын чыккан жылы: |
| |||||
20 жыл жана андан жогору | 1 | ||||||
19 жыл | 2 | ||||||
18 жыл | 3 | ||||||
17 жыл | 4 | ||||||
16 жыл | 5 | ||||||
15 жыл | 6 | ||||||
14 жыл | 7 | ||||||
13 жыл | 8 | ||||||
12 жыл | 9 | ||||||
11 жыл | 10 | ||||||
10 жыл | 11 | ||||||
9 жыл | 12 | ||||||
8 жыл | 13 | ||||||
7 жыл | 14 | ||||||
6 жыл | 15 | ||||||
5 жыл | 16 | ||||||
4 жыл | 19 | ||||||
3 жыл | 21 | ||||||
2 жыл | 25 | ||||||
1 жыл | 30 | ||||||
бир жылга чейин | 35 | ||||||
5 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кириши үчүн жабдуулардын болуусу: |
| |||||
- жабдуулар жок | 0 | ||||||
- жабдуулар бар | 3 | ||||||
6 | Кыймылдуу курамды сатып алуу/жаңыртуу боюнча иш-чаралар планы: |
| |||||
| бар | 3 | |||||
жок | 0 | ||||||
7 | Автобустардын кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана аны эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын, жетекчинин, механиктин, диспетчердин болуусу |
| |||||
| штатта | 5 | |||||
келишим боюнча | 2 | ||||||
жок | 0 | ||||||
8 | Өндүрүштүк-техникалык базанын абалы | Менчик | Ижарага алынган же кызмат көрсөтүү келишими боюнча | ||||
Колдонуудагы | Колдонулбаган | Колдонуудагы | Колдонулбаган | ||||
| Кеңсе | 3 | 0 | 1 | 0 | ||
| Автобустарды сактоо үчүн аймак | 3 | 0 | 1 | 0 | ||
КК жана ТК кабинети | Кабинеттин аянты (25 чарчы метрден кем эмес) жана орундуктун саны (10дон кем эмес). Алар жок болсо балл коюлбайт | 5 | 0 | 2 | 0 | ||
Окуу-усулдук куралдардын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | |||
Сурап-билүү - маалымат иштерин жүргүзүү жана алардын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | |||
Үгүттөө-пропагандалоо иштерин жүргүзүү жана алардын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | |||
Эксплуатациялоо жана диспетчердик кызмат | Байланыш каражаттарынын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | ||
Жолдомо баракчалардын, тапшырма-наряддардын берилишин каттоо журналдарынын болушу | 3 | 0 | 1 | 0 | |||
Транспорт каражатынын убагынан мурда кайтарылышын жана рейстердин үзгүлтүккө учурашын эсепке алуу журналы | 5 | 0 | 2 | 0 | |||
Кызматтык нускама | 3 | 0 | 1 | 0 | |||
Контролдук-техникалык пункт | Автобустун техникалык абалын текшерүү жана оңдоо үчүн кароочу чуңкурдун же эстакаданын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | ||
Контролдоо үчүн аспаптардын жана жабдыктардын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | |||
Линияга чыгууда транспорт каражатын каттоо журналынын жана кызматтык нускаманын болушу | 3 | 0 | 1 | 0 | |||
Медициналык пункт | Айдоочунун организминде алкоголдун жоктугун текшерүү үчүн аспаптардын жана препараттардын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | ||
Кан басымын текшерүү үчүн медициналык аппараттардын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | |||
Медикаменттери бар дары кутучанын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | |||
Жуучу посту | Автоматтык | 5 | 0 | 2 | 0 | ||
Кол менен | 3 | 0 | 1 | 0 | |||
Ремонттоо зонасы | Автомобилдерди оңдоо үчүн цехтердин болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | ||
Посттордун же ТО-1 жана ТО-2 линияларынын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | |||
ремонттоо, жумушчулар жана слесарлар үчүн имараттын болуусу | 3 | 0 | 1 | 0 | |||
9 | Формалык кийимдин болушу |
| |||||
| Толук форма (үстүнкү, ылдыйкы жана баш кийим) | 5 | |||||
Толук эмес форма (үстүнкү жана баш кийим) | 2 | ||||||
| жок | 0 | |||||
10 | Электробустар (даярдоочу-завод тарабынан чыгарылган) | 30 | |||||
Газ менен жабдылган автобустар (даярдоочу- завод тарабынан жабдылган) | 20 | ||||||
| Жок | 0 | |||||
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Форма
Конкурстун катышуучусунун өндүрүштүк-техникалык базасынын абалы жөнүндө МААЛЫМАТ
№ ________________ лот
Өндүрүштүк-техникалык базанын аталышы | Менчик формасы (баланстагыны же ижарага алынганды көрсөтүү) | Баллдын саны | ||
иштеп турган | иштебей турган | |||
I | II | III | IV | |
Кеңсе |
|
|
| |
Автобустарды сактоо үчүн аймак |
|
|
| |
КК жана ТК кабинети | Кабинеттин аянты (25 чарчы метрден кем эмес) жана орундун саны (10дон кем эмес) |
|
|
|
Окуу-усулдук куралдардын болушу (жол белгилери, жол-транспорт кырдаалдардын схемасы), жол кыймылынын эрежелери (ЖЖК) боюнча билимди контролдоо жана окутуу үчүн машиналар |
|
|
| |
Сурап-билүү -маалымат иштерин жүргүзүү (иш планы, кызматтык нускама, жол-транспорт кырсыктарынын (ЖТК) статистикасы, каттамдар схемасы) |
|
|
| |
Үгүт-пропагандалоо иштерин жүргүзүү (мыкты айдоочулардын сүрөттөрү, ЖЖЭ жана ЖТК бузган айдоочулардын тизмеси, жол кыймылынын коопсуздугу (ЖКК) боюнча нускама |
|
|
| |
Эксплуатациялоо жана диспетчердик кызмат | Байланыш каражаттарынын болушу |
|
|
|
Жолдомо баракчаларын берүүлөрдү, тапшырмалар тизмегин каттоо журналдарынын болушу |
|
|
| |
транспорт каражатынын убагынан мурда келүүсүн жана рейстердин үзгүлтүккө учурашын эсепке алуу журналы |
|
|
| |
нускамаларды каттоо журналы жана кызматтык нускама |
|
|
| |
Контролдоо-техникалык пункт | Транспорт каражатын текшерүү үчүн кароочу чуңкурчалардын же эстакаданын болушу |
|
|
|
Шаймандардын жана куралдардын бар болушу (люфтомер, балка, газоанализатор, гайка ачкычтары ж.б.) |
|
|
| |
Линияга чыгаарда транспорт каражатын каттоо журналынын, кызматтык нускаманын болушу |
|
|
| |
Медициналык пункт | Айдоочунун организминде алкоголдун бар-жогун текшерүү үчүн заманбап аспаптардын жана препараттардын болушу |
|
|
|
Кан басымын текшерүү үчүн медициналык аппараттардын болушу |
|
|
| |
Медикаменттер менен дарыкутучанын болушу |
|
|
| |
Жуучу посту | Автоматтык |
|
|
|
Кол менен |
|
|
| |
Ремонттоо зонасы | Автомобилдерди ремонттоо үчүн цехтердин болушу |
|
|
|
ТО-1 жана ТО-2 линияларынын постунун болушу |
|
|
| |
Ремонттоо боюнча адистер, жумушчулар жана слесарлар үчүн имараттын болушу |
|
|
| |
Орточо балл | ||||
Комиссиянын төрагасы: | ___________________________________ | ______________________ |
| (аты-жөнү (толук) | (кол тамгасы) |
|
|
|
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | ___________________________________ | ______________________ |
| (аты-жөнү (толук) | (кол тамгасы) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Форма
Автобустардын кыймылынын коопсуздугу жана эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдардын КУРАМЫ
№ _____________ лот
№ | Ээлеген кызмат орду | Адистиги | Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттогу иш стажы | Баллдын саны |
I | II | III | IV | V |
1 | Жетекчи |
|
|
|
2 | Автобустардын кыймыл коопсуздугу жана эксплуатациялоо боюнча инженер |
|
|
|
3 | Механик |
|
|
|
4 | Диспетчер |
|
|
|
Орточо балл | ||||
Комиссиянын төрагасы: | ___________________________________ | ______________________ |
| (аты-жөнү (толук) | (кол тамгасы) |
|
|
|
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | ___________________________________ | ______________________ |
| (аты-жөнү (толук) | (кол тамгасы) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 8-тиркеме |
Форма
Форма кийимдеринин бардыгы жөнүндө МААЛЫМАТ
№________________ лот
№ | Формалык кийимдин түрү | Форма кийимдеринин болушу (формалык кийимдин кайсы тиби бар экенин көрсөтүү) | Баллдын саны |
I | II | III | IV |
1 | Ташуучунун логотиби бар толук форма (үстүнкү, ылдыйкы жана баш кийим) |
|
|
2 | Ташуучунун логотиби бар толук эмес форма (үстүнкү, баш кийим) |
|
|
3 | Жок |
|
|
Комиссиянын төрагасы: | ___________________________________ | ______________________ |
| (аты-жөнү (толук) | (кол тамгасы) |
|
|
|
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | ___________________________________ | ______________________ |
| (аты-жөнү (толук) | (кол тамгасы) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 9-тиркеме |
Форма
Жаратылыш газында иштеген автобустардын жана электробустардын бардыгы тууралуу МААЛЫМАТ
№________________ лот
№ | Автобустар | Автобустардын болушу (бар же жок экендиги көрсөтүлөт) | Баллдын саны | ||
Газ менен жабдылган (даярдоочу-завод тарабынан жабдылган) | Электробустар (даярдоочу-завод тарабынан өндүрүлгөн) | Газ менен жабдылган (даярдоочу-завод тарабынан жабдылган) | Электробустар (даярдоочу-завод тарабынан өндүрүлгөн) | ||
I | II | III |
| IV | |
1 | Бар |
|
|
| |
2 | Жок |
|
|
| |
Эскертүү. IV графа конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан толтурулат.
Комиссиянын төрагасы: | ___________________________________ | ______________________ |
| (аты-жөнү (толук) | (кол тамгасы) |
|
|
|
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | ___________________________________ | ______________________ |
| (аты-жөнү (толук) | (кол тамгасы) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 10-тиркеме |
Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө катышуучунун конкурстук сунуштарды толтуруу боюнча НУСКАМАСЫ
1. Конкурстун катышуучулары Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо боюнча конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) менен таанышып чыгууга, сынактык комиссия тарабынан берилген конкурстук документтерди иликтөөгө, ошондой эле конкурстук сунуштардын жана конкурстун катышуучусу жөнүндө маалыматтардын туура толтурушулун камсыздоого тийиш.
2. Катышуучулардын өкүлдөрү конкурска катышууга табыштама берилгенге чейин заказчыдан кеңеш ала алышат.
3. "Конкурстун катышуучусунун жүргүнчү автобустарынын бар экендиги жана абалы жөнүндө маалымат" (Жобонун 3-тиркемеси) формасында автомобилдердин техникалык паспортторуна ылайык сынактын катышуучусу тарабынан II, III, IV жана V графалар, конкурстук комиссия мүчөлөрү тарабынан VI, VII, VIII, IX жана X графалары толтурулат.
4. "Кыймылдуу курамды сатып алуу жана жаңыртуу боюнча план" (Жобого 4-тиркеме) формасында Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо боюнча конкурстарын уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө II графа катышуучу тарабынан толтурат. Эгерде кыймылдуу курамды жаңыртуу каралбаса, "Жаңыртуу пайызы" тийиштүү графасында "0" коюлат. Толтурулган маалыматтар кол тамга менен гана күбөлөндүрүлөт, катышуучунун аталышы көрсөтүлбөйт, мөөр коюлбайт.
III графа конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан толтурулат.
Конкурстук комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир позиция боюнча баллдын саны коюлат, баллдын жалпы суммасы аныкталат, коюлган баалар конкурстук комиссия мүчөлөрүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
Эксплуатациялоо мөөнөтү бир жылга чейинки автобустарды конкурска койгон катышуучулар кыймылдуу курамды сатып алуу жана жаңыртуу боюнча пландын сандык параметрлерин толтурбайт, алар конкурстун алкагында эксплуатациялоо мөөнөтү бир жылга чейинки автобустар бериле тургандыгын көрсөтөт. Катышуучулар конкурстук сунуштарды баалоо шкаласында каралган ар бир позиция боюнча максималдуу балл алышат.
5. "Өндүрүштүк-техникалык базанын абалы жөнүндө маалымат" (Жобонун 6-тиркемеси) формасында II жана III графалар катышуучу тарабынан, IV графа конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан толтурулат. "ЖКК жана ТК кабинети" пунктунда кабинет кандай техникалык каражаттар менен жабдылгандыгы, ЖКК жана ТК боюнча айдоочулар курамы менен сабактар кандай уюштурулгандыгы, ЖКЭ боюнча экзамендерди кабыл алуу кандай өткөрүлө тургандыгы жөнүндө кеңири, так жазылышы керек.
6. "Автобустардын кыймылынын жана эксплуатациялоонун коопсуздугу үчүн жооптуу адамдардын курамы" (Жобонун 7-тиркемеси) формасында III жана IV графалар сынактын катышуучулары тарабынан, V графа - конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан толтурат. "Адистиги графасы дипломго ылайык", "Жүргүнчүлөр транспортунда иш стажы" графасы эмгек китепчесине ылайык толтурулат.
7. "Форма кийимдеринин болушу жөнүндө маалымат" (Жобонун 8-тиркемеси) формасында III графа - катышуучу тарабынан, IV графа - конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан толтурулат.
8. "Жаратылыш газында иштеген автобустардын жана электробустардын бар болушу жөнүндө маалымат" (Жобонун 9-тиркемеси) формасында Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого карата конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө II жана III графа катышуучу тарабынан, IV графа конкурстук комиссия мүчөлөрү тарабынан толтурулат.
9. "Ар бир катышуучунун конкурстук сунуштарынын жалпы жыйынтык баасы" формасы (Жобонун 13-тиркемеси) конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан ушул Жобонун 3 жана 4-тиркемелеринде көрсөтүлгөн формалар боюнча коюлган бааларга ылайык өзүнчө толтурат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 11-тиркеме |
Форма
Бишкек шаарынын каттамдарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруу укугуна ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
Бишкек шаары |
| 20__-жылдын "___" ___________ |
Мындан ары "Заказчы" деп аталган ________________________________________________________мекемеси (Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын атылышы) ________________ атынан, Жобонун негизинде иштеген биринчи тарап, мындан ары "Ташуучу" деп аталган ____________________________________________ (ташуучунун аталышы) ________________ атынан ____________________________ негизинде иштеген экинчи тарап, конкурстук комиссиянын 20____-жылдын "___" _________ № ______ протоколуна ылайык төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.
I. Келишимдин предмети
1.1. "Заказчы" "Ташуучуга" төмөнкү каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруу укугун берет, ал эми "Ташуучу" ушул каттам боюнча жүрүү ырааттамасына ылайык жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташууну уюштурат:
Каттамдын номери (категориясы) | Каттамдын аталышы | Каттамдын күн сайын иштөө убактысы | Кыймылдын аралыгы (мүнөт) |
|
| Кыймыл ырааттамасына ылайык | Кыймыл ырааттамасына ылайык |
1.2. Келишимге жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган кыймыл чиймеси (аялдамалардын жана акыркы пункттардын тизмесин кошуп) тиркелет.
1.3. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу белгиленген тартипте бекитилген тарифтер боюнча жүзгө ашырылат.
II. Тараптардын милдеттери
2. Ташуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
2.1.1. ушул келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде Заказчы тарабынан бекитилген каттамдын ырааттамасына жана жүрүү схемасына ылайык көрсөтүлгөн каттамда жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз коопсуз ташууну уюштурууга жана аткарууга;
2.1.2. ай сайын айдоочулардын иш графигин Заказчы менен макулдашууга;
2.1.3. Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин талаптарын, Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен транспорт ишин (жүргүнчүлөрдү ташууну) жөнгө салуучу лицензиялык талаптарды жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын, ошондой эле ушул келишимдин шарттарын сактоого;
2.1.4. ташуучунун айдоочулары тарабынан Жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын, алар тарабынан жүргүнчүлөр менен баарлашуунун маданиятын жана этикалык ченемдерин сакталышын камсыздоого;
2.1.5. айдоочуларды каттамда иштеген учурда таза форма кийими менен камсыздоого;
2.1.6. каттамда иштеген айдоочуларды транспорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл документтер менен камсыздоого;
2.1.7. жүргүнчүлөрдү ташууну аткарууда ташуунун коопсуздук талаптарына, медициналык-санитардык, экологиялык жана өрткө каршы ченемдерге жооп берген, техникалык жактан оң абалдагы автобустарды пайдаланууга, транспорт каражатындагы салонду жана отургучтарды өзүм билемдик менен кайра жабдууга жол бербөөгө, каттамдарды тейлөөгө тартылган автобустардын транспорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте, эл аралык жана мамлекеттик стандарттар жана техникалык шарттар менен белгиленген техникалык кароодон жылына эки жолу өтүүсүн камсыздоого;
2.1.8. техникалык бузук жана люктарды, жүргүнчүлөр транспортунун салонундагы люктарды, эшиктерди, терезелерди авариялык ачуунун бузук түзүлүштөрү менен, ошондой эле өрткө каршы зарыл жабдуу; медициналык дары кутуча; авариялык токтотуу белгилери; жылып кетүүгө каршы тирөөчтөр, айнектерди сындыруу үчүн балка топтомдору менен камсыз болбогон; жол-транспорт кырсыгы болгон учурда автобустардын салонунан терезелерди, эшиктерди шашылыш ачуу жана айнекти алып салуу ыкмалары жөнүндө жүргүнчүлөргө маалымдаган жазуулары жок автобустарды линияга чыгарууга жол бербөөгө;
2.1.9. автобустарды техникалык тейлөөнү уюштурууну, транспорттун тышын жана ичин күнүмдүк жууп тазалоо жумуштарын жүргүзүүнү, транспорт каражаттын рейс алдында техникалык контролдоого жана айдоочуларды медициналык күбөлөндүрүүнү, алардын эмгек жана эс алуу режимин сакталышын камсыздоого;
2.1.10. каттамда бекитилген кыймыл схемасын өзгөртүүгө, автобустардын пландалган санын төмөндөтүүгө, ташууга тарифтерди өз алдынча көбөйтүүгө жол бербөөгө, иш режимин, кыймылдын ырааттамасын жана үзгүлтүксүздүгүн, ташуу процесси менен байланышкан башка талаптарды сактоого;
2.1.11. комфортабелдүү, заманбап, жаңы чыккан автобустар менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болгон учурда, каттамды тейлөө үчүн автобустарды алмаштырууга жана бул боюнча Заказчыга 3 күндүн ичинде маалымдоого. Кыймылдын туруктуулугун жана жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын камсыздоо үчүн автобустарды резервдөөгө, каттамда жолдо баратканда бузулган автобустарды өз убагында алмаштырууга;
2.1.12. конкурстун алкагында сунушталган кыймылдуу курамды сатып алуу жана жаңыртуу боюнча пландын аткарылышын камсыздоого;
2.1.13. ар бир транспорт каражатынын салонунда Ташуучунун аталышы, жайгашкан жери жана телефон номери, Заказчынын же Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн телефон номери, кыймыл схемасы, айдоочулардын аты-жөнү, автомобилдин маркасы жана мамлекеттик номери; жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу Эрежесинен көчүрмө, автомобилдин сыртындагы көрүнүктүү жерде - ташуучу-фирманын өзгөчө белгиси же логотиби көрсөтүлгөн маалыматты жайгаштырууга;
2.1.14. каттамдарда Ташуучунун ишин уюштуруу жана контролдоону жүзгө ашыруу боюнча иш-милдеттер жүктөлгөн Заказчынын бардык талаптарын жана эскертүүлөрүн өз убагында аткарууну камсыздоого;
2.1.15. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүнчүлөрдөн белгиленген тартипте акы алууга, жеңилдетилген жана акысыз жүрүүгө укугу бар адамдардын категорияларын ташууну жүзөгө ашырууга;
2.1.16. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режими киргизилген жана жарандык коргонуу боюнча окуулар өткөрүлгөн учурда Заказчынын карамагына автобустардын зарыл болгон санын берүүгө;
2.1.17. каттам боюнча ташууну диспетчердик башкарууну уюштурууга жана камсыздоого, автобустарды автоматташтырылган контролдоо системасы менен жабдууга;
2.1.18. Бишкек шаарынын аймагында белгиленген тартипте накталай эмес жол кире акы (электрондук система) киргизилгенден кийин, автобустарды жол кире үчүн электрондук түрдө акы алуу боюнча тийиштүү жабдуулар менен жабдууга, накталай эмес төлөмдөр системасынын оператору менен келишим түзүүгө;
2.1.19. Ташуучунун айдоочулары тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери, жол кыймылынын эрежелери, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятынын талаптары, жүргүнчүлөр менен баарлашуунун этикалык ченемдери бузулган негиздүү фактылар боюнча Заказчынын сунушу боюнча ал тартип бузууларга жол берген айдоочуларга карата каттамдагы иштен четтетүүгө жана кайталанган тартип бузуулар үчүн иштен бошотууга чейинки тийиштүү тартиптик жана административдик таасир этүү чараларын көрүүгө;
2.1.20. транспорттук иш-аракеттерди камсыздаган ички өндүрүштүк документтерди жүргүзүүгө;
2.1.21. тажрыйбасы жана практикалык базасы бар профилдик уюмдардын адистери тарабынан жардам көрсөтүүчү ыкмаларга айдоочуларды окутууну камсыздоого.
2.2. Заказчы төмөнкүлөргө милдеттенет:
2.2.1. Ташуучуну каттамдын схемасы жана жүрүү ырааттамасы менен өз убагында камсыздоого көмөк көрсөтүүгө;
2.2.2. Ташуучуну кыймыл каттамынын, ташуунун шарттарынын өзгөргөндүгү тууралуу өз убагында маалымдоого;
2.2.3. каттам боюнча жол кыртышынын абалын жакшыртууга жана аны өз убагында оңдоого;
2.2.4. Бишкек шаарынын жол-транспорт инфратүзүмүн жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө.
III. Тараптардын укуктары
3.1. Ташуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
а) каттамдар боюнча жүргүнчүлөрдү ташуунун транспорттук процессин өркүндөтүүгө багытталган каттамдын иштөө режими жана башка маселелер боюнча Заказчыга негиздүү сунуштарды киргизүүгө;
б) Заказчы менен алдын ала макулдашылгандан кийин, көчө-жол тармагында жүргүнчүлөрдү ташуу жана жол кыймылы коопсуздугунун талаптарына жана шарттарына жооп бербеген каттамдарда же каттамдардын участкаларында жүргүнчүлөрдү ташууну белгиленген тартипте убактылуу токтотууга.
3.1.1. Заказчы төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Ташуучу тарабынан ушул келишимдин шарттарынын аткарылышын жана сакталышын, анын ичинде жүргүнчүлөрдүн даттануулары боюнча талап кылууга жана текшерүүгө, аныкталган бузуу фактылары жана жыйынтыктар боюнча белгиленген тартипте табылган тартип бузуулар боюнча тийиштүү чараларды кабыл алууга;
б) жүргүнчүлөрдөн жол кире үчүн акы алуунун тууралыгынын аткарылышын белгиленген тартипте талап кылууга;
в) Ташуучудан ушул келишим боюнча өзүнө алган негизги транспорттук көрсөткүчтөрдүн аткарылышы жөнүндө ай сайын маалыматтарды берүүнү талап кылууга;
г) зарылчылыкка жараша кыймыл чиймесине жана ырааттамасына өзгөртүү киргизүүгө;
д) Ташуучудан жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин, Жол кыймылы эрежелерин, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятынын талаптарын, жүргүнчүлөр менен баарлашуунун этикалык ченемдерин бузууга жол берген айдоочуларга карата тиешелүү тартиптик жана административдик таасир этүү чараларын көрүүнү, кайталанган тартип бузуулар үчүн белгиленген тартипте каттамда иштөөдөн четтетүүгө жана иштен бошотууга (келишимди бузууга) чейин чара көрүүнү талап кылууга;
е) автобустук каттамды тейлеген айдоочулар тарабынан бир же бир нече адамдын өлүмүнө алып келген, же үч жана андан ашык жол транспорт кырсыгынын (ЖТК) катышуучусу болгон ар кандай деңгээлдеги жаракат алган жол кырсыгы жасалган учурда, соттун чечими менен айдоочунун күнөөсү аныкталган учурда, келишимди бир тараптуу тартипте бузууга;
ё) Ташуучу ушул келишим боюнча иштөө укугун үчүнчү тарапка өткөрүп берген учурда, Ташуучунун тарткан жана мүмкүн болгон чыгымдарынын ордун толтурбастан келишимди бир тараптуу бузуу маселесин демилгелөөгө, Заказчы тарабынан тиешелүү чечим чыгарылгандан кийин келишимди бузууга;
ж) муниципалдык коомдук транспорттун бирдик саны келип түшкөн жана көбөйгөн учурда каттамдын кыймылынын чиймесине өзгөртүү киргизүүгө.
IV. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Ташуучу төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
а) мыйзамдарды, транспорт ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды, ушул келишимди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн;
б) каттамдагы жүргүнчүлөрдү аныкталган сапатсыз тейлөө фактылары үчүн, анын ичинде, белгиленген тартипте даттануулардын жана арыздардын негизинде;
в) Ташуучунун күнөөсү боюнча жол-транспорт кырсыгын жасагандыгы үчүн;
г) өзүнө бекитилген каттамды тейлөө укугун башка адамга бергендиги үчүн.
4.1.1. Заказчы ушул келишимдин 5-пунктунун шарттарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
V. Өзгөчө шарттар
5.1. Ташуучу ушул келишимдин шарттары боюнча өз укуктарын үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө укуксуз.
5.1.1. Заказчы Ташуучу тарабынан ушул келишимдин талаптары төмөнкүдөй мүнөздөгү бузуу жана четтөөлөргө жол берилген учурда, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын конкурстук комиссиясынын тийиштүү чечиминин негизинде Ташуучу менен ушул келишимди соттон тышкары бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу:
№ | Бузуунун түрү (келишимден баш тартуу) | Бузууну жоюу үчүн мөөнөт (тапшырыкчыдан билдирүүнү алган учурдан тартып) |
а) | Каттамды тейлөөнү токтотуп туруу | 2 календардык күндүн ичинде |
б) | Автобустарды автоматташтырылган контролдоо системасы, ошондой эле жол кире акысын накталай эмес түрдө алуу үчүн тийиштүү жабдуулар менен жабдуудан баш тартуу (тийиштүү ченемдик укуктук актылар менен аныкталган талаптарга жана шарттарга ылайык) | 2 календардык айдын ичинде |
в) | Ташуучунун каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясын токтотуп туруу же кайра кайтарып алуу | 10 календардык күндүн ичинде |
г) | Ташуучу тарабынан жалпысынан төмөнкүдөй мүнөздөгү 3төн ашык бузууларга жол берилгенде: |
|
- | Заказчы менен макулдашуусуз каттам кыймылынын чиймесин өзгөртүү (сактабоо); | 1 календардык күндүн ичинде |
- | автотранспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөлөрүн өзүм билемдик менен өзгөртүү, транспорт каражатынын салонун жана салондогу отургучтарды кайра жабдуу; | 2 календардык күндүн ичинде |
- | Ташуучунун айдоочулары тарабынан каттамдын айдоочуларынын иш графигинде жазылбаган жакка автобустарды башкарууну өткөрүп берүүсү; | 1 календардык күндүн ичинде |
- | Ташуучу тарабынан жүйөлүү себептерсиз жана Заказчы менен макулдашуусуз белгиленген кыймыл ырааттамасын системалуу түрдө сактабаса (каттамда иштин башталган жана аяктаган убактысы). Мында бир календардык айдын ичинде 5 жолудан көп кыймыл ырааттамасын бузуунун катталган учурлары системалык сакталбагандык деп эсептелет; | 1 календардык күндүн ичинде (ар бир эреже бузуу боюнча) |
- | Ташуучу тарабынан жүйөлүү себептерсиз жана Заказчы менен макулдашуусуз каттамдарга автобустардын белгиленген пландуу чыгуусу системалуу түрдө сакталбаганда. Мында бир календардык айдын ичинде 5 жолудан көп пландуу иштен чыгуунун бузулушу белгиленген учурлар системалуу түрдө сакталбагандык деп эсептелет; | 1 календардык күндүн ичинде (ар бир эреже бузуу боюнча) |
- | жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин, жол кыймылынын эрежелерин, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятынын талаптарын, жүргүнчүлөр менен баарлашуунун этикалык ченемдерин бузууга жол берген Ташуучунун айдоочуларына карата тартиптик чараларды кабыл албоо (негиздүү жана тастыкталган бузуу фактылары болгон учурда) | 10 иш күндүн ичинде |
- | ташууну диспетчердик башкарууну жүзөгө ашырбоо | 7 календардык күндүн ичинде |
- | жүргүнчүлөрдү ташууга карата тарифтерди өзүм билемдик менен көбөйтүү | 1 календардык күндүн ичинде (ар бир бузуу боюнча) |
- | каттамдардагы жүргүнчүлөрдү ташуунун негизги транспорттук көрсөткүчтөрүнүн аткарылгандыгы жөнүндө Заказчыга ай сайын маалымат берүүдөн баш тартуу. | 3 иш күндүн ичинде |
5.1.2. Заказчы аныкталган бузуу фактысы боюнча Ташуучуну ушул келишимдин 11-пунктунда жазылган таблицада белгиленген мөөнөттө бузууларды жоюунун зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет.
Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин Заказчы аныкталган бузуулардын жоюлушуна контролдук текшерүү жүргүзөт.
Бузуулар четтетилген учурда, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын жетекчиси тарабынан билдирүү контролдон алат.
Бузууларды эсепке алуу ар бир каттам боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Эгерде бузуулар белгиленген мөөнөттө четтетилбесе, Заказчы:
- ушул келишимдин 11-пунктунда берилген таблицанын "а)", "б)", "в)" пункттарында көрсөтүлгөн бузуулар боюнча тийиштүү акт түзөт. Келишимди бузуу үчүн четтетилбеген жана улантылып жаткан бузуулардын бирөөсү гана жетиштүү;
- ушул келишимдин 11-пунктунда берилген таблицанын "г)" пунктунда көрсөтүлгөн четтетилбеген жана уланып жаткан ар бир бузуу боюнча тийиштүү акт түзүлөт. Бузуулар четтетилбегендигине жана улантылгандыгына байланыштуу контролдон алынбаган бузуулар боюнча 4 акт бар болгон учурда, Ташуучу менен келишимди бузуу жөнүндө (улантылган бузуулар боюнча актыларды тиркөө менен) сунуш киргизилет. Мында, эгерде акты түзүлгөндөн кийин бузуу улантыла берсе жана жокко чыгарылбаса, анда алгачкы бузууну четтетүү үчүн белгиленген ушул сыяктуу ар бир мөөнөт өткөндөн кийин кайталап актылар түзүлөт, бузуулардын жалпы санын эсептөөдө, алар өзүнчө бузуулар катары эсепке алынат.
Ушул келишимди бузуу жөнүндө чечим Заказчы тарабынан кабыл алынат. Заказчы келишимди бузуу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө Ташуучуну ал чечим жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
Ушул келишим Тараптардын биринин кат жүзүндөгү арызын/билдирүүсүн алган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин бузулат.
5.1.3. Бекитилген каттамды тейлеген жана тарип бузууга жол берген айдоочуларга карата Ташуучу тарабынан тартиптик чара кабыл алынбагандыгы Келишимди бузуу үчүн негиз болуп саналат.
Ташуучу төмөнкү бузуулар боюнча тастыкталган фактылар болгон учурда, белгиленген тартипте тийиштүү төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү:
№ | Бузуунун түрү | Көрүлүүчү чаралар |
1 | Медициналык күбөлөндүрүү болгон учурда Ташуучунун айдоочусунун алкоголдук, баңгизаттык мас абалда автобусту башкаруусу | Бузууга жол берген айдоочуну жумуштан бошотуу (эмгек мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте). |
2 | Ташуучунун айдоочуларынын күнөөсү боюнча жол кыймылынын катышуучуларын ар кандай оордуктагы жаракаттарга алып келген жол-транспорт кырсыгын жасагандыгы | Бузууга жол берген айдоочуну жумуштан бошотуу (эмгек мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте). |
3 | Жол кыймылынын эрежелерин системалуу түрдө бузуу (календардык айдын ичинде 3 жолудан ашык) | Биринчи учурда: - айдоочуну ЖКЭ билүү боюнча экзаменди кайра тапшырууга жөнөтүү. ЖКЭ билүү боюнча экзаменди ийгиликтүү кайра тапшырганга чейин каттамда иштөөгө киргизбөө. Кайталанган учурларда: - бузууга жол берген айдоочуну жумуштан бошотуу (эмгек мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте). |
4 | Салондун ичин жана сыртын күн сайын жууп-тазалоо жумуштарын жүргүзбөстөн линияга чыгуу | Биринчи бузуу учурда: - Ташуучунун кароосуна карата тартиптик чаралар (эмгек мыйзамдарына ылайык). Кайталанган бузууларда (календардык айдын ичинде 3 жолудан көп); - аныкталган бузууларды милдеттүү түрдө жойгон учурда 7 календардык күнгө каттамда иштен четтетүү. |
5 | Жүргүнчүлөр менен орой, этикага жатпаган мамиле | Алгачкы бузуу учурунда: - Ташуучунун кароосуна карата тартиптик чаралар (эмгек мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте). Кайталанган бузууларда (календардык айдын ичинде 3 жолудан көп): - кызматтан бошотууга чейин каттамда иштен четтетүү (эмгек мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте). |
6 | Жүргүнчүнүн талабы боюнча аялдама аянтында (отургузуу жана чыгаруу) токтотпой коюу (салондо жетиштүү орун болгондо, киргизүү учурунда) | Алгачкы бузуу учурунда: - Ташуучунун кароосуна карата тартиптик чаралар (эмгек мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте). Кайталанган бузууларда (календардык айдын ичинде 3 жолудан көп): - аныкталган бузууларды милдеттүү түрдө жойгон учурда 7 календардык күнгө каттамдагы иштен четтетүү. |
7 | Кыймыл каттамын өзүм билемдик менен өзгөртүү | Алгачкы бузуу учурунда: - Ташуучунун кароосуна карата тартиптик чаралар (эмгек мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте). Кайталанган бузууларда (календардык айдын ичинде 3 жолудан көп): - жумуштан бошотууга чейин каттамдагы иштен четтетүү (эмгек мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте). |
8 | Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтерин өзүм билемдик менен көбөйтүү | Алгачкы бузуу учурунда: - Ташуучунун кароосуна карата тартиптик же административдик чаралар (эмгек мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте). Кайталанган бузууларда (календардык айдын ичинде 3 жолудан көп): - жумуштан бошотууга чейин каттамдагы иштен четтетүү (эмгек мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте). |
VI. Даттануу тартиби
6.1. Заказчынын аракеттери Ташуучу тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына даттанылышы мүмкүн.
6.2. Эгерде Ташуучу Заказчы, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынган чечимдер менен макул болбогон учурда, ал чечимдерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
VII. Ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү
7.1. Ушул Келишим ага Тараптар кол тамга койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана 20___- жылдын "___" _____________ 20__-жылдын "___" _____________ чейин колдонулат.
VIII. Тараптардын юридикалык дареги жана кол тамгасы:
Заказчы: |
| Ташуучу: |
______________________________________ |
| ______________________________________ |
Дареги ________________________________ |
| Дареги ________________________________ |
______________________________________ |
| ______________________________________ |
Алыш-бериш эсеби |
| Алыш-бериш эсеби |
______________________________________ |
| ______________________________________ |
|
|
|
Жетекчи: |
| Жетекчи: |
______________________________________ |
| ______________________________________ |
(аты-жөнү (толук) |
| (аты-жөнү (толук) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 12-тиркеме |
Форма
Кабарлоо
20__-жылдын "__" ____________________
_________________________________________________________________________
(катышуучунун аталышы)
№ _________________________________________________________________лотко,
(лоттун аталышы)
Бишкек шаарынын каттамдарында автомобиль транспорту менен жүргүнчү ташууларды
уюштуруу конкурсуна катышууга табыштама менен конкурстук сунуштар кабыл алынды,
Конверттердин ачылышы 20____- жылдын "____" ____________________________________
__________________________________ дареги боюнча өтөт.
Комиссиянын катчысы | _______________________________________________ | __________________ |
| (аты-жөнү) | (кол тамгасы) |
Кабарлоону алдым: | ________________________________________________ |
|
| (конкурстун катышуучусунун кол тамгасы) |
|
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 13-тиркеме |
Форма
Ар бир катышуучунун конкурстук сунуштарынын жалпы жыйынтык баасы
№ | Катышуучунун номери | Кыймылдуу курамдын жыйынтык баасы (балл түрүндө) | Кыймылдуу курамды сатып алуу жана жаңыртуу боюнча пландын жыйынтык баасы (балл түрүндө) | Катышуучунун жалпы баллы (кыймылдуу курамдын жыйынтык баасы + кыймылдуу курамды сатып алуу жана жаңыртуу боюнча пландын жыйынтык баасы) (балл түрүндө) |
|
|
|
|
|
_____________________ (баалоо жүргүзгөн конкурстук комиссия мүчөсүнүн аты-жөнү (толук)
_____________________ (баалоо жүргүзгөн конкурстук комиссия мүчөсүнүн кол тамгасы)
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 14-тиркеме |
Форма
Конкурстун катышуучуларынын сынактык сунуштарынын жыйынтык баасы
лот № ______________________
№ | Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн аты-жөнү (толук) | Кыймылдуу курамдын жана кыймылдуу курамды сатып алуу жана жаңыртуу боюнча пландын жыйынтык баасы (балл түрүндө) | Ээлеген орду (топтогон баллдын суммасы боюнча) |
№ 1 катышуучу | |||
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
3 |
|
|
|
4 |
|
|
|
5 |
|
|
|
6 |
|
|
|
7 |
|
|
|
8 |
|
|
|
9 |
|
|
|
10 |
|
|
|
11 |
|
|
|
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: |
|
|
|
| № 2 катышуучу | |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
3 |
|
|
|
4 |
|
|
|
5 |
|
|
|
6 |
|
|
|
7 |
|
|
|
8 |
|
|
|
9 |
|
|
|
10 |
|
|
|
11 |
|
|
|
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: |
|
|
|
| ж.б. бардык катышуучулар боюнча | |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
3 |
|
|
|
4 |
|
|
|
5 |
|
|
|
6 |
|
|
|
7 |
|
|
|
8 |
|
|
|
9 |
|
|
|
10 |
|
|
|
11 |
|
|
|
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: |
|
|
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү | __________________________________ | _____________________ |
| __________________________________ | _____________________ |
| (аты-жөнү (толук) | (кол тамгасы) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 15-тиркеме |
Форма
Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыктары боюнча с конкурстук комиссиянын жыйынынын ПРОТОКОЛУ
20__ -жылдын "___" ____________________________
Конкурстук комиссиянын төрагасы _______________________________________________
(аты-жөнү (толук), иштеген жери, кызмат орду)
комиссия мүчөлөрү_____________________________________________________________
(аты-жөнү (толук), иштеген жери, кызмат орду)
курамындагы Конкурстук комиссия тарабынан Бишкек шаарынын автобустук каттамдарын
тейлөөгө карата 20__-жылдын "_____" ________ жарыяланган конкурстун алкагында конкурстук
сунуштарды баалоо жүргүзүлдү, анын жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган жана төмөндөгү
жыйынтыктарга ээ болгон катышуучулар аныкталды:
Лот № | Катышуучунун № | Катышуучунун аталышы | Топтогон баллдын суммасы | Эң көп балл алган катышуучу |
| 1 |
|
|
|
2 |
|
| ||
3 |
|
| ||
ж.б. |
|
| ||
| 1 |
|
|
|
2 |
|
| ||
3 |
|
| ||
ж.б. |
|
|
Ар бир лот боюнча эң көп сандагы балл топтогон бардык катышуучулардын конкурстук сунуштарын жана катышуучулар жөнүндө маалыматтарды ачуунун жыйынтыгы боюнча конкурстук сунуштардын жана катышуучу жөнүндө маалыматтардын конкурсту өткөрүү жөнүндө жобонун талаптарына дал келбеген төмөндөгү учурлар аныкталды ________________________________________________________________
(катышуучунун аталышы жана аныкталган четтөөлөр көрсөтүлүшү керек, четтөөлөр жок болсо, "четтөөлөр аныкталган жок" деп көрсөтүү керек).
Аныкталган четтөө фактылары боюнча конкурстук комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алды
____________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________
Конкурстук комиссиянын төрагасы: | ___________________________________________ |
| (аты-жөнү (толук), кол тамгасы) |
|
|
Конкурстук комиссиянын катчысы: | ___________________________________________ |
| (аты-жөнү (толук), кол тамгасы) |
|
|
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | ___________________________________________ |
| (аты-жөнү (толук), кол тамгасы) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 16-тиркеме |
Форма
Эң көп балл топтогон катышуучунун конкурстук сунуштарын контролдук текшерүү ПРОТОКОЛУ
20_____-жылдын "___" ____________________________
Конкурстук комиссиянын төрагасы ________________________________________________
(аты-жөнү (толук), иштеген жери, кызмат орду)
комиссиянын мүчөлөрү __________________________________________________________
(аты-жөнү (толук), иштеген жери, кызмат орду)
курамындагы Конкурстук комиссия тарабынан Бишкек шаарынын каттамдарында
жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууга карата 20___-жылдын "___"_______
жарыяланган конкурстун алкагында
№ _________________________________________________ лот боюнча эң көп балл алган
(лоттун аталышы)
________________________________________________________ катышуучунун конкурстук
(катышуучунун аталышы)
сунуштарына контролдук текшерүү жүргүзүлдү.
Контролдук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталды:
1. Контролдук текшерүү үчүн көрсөтүлгөн ______________________
автотранспорт каражаты катышуучунун конкурстук сунуштарына
(көрсөтүлгөн автобустардын тизмегине) (ылайык келет/ылайык келбейт).
______________________________________________________________
______________________________________________________________
(эгерде ылайык келбесе, ылайык келбөөнүн себептери)
2. Контролдук текшерүү үчүн көрсөтүлгөн ______________________
автобустар жүргүнчүлөрдү ташуу коопсуздугунун талаптарына
(ылайык келет/ылайык келбейт). Бардык көрсөтүлгөн автобустар боюнча
техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө документтер берилди _________________ (ооба/жок).
______________________________________________________________
______________________________________________________________
(эгерде ылайык келбесе, ылайык келбөөнүн себептери)
3. Катышуучу тарабынан каралып жаткан каттам (лот) боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну
камсыздоо үчүн зарыл болгон автобустардын (өздүк/келишим боюнча)
бар экендиги тастыкталды _____ (ооба/жок).
________________________________________________________________
________________________________________________________________
(эгерде ылайык келбесе, ылайык келбөө себептери)
4. Катышуучунун иш жүзүндө иштеп жаткан өндүрүштүк-техникалык комплекси
бар (менчик/келишим боюнча ) ______ (ооба/жок)
______________________________________________________________
(бар болсо, комментарийлер)
5. Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруу үчүн көрсөтүлгөн айдоочулук курам
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берет ________ (ооба/жок).
______________________________________________________________
______________________________________________________________
(эгерде ылайык келбесе, ылайык келбөөнүн себептери)
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, __________________________________________________
(катышуучунун аталышы)
катышуучунун конкурстук сунуштарын контролдук текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча конкурстук
комиссия Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну
аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына
(ылайык келет/ылайык келбейт) деген жыйынтыкка келди.
Конкурстук комиссия ________________________________________________________________
(катышуучунун аталышы)
катышуучуну (аталган каттам боюнча конкурстун жеңүүчүсү деп аныктоону/аталган каттам
боюнча сынактан четтетүүнү) чечти.
Кийинки катышуучунун конкурстук сунуштарын контролдук текшерүү ______________________________
(жүргүзүлөт/жүргүзүлбөйт).
Конкурстук комиссиянын төрагасы: | ___________________________________________ |
| (аты-жөнү (толук), кол тамгасы) |
|
|
Конкурстук комиссиянын катчысы: | ___________________________________________ |
| (аты-жөнү (толук), кол тамгасы) |
|
|
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | ___________________________________________ |
| (аты-жөнү (толук), кол тамгасы) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 17-тиркеме |
Форма
Конкурстук комиссиянын сынактын жеңүүчүсүн аныктоо боюнча жыйынынын № _____ПРОТОКОЛУ
Өткөрүү убактысы: 20__ -жылдын "___" _________ саат ___________
Өткөрүү орду: _______________________________________________
Катышты:
Конкурстук комиссиянын төрагасы: ________________________________________
(аты-жөнү (толук)
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү:
_______________________________________________________________________
(аты-жөнү (толук)
_______________________________________________________________________
(аты-жөнү (толук)
______________________________________________________________________
(аты-жөнү (толук)
______________________________________________________________________
(аты-жөнү (толук)
Конкурстук комиссиянын катчысы: _______________________________________
(аты-жөнү (толук)
Ошондой эле конкурстун катышуучуларынын өкүлдөрү катышты:
1. ___________________________________________________________________
(аты-жөнү (толук)
2. ___________________________________________________________________
(аты-жөнү (толук)
3. ___________________________________________________________________
(аты-жөнү (толук)
Күн тартиби:
1. 20__-жылдын "___" ___________ ____________________________________
(ЖМК аталышы)
гезитинде жарыяланган _______________________________________________
(каттамдардын номерлерин көрсөтүү)
каттамдарда жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташууну уюштурууга
карата конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо.
Конкурстук комиссия тарабынан катышуучулардын жогоруда көрсөтүлгөн лотторго
карата конкурстук сунуштары каралып чыкты (каттамдар), ошондой эле эң көп балл
алган катышуучулардын конкурстук сунуштарына контролдук текшерүү жүргүзүлдү.
Натыйжада лоттор боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктар катталды:
Лот № | Катышуучунун № | Катышуучунун аталышы | Баллдын саны | Контролдук текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыктары (ылайык келет/ылайык келбейт) | Эң көп балл алган жана контролдук текшерүүдөн өткөн катышуучу |
1 | 1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
| ||
3 |
|
|
| ||
ж.б. |
|
|
| ||
2 | 1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
| ||
3 |
|
|
| ||
ж.б. |
|
|
| ||
3 | 1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
| ||
3 |
|
|
| ||
ж.б. |
|
|
| ||
ж.б. бардык лот боюнча | |||||
Жогоруда көрсөтүлгөн конкурстук сунуштарды баалоонун жана контролдук текшерүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен, каралган маселени талкуулап жана пикир алмашып, конкурстук комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. № _____ лот боюнча ___________________________________ (жеңүүчүнүн аталышы)
жеңүүчү деп аныкталсын жана аны менен ушул шаардык каттамда автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруу укугуна келишим түзүлсүн.
______________________________________________________________________________________
(же башка чечим көрсөтүлсүн: сынак өткөн жок деп таанылсын, кайталап сынак жарыялансын)
2. № _____ лот боюнча ___________________________________ (жеңүүчүнүн аталышы)
жеңүүчү деп аныкталсын жана аны менен ушул шаардык каттамда автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруу укугуна келишим түзүлсүн.
_________________________________________________________________________________________
(же башка чечим көрсөтүлсүн: конкурс өткөн жок деп таанылсын, кайталап конкурс жарыялансын)
ж.б. бардык лоттор (маршруттар) боюнча.
Кол тамга:
Конкурстук комиссиянын төрагасы: | ___________________________________________ |
| (аты-жөнү (толук), кол тамгасы) |
|
|
Конкурстук комиссиянын катчысы: | ___________________________________________ |
| (аты-жөнү (толук), кол тамгасы) |
|
|
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | ___________________________________________ |
| (аты-жөнү (толук), кол тамгасы) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |