Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 12-октябры №9
Жайыл айылынын Ленин көчөсүнүн атын которуу боюнча
Жайыл айылынын көчөсүнүн атын которуу боюнча материалдарды карап, элдик жыйындын иш-баяндамасын жана Ленин көчөсүнүн жашоочуларынын макулдугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобосунун 2-пунктуна ылайык, Жайыл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин көчөсүнүн жашоочуларынын “Жайыл айылынын Ленин көчөсүнүн атын Суранаев Жангазы деп атоо тууралуу” сунуштамасы эске алынсын.
2. “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобосунун 2-пунктуна ылайык Жайыл айылынын Ленин көчөсүнүн аты “Суранаев Жангазы” деп аты өзгөртүлсүн.
3. Эскертмелерди жасоо жана орнотуу өндүрүштүк каржылоону демөөрчүлөргө жана жергиликтүү коомго таандык кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айылдык Кеңешке жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш жүзүнө, “Кадастр” МБка, Архитектурага, Паспорттук столго.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы | З.Д.Мамаев |