Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 641 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550, 2012-жылдын 20-февралындагы № 134, 2012-жылдын 30-августундагы № 595 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 4-сентябрындагы № 293 "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси жөнүндө" Жарлыгы менен, Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн негизинде уюштурулган.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Ишкананын толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы".
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Ишкананын кыскартылган аталышы: "Кыял" МИ.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары менен буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, ошондой эле ушул Уставга таянат.
1.5. Ишкана юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Гербинин сүрөтү тартылган жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү болот.
1.6. Ишкана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган учурдан баштап юридикалык жактын укуктарын алат.
1.7. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 202.
1.8. Ишкананын иштөө мөөнөтү чектелген эмес.
2. Бирикменин юридикалык статусу
2.1. Уюштуруу-укуктук формасы боюнча Ишкана мамлекеттик ишкана болуп эсептелет жана чарбалык башкаруу укугундагы өзүнчө мүлкүнө ээ болот, өзүнүн ишин чарбакер жана башка субъекттер - Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместер менен түзүлүүчү чарбалык келишимдердин негизинде жүргүзөт.
2.2. Ишкананын мүлкү бөлүнгүс болуп эсептелет жана үлүштөргө, салымдарга, анын ичинде Бирикменин кызматкерлеринин арасында бөлүштүрүлүшү мүмкүн эмес.
2.3. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт ал эми мамлекет Бирикменин милдеттенмелери боюнча жооп тартпайт.
2.4. Ишкана өзүнүн милдеттенмелери боюнча өзүнө таандык бүткүл мүлк менен жооп берет.
2.5. Ишкана ага өткөрүп берилген каражаттарды жана мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана ушул Устав менен аныкталган иш үчүн пайдаланат.
3. Ишкананын милдеттери жана ишинин түрлөрү
3.1. Ишкананын негизги милдеттери:
- кыргыздын элдик колдонмо өнөрүн сактоо жана андан ары өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын элдик өнөрчүлөр союзу менен бирдикте азыркы учурда унутулуп калган элдик кол өнөрчүлүктүн айрым түрлөрүн жандандыруу;
- элдик кол өнөрчүлүктүн ар кыл түрлөрүн өнүктүрүүгө салым кошкон талантуу адамдарга колдоо көрсөтүү;
- көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоо жана сатуу;
- Кыргыз Республикасынын элдик өнөрчүлөр союзу менен бирдикте илимий-изилдөө иштерин уюштуруу;
- КМШнын мамлекеттик, жана коомдук уюмдары жана мекемелери менен кызматташуу.
3.2. Ишкана ушул Уставда каралган милдеттерди аткаруу үчүн республикада да, чет өлкөлөрдө да көргөзмөлөрдү уюштурат.
4. Ишкананын башкаруу
4.1. Ишкананын ишин башкы директор башкарат, ал кызматка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Башкы директор эки жыл мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте укуктарга ээ болот, милдеттерди жана жоопкерчиликти алат, ушул Уставдын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду (мындан ары - Фонд) менен түзүлүүчү эмгектик келишимдин негизинде иштейт.
Башкы директордун бир орун басары болот, аны кызматка Фонддун төрагасы сунушу боюнча дайындайт жана бошотот.
Ишкананын бухгалтери кызматка Фонд менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан дайындалат жана бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550, 2012-жылдын 30-августундагы № 595 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2. Ишкананын Башкы директорунун укуктары төмөнкүдөй:
- Ишкананын ишине оперативдүү жетекчилик жүргүзөт;
- Ишкананын балансында турган мүлктү жана каражаттарды тескейт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык-чарбалык ишти уюштурат;
- республикада да, чет өлкөдө да бардык мекемелерде, уюмдарда, ишканаларда жана сот органдарында Ишкананын атынан жана анын кызыкчылыгы үчүн ишеним катсыз аракеттенет;
- векселдерге жана башка акчалай милдеттенмелерге кол коет;
- банктарда эсептешүүчү, валюталык жана башка эсептерди ачат;
- ишеним каттарды берет;
- Ишкананын штаттык санын (Фонд менен макулдашуу боюнча), структурасын жана штаттык расписаниесин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин жалдоо жана бошотуу, аларды материалдык жана тартиптик жоопко тартуу, кызматкерлердин кызматтык маяналарын белгилөө, өз компетенциясынын чегинде эмгекти уюштуруунун жамааттык жана башка прогресссивдүү түрлөрүн колдонуу, буйруктарды чыгаруу, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу, штаттагы жана штаттан тышкаркы кызматкерлер үчүн милдеттенмелерди белгилөө укуктарынан пайдаланат;
- кызматкерлерге кесиптерди айкалыштырганы, тейлөө зонасы кеңейгени же аткаруучу жумуштун көлөмү көбөйгөнү, ошондой эле негизги жумушу менен катар убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн чегинде жана башка каржылоо каражаттарынын эсебинен кошумча акыларды белгилейт;
- кызматкерлерге эмгектеги бийик жетишкендиктери, жигердүү жаратуучулук ишмердиги жана өэгөчө маанилүү иш аткарганы үчүн эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү фондунун эсебинен жана анын чегинде кошумчаларды белгилейт;
- контрактарды, эмгектик макулдашууларды жана башка юридикалык келишимдерди түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Башкы директорго жана анын орун басарларына активдүү иши үчүн кошумчалар жана сыйлыктардын өлчөмдөрү эмгектик келишимге ылайык бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Укуктар жана милдеттер
5.1. Ишкана өзүнүн Уставда аныкталган милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ, алар:
- өзүнчө мүлккө ээ болуу, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес башка укуктарды алуу жана милдеттерди аткаруу, сотто доочу жана жоопкер болуу;
- иштин максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жактар жана жеке адамдар менен келишимдерди өз алдынча түзүү;
- көрсөтүлүүчү кызматтарга жана сатылчу товарларга бааны аныктоо;
- материалдык ресурстарды, мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды юридикалык жактардан жана жеке адамдардан акчалай эмес жана акчалай эсептешүү менен сатып алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген коммерциялык ишти жүргүзүү;
- башка чарбакер субъекттер жана жарандар менен аныкталган тартипте акчалай эсептешүү жүргүзүү;
- юридикалык жактардан жана жеке адамдардан керектүү товарларды, материалдарды, жабдууларды чекене жана келишимдик баалар боюнча алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте уставдык милдеттерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө өндүрүштүк иш үчүн керектүү филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу;
- Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн тараптардын макулдашуусу менен акы төлөө негизинде жарандык-укуктук келишимдерди түзүп адистерди ишке тартуу;
- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдөн ар кандай юридикалык жактардан жана жеке адамдардан коммерциялык негизде улуттук валюта менен да, чет өлкөлүк валюта менен да алынуучу кредиттик каражаттарды пайдалануу, ошондой эле өздүк каражаттардын эсебинен ар кандай юридикалык жактарга жана жеке адамдарга алар менен түзүлүүчү макулдашууларда аныкталуучу шартта карыздарды берүү.
5.2. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иш жүргүзүүгө укуктуу.
5.3. Кызматкерлерди жалдоонун жана бошотуунун тартиби, алардын иштөө жана эс алуу режимдери, социалдык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
5.4. Ишкана кызматкерлерге акы төлөө формасын жана системасын өз алдынча аныктайт, иш убакытты суммалык эсептөөнү киргизүү жөнүндө чечим чыгарат, дем алыш күндөрдү жана өргүүлөрдү берүүнүн тартиби белгиленет.
5.5. Ишкана акы төлөнүүчү жыл сайынкы өргүүлөрдүн мөөнөтүн өз алдынча, бирок Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралгандан аз эмес мөөнөттө аныктайт. Ишкана өзүнүн кызматкерлери үчүн кошумча өргүүлөрдү, кыскартылган иш күн жана башка социалдык жеңилдиктерди белгилөөгө укуктуу.
5.6. Ишкананын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери кызматтык нускамаларда жана Ишкана менен түзүлгөн келишимдерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Финансылык-чарбалык иш
6.1. Ишкана финансылык, чарбалык ишти ушул Уставда каралган максаттар менен милдеттердин чегинде өз алдынча жүргүзөт.
6.2. Ишкана өзүнүн ишин заказдар менен келишимдердин негизинде, рыноктук конъюнктурасын эске алып жүргүзөт.
6.3. Ишканадагы иш (администрациялык, техникалык) кызматкерлер тарабынан айрым жарандар, адистердин тобу менен контракттар боюнча аткарылат.
6.4. Ишкананын жетекчилиги өзүнүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана контракттын шарттарына ылайык тийиштүү эмгек шарттарын, ошондой эле коопсуздуктун ыкмаларын камсыздоого милдеттүү.
6.5. Ишкананын жетекчилиги аныкталган эмгек акы төлөө фондунун чегинде өз кызматкерлеринин жалпы санын (штаттык санга ылайык), алардын чыгармачылык, кесиптик өсүшүнүн адистик жана квалификациялык деңгээлдерин белгилейт жана ага байланыштуу бардык чыгымдарды которот.
6.6. Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы аныкталган тартипте белгиленүүчү жана бекитилүүчү кызматтык маяналардын схемаларына, жетекчи кызматкерлердин эмгегине акы төлөө топторуна ылайык төлөнөт.
6.7. Чакырылган кызматкерлер убактылуу аткаруучу жумуш эмгектик келишим менен же контракт менен таризделип, акы иш жүзүндө аткарылган жумуш үчүн, Ишканада кабыл алынган кошумча белгилөөнүн жана келишимдик негизде жекече акы төлөөнүн нормаларын эске алуу менен колдонуудагы маяналарга жана автордук акынын ставкаларына жараша төлөнөт. Ишкананын штаттагы кызматкерлеринин негизги иш орду боюнча аткаруучу, алардын түздөн түз милдетине кирбеген жумушука акы да ушундай эле тартипте төлөнөт.
6.8. Ишкана кызматкерлерине өндүрүштүк жайларды, жабдууларды, аппараттарды, аспаптарды жана белгиленген жумушту аткаруу үчүн керектүү бардык реквизиттерди жана шаймандарды өзүнүн эсебинен берүүгө милдеттүү.
Ишкана кызматкерлерге таандык, өндүрүштүк максатка пайдаланылган аспаптардын жана башка мүлктүн амортизациясы жана тарнспортировкасы үчүн аныкталган тартипте компенсация берет.
Кызматкерлердин командировкада болгон мезгилдеги жеке чыгымдарын жабуу үчүн анын узактыгына карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кызматтык командировкалар үчүн белгиленген тартипте командировкалык каражаттар төлөнөт.
Ишкана кызматкерлерге командировка учурунда Ишкананын эсебинен жашоо үчүн жай берүүгө милдеттүү. Командировкага барып-келүү боюнча чыгымдар кызматтык командировкалар үчүн белгиленген тартипте Ишкананын эсебинен төлөнөт.
6.9. Ишкана башка ишканалардан, уюмдардан, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан продукция жасоого заказдарды алууга укуктуу.
6.10. Ишкананын финансылык иши тийиштүү органдар тарабынан контролдонот.
6.11. Ишкана башка ишканалар жана уюмдар менен биргелешип турак үйлөрдү, медициналык жана балдардын мектепке чейинки мекемелерин, лагерлерди жана Фонд менен макулдашуу боюнча маданий-тиричиликтик багыттагы башка объекттерди куруу үчүн өзүнө таандык каражаттарды бириктирүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 595 токтомунун редакциясына ылайык)
6.12. Ишкана коммуналдык кызматтардын, күйүүчү-майлоочу материалдардын, чыгуучу реквизиттин нормаларын бекитет.
6.13. Ишкана өзүнүн ишине керектүү жабдууларды, материалдарды, отунду жана башка материалдык баалуулуктарды берүү-жабдуу жөнүндө келишимдер боюнча сатып алат. Аталган материалдык баалуулуктар аткарууга алынган тапшырма-өтүнүчтөрдүн негизинде акчалай эмес, ошондой эле акчалай эсептешүү жолу менен да алынышы мүмкүн.
6.14. Ишкана банктын кредитин пайдалана алат жана кредиттерди максаттуу пайдалануу жана өз убагында төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.
6.15. Ишкана моралдык жактан эскирген жана андан ары пайдаланууга жараксыз материалдарды, запас тетиктерди, баасы арзан жана тез эскирүүчү предметтерди, жабдууларды, транспорт каражаттарын, шаймандарды жана аспаптарды аларды кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес же экономикалык жактан майнапсыз жана Фонд менен макулдашуу боюнча сатууга мүмкүн болгон учурларда эсептен чыгарууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 595 токтомунун редакциясына ылайык)
6.16. Ишкана каражаттарды үнөмдөө зарылдыгына жараша, жалпы эмгек акы төлөө фондунун жана администрациялык-башкаруучулук чыгымдарга ассигнованиелердин чегинде администрациялык-башкаруучулук чыгымдардын сметасын иштеп чыгат.
6.17. Ишкана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген отчетторду Министрликке жана башка мамлекеттик органдарга берет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ишкананын ишин уюштуруу
7.1. Ишкананын иш режимин ички эмгек тартибинин эрежеси менен аныкталат.
7.2. Өндүрүштүк зарылдык чыгым, администрациянын жазуу жүзүндөгү буйругу жана профсоюз комитетинин макулдугу болгондон башка учурларда дем алыш күндөрү иштөөгө тыюу салынат.
7.3. Кызматкерлерге акы төлөнүүчү жыл сайынкы өргүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте берилет.
7.4. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Контроль
8.1. Ишкана иш убакыттын жана дем алыш күндөрдүн режимин, эмгекти коргоо эрежелерин, коопсуздук ыкмаларын, өрт коопсуздугунун, өндүрүштүк санитариянын эрежелерин колдонуудагы жоболордун, нускамалардын жана эрежелердин негизинде камсыздоого милдеттүү, алар жөнүндө жамааттык келишимде айтылууга тийиш.
8.2. Башкы директор жыл сайын Ишкананын каражаттарынын эсебинен Ишкананын мүлктүк кызыкчылыктары менен байланышпаган кесипкөй аудиторду тартуу аркылуу Ишкананын ишине көз карандысыз аудиторлук текшерүүнү (тышкы аудит) жүргүзөт.
Аудит жүргүзүү жөнүндө отчет 2 нускада түзүлүп, анын бирөө 5 күндүн ичинде Фондго жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 595 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ишкананын мүлкү жана каражаттары
9.1. Ишкана ага чарбалык башкаруу укугунда таандык мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
9.2. Ишкананын кирешелеринин курамына:
- продукцияны сатуудан түшкөн каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер кирет.
9.3. Ишканага бекитип берилген жүгүртүүдөгү каражаттарды жогору турган орган алып коюшу мүмкүн эмес. Ишкананын негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануусундагы мүлктөрүн алып коюуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана жол берилет.
9.4. Ишкананын пландуу кирешеси анын кирешелери менен чыгашаларынын балансына ылайык бөлүштүрүлөт.
9.5. Кызматкерлердин материалдык кызыгуусун арттыруу максатында план аткарылганда төмөнкүдөй которуулар жүргүзүлөт, алар:
- сыйлоого;
- маданий-тиричиликтик тейлөөгө;
- жабдууларды модернизациялоого жана сатып алууга.
9.6. Убактылуу пайдаланылбай турган жайлар башка ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге, юридикалык жактарга жана жеке адамдарга Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык ижарага берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
9.7. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгында Ишкананын таза кирешесинин 50%тен кем эмеси Министрликтин алыш-бериш эсебине которулууга жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин республикалык бюджетке которулууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Эсеп жана контроль
10.1. Ишкана өз ишинин жыйынтыгынын аныкталган формалардагы оперативдүү жана бухгалтердик эсептерин жүргүзөт, статистикалык отчет берет жана алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Ар бир жыл аяктагандан кийин бухгалтердик эсеп боюнча мыйзамдарга ылайык финансылык отчет түзүлөт.
11. Мүлктүк жоопкерчилик
11.1. Ишкана өзүнүн милдеттенмелери боюнча өзүнүн мүлкү менен жоопкерчилик тартат, ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүү чегерилиши мүмкүн.
1 1.2. Ишкананын кызматкерлери Ишканага келтирген материалдык зыяны үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган негизде жана тартипте материалдык жоопкерчилик тартышат.
12. Ишкананын ишинин токтотулушу
12.1. Ишкана өзүнүн ишин төмөнкүдөй токтотот:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча.
12.2. Ишкананын ишинин токтотулушу өзгөртүп уюштуруу же жоюу жолу менен ишке ашырылат.
12.3. Жоюу дайындалган жоюучу комиссия тарабынан ишке ашырылат.
12.4. Ишкананы жоюуда жоюучу комиссия Ишкананын мүлкүн баалайт, кродиторлор менен эсептешет жана жоюу балансын түзөт.
12.5. Ишкананын жоюу балансы бекитилгенден кийин жоюучу комиссия жоюу балансын катточу органга берет, анын негизинде мамлекеттик реестрге Ишкананын жоюлганы жөнүндө тийиштүү жазуу жазылат.
12.6. Юридикалык жактардын мамлекеттик реестерине жоюу жөнүндө жазуу жазылган учурдан баштап жоюу аяктады деп, ал эми Ишкана өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет.
12.7. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда Кыргыз Республикасынын "Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.