Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 637 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 20-апрели № 276
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын туусу жана эмблемасы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы № 731, 2013-жылдын 21-январындагы № 22 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын туусунун жана эмблемасынын тиркелген сыпаттамасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы:
- Тууну тапшыруу, алып чыгуу жана сактоо тартибин бекитсин;
- Тууну жана эмблеманы даярдоо менен байланышкан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигине бөлүнүүчү ассигнованиелердин чегинде жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 276 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы № 731, 2013-жылдын 21-январындагы № 22 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын туусу эки жактуу чүпөрөктөн, саптан, учунан жана боодон турат.
Туунун чүпөрөгү тик бурчтуу формада болуп, кызыл түстөгү жибек кездемеден эки катталып жасалат. Үч тарабынын четтерине 70 мм узундукта алтын түстөгү жибек чачы тагылган. Чүпөрөктүн узундугу - 1500 мм, эни 1100 мм.
Чүпөрөктүн өң жагынын борборуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын сары фондогу тегерек түрүндө эмблемасы жайгаштырылган, анда эки жагынан лавр бутагы менен курчалган чыгыш жылдызы сүрөттөлгөн.
Эмблеманын диаметри 600 мм. Эмблеманын төмөнкү бөлүгүндө туурасынан "Агентство Кыргызской Республики по контролю наркотиков" деген жазуу бар.
Чүпөрөктүн арткы бетинин борборуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылган. Гербдин төмөн жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" деген жазуу бар. Гербдин өлчөмү Мамлекеттик кызматтын эмблемасынын өлчөмүнө ылайык келет жана диаметринде 600 миллиметрди түзөт.
Туунун сабы жыгач, каралжын-күрөң түстө, диаметри 40 мм жана узундугу 2500 мм.
Туунун учу дат баспас болоттон, анын борборунда беш жылдыздуу жарым айдын сүрөттөлүшү бар. Туунун учунун узундугу 250 мм.
Туунун боосу учтарында эки чачысы бар алтын түстөгү эшилген жибек жиптерден даярдалат. Боонун узундугу чачысы менен 2800 мм.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы № 731 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын эмблемасы сары түстөгү сүйрү формадагы калканча түрүндө болот, ал геральдикага ылайык өзүнүн элин жана өлкөсүн ишенимдүү коргоону, ошондой эле жыргалчылыкка жана залкардыкка умтулууну түшүндүрөт.
Эки жагынын четтеринде лавр жалбырактары бар - ал каармандыктын, көз карандысыздыктын жана тынчтыктын символу. Манастын жети осуятына ылайык лавр жалбырактарынын жетиден жалбырагы бар. Сүйрү калканчанын борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн сегиз нурлуу күмүш түстө жасалган чыгыш жылдызы бар, ал кыргыз элинин чыгыштык даанышмандыгын жана чыдамкайлыгын билдирет. Калканчанын жогору жагында беш жылдыз - коопсуздукту жана коргоону түшүндүрүүчү адамзаттын байыркы аскерлештирилген символдорунун бири. Жылдыз кызыл түстө. Эмблеманын төмөн жагында мамлекеттик тилде "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" деген жазуу бар.