Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 26-майы №384 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы №731, 2010-жылдын 30-сентябрындагы №225 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча
агенттигинин кызматкерлеринин кийим-кече
предметтеринин, атрибуттарынын жана
айырмалоо белгилеринин сыпаттамасын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы N 204 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №225 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агент-тигинин кызматкерлеринин кийим-кече предметтеринин, атрибуттарынынжана айырмалоо белгилеринин тиркелген сыпаттамасы бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агент-ствосу: - Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агент-ствосунун кызматкерлеринин форма кийимдерди кийүү жана айырмалык белги-лерин тагынуу эрежелерин бекитсин; - форма кийимдерин даярдоо менен байланышкан чыгымдарды КыргызРеспубликасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агентствосуна жыл сайынбөлүнүүчү ассигнованиелердин чегинде жүргүзсүн. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарыныништери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-майындагы №384 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агенттиктин кызматкерлеринин кийим-кече предметтеринин, атрибуттарынын жана айырмалоо белгилеринин СЫПАТТАМАСЫ I. Жогорку жетекчилик курам үчүн II. Улук, ортоњку жана кенже жетекчилик курам үчүн (эркектер) III. Жетекчилик курам үчүн (аялдар) IV. Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агенттиктин аттестацияланган курамынын атайын наамдары боюнча айырмалоочу белгилери V. Форма кийимдердин атрибуттары I. Жогорку жетекчилик курам үчүн 1.1. Кулакчындуу тумак Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (мањдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү асылтукум каракүл көрпөдөн жасалат. Төбөсү төрт кыйыктан туруп, мындай кыры жана кулакчындуу желкеси(ич жагы) боз түстөгү ноотудан тигилет. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегеректөбөдөн турат. Мањдай кырынын дал ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттикгерби бар кокарда бекитилет. 1.2. Фуражка 1.2.1. Парадда-салтанатта кийилүүчү жүн кездемеден даярдалган фу-ражка сүйрү тегерек формадагы төбөдөн, кара түстөгү төрт кыйыктуу тала-адан, кара түстөгү алкактан, мањдай кырдан турат. Төбөсүн тегерете жанаалкагынын үстүњкү жээгине тегерете кызыл тасма бастырылган. Фуражканын алкагынын алды жагына кокарда бекитилген, ал эми экикапталына лавр бутагы түрүндө алтын жалатылган жип менен оймотүшүрүлгөн. Мањдай кыры үстүнөн кара, лакталган кайыш менен капталган, астыкара түстөгү күдөрү же жүн кездеме менен тышталган. Мањдай кырынынсырткы чекесин бойлото лавр бутагы жана боо түрүндө алтын жалатылгансайма түшүрүлгөн. Мањдай кырынын үстүндөгү алкакка кадалган формалык эки топчугахром кайыштан алтын жалатылган саймалуу ичке кур тагылган. 1.2.2. Күндө кийилүүчү жүн фуражка кара жана сур түстө болуп,конструкциясы боюнча параддык-салтанаттык фуражкадай, бирок мањдай кы-рында саймасы болбойт. Фуражканын алкагынын алды жагына кокарда бекитилген, ал эми экикапталына лавр бутагы түрүндө алтын жалатылган жип менен сайматүшүрүлгөн. Мањдай кырынын үстүндөгү алкакка кадалган формалык эки топчуга ал-тын түстөгү эшилген боо тагылган. 1.3. Жогорку жетекчилик курам үчүн күзгү-кышкы күрмө Күрмө кара түстөгү кездемеден тигилген, түз көрүнүштөгү каракүлжакалуу, беш топчу менен топчулануучу борбордук жашырын топчулуктуу,жылуулоочу астар жана чечип коймо ичилик натуралдык мехтен этегине че-йин салынган, тигилме погондуу. Жакасынын артында баш чүмбөт тагуу үчүн илгичтери бар. Жакасы кайырма, боз түстөгү каракүлдөн. Бир тышкы төш чөнтөгүнөсыдырма салынган. Күрмөнүн төмөнкү бөлүгүндө жашырын сыдырма салынган эки жан чөнтөкбар. Күрмө сыдырма менен топчуланат, жогорку бөлүгүндө жашырын топчубар. Жењдери орнотулма, кош тигиштүү, сол жењине жењге тагылуучу белгижайгаштырылган. Погондору тигилме, кара түстө. 1.4. Мундир Параддык-салтанаттык мундир кара түстөгү жүн кездемеден тигилет,эки борттуу, денеге жарым-жартылай кыналып турат, ачык, жакасы кайырма,формалык үч топчу менен топчуланат. Өњүрүндө капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар. Лацкандарындабирден топчулуктун орду тордолгон. Учасындагы тигиш дал ортосунан өтөт. Жењдери кош тигиштүү, учу түз бүтөт. Жакасына жана жењ учуна алтынтүспөл жип менен оймо түшүрүлгөн. Жаканын жана жењ учунун жээктеринбойлото кызыл түстөгү ноотудан кош кабат (бири жазы, бири ичке) тасматигилген. Өњүрлөрүнүн ичилигинде төш чөнтөктөр бар. Погондору тигилме, алтынсымал түстө. 1.5. Китель Демейде кийилүүчү китель кара жана сур түстөгү жүн кездемеден ти-гилет, конструкциясы боюнча параддык-салтанаттык мундирдей, бирок жењучунда оймосу жок, кызыл түстөгү милтеси бар. Жакасына алтын түспөл жипменен оймо түшүрүлгөн. Жаканын жээктерин бойлото кызыл түстөгү ноотудантасма тигилген. Погондору тигилме, кара түстө. 1.6. Шым Шым жүн кездемеден түз тигилет, белине кашат салынат, металл илгичжана топчу менен топчуланат. Кашаты ичке, кур өткөргүчтөрү бар. Шымдын алдынын сол жагына саат үчүн чөнтөк салынган. Артынын оњжагында капкалдырыктуу чөнтөгү бар. Каптал тигиштерине чөнтөк жана тас-ма салынып, тасманын эки тарабында лампас тилке бар. Тасма менен лампаскызыл түстөгү ноотудан. Шымдын алды жагы ичтелген. Шым параддык-салта-наттык жана күндө кийилүүчү кара түстөгү болуп бөлүнөт. 1.7. Галифе Туу көтөрүүчү топтун курамында салтанаттуу иш-чараларга катышуудакенже жана ортоњку жетекчилик курам үчүн. 1.8. Сырт көйнөк Көйнөк ачык-көгүш, ачык-күрөњ жана ак түстөрдөгү кездемеден тиги-лет, жакасы кайырма, кесик жака каттамдуу, каптама төш чөнтөктөрүндөбантик сыяктуу бүктөлгөн бөйрөмчөлөрү жана капкалдырыгы бар. Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу. Жењи тилик жанатигилген манжеталуу. Көйнөктүн алды, капкалдырыктар, манжеталары топчуменен топчуланат. Погондору чыгарылма, түс гаммасы боюнча - көйнөктүн түсүндө. 1.9. Жагоо (Галстук) Жагоо чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн турат, аяк жагыучтуу болуп - байланма. 1.10. Кыска ботинка Кара түстөгү шевро кыска ботинка кыйыктардан, кончтон, апкыттан,тигилген тумшуктан, арткы конч тарткычтан, тамандан турат. Кончтун эки капталында резинка, алды жагында илинүүчү боо (боонуколдонбосо да болот) болот. Кыйыктардын алдына кебез кездемеден ичилик, кончтун алдына саркыянтериден ичилик коюлат. Таманы, ички таманы, апкыты, тумшугу тамандык кайыштан. Такасы ка-йыш, резина же кайыш менен бийиктетилген. Ич таман менен ботинканын жо-ну ичке кайыш менен кармалып турат. Кыска ботинканын ичине тамандык ка-йыштан ички таман же кыска ич таман салынат. 1.11. Хром өтүк Туу көтөрүүчү топтун курамында салтанаттуу иш-чараларга катышуудакенже жана ортоњку жетекчилик курам үчүн. II. Улук, ортоњку жана кенже жетекчилик курам үчүн (эркектер) 2.1. Кулакчындуу тумак Кулакчындуу тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы(мањдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү кой терисинен жа-салат. Төбөсү төрт кыйыктан туруп, мањдай кыры жана кулакчындуу желкеси(ич жагы) кара түстөгү ноотудан тигилет. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегеректөбөдөн турат. Мањдай кырынын дал ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттикгерби бар кокарда бекитилет. 2.2. Фуражка Фуражка жүн кездемеден жасалып, төбөсү сүйрү тегерек, төрт кыйык-туу кара түстөгү алкактан, мањдай кырдан турат. Төбөсүн тегерете жанаалкагынын үстүњкү жээгине тегерете кызыл тасма бастырылган. Фуражканын алкагынын алды жагына Кыргыз Республикасынын Мамлекет-тик герби түшүрүлгөн кокарда бекитилген, мањдай кыры лакталган кара. Мањдай кырынын үстүндөгү алкакка кадалган формалык эки топчуга ал-тын түстөгү өрүлгөн боо тагылган. 2.3. Берет Берет кара түстө жүн кездемеден жасалат, капкактан, алдыњкы кап-талдан жана бир же эки арткы капталдан турат. Береттин алдыњкы бөлүгүндө ич жагынан кокарданын бекиткичин жаапкоюу үчүн жасалма кайыштан капкалдырык жайгаштырылат. Капталдарынын ая-гы жасалма кайыштан жасалган ичке кайыш менен жээктелген, андан бооөткөрүлөт. Капталдарынын сырткы тигиштеринде металл көзөнөкчөлөр жай-гашкан. Береттин капталынын алдыњкы бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Мамле-кеттик герби түшүрүлгөн кокарда бекитилет. 2.4. Панама Панама кара түстө (күндө кийилүүчү), камуфляждык (талаада ки-йилүүчү) болот, ал төбөдөн жана ичилик салынган талаадан турат. Панаманын каптал бөлүктөрүнө эки жагынан анча чоњ эмес экиденкөзөнөк жайгаштырылган. Алды жагына кокарда бекитилет, капталдарына эки формалык топчужайгаштырылган, ага алтын түсүндөгү (күндөлүк форма үчүн), камуфляждыктүстөгү (талаа формасы үчүн) боо топчуланат. 2.5. Жогорку жетекчилик курам үчүн күзгү-кышкы күрмө Күрмө кара түстөгү плащтык кездемеден тигилген, түз көрүнүштөгүмех жакалуу, беш топчу менен топчулануучу борбордук жашырын топчулук-туу, жылуулоочу астар жана чечип коймо ичилиги этегине чейин салынган,ийнинде тигилме погону бар. Жакасынын артында баш чүмбөт тагуу үчүн ил-гичтери бар. Жакасы кайырма, боз түстөгү мехтен. Бир тышкы төш чөнтөгүнө сыдыр-ма салынган, ич жагынан кийрилген "АКН" деген кара түстөгү жазуусу бар. Чөнтөгүнүн төмөнкү бөлүгүнүн эки жагына кийриндини бекитүү үчүнэки тырс этме жайгаштырылган. Күрмөнүн төмөнкү бөлүгүндө жашырын сыдырма салынган эки жан чөнтөкбар. Күрмө сыдырма менен топчуланат, жогорку бөлүгүндө жашырын топчубар. Жењдери орнотулма, кош тигиштүү, сол жењине жењге тагылуучу белгижайгаштырылган. Жалган погондуу тигилме погондор топчуга топчуланат. 2.6. Параддык-салтанаттык жана күндөлүк китель Борбордук борттук топчулуктуу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттикгербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн төрт формалык топчулуу жарым кынамакөрүнүштө кара түстөгү жүн кездемеден тигилген китель, ачык, этегинечейин ичилик салынган. Жакасы кайырма, жогорку жетекчилик курам үчүн алтын жалатылган ой-молуу, калган жетекчилик курам үчүн оймосу жок, жаканын учтарьгада эмб-лемалар бар. Жака менен лацкандын ортосундагы тиликтин ортосу - 6 см. Өњүрлөрү тилик каптал бөлүктөрдөн, алдыњкы таноолордон, борборунабантик сымал бүктөмө салынган жогорку каптама чөнтөктөрдөн жана фигура-луу капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрдөн турат. Учасындагы тигиш ортосунан өтүп, аягы тилик болуп бүтөт. Жењдери орнотулма, эки тигиштүү. Жењдеринин учтарына четинен 9 смаралыкта кызыл түстөгү милте бастырылган. Сол жењинде жењге тагылуучу белги жайгашкан. Өњүрлөрүнүн ичилигинде ички төш чөнтөк бар. Погондору алтын сымалтүстөгү формалык топчулуктуу, негизи картондон турган кителдин өњүндөгүматериалдан тигилме. 2.7. Күрмө Күрмө кара түстөгү жүн кездемеден түз тигилген. Алды жагына сыдыр-ма салынган. Жакасы кайырма. Өњүрлөрү кокеткалуу, сыдырма салынган жогорку тилик чөнтөктүү, сы-дырма салынган тилик жан чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу. Жењдери орнотулма бир тигиштүү, манжета салынган. Сол жењине жењгетагылуучу белги жайгашкан. Күрмөнүн этегинин каптал тигиштери турган жерге чоюлма тасма салы-ыган. Погондору алтын сымал түстөгү формалык топчулуктуу, негизи картон-дон турган кителдин өњүндөгү материалдан тигилме. 2.8. Шым Шым топчуга топчуланган кашат салынган кара түстөгү жүн кездемедентигилген. Кашатында кур өткөргүчтөрү бар. Шымдын алдыњкы бөлүктөрүндө капталы тилик чөнтөктөрү бар. Шымдынсол жарымына саат үчүн чөнтөк салынган. Артынын оњ жагында капкалдырык-туу чөнтөгү бар. Каптал тигиштерине кызыл түстөгү ноотудан тасма (жо-горку жетекчилик курам үчүн, андан сырткары, лампас) тигилген. 2.9. Камуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген кышкы костюм 2.9.1. Камуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген кепка сүйрү формада-гы капкактан, алкактан, мавдай кырдан жана түшүрүлмө желке жапкычтантурат. Кепканын каптал жактарына үч желдетме металл көзөнөкчө жайгаш-кан. Кепканын желке жапкычы мехтен. Желке жапкычтын жогорку бөлүгү каптал жактарында тырс этме мененбекитилет. Кепканын алкагынын алды жагына кокарда бекитилет. 2.9.2. Жылуулатылган күрмө камуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген,этегине чейин ичилик салынган, мех жакалуу жана чечилме баш чүмбөттүү,түз тигилген, боорундагы топчулары жашырылган, бир гана топчусу ачыктопчуланат. Өњүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички бел курчалуу, капкалдырыктарыбар жогорку жана төмөнкү каптама чөнтөктүү. Жакасы кой терисинен жасалып, кайырма. Учасы бел сызыгы боюнча ички бел курчалуу туташ бычылган. Жењи орнотулма бир тигиштүү. Жењдин учу бүктөлүп ичине тигилген,кесилген жери жашырылып тигилген. Тигилме погондору топчуга топчуланат. 2.9.3. Шым камуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген, багалегине че-йин жылуулоочу ичилик салынган, кашат салынып тигилген, топчу менентопчуланат, кур өткөргүчтөрү бар. Шымдын капталдарьша капкалдырыктуу каптама чөнтөктөр салынган. Шымдын багелеги бүтүлүп тигилген жана ага чоюлгуч тасма тагылган. Багелектин каптал тигиштери сызыгына тасма илгич (штрипка) жайгаш-кан, анын эки учу эки топчу менен топчуланат. 2.10. Камуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген жайкы костюм 2.10.1. Камуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген кепка сүйрү форма-дагы капкактан, алкактан, мањдай кырдан жана түшүрүлмө желке жапкычтантурат. Кепканын каптал жактарына үч желдетме металл көзөнөкчө жайгаш-кан. Желке жапкычтын жогорку бөлүгү каптал жактарында тырс этме мененбекитилет. Кепканын алкагынын алды жагына кокарда бекитилет. Камуфляж түстөгүпанама (жетекчилик курам үчүн), кара түстөгү берет (атайын багыттагыларүчүн) кийүүгө жол берилет. 2.10.2. Күрмө камуфляж түсүндөгү кездемеден түз тигилген, боорун-дагы топчулары жашырылган, бир гана топчусу ачык топчуланат. Өњүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички бел курчалуу, капкалдырыгы баржогорку жана төмөнкү каптама чөнтөктүү. Жакасы кайырма. Учасы бел сызыгы боюнча ички бел курчалуу туташбычылган. Жењи орнотулма бир тигиштүү, манжет салынган. Тигилме погондору (жалган погондору менен) топчуга топчуланат. 2.10.3. Шым камуфляж түсүндөгү кездемеден кашат салынып тигилген,топчу менен топчуланат, кур өткөргүчтөрү бар. Шымдын капталдарына жанчөнтөктөр салынган. Багелектин каптал тигиштери сызыгына тасма илгич (штрипка) жайгаш-кан, анын эки учу эки топчу менен топчуланат. 2.11. Узун жењдүү формалык көйнөк Узун жењдүү формалык көйнөк ачык көгүш, ачык күрөњ жана ак түстөгүкездемеден тигилген (шымданып кийүү үчүн). Жакасы кайырма, кесик жака каттамдуу. Өњүрлөрү бантик сыяктуу бүктөлгөн бөйрөмчөлөрү жана капкалдырыгыбар каптама төш чөнтөктүү. Жењи узун, манжет тигилген. Сол жењинде жењге тагылма белги жай-гашкан. Погондору кара түстөгү жалган погондору менен топчулануучукөйнөктүн өњүндөй материалдан тигилген. 2.12. Кыска жењдүү формалык көйнөк Кыска жењдүү формалык көйнөк ачык көгүш, ачык күрөњ жана актүстөгү кездемеден бел курсуз тигилген (шымданып кийүү үчүн). Жакасы кайырма, кесик жака каттамдуу. Өњүрлөрү бантик сыяктуу бүктөлгөн бөйрөмчөлөрү жана капкалдырыгыбар каптама төш чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу. Жењи кыска, манжет тигилген. Сол жењинде жењге тагылма белги жай-гашкан. Погондору кара түстөгү жалган погондору менен топчулануучукөйнөктүн өњүндөй материалдан тигилген. 2.13. Жагоо Жагоо чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн турат, аяк жагыучтуу болуп - байланма. 2.14. Кончу узун ботннка (кыска өтүк) Кара түстөгү кончу узун хром ботинка (кыска өтүк) кыйыктардан,кончтон, тилчеден, каттап тигүүчү кыйыктардан, апкыттан, сыртынан бай-лоочу боодон, "краг" илгичтеринен турат. Кончтун алды жагында - боо өткөрүү үчүн көзөнөкчөлөр, жасалма мех-тен, түктүү жумшак кездемеден (нооту) ичилик салынган же ичиликсиз. Бооменен байланат же сыдырма салынат. Таманы менен такасы көпшөк резина же"тэп". Боо өткөргүчү - металл тогоолор. Таманы ичке кайыштар менен же-лимделип бекитилген (желимдеп бекитүүгө жол берилет). Ичине ич тамансалынат. 2.15. Хром кыска ботинка Кара түстөгү хром кыска ботинка кыйыктардан, кончтон, тилчеден жа-на тамандан турат. Кончтун алды жагында - боо өткөрүү үчүн көзөнөкчөлөр бар (резинаболушу да мүмкүн). Кыйыктардын ичилиги кебез кездемеден, кончтуку саркыян кайыштан.Таманы, ич таманы, апкыты тамандык кайыштан. Тумшугу - кайыштан же гра-нитолдон. Такасы кайыштан, резиналанган куйма така менен бийиктетилген.Таманы жасалма же синтетикалык материалдан желим менен чапталып бирик-тирилген. 2.16. Жылуулатылган кыска өтүк Кара түстөгү жылуулатылган кыска өтүк кончтон, алдыњкы бөлүгүнөнжана тамандан турат. Футорлуу кончу накта мехтен (жогорку жетекчиликкурам үчүн), жасалма мехтен (калган жетекчилик курам үчүн), апкыты ка-лыњ кайыштан. Тумшугу катуу. Кончуна сыдырма салынган. 2.17. Жабдыктар Жабдыктар күрөњ (кара) түстөгү эни 50 мм кайыш бел курдан туратКурга беш кырдуу эки илгичтүү тогоо тагылат. Курдун бош учунда тогоонунилгичтери үчүн көзөнөкчөлөр бар. Тогоо, жарым тегерекчелер жана кобураилгич кнопкалар алтын түстүү латундан жасалат. 2.18. Шымдын куру Шымдын куру кара түстөгү кайыштан же жасалма кайыштан жасалат, не-гизги курдан, кыймылдуу же кыймылсыз кур өткөргүчтөн турат. Курга төрткырдуу бир илгичтүү тогоо тагылган. Курдун бош учунда илгичтер жана то-гоо үчүн көзөнөкчөлөр бар. Курдун эни - 35 мм. 2.19. Моюн орогуч (кашне) Моюн орогуч трикотаж кездемеден: параддык форма үчүн - ак түстө,күндө кийилүүчү форма үчүн - кара түстө. III. Жетекчилик курам үчүн (аялдар) 3.1. Мех тумак Тумак боз түстөгү кой терисинен туташ тигилет, цилиндр формасында-гы алкактан жана тегерек капкактан турат. Алкактын апды жагынын ортосу-на кокарда бекитилет. 3.2. Панама Жетекчилик курам үчүн (эркектер) кандай болсо ошондой. 3.3. Пилотка Кара түстөгү жүн кездемеден тигилген пилотка капкактан, каптандар-дан жана бортчодон турат. Капкагы ортосунан бириктирип тигилген эки бөлүктөн туруп, сүйрүформада. Капталдары түз, эки бөлүктөн турат. Бортчосунун алды жагында анча чоњ эмес тилик бар, бортчонун жогор-ку четине кызыл түстөгү милте бастырылган. Бортчонун алды жагынын ортосуна кокарда бекитилет. 3.4. Салтанатта жана күндө кийилүүчү жакет Жакет кара түстөгү жүн кездемеден тигилген. Денеге жарымжартылайкынама, борбордук борттук формалык үч топчу менен топчуланат. Борту тикбурчтуу. Жакасы кайырма, жаканын учтарында эмблемалар бар. Өњүрлөрү каптал таноолуу, фигуралуу капкалдырыктуу дилик жанчөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан өтөт. Жењдери эки тигиштүү, тилик, тиликтеринде үчтөн формалык топчубар. Сол жењинде жењге тагылуучу белги жайгашкан. Оњ өњүрүнүн ичилигинде төш чөнтөк бар. Погондору алтын сымал түстөгү формалык топчулуктуу, негизи картон-дон турган кителдин өњүндөгү материалдан тигилме. 3.5. Юбка Юбка кара түстөгү жүн кездемеден кашат салынып түз тигилет, топчу-га топчуланат жана сыдырма салынат. Арткы капталы эки таноолуу жана ортоњку тигишинде тилиги бар. 3.6. Шым Шым кара түстөгү жүн кездемеден кашат салынып тигилет, топчугатопчуланат. Кашатында кур өткөргүчтөрү бар. Шымдын алдыњкы бөлүктөрүндө капталы тилик чөнтөктөрү бар. Капталтигиштерине кызыл түстөгү ноотудан милте бастырылган. 3.7. Күрмө Күрмө кара түстөгү жүн кездемеден түз тигилген, алды жагына сыдыр-ма салынган, этегине тигилген тилке куру бар жана этегине чейин ичи-ликтүү. Жакасы кайырма, жаканын учтарында эмблемалар бар. Өњүрлөрү кокеткалуу, тик рельефтүү, эки каптама чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу. Жењдери орнотулма эки тигиштүү, манжета салынган. Сол жењине жењгетагылуучу белги жайгашкан. Күрмөнүн этегинин каптал тигиштери турган жерге чоюлма тасма са-лынган. Жењдин манжеталары формалык топчуга топчуланат. Погондору алтын сымал түстөгү формалык топчулуктуу, негизи картон-дон турган кителдин өњүндөгү материалдан тигилме. 3.8. Жайкы көйнөк Көйнөк каралжын-күрөњ түстөгү жука кездемеден кашат салынып тиги-лет, жакасы кайырма жана ортосу бантик сыяктуу бүктөлгөн жана фигуралуукапкалдырыгы бар каптама төш чөнтөктүү. Көйнөктүн алды жана чөнтөктөрдүн капкалдырыктары топчу менен топ-чуланат. Жењи кыска. Сол жењинде жењге тагылма белги жайгашкан. Юбка алдынан мањдайлаш бүктөмөсү бар эки тигиштүү. Погондору тигилме, жалган погону бар кара түстө. 3.9. Узун жењдүү блузка Узун жењдүү формалык блузка ачык-көгүш, ачык-күрөњ жана актүстөрдөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик жака каттамдуу,каптама төш чөнтөктөрүндө бантик сыяктуу бүктөлгөн бөйрөмчөлөрү жанакапкалдырыгы бар. Алды этегине чейин кесиктүү жана таноолуу. Учасы кокеткалуу. Жењдери тилик жана кайып тигилген манжеталуу. Сол жењинде жењгетагылма белги жайгашкан. Блузканын алды, капкалдырыктары, манжеталары топчуга топчуланат. Погондору тигилме. 3.10. Кыска жењдүү блузка Кыска жењдүү формалык блузка ачык-көгүш, ачык-күрөњ жана актүстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, каптама төш чөнтөктөрүндөбантик сыяктуу бүктөлгөн бөйрөмчөлөрү жана капкалдырыгы бар. Алды этегане чейин кесиктүү жана таноолуу. Учасы кокеткалуу. Жењдери тилик жана кайып тигилген манжеталуу. Сол жењинде жењгетагылма белги жайгашкан. Блузканын алды, капкалдырыктары, манжеталары топчуга топчуланат. Погондору тигилме, түс гаммасы боюнча - блузканын түсөндө. 3.11. Жагоо Жагоо кыска тасмалуу жана анча чоњ эмес түйүндүү көпөлөкчө форма-сында. 3.12. Өтүк Өтүк кара түстөгү хромдон ултарылат. Кончуна сыдырма салынган.Ичилиги мех, кийиз, ноотудан. Таманы синтетикалык же жасалма материал-дардан көпшөк резинага желимделип бекитилет. 3.13. Туфли Туфли кара түстөгү хромдон ултарылат, такалуу жана таш тамандуу,желимделип бекитилет. IV. Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун аттестациялангаы курамынын атайын наамдары боюнча айырмалоочу белгилери Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агентство-сунун аттестацияланган курамынын атайын наамдары боюнча айырмалоочубелгилери тиешелүү өлчөмдөгү жылдыздары бар погондор болуп эсептелет. 4.1. Жогорку жетекчилик курамдын погондору Жогорку чети сүйрү, атайын токулган сур жана кара түстөрдөгү га-лундан, кызыл түстөгү милте бастырылып тигилген тик бурчтуу погондор. Жогорку чети үч бурчтуу, милте салынбай кийимдин кездемесинен ти-гилген тик бурчтуу. Погондун жогорку бөлүгүнө алтын сымал түстөгү топчу жайгаштырыл-ган. Погондорго диаметри 22 мм болгон алтын сымал түстөгү тигилген жыл-дызчалар жайгаштырылган. Жылдызчалардын саны атайын наамга туура келет. 4.2. Улук, ортоњку, кенже жетекчилик курамдын погондору 4.2.1. Тигилме Жогорку бөлүгүндө бир типтүү материалдан жасалган (китель үчүн -кителдик кездеме, көйнөк үчүн - көйнөктүк кездеме ж.б.), формалык топ-чунун көзү үчүн жогорку чети жумуруланган тик бурчтуу. Погондорго төмөнкүлөр жайгаштырылган: - улук жетекчилик курам үчүн - диаметри 20 мм болгон алтын сымалтүстөгү жылдыздар; - ортоњку жетекчилик курам жана прапорщиктер үчүн - диаметри 13 ммболгон алтын сымал түстөгү жылдыздар; - старшиналар үчүн - ортосунда алтын сымал түстөгү узата тилке(пластинка) бар; - сержанттар үчүн - алтын сымал түстөгү бурч түспөлдүү формадагытигилме (пластинка). Жылдызчалардын, тигилмелердин (пластинкалардын) саны атайын наамгатуура келет. V. Форма кийимдердин атрибуттары 5.1. Кокарда Кокарда жылдызчанын ортосуна жайгашкан көгүлтүр түстө Кыргыз Рес-публикасынын Ммамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү бар алтын сымал түстөгүсегиз нурлуу жылдызча түрүндө болот. 5.2. Жењге тагылма белги (шеврон) Жењге тагылма белги четтерине жайгашкан лавр жалбырактарынынсүрөттөлүшү бар сүйрү формадагы кара түстө, борборуна агыш жаптылдактүстөгү сегиз нурлуу жылдызчанын сүрөтү түшүрүлгөн, анын ичиндекөгүлтүр түстө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшүбар. Жењге тагылма белгинин жогорку бөлүгүнө кызыл түстөгү жылдызчажайгаштырылган. Төмөнкү бөлүгүнүн алкагында мамлекеттик тилде "КыргызРеспубликасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агентствосу" деген жа-зуу бар. 5.3. Петлицадагы эмблема Эмблема жылдыздын борборуна жайгаштырылган бүркүттүн башынынсүрөттөлүшү бар алтын сымал түстөгү сегиз нурлуу жылдызча түрүндө бо-лот.