Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 токтому менен бекитилген Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 370,2009-жылдын 1-апрелиндеги № 207, 2010-жылдын 28-октябрындагы N 261 токтомунун редакциясына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1. Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекет-тик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү бо-юнча комиссия (мындан ары - Комиссия) өзүнүн ишин Кыргыз Республикасы-нын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-ию-лундагы N 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялыкзонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы укуктарын Ысыккөл об-лустук мамлекеттик администрациясына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна,ушул Регламентке жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук ак-тыларына ылайык жүргүзөт. 2. Комиссияны түзүүнүн тартиби 2.1. Комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. 2.2. Комиссиянын ишинин уюштурулушун Ысыккөл облусунун мамлекеттикадминистрациясы камсыздайт. 2.3. Комиссиянын курамына кызмат орундары боюнча төмөнкүлөр ки-рет:
- Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатору (комиссиянын төрагасы);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Ысык-Көл облусунун райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы №370,2009-жылдын 1-апрелиндеги № 207,2010-жылдын 28-октябрындагы №261 токтомунун редакциясына ылайык) 2.4. Курорттук-рекреациялык зонадан жер участокторун берүү үчүн тоорук өткөрүү боюнча материалдарды даярдоого жана Комиссиянын заседа- ниелерин өткөрүүгө төмөнкүдөй өкүлдөр катышат:- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин аймактык органдарынан;
- архитектура жана курулуш боюнча райондук жана шаардык башкармалык- тардан;
- шаар башкармаларынан;
- "Ысыккөл" биосфералык аймагынын башкы дирекциясынан;
- санитардык эпидемиологиялык кызматтан;
- өрт көзөмөлү кызматынан;
- тийиштүү айыл өкмөттөрүнүн башчылары.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Комиссиянын функциялары 3.1. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат: - жер участокторун тооруктарда менчикке жана пайдаланууга (аныничинде ижара шартында) берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечимдерди кабыл алат; - тоорукка коюлуучу жер участогуна укуктун түрүн, тооруктун форма-сын жана шарттарын, аларды өткөрүү үчүн керектүү башка мүнөздөмөлөрдүаныктайт; - сатуу жөнүндө түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн лоттордун старттыкбаасын же баштапкы баасын белгилейт; - тооруктун уюштуруучусу болот; - тооруктун жыйынтыгын аныкталган тартипте бекитүүгө берет; - Жер участокторуна укуктарды берүүнүн тартиби жана шарттарыжөнүндө жободо каралган башка функциялар. 3.2. Комиссия төмөнкүдөй укуктарга ээ, алар: - тийиштүү кызматтардан жана Ысыккөл облустук мамлекеттик адми-нистрациясынын подразделениелеринен жана чарбакер субъекттерден заседа-ниеде каралуучу маселелерге тиешелүү документтерди, корутундуларды,экспертизалардын актыларын жана башка материалдарды алуу; - эксперттерди, анын ичинде көз карандысыз эксперттерди тийиштүүкорутундуларды даярдоо боюнча ишке тартуу; - өзүнүн иши жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарынажарыялоо. 4. Комиссиянын заседаниелерин уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби 4.1. Комиссия өзүнүн ишин заседание формасында жүргүзөт. Заседани-елердин жыйынтыктары протокол менен таризделип, ага Комиссиянын секре-тары, төрагасы жана катышкан бардык мүчөлөрү кол коюшат. 4.2. Комиссиянын заседаниеси Комиссиянын төрагасы белгилегенкүндөрдө өткөрүлөт. 4.3. Комиссиянын заседаниесин Комиссиянын төрагасы башкарат. 4.4. Эгер заседаниеге Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 51процентинен кем эмеси катышса. Комиссия чечим кабыл алууга укуктуу. 4.5. Комиссиянын чечими катышкандардын добуштарынын жөнөкөйкөпчүлүгү менен, ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Добуштар тењболуп калганда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот. 4.6. Эгер Комиссиянын мүчөсү түздөн-түз финансылык кызыкчылыгы барболсо же арызы каралып жаткан жак менен туугандык мамиледе болсо, андаКомиссиянын мындай мүчөсү ал маселени кароого катышууга укугу жок жанаал боюнча чечим кабыл алууга укуксуз. 4.7. Комиссиянын мүчөлөрү алдыда болуучу заседаниенин материалдарыменен ал өткөрүлөөрдөн 3 күндөн кем эмес мурдатан кабарланышат жанакамсыздалышат. 4.8. Заседаниенин башталышында Комиссиянын төрагасы талкуулануучумаселенин мүнөзүнө жана ыйгарым укуктуу органдардан жана эксперттердентүшкөн расмий корутундулардын мазмунуна жараша иштин тартибин аныктайт. 4.9. Жер участокторун тооруктарда берүү боюнча Комиссиянын прото-колдору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.