Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 1-апрели № 207 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 "Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин регламентин жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чындоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. "Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамле-кеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүүбоюнча комиссиянын ишинин регламентин жана Ысык-Көл облусунун курорт-тук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участок-торун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыњдоочу, туристтик объекттердижана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүнтартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 токтому менен бекитилгенЫсык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы мамлекеттик мен-чикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча ко-миссиянын ишинин Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 2.3-пунктчанын үчүнчү абзацы алып салынсын. 2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Премьер-министр И.Чудинов