Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 12-январы № 10
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясын, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (Преамбула Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жобо; - Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
|