Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 346, 2006-жылдын 12-июнундагы № 421, 2006-жылдын 11-августундагы № 573, 2012-жылдын 16-мартындагы № 178, 2017-жылдын 24-августундагы № 526, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177, 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559, 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 205 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бөлүм I. Жалпы жоболор Бөлүм II. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтер Бөлүм III. Пенсияларды кайра эсөптөө үчүн зарыл болгон документтер Бөлүм IV. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтер Бөлүм V. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтер
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси (мындан ары - Тизме) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия (мындан ары - пенсия) дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин аныктайт. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 1.2. Камсыздандырылган адамдар жана пенсионерлер "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн документтерди Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына, калкты тейлөө борборлоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун электрондук порталындагы "Камсыздандырылган адамдын өздүк кабинети" аркылуу берет, мында арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 1.21. Арыз ээлери ушул Тизмеге ылайык расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн документтерди Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына, калкты тейлөө борборлоруна берет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 1.3. Камсыздандыруу стажы (эмгек китепчесинен башка) жана эмгек акы жөнүндө ушул Тизмеде каралган, компетенттүү органдар жана кызмат адамдары тарабынан берилген документтер түп нускасында, калган документтер көчүрмөсү боюнча кабыл алынат. 1.4. Бул Тизмеге ылайык документтердин бардык берилген көчүрмөлөрү милдеттүү тартипте алардын түп нускалары менен салыштырылат жана пенсия дайындоочу органдар тарабынан күбөлөндүрүлөт.
II. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтер
2.1. Курагы боюнча жалпы негиздерде пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен кошо төмөндөгү документтер берилүүгө тийиш: а) камсыздандырылган адамдын ким экендигин, анын курагын жана жашаган жерин ырастоочу: - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – паспорт (ID-карта); - качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн - качкындын күбөлүгү; - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашоо укугуна берилген уруксат. - кайрылмандын расмий статусуна ээ болгон адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү. 16 жашка толо элек балдардын курагын, ким экендигин жана жарандыгын аныктай турган документ туулгандыгы тууралуу күбөлүк болуп эсептелет; б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 токтому менен бекитилген Пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык белгиленүүчү камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды камтыган эмгек китепчеси же документтер; в) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомуна ылайык күчүн жоготту) г) 1996-жылдын 1-январына чейин пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адамдын каалоосу боюнча каалаган 60 айдагы үзгүлтүксүз иш үчүн эмгек акы (киреше) жөнүндө жумуш берүүчүлөр, же болбосо мамлекеттик органдар тарабынан баштапкы бухгалтердик документтердин негизинде берилген маалымкаттар. Жумуш берүүчүнүн иши токтотулган учурда, аталган маалымкаттар алардын укук улантуучулары, жогору турган орган же зарыл маалыматтарга ээ болгон мамлекеттик архив мекемелери тарабынан берилет; д) 1996-жылдын 1-январынан тартып иштегендиги жана эмгек акысы жөнүндө бухгалтердик баштапкы документтердин негизинде жумуш берүүчү тарабынан берилген маалымат; ж) никени каттоо же ажырашуу жөнүндө күбөлүк, ал башка фамилияга берилген документтер болгон учурда берилет; з) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына ылайык пенсияга үстөк алуу укугун ырастаган документтер: - Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусунун же Улуу Ата мекендик согуштун майыбынын же аларга теңештирилген адамдардын күбөлүгү; - "Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюунун катышуучусу" күбөлүгү; - "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору", "Кыргыз ССРинин ардактуу донору", "СССРдин ардактуу донору" күбөлүгү; - сот же башка мамлекеттик органдар (прокуратура же улуттук коопсуздук органдары) тарабынан берилген реабилитациялоо жөнүндө маалымкат; - II топтогу жалгыз бой майыптын башка бирөөнүн багуусуна муктаж экендиги жөнүндө дарылоо мекемесинин маалымкаты; мында жалгыз жашагандыгынын фактысы жашаган жеринен берилген маалымкат жана текшерүү актысы менен ырасталат; - СССРдин "Мать-героиня" жана Кыргыз Республикасынын "Баатыр эне" ордендери менен энелердин сыйлангандыгын тастыктай турган документтер. и) пенсиялык күбөлүк алуу үчүн 3x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт. к) жашаган жеринен маалымкат - турган жери боюнча пенсия дайындоо үчүн кайрылган учурда гана. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 178, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177, 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.2. Жеңилдик берилген шартта курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн ушул Тизменин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча иретинде төмөндөгү документтер берилүүгө тийиш: а) № 1 жана № 2 тизмелер боюнча - эмгектин жеңилдик берүүчү мүнөзүн ырастоочу маалымкаттар. Маалымкатта: атайын стажга эсептеле турган иштин мезгили, кесиби же кызматы, аткарылган ишинин мүнөзү, иштин ушул мезгили тизмелердин кайсыл бөлүмүнө, бөлүмчөсүнө, пунктуна, аталышына киргизиле тургандыгы жана алардын номери, анын негизинде аталган маалымкаттар берилген баштапкы документтер көрсөтүлүүгө тийиш. Зарыл учурда жумуш орундарын аттестациялоонун натыйжалары менен эмгектин өзгөчө шарттарында иштөөнүн далилдери берилет. № 2 тизме боюнча пенсиянын экинчи камсыздандыруучу бөлүгүн дайындоо максатында эмгектин өзгөчө шарттары үчүн жана ишканадан пенсия алуучу текстиль өндүрүшүндө иштегендерге - эмгектин жеңилдик берүүчү мүнөзүн ырастаган маалымкат, ишканада жеңилдик берилген шартта пенсия дайындалгандыгынын фактысы жөнүндө маалымкат, пенсия дайындалган датаны көрсөтүү менен; б) бийик тоолуу шарттарда жашаган адамдарга пенсия дайындоо үчүн - эмгектенген ишканасы, уюму жайгашкан жер жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же айыл өкмөтүнүн маалымкаты, ал эми аялдарга кошумча - үч баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (балдардын паспорттору, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалары тарабынан берилген маалымкаттар, туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же баланын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк); в) көп балалуу энеге жеңилдик берүүчү пенсия дайындоо үчүн - беш баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (балдардын паспорттору, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалары тарабынан берилген маалымкаттар, туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же баланын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк); г) бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын энесине жеңилдик берүүчү пенсия дайындоо үчүн - аймактык (райондор аралык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) баланын майыптуулугун аныктагандыгы жөнүндө маалымкаты, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана аны сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (баланын паспорту, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалыгы тарабынан берилген маалымкат, туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же баланын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк); д) ишканалардын кайра уюштурулушуна, жоюлушуна, штаттык сандын кыскарышына байланыштуу алардан бошотулган адамдар үчүн - Социалдык фондго кызматкер пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген курагына жеткенге чейин мөөнөтүнөн мурда пенсия төлөө үчүн акчалай каражаттардын которулгандыгы жөнүндө төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү; е) гипофизардык нанизм дартына чалдыккан адамдар (эргежелдер) жана диспропорциялык кодолор үчүн - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-алдын алуу мекемелеринин врачтык-консультациялык комиссиясынын маалымкаты; ж) учкучтарга жана сыноочу учкучтардын курамына пенсия дайындоо үчүн - аба транспортун пайдалануучунун учуу сааттары жөнүндө жана пенсия төлөөгө кетүүчү чыгымдарды жабууга каражаттардын чегерилгендигин ырастаган документтер берилет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомунун редакциясына ылайык) 2.3. Майыптыгы боюнча пенсия алуу, ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга үстөктөрдү чегерүү үчүн Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө ушул Тизменин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча МСЭКтин майыптыгын белгилөө жөнүндө корутундусу берилет. Майып адам аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда, камкорчунун арызына камкордук кылуу органынын камкорчуну дайындоо жөнүндө чечими тиркелет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомунун редакциясына ылайык) 2.4. Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуу үчүн Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө ушул Тизменин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн баккан адамдын документтерине кошумча катары: - жарандык абал актыларын жазуу органынын баккан адамынын өлгөндүгү жөнүндө (же анын дайынсыз жок болгондугун ырастаган документ) күбөлүктүн нотариатта күбөлөндүргө көчүрмөсү; - эмгекке жараксыз багууда болгондордун туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү; - бала чагынан майыпка пенсия дайындалган учурда - майыптыгынын тобун белгилөө жөнүндө МСЭКтин маалымкаты; - үй-бүлөнүн эмгекке жараксыз мүчөсүнүн каза болгон баккан адамдын багуусунда болгондугун ырастаган документтер; - камкорчунун арызына аны камкорчу кылып дайындоо жөнүндө камкорчулук органынын чечиминин көчүрмөсү тиркелет; - өгөй баланын өлгөн адамдын тарбиясында жана багуусунда болгондугунун фактысын ырастаган документтер; - багууда болгон балдар кесиптик, орто жана атайын орто окуу жайларынын окуучулары же жогорку окуу жайларынын студенттери экендигин ырастаган документтер берилет.
III. Пенсияларды кайра эсөптөө үчүн зарыл болгон документтер
3.1. Кыргыз Республикасынын кабыл алынган нормативдик укуктук актыларына ылайык пенсияларды кайра эсептөө пенсиялык иште болгон документтердин негизинде жүргүзүлөт. 3.2. Пенсиянын өлчөмүн башка негиздер боюнча кайра эсептөө үчүн төмөндөгү документтер берилиши мүмкүн: а) пенсияны кайра эсептөөнүн себеби, социалдык коргоо күбөлүгүнүн жекече идентификациялык номери жана пенсия алуучунун пенсиялык күбөлүгүнүн номери көрсөтүлгөн белгиленген формадагы арыз; б) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомуна ылайык күчүн жоготту) в) пенсия дайындалганга чейин иштелип чыккан жана аны дайындоодо эсепке алынбаган камсыздандыруу стажы жөнүндө документтер; г) пенсия эмгек акынын белгиленген эң аз өлчөмүнөн пайыздарда эсептелгенде - 1996-жылдын 1-январына чейин 60 ай бою иштегендиги үчүн эмгек акысы жөнүндө маалымкат, же болбосо эмгек акы жөнүндө жетишсиз маалыматтар, же пенсия дайындалган күндөн тартып үч жылдын аралыгында берилген эмгек акынын башка өлчөмү жөнүндө маалыматтар; д) майыптыгынын тобу өзгөргөн учурда - МСЭКтин майыптуулуктун башка тобун белгилөө жөнүндө корутундусу; е) багууда болгондордун саны өзгөргөн учурда - багууда болгон адамдын туулгандыгы же өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк; ж) Мыйзамдын 13-статьясында каралган тиешелүү үстөктөрдү эсептөө үчүн ушул Тизменин 2.1-пунктунун "з" пунктчасында каралган документтер; з) пенсионер кары-картаңдар же майыптар үчүн жатак үйгө жайгаштырылган учурда - мамлекеттик камсыздоого которулгандыгы жөнүндө буйруктун көчүрмөсү. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 346, 2006-жылдын 12-июнундагы № 421, 2006-жылдын 11-августундагы № 573, 2017-жылдын 24-августундагы № 526, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 421 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, 3.2-пунктунун "г)" пунктчасына мамлекеттик тилде дал келбейт. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 573 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, жөндөмө түрүндөгү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 526 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, 3.2-пунктунун "г)" пунктчасына мамлекеттик тилде дал келбейт.
IV. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтер
Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү Социалдык фонддун аймактык бөлүмү тарабынан пенсионердин арызы боюнча пенсиялык иште болгон документтердин негизинде жүргүзүлөт. Зарыл учурларда пенсиянын бир түрүнөн башкасына өтүү үчүн ушул Тизменин II бөлүмүнө ылайык пенсиянын жаңы түрүнө укук берүүчү кошумча документтер тиркелет.
V. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтер (Бөлүм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1. Пенсионер каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алуу үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына төмөнкүлөрдү берет: - расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө жөнүндө арызды; - арыз ээсинин паспортун; - (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 205 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - Кыргыз Республикасынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн жана салыштыруу үчүн түп нускасын. Эгерде пенсионердин сөөгү үй-бүлө мүчөсү болбогон адамдар тарабынан коюлса, сөөк коюу фактын ырастаган акт түзүлөт. Акт каза болгон пенсионер жашаган жердеги кошуналардын (беш адамдан кем эмес) катышуусу менен түзүлөт, алар арыз ээси тарабынан сөөк коюу фактын ырастай алат. Актта каза болгон пенсионердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана жашаган жеринин дареги, арыз ээсинин жана кошуналарынын фамилиясы, аты, атасынын аты жана акт түзгөн адамдардын кол тамгалары көрсөтүлүшү керек. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559, 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 205 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 5.2. Пенсионер Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары каза болгон учурда арыз ээси Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына төмөнкүлөрдү берет: - расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө жөнүндө арызды; - арыз ээсинин паспортун; - маркумдун жеке идентификациялык номерин; - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси же болбосо аймагында пенсионер каза болгон жарандык абалдын актысын (каза болгондугун) мамлекеттик каттоо фактысын ырастаган чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүк. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 5.3. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн төмөнкүдөй маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө кол коюлган жана күчүнө кирген тиешелүү макулдашуулардын негизинде электрондук форматта тиешелүү мамлекеттик органдардан суралат: - арыз ээсинин жеке маалыматтары; - каза болгондугу тууралуу акттын жазуусунун маалыматтары. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 5.4. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жана ички ведомстволук маалымат алмашуу системасы аркылуу алынган маалыматтар түзүлгөн макулдашууларга ылайык ишенимдүү, анык деп эсептелет жана документтердин кагаз түрүндөгү версияларына теңештирилет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 5.5. Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан суралган расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон маалымат, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, акысыз негизде берилет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
|