Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 346, 2006-жылдын 12-июнундагы № 421, 2006-жылдын 11-августундагы № 573, 2007-жылдын 11-майындагы № 160, 2017-жылдын 24-августундагы № 526, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177, 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559, 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 205 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бөлүм I. Жалпы жоболор Бөлүм II. Пенсия дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби Бөлүм II. Пенсияны кайра эсептөө үчүн кайрылуу тартиби Бөлүм IV. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү тартиби Бөлүм V. Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арызды кароо тартиби Бөлүм VI. Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүндө пенсиялык иштерди эсепке алуу жана сактоо тартиби Бөлүм VII. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби Бөлүм VIII. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмдөрү Бөлүм IX. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөнбөгөн учурлар
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын персонификацияланган (жеке) эсепке алуу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 1.2. Бул Жобо камсыздандырылган жарандардын мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия (мындан ары - пенсия) дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуу эрежелерин, ушул кайрылууларды кароо жол-жобосун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле арыз ээлери тарабынан пенсионер же анын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуу тартибин белгилейт. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 1.3. Бул Жобонун аракети Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздерде жана шарттарда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга взносторду төгүүчү жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары текст боюнча - Мыйзам) ылайык Кыргыз Республикасында пенсия алган же пенсия алууга укуктуу болгон чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 1.4. Бул Жободо төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат: камсыздандырылган адам - өзүнүн пайдасы үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандырылган жеке адам; жеке идентификациялык номер - Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, ушул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер; жеке камсыздандыруу эсеби - социалдык камсыздандыруу органы тарабынан камсыздандырылган адамдын эмгектик жана башка ишинин бүткүл мезгилинде топтолгон камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды камтыган жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларды жана башка төлөмдөрдү дайындоо (кайра эсептөө) жана өлчөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын толуктугун камсыз кылуучу документ. Жеке камсыздандыруу эсебинин камсыздандырылган адамга ыйгарылган жекече идентификациялык номери болот; персонификацияланган эсепке алуу - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн ар бир камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү; пенсиялык иш - документтердин китепчеге айландырылган топтому, анын негизинде пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адамга пенсия дайындалат; иш менен камсыз Кылуу жана эмгек акы жөнүндө маалымат - пенсия дайындоо же кайра эсептөө үчүн ар бир камсыздандырылган адамга карата иш берүүчү тарабынан иш менен камсыз кылуу жана эмгек акы жөнүндө берилүүчү маалыматтар; № 1 жана № 2 тизме - "Жеңилдеткен пенсиялык камсыз кылууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтардын жана көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 токтому менен бекитилген жеңилдетилген пенсиялык камсыз кылууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтардын жана көрсөткүчтөрдүн тизмеси; (9 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомуна ылайык күчүн жоготту) арыз ээси - каза болгон пенсионерди иш жүзүндө акыркы сапарга узаткан адам (жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрү же туугандык даражасына карабастан башка адамдар); расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул - пенсионер каза болгондо же анын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгондо камсыздандыруучу тарабынан берилүүчү жөлөкпул. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 573, 2017-жылдын 24-августундагы № 526, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
II. Пенсия дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби
2.1. Курагы боюнча (№ 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери үчүн пенсияга укугу барлардан башка), майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укугу бар камсыздандырылган адамдар пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги аймактык бөлүмүнө, калкты тейлөө борборлоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун электрондук порталындагы "Камсыздандырылган адамдын өздүк кабинети" аркылуу арыз менен кайрылат, мында арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.2. № 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укугу бар камсыздандырылган адамдар жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен жеңилдик берүүчү стажынын көпчүлүк бөлүгү иштелген жердеги ишкананын администрациясына кайрылат. Жеңилдик берүүчү пенсияларды төлөөгө арналган каражаттарды капиталдаштырууну жана Социалдык фондго өткөрүп берүүнү жургүзгөн ишканалар жоюлган, кайра уюштурулган учурларда № 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары үчүн иштин зарыл стажын иштеген жарандар жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги аймактык бөлүмүнө пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен кайрылат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомунун редакциясына ылайык) 2.3. Ишканада жеңилдик берүүчү шарттарда пенсия алган камсыздандырылган адамдар СП2 пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрылат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомунун редакциясына ылайык) 2.4. № 2 тизме боюнча жеңилдик берүүчү стажды иштеп бүткөн камсыздандырылган адамдар "РЕSАС" программасына кирген ишканалардын жана 1996-жылга чейин укук улантуучусуз жана каражаттарды капиталдаштырылбастан жоюлган ишканалардын текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери пенсия дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги аймактык органына арыз менен кайрылат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомунун редакциясына ылайык) 2.5. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 2.6. Кары-картаңдар жана майыптар үйлөрүндө жашаган камсыздандырылган адамдар пенсия дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун кары-картаңдар жана майыптар үйү жайгашкан жердеги аймактык бөлүмүнө пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен ушул мекеменин администрациясы аркылуу кайрылат. 2.7. Тергөө изоляторлорунда жүргөн жана түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан камсыздандырылган адамдар пенсиянын камсыздандырылган бөлүгүн дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги аймактык бөлүмүнө мекеменин администрациясы же ишенимдүү адамы аршлуу арыз менен кайрылат. 2.8. Пенсия дайындалуучу жашы жете элек өспүрүм же аракетке жөндөмсүз адам болгон учурларда, анын ата-энеси (асырап алгандар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) тарабынан пенсия дайындоо жөнүндө арыз ал жашаган жердеги же турган жердеги Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө берилет. Эгерде жашы жете элек өспүрүмдүн же аракетке жөндөмсүз адамдын ата-энеси (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) ар башка жашаса, бул учурда жашы жете элек өспүрүм же аракетке жөндөмсүз адам менен чогуу жашаган ата-энеси (асырап алуучу, камкорчу, көзөмөлчү) тарабынан арыз жашаган жери же турган жери боюнча берилет. Эгерде жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамдын мыйзамдуу өкүлү жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адам дайыма болуучу тиешелүү мекеме болуп эсептелсе, пенсия дайындоо жөнүндө арыз Социалдык фонддун ушул мекеме жайгашкан жердеги аймактык бөлүмүнө берилет. 16 жашка толгон жашы жете элек бала баккан адамынан айрылган учурда пенсия дайындоо үчүн ушул Жобого ылайык Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги аймактык бөлүмүнө өз алдынча кайрылууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомунун редакциясына ылайык) 2.9. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген пенсияга укуктары пайда болгондон кийин каалаган учурда камсыздандырылган адамдар кандайдыр бир мөөнөт чектелбестен пенсия дайындоо үчүн кайрыла алат. Курагы боюнча пенсия дайындоо, анын ичинде жеңилдик берүүчү шарттарда пенсия дайындоо жөнүндө арыз пенсиялык куракка жеткенге чейин, бирок ушул пенсияга укук келип чыкканга алты ай калгандан эрте берилбөөгө тийиш. Камсыздандырылган адамдын пенсия дайындоо үчүн кайрылган күнү катары бардык зарыл болгон документтер менен бирге пенсия дайындоо жөнүндө арыз пенсия дайындоочу орган тарабынан кабыл алынган күн эсептелет. Эгерде аталган арыз почта аркылуу жөнөтүлсө жана мында бардык зарыл документтер тиркелсе, анда пенсия алуу үчүн кайрылган дата катары ушул арыз жөнөтүлгөн жердеги почталык штемпелде көрсөтүлгөн дата эсептелет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомунун редакциясына ылайык) 2.10. Пенсия дайындоо жөнүндө арызда камсыздандырылган адамдын жекече идентификациялык номери жана анын паспортунун маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык) 2.11. Пенсия дайындоо жөнүндө арызга пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон бардык документтер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Тизмеге ылайык тиркелүүгө тийиш. 2.12. Эгерде пенсия дайындоо үчүн берилген документтерде жана жекече эсепке алуунун маалыматтарында пенсия дайындоо үчүн зарыл маалыматтар жок болсо, Социалдык фонддун пенсия дайындоочу аймактык органы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде иш берүүчүгө же компетенттүү органга иштеген жылдары жөнүндө жана камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талап жиберет. Социалдык фонддун аймактык органдары камсыздандырылган адамга пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди алууда жана тариздөөдө консультация берүүгө жана жардам көрсөтүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомунун редакциясына ылайык) 2.13. Пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адам "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын персонификацияланган (жеке) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте анын жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар менен алдын ала таанышууга укуктуу болот. (2 абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомунун редакциясына ылайык) 2.14. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жарандарынын пенсиялык камсыз кылуу жагындагы укуктарынын гарантиялары жөнүндө 1992-жылдын 13-мартындагы Макулдашууга катышкан мамлекеттерден көчүп келген пенсионерлер пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен жашаган жери же турган жери боюнча Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрылат. Арыздын негизинде Социалдык фонддун аймактык бөлүмү тарабынан пенсионер мурда жашаган жерге пенсиялык иш боюнча сунуш-талап жиберилет. Арыз берүүчүнүн колунда пенсиялык иш болгон учурда, ал арызга тиркелет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомунун редакциясына ылайык) 2.15. Эгерде майьптыгы боюнча болжолдонгон же дайындалган пенсиянын өлчөмү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн төмөн болсо, анда майыптыгы боюнча пенсия алууга укугу бар камсыздандырылган адамга же пенсионерге майыптыгы боюнча пенсияны же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду тандоо укугу бир жолу берилет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык) 2.16. Ушул Жобонун 2.15-пунктунда каралган учурларда майыптыгы боюнча пенсия ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул дайындалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейин төлөнөт. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Пенсияны кайра эсептөө үчүн кайрылуу тартиби
3.1. Пенсионерлер төмөндөгү учурларда пенсияны кайра эсептөө үчүн арыз беришет: (2 абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - пенсияга чыкканга чейинки камсыздандыруу стажы жөнүндө кошумча маалыматтар берилгенде; - пенсия эмгек акынын белгиленген эң аз өлчөмүнө карата эсептелген учурда жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин эмгек акы жөнүндө маалыматтар берилгенде жана берилбей калган мезгил үчүн эмгек акы жөнүндө маалыматтар тапшырылганда; - Мыйзамдын 13-статьясында каралган үстөктөрдү эсептөөгө укук берген документтер берилгенде; - баккан адамдарынын саны өзгөргөндө (баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия дайындалган учурда). - жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин эмгек акынын башка өлчөмү жөнүндө маалыматтар берилгенде, мында ушул кайра эсептөө пенсия дайындалган күндөн тартып үч жылдын ичинде бир жолу жүргүзүлөт. Эгерде эмгек акы боюнча пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн (ЖЭ1) кайра эсептөөдөн кийин пенсиянын өлчөмү азайып калса, анда пенсиянын мурдагы өлчөмү сакталат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 346, 2006-жылдын 12-июнундагы № 421, 2017-жылдын 24-августундагы № 526, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 421 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, 3.1-пунктунун төртүнчү абзацына мамлекеттик тилде дал келбейт. 3.2. Пенсионерлер кары-картаңдар же майыптар үйлөрүндө жашаган, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан учурда пенсионерлер же мекемелердин администрациясы пенсияны кайра эсептөө жөнүндө арызды зарыл документтер менен бирге пенсионердин пенсиялык иши жайгашкан жердеги Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө берет. 3.3. Пенсияны кайра эсептөө жөнүндө арызга пенсияны кайра эсептөө үчүн укукту ырастаган документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Тизмеге ылайык тиркелүүгө тийиш. 3.4. Жазуу жүзүндө арызды талап кылбастан пенсиянын белгиленген өлчөмүн кайра эсептөө төмөндөгү учурларда жүргүзүлөт: - пенсияны индексациялоо же өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укуктук актылары кабыл алынганда; - майыптуулугунун тобу өзгөргөндө; - пенсионер 80 жаш куракка толгондо; - баккан адамдардын бири 16 жаш куракка (окуучулар окутуунун күндүзгү формасы боюнча билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги мамлекеттик билим берүү уюмдарында - 23 жаш куракка) толгон учурда. - пенсия дайындалгандан же ЖЭ2ни акыркы кайра эсептөөдөн кийинки мезгил үчүн жеке камсыздандыруу эсебинде топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасынан эсептелген ЖЭ2 пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөөдө. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 160, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
IV. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү тартиби
4.1. Пенсионерлер кары-картаңдардын жана майыптардын үйлөрүндө жашаган, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан учурда пенсионерлер же мекемелердин администрациясы Социалдык фонддун пенсиялык иш жайгашкан жердеги аймактык бөлүмүнө пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө зарыл документтер менен бирге арыз беришет. 4.2. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрүн дайындоо кайрылуу берилген айдан кийинки айдын биринен тартып жүргүзүлөт. 4.3. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрүн дайындоо Социалдык фонддун бөлүмү тарабынан пенсионердин арызынын жана пенсия дайындоо үчүн жаңыдан берилген документтердин же пенсиялык иште болгон документтердин негизинде жүзөгө ашырылат. 4.4. Пенсиялык иште болгон документтер боюнча пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын мурда жүргүзүлгөн бардык эсептөөлөрү сакталат, ал эми пенсионер тарабынан стажы жана эмгек акысы жөнүндө кошумча документтер берилген учурда пенсия жаңы пенсия дайындоонун шарттарында эсептелет. 4.5. Эгерде пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өткөн пенсионерлер, андан кийин пенсиянын мурдагы түрүнө которуу жөнүндө арыз берсе, ал пенсия мурдагы өлчөмүндө калыбына келтирилет. 4.6. "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Социалдык фонддун органдары тарабынан пенсия дайындалган пенсионерлер да ушул Жобого ылайык "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча пенсияга өтүү жөнүндө бардык зарыл документтер менен арыз берип кайрылууга укуктуу болот.
V. Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арызды кароо тартиби
5.1. Пенсия дайындоо жөнүндө арыз пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон бардык документтер менен чогуу берилет. 5.2. Пенсия дайындоо, кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн документтерди кабыл алууда пенсия дайындоочу орган арыздын жазылышынын тууралыгын; арыз берүүчүнүн ким экендигинин күбөлөндүргөн документтен алынып киргизилген маалыматтардын ылайык келишин текшерет; документтердин көчүрмөлөрүн түп-нускалары менен салыштырат; арызды ошол эле күнү катар номерин жана арыз кабыл алынган датаны көрсөтүү менен каттоо журналында каттайт жана документтердин алынгандыгы жөнүндө тил кат берет, анда арыз алынган дата, жетпеген документтердин тизмеси жана аларды берүү мөөнөттөрү көрсөтүлөт. 5.3. Пенсия дайындоо же пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арыз ушул арыз кабыл алынган күндөн тартып же болбосо жетишпеген документтер берилген күнден тартып 15 күндүн ичинде каралат. Аталган арызды канааттандыруудан баш тартылган учурда, пенсия дайындаган орган тиешелүү чечим чыгарылгандан кийин беш күндөн кечиктирбестен бул тууралуу баш тартуунун себебин жана даттануунун тартибин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө кабарлайт жана ошол эле мезгилде арыз берүүчүгө документтерди кайтарып берет. 5.4. Пенсионердин пенсияны кайра эсептөө жөнүндө арызы бардык зарыл документтер менен чогуу арыз кабыл алынган күндөн тартып беш күндүн ичинде каралат. Пенсияны кайра эсептөөдөн баш тартылган учурда пенсия дайындаган орган тиешелүү чечим чыгарылгандан кийин беш күндөн кечиктирбестен бул тууралуу арыз берүүчүгө баш тартуунун себебин жана даттануунун тартибин көрсөтүү менен кабарлайт жана ошол эле мезгилде арыз берүүчүгө документтерди кайтарып берет. 5.5. Документтер текшерилип жана көчүрмөлөрү менен салыштырылгандан кийин документтердин түп-нускалары (паспорт, нике тууралуу күбөлүк, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, диплом жана башкалар) арыз берүүчүгө кайтарылып берилет, ал эми эмгек китепчеси ага пенсия дайындалгандан кийин кайтарылат. Мында эмгек китепчесине Социалдык фонддун бөлүмүнүн пенсия дайындалгандыгы (пенсиянын түрүн жана дайындалган датасын көрсөтүү менен) жөнүндө штампы коюлууга тийиш. 5.6. Арыз берүүчүгө пенсиялык күбөлүк пенсия дайындоо жөнүндө чечим чыгарылгандан кийин Социалдык фонддун аймактык бөлүмү тарабынан берилет. Пенсиянын өлчөмү жана дайындалган датасы пенсиялык күбөлүктө тиешелүү жазуу менен ырасталат жана мөөр басылат. Ишканадан пенсия алуучу адамдарга (№ 2 тизме боюнча, текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия алучуларга) пенсиялык күбөлүк жеңилдик берүүчү пенсия дайындалган ишкананын администрациясынын маалымкатынын негизинде пенсионер жашаган жердеги Социалдык фонддун аймактык бөлүмү тарабынан берилет. 5.7. Пенсиянын кайра эсептелгенден кийинки өлчөмү кайра эсептөөнүн датасын көрсөтүү менен пенсионер Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө кайрылганда пенсиялык күбөлүккө киргизилет. 5.8. Пенсия дайындалгандан кийин бир айдын ичинде Социалдык фонддун аймактык органы пенсия алуучуга пенсия дайындалгандыгы жөнүндө протоколду таанышууга берет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүндө пенсиялык иштерди эсепке алуу жана сактоо тартиби
6.1. Ар бир пенсия алуучуга түзүлгөн пенсиялык иш пенсия алуучу жердеги пенсия дайындоочу органда сакталат. 6.2. Пенсионер Кыргыз Республикасынын чектеринде жашаган жерин которгондо пенсиялык иш пенсионер жаңы жашаган жердеги Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнүн суроо-талабынын негизинде почта менен салып жиберилет, мында ал пенсионердин арызына жана анын жаңы жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү жөнүндө документтерге же иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жөнүндө маалыматтарга ылайык даярдалат. (2 абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 токтомунун редакциясына ылайык) 6.3. "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жарандарынын пенсиялык камсыз кылуу жагындагы укуктарынын гарантиялары жөнүндө" 1992-жылдын 13-мартындагы Макулдашууга катышкан мамлекеттерге жана социалдык (пенсиялык) камсыз кылуу жөнүндө эки тараптуу келишимдерге катышкан мамлекеттерге кеткен адамдардын пенсиялык иштери тиешелүү мамлекеттин аймагында пенсиялык камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу органга макулдашкан тараптар белгилеген тартипте жиберилиши мүмкүн. 6.4. Пенсионер Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары, аны менен социалдык (пенсиялык) камсыздоо жөнүндө эл аралык келишимдер түзүлбөгөн мамлекетке туруктуу жашоо үчүн кеткенде пенсиялык иш сапып жиберилбейт жана ал Социалдык фонддун аймактык бөлүмүндө сакталат. 6.5. Пенсиялык иш жоголгон учурда Социалдык фонддун аймактык бөлүмү аны калыбына келтирүүгө карата чара көрөт. 6.6. Пенсиялык төлөө токтотулган учурларда (пенсионер бир жакка кеткен, өлгөн, майыптыкты аныктоо мөөнөтү аяктаган учурда, окууга жана башкаларга байланыштуу) пенсиялык иш жабылат жана белгиленген тартипте архивге өткөрүлүп берилет. 6.7. Колдонулуп жаткан пенсиялык иштер жабылган пенсиялык иштерден өзүнчө участоктор, пенсиялардын түрлөрү боюнча жана катар номерлери боюнча сакталат. Жабылган пенсиялык иштер Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында архив материалдарын сактоо үчүн белгиленген тартипке ылайык архивде сакталат.
VII. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби (Бөлүм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
7.1. Арыз ээси пенсиялык иштин жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн арыз берет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 7.2. Эгерде карылар жана майыптар үйүндө жашаган пенсионердин сөөгү социалдык стационардык мекеме тарабынан коюлса, анда социалдык стационардык мекемелер расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына кайрылат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 7.3. Эгерде жазаларды өтөө жерлеринде болгон пенсионердин сөөгү жазаларды аткаруу мекемелери тарабынан коюлса, анда жазаларды аткаруу мекемелери расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына кайрылат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 7.4. Бул Жобонун 7.2, 7.3-пункттарында каралган кайрылуулар тиешелүү документтерди (каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү кайрылуу) берүү менен жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 7.5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдары расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун суммасын банкка социалдык же түзөтүү мекемесинин алыш-бериш эсебине которот. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 7.6. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген ишеним кат берүү менен расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду алууга башка бир адамга ыйгарым укук берүүгө укуктуу (арыз ээси ооруп калганда, аракетке жөндөмсүз болгондо же арыз ээси кеткенде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кеткен учурда). (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
VIII. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмдөрү (Бөлүм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
8.1. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул Пенсиялык фонддун каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт: - пенсиянын он эселенген базалык бөлүгүнүн - "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындалган пенсионер каза болгон учурда; - пенсиянын үч эселенген базалык бөлүгүнүн - "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындалган пенсионердин багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 8.2. Эмгек акысына кошумча акынын коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмү бул коэффициенттерди колдонбостон төлөнөт. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 8.3. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган пенсионерге же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өз убагында дайындалышы жана төлөнүшү үчүн жоопкерчилик тартат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
IX. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөнбөгөн учурлар (Бөлүм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
9.1. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төмөнкүлөргө төлөнбөйт: - дайынсыз жок деп таанылган жана сот тарабынан каза болгон деп жарыяланган пенсионерлерге; - арыз ээси пенсионер каза болгондугу тууралуу маалымкат берилген күндөн тартып алты айдан кийин кайрылган учурда. Жөлөкпул төлөө доосунун эскириши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
|