Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 12-январы № 12 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Ишкердик иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтому менен бекитилген Ишкердик иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу "Аудитордук иш-аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынаөзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын атка-руу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Ишкердик иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260
токтомуменен бекитилген Ишкердик иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн лицензиялоожөнүндө
жобонун 23-главанын 9.1-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирги-зилсин: - бешинчи жана алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- экономикалык адистик боюнча кеминде үч жылдык иш стажын тастык-таган эмгек китепчесинин көчүрмөсү, ал эми экономикалык (финансылык)жогорку билими жок болсо финансылык, эсептөө-аналитикалык, контрол-дук-текшерүү иштеринде кеминде жети жылдык иш стажын ырастоочу эмгеккитепчесинин көчүрмөсү; - кара ниеттик кылмыш үчүн соттолгон эместиги тууралуу мамлекеттикыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген, талапкердин кандайдыр биркызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүргүзүү укугунан ажыратылбагандыгынырастоочу документ;"; - сегизинчи абзац алып салынсын. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Н.Танаев