Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 11-августу № 598
Кулуната мамлекеттик коругун уюштуруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
Биологиялык түрлөрдү, арчалуу-ийне жалбырактуу токойлордун бай генофондун, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын тармагын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Каракулжа районунда 18510 га өзүнчө "Кулуната" коругунун жана 6000 га "Тоңзоо" коругунун участокторунан турган, жалпы аянты 24510 га Кулуната мамлекеттик жаратылыш коругу № 1 жана 2 Тиркемелерге ылайык уюштурулсун.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Токой фондунун жерлери" жана "Запастагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери" категориясына которулсун.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кулуната мамлекеттик жаратылыш коругунун корук участокторунун чек арасынын баяндамасы, № 3 тиркемеге ылайык;
- Кулуната мамлекеттик жаратылыш коругунун "Кулуната" корук участогунун корулуучу зонасына киргизилген жерлеринин чек арасынын баяндамасы жана экспликациясы, № 4 жана 5-тиркемелерге ылайык.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы Кулуната мамлекеттик жаратылыш коругун уюштурууга байланыштуу чыгымдарды Кыргыз Республикасынын 2004-жылга республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматына каралган каражаттардын чегинде каржыласын.
5. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| Н. Танаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы № 598 токтомуна № 1 тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
┌─────────┬───────────────────────┬───────────────────────────────────┐
│Бардык │ Токой жерлери │ Токой эмес жерлер │
│жерлер, │ │ │
│га │ │ │
│ ├─────┬─────┬─────┬─────┼────┬─────┬─────┬──────┬─────┬─────┤
│ │токой│туташ│токой│токой│ай- │ча- │жайы-│бакча-│башка│токой│
│ │бас- │эмес │бас- │жер- │доо-│бын- │ттар,│лар, │жер- │эмес │
│ │кан │то- │паган│лер, │лор,│ды- │га │га │лер, │жер- │
│ │аянт,│той, │аянт,│бар- │га │лар, │ │ │га │лер, │
│ │га │га │га │дыгы,│ │га │ │ │ │бар- │
│ │ │ │ │га │ │ │ │ │ │дыгы,│
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │га │
├─────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼──────┼─────┼─────┤
│18510 │5391 │ - │6139 │11530│ - │ - │ - │12 │6968 │6980 │
├─────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼──────┼─────┼─────┤
│анын │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ичинде: │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│МТФ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│жерлери- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│нен: 7183│3246 │ - │3816 │6162 │ - │ - │ - │12 │1009 │1021 │
├─────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼──────┼─────┼─────┤
│МЖЗ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│жерлери- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│нен: │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│11327 │3045 │ - │2323 │ │5368│ - │ - │ - │5959 │5959 │
└─────────┴─────┴─────┴─────┴─────┴────┴─────┴─────┴──────┴─────┴─────┘
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары
|
М. Сатыбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы № 598 токтомуна № 2 тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
┌─────────┬───────────────────────┬───────────────────────────────────┐
│Бардык │ Токой жерлери │ Токой эмес жерлер │
│жерлер, │ │ │
│га │ │ │
│ ├─────┬─────┬─────┬─────┼────┬─────┬─────┬──────┬─────┬─────┤
│ │токой│туташ│токой│токой│ай- │ча- │жайы-│бакча-│башка│токой│
│ │бас- │эмес │бас- │жер- │доо-│бын- │ттар,│лар, │жер- │эмес │
│ │кан │то- │паган│лер, │лор,│ды- │га │га │лер, │жер- │
│ │аянт,│той, │аянт,│бар- │га │лар, │ │ │га │лер, │
│ │га │га │га │дыгы,│ │га │ │ │ │бар- │
│ │ │ │ │га │ │ │ │ │ │дыгы,│
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │га │
├─────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼──────┼─────┼─────┤
│6000 │1850 │ - │990 │2840 │ - │ - │2456 │ - │704 │3160 │
│анын │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ичинен │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│МЖЗ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│жерлери: │1850 │ - │990 │2840 │- │2456 │ - │ - │ 704 │ 3160│
│6000 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└─────────┴─────┴─────┴─────┴─────┴────┴─────┴─────┴──────┴─────┴─────┘
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары
|
М. Сатыбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы № 598 токтомуна № 3 тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
Кулуната мамлекеттик жаратылыш коругу Ош облусунун Каракулжа районунун администрациялык чегинде жайгашкан, жалпы аянты 24510 га жана "Кулуната" (18510 га) жана "Тоңзоо" (6000 га) өзүнчө корук участокторунан (мындан ары - участоктор) турат.
"Кулуната" участогу
Участоктун чек арасынын башталгыч чекити катары № 1 чекит алынды, ал Кулун дарыясында, анын Дүңгүрөмө дарыясы менен кесилишкен жеринен 750 м ылдыйда, мүрзөдөн түштүк-батышта жайгашкан.
Участоктун чек арасы № 1 чекиттен тоо кыркалары боюнча түндүк-чыгышты карай мөңгүнүн чегине чейин, Каракулжа районунун мамлекеттик токой фондунун жерлери менен чектешип 7200 м аралыкка барат.
Участоктун чек арасы андан ары № 2-чекиттен № 3-чекитке чейин тоо кыркалары боюнча түндүк-чыгышка 1500 м аралыкка кетет.
Участоктун чек арасы андан ары Каракулжа айыл өкмөтүнүн жерлери менен чектешип Кочурабел ашуусуна чейин чыгышты карай 11500 м аралыкка кетет.
Участоктун чек арасы андан ары № 4 чекиттен № 5 чекитке чейин Каракулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик жер запасынын жерлери менен чектешип түндүк-чыгышты карай 3000 м аралыкка кетет.
Участоктун чек арасы № 5 чекиттен № 6-чекитке чейин тоо кыркалары менен түштүк-чыгышты карай, Кызылжар айыл өкмөтүнүн жерлери менен чектешип 115000 м кетет да, Нарын облусунун Атбашы районунун жана Ош облусунун Каракулжа районунун Кызылжар айыл өкмөтүнүн чек аралары кесилишкен жердеги мамлекеттик геодезиялык тармактын пунктуна (4773,2) чыгат.
Участоктун чек арасы андан ары № 6 чекиттен № 7 чекитке чейин түштүк-батышка бурулуп, мөңгүнүн этеги жана тоо кыркалары боюнча барып Чекайрек ашуусун кесип өтүп, Кызылжар айыл өкмөтүнүн жерлери менен чектеше 24500 м аралыкка кетет.
Участоктун чек арасы андан ары № 7 чекиттен баштап тоо кыркалары боюнча 2500 м түндүк-батыш багытта Кулун көлүнө чейин, корук участоктун корулуучу зонасынын жерлери менен жанаша барат.
Участоктун чек арасы андан ары түштүк-батышка бурулуп, тоо кыркалары боюнча Дүңгүрөмө жана Кулун сууларынын кесилишине чейин, мүрзөнүн түндүк-батышына чейин барып, андан ары Кулун суусунун агымы боюнча жүрүп, № 1 чекиттин башталышына жетет, чек аранын бул участогунун узундугу 7000 м.
"Тоңзоо" участогу
Участоктун чек арасынын баяндамасынын башталгыч чекити катары № 1 чекит алынды, ал Ылайталаа айыл өкмөтүнүн чек арасы менен Каракулжа районунун мамлекеттик токой фондунун жерлеринин чек арасы кесилишкен жерде, Мому тоосунун чокусунда жайгашкан.
Участоктун чек арасы № 1 чекиттен № 2 чекитке чейин түндүк-батышка карай тоо кыркалары боюнча, Ылайталаа айыл өкмөтүнүн жерлеринин чек арасын бойлой 9500 м барат да, ашууга жетет.
Участоктун чек арасы андан ары № 3 чекитке чейин түндүк-чыгышты карай, Чалма айыл өкмөтүнүн жерлеринин чеги боюнча 11200 м барып, тоо кыркалары боюнча Каракулжа районунун мамлекеттик токой фондунун жерлеринин чек арасына жетет.
Участоктун чек арасы № 1 чекитке чейин түштүк-чыгышка карай барып, Каракулжа районунун мамлекеттик токой фондунун жерлеринин чектери боюнча 10800 м жүрүп, Татыр жана Тоңзоо сууларын кесип өтөт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары
|
М.Сатыбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы № 598 токтомуна № 4 тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
Кулуната мамлекеттик жаратылыш коругунун "Кулуната" корук участогунун корголуучу зонасы (мындан ары - зона) Ош облусунун Каракулжа районунун мамлекеттик токой фондунун жерлеринен турат, жалпы аянты 3270 га.
Зонанын чек арасынын баяндамасынын башталгыч чекити болуп Дүңгүрөмө жана Кулун сууларынын кесилишинде жайгашкан № 1 чекит алынды.
Зонанын чек арасы ал жерден тоо кыркалары жана аскалардын чокулары, аска зоолор боюнча түндүк-чыгыш багытта, "Кулуната" корук участогунун жерлери менен жанаша № 2 чекитке чейин 2500 м аралыкка барат.
Зонанын чек арасы андан ары 4500 м жүрүп түштүктү карай багытта, Дүңгүрөмө суусун кесип өтүп № 4 чекитке чейин барат.
Зонанын чек арасы андан ары тоо кыркалары жана Сарыбулак ашуусу аркылуу тоодогу жол боюнча, Кызылжар айыл өкмөтүнүн жерлери менен жанаша 8200 м жүрүп, № 4 чекиттен № 5 чекитке чейин жетет.
Зонанын чек арасы № 5 чекиттен түндүк тарапка кескин бурулуп, адегенде тоо кыркалары боюнча 2500 м барат, анан Кайың суусунун агымы боюнча Кулун суусуна кесилишкенге чейин, Каракулжа районунун мамлекеттик токой фондунун жерлери менен жанаша № 6 чекитке чейин барат.
Зонанын чек арасы андан ары 750 м чыгышты карай Кулун суусунун агымына каршы Дүңгүрөмө суусу менен кесилишкенге чейин, б.а. башталгыч № 1 чекитке чейин барат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары
|
М. Сатыбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы № 598 токтомуна № 5 тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
┌─────────┬───────────────────────┬───────────────────────────────────┐
│Бардык │ Токой жерлери │ Токой эмес жерлер │
│жерлер, │ │ │
│га │ │ │
│ ├─────┬─────┬─────┬─────┼────┬─────┬─────┬──────┬─────┬─────┤
│ │токой│туташ│токой│токой│ай- │ча- │жайы-│бакча-│башка│токой│
│ │бас- │эмес │бас- │жер- │доо-│бын- │ттар,│лар, │жер- │эмес │
│ │кан │то- │паган│лер, │лор,│ды- │га │га │лер, │жер- │
│ │аянт,│той, │аянт,│бар- │га │лар, │ │ │га │лер, │
│ │га │га │га │дыгы,│ │га │ │ │ │бар- │
│ │ │ │ │га │ │ │ │ │ │дыгы,│
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │га │
├─────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼──────┼─────┼─────┤
│3270 │960 │ - │350 │1310 │ - │ - │1100 │ - │860 │1960 │
│анын │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ичинде │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│МТФ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│жерле- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ри: 3270 │960 │ - │350 │1310 │ - │ - │1100 │ - │860 │1960 │
└─────────┴─────┴─────┴─────┴─────┴────┴─────┴─────┴──────┴─────┴─────┘
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары
|
М.Сатыбеков |