Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 14-апрелинин № 230 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2004-жылдын 28-декабры № 965
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын
2-августундагы № 406 "Областтык баш ийүүдөгү
шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын
типтүү структурасы жана штаттык саны
жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 10-июнундагы № 285 токтомунун
редакциясына ылайык)
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-августундагы № 259 "Кыргыз
Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы "Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын структурасын андан ары
өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү жана толук-
тоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын
Ысыккөл облусунун жана Аксуу районунун Каракол шаарынын мамлекеттик
бийлик жана башкаруу органдарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" жана
2003-жылдын 4-августундагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун
Токмок шаарынын жана Чүй районунун мамлекеттик бийлик жана башкаруу ор-
гандарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө", 2004-жылдын 6-сентябрындагы
№ 666 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Нарын
районунун мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын уюштуруу боюнча
чаралар жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-
том кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-августундагы №
406 "Областтык баш ийүүдөгү шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын
типтүү структурасы жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй
өзгөртүү киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "областтык баш ийүүдөгү"
деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "облустук маанидеги" деген сөздөргө ал-
маштырылсын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285
токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча
министрине жүктөлсүн.