Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 10-июну № 285
Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдү жана Балдардын иштери боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674, 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 230, 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169, 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 619, 2015-жылдын 24-декабрындагы № 878, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 413 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 30-августундагы № 390 "Балдарды коргоо жана колдоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык, жер-жерлерде балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуучу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республиканын райондорунун мамлекеттик администрацияларында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр (мындан ары - ҮБКБ) үч штаттык бирдиктен жана балдардын иштери боюнча комиссиялар түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бишкек, Ош, Кызылкыя, Сүлүктү, Жалалабат, Ташкөмүр, Майлусуу, Каракөл, Нарын, Талас, Балыкчы, Каракол жана Токмок шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу органдарына ушул сыяктуу бөлүмдөрдү жана балдардын иштери боюнча комиссияларды түзүү сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 878 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169, 2015-жылдын 24-декабрындагы № 878 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 413 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
61. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча):
- 2008-жылдын аягына чейин ҮБКБнын адистерин, Балдардын иштери боюнча комиссиялардын жооптуу катчыларын окутууну уюштурушсун;
- 2009-жылдын аягына чейин ҮБКБнын кадрларын жана Балдардын иштери боюнча комиссиялардын жооптуу катчыларын даярдоо жана кайра даярдоо курстарынын программаларын иштеп чыгышсын жана бекитишсин.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- "Жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиялар жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-ноябрындагы № 646 токтому;
- "Үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо бөлүмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-мартындагы № 180 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-августундагы № 406 "Областтык баш ийүүдөгү шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү структурасы жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 965 токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
- "Жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-ноябрындагы № 646 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-сентябрындагы № 430 токтому;
- "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-августундагы № 547 токтому.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 токтомуна тиркеме |
Облустук маанидеги шаар мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмү жана ШТАТТЫК САНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)