Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 171 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 28-апрели № 171
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан
администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын балансына өткөрүп
берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-августундагы №465, 2015-жылдын 14-июлу № 483 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жањы ре-
дакциясы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мурда
кабыл алынган чечимдерди шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети аныкталган тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте
Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан администрациялык
имаратты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын балансына, аталган имараттын Кыргыз Респуб-
ликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы-
нын структураларын жайгаштыруу үчүн өткөрүп берсин;
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-августундагы №465, 2015-жылдын 14-июлу № 483
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органда-
рынын администрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча - топтомо реест-
рге аныкталган тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы №
596 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиясына жайларды бекитип берүү жөнүндө" токтомуна
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1 жана 2-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 4-пунктунун төртүнчү абзацы алып салынсын.
4. Күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 18-июлундагы N 357
"Имараттарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы N
836 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев