Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 171 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-июлу № 483
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 171 "Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мурда кабыл алынган чечимдерди шайкеш келтирүү максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 171 "Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунун экинчи абзацындагы "үчүнчү жана төртүнчү кабаттарына" деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |