КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 171
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 171 "Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 483 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 171 "Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 731 "Дүйнөлүк банктын "Айылды каржылоо - 2" экинчи долбоорун Кыргыз Республикасы тарабынан тең каржылоо жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-августундагы № 465 "Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |