Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы №543 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 25-июлу N 312
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан
коргоо министрлигинин Покровкадагы эркектер
психоневрологиялык интернат-үйүн кары-картаңдар жана
майыптар үчүн интернат үйүнө кайра профилдөө жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы N 670 токтомунун редакциясына ылайык)
Улгайган жарандарды социалдык жактан коргоону андан ары күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Покровкадагы эркектер психоневрологиялык интернат-үйүн кары- картаңдар жана майыптар үчүн интернат үйгө кайра профилденсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги төмөнкү уюштуруу маселелерин чечсин:
- Покровкадагы эркектер психоневрологиялык интернат-үйүндөгү пси- хоневрологиялык оорулууларды Токмок шаарындагы N 1 жана N 2 психо- неврологиялык интернат-үйлөргө которуу боюнча;
- кайра профилденген Покровкадагы интернат-үйүнө кары-картаңдарды жана майыптарды жайгаштыруу боюнча.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи- касынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги менен макул- дашуу боюнча Покровкадагы кары-картаңдар жана майыптар үчүн интернат -үйдөгү камкордукка алынгандарга профилактикалык көзөмөлдү камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев