Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-апрелиндеги N 180 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 1-сентябрындагы № 399 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-октябрындагы № 443 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставыжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин туусунун баянда-масын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-октябрындагы № 443 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 3 пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерле-ринин бөлүктөрүнүн Күжүрмөн туусунун баяндалышы № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин."; - № 3 тиркеме (жогоруда аталган токтомго) ушул токтомго тиркемегеылайык редакцияда баяндалсын. Премьер-министрдинмилдетин аткаруучу Ф.Кулов @1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-сентябрындагы № 399 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин бөлүктөрүнүн күжүрмөн туусунун сыпаттамасы 1. Күжүрмөн туу ток кызыл түстөгү баркыт (жибек) кездемедендаярдалган эки беттүү тик бурчтуу формадагы кездеме энин элестетет,кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы - 1100 мм., анын эки бетиндебирдей аралыкта жети горизонталдык сары-алтын түстөгү толкун сызык жай-гашкан. Сызыктын туурасы 10 мм. 2. Кездеме энинин мањдай бетинин ортосунда Кыргыз РеспубликасынынИчки иштер министрлигинин Ички аскерлеринин түстүү символика белгисижайгашкан. Символика белгисинин диаметри 600 мм. Кыргыз РеспубликасынынИчки иштер министрлигинин Ички аскерлеринин символика белгисинин өйдөжагында сары-алтын түстөгү, бийиктиги - 55 мм, туурасы - 35 мм болгонтамгадан бир катарда мамлекеттик тилде "АТА ЖУРТКА - БЕЙКУТТУК" дегенжазуу жайгашкан. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ичкиаскерлеринин символика белгисинин алды жагында сары-алтын түстөгү,бийиктиги 55 мм, туурасы 35 мм болгон тамгадан эки катарда мамлекеттиктилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерле-ринин бирикмесинин аталышы жазылган. 3. Кездеме энинин арткы бетинин ортосуна Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик гербинин түстүү сүрөттөлүшү жайгашкан, гербин өлчөмүнүндиаметри 650 мм. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин өйдө жагында, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ" деген мамле-кеттик тилдеги жазуу сары-алтын түстө эки катарда жазылган, тамгалардын өлчөмү: бийиктиги - 55 мм, туурасы - 35 мм. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин асты жагына сары-алтын түстөгү, бийиктиги - 55 мм, туурасы - 35 мм болгон тамгадан эки катарда "МИНИСТЕРСТВО ВНУТРЕННИХ ДЕЛ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ" деген расмий тилдеги жазуу жайгашкан. 4. Кездеме энинин үч тарабы четинен сары-алтын түстөгү жазылыгы180 мм болгон чачык менен айланта кооздолгон. 5. Күжүрмөн туунун каскагынын диаметри 40 мм жана узуну 2500 ммжумуру кесилген жыгачтан жасалган. Каскак кочкол-күрөњ түстө, лакталганжана ылдыйкы учуна металл шакек кийгизилген, өйдөкү учуна узундугу 250 мм болгон, ортосунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-гинин Ички аскерлеринин символикасынын сүрөттөлүшү жайгашкан колодон жасалган (алтын жалатылган) фигуралуу темир кийгизилген. 6. Күжүрмөн туунун боосу алтын түстөгү, учунда узундугу 200 мм,туурасы - 600 мм эки чачысы бар өрүлгөн жибек жиптен даярдалган. Боонунузундугу чачысы менен - 2800 мм. Боо Туунун кийгизилген темиринин алды жагына боонун учтарынын узундугунун экиден үч катышы менен бекитилет. Премьер-министрдин АппаратЖетекчиси-министрдинмилдетин аткаруучу А.Исабеков