Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-апрели № 180
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүнүн чектеринде, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери тиркелген тизмеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күчүн жоготкон чечимдеринин ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 1991-жылдын 30-апрелиндеги № 186 "СССР Министрлер кабинетинин 1991-жылдын 12-февралындагы № 28 "Ички иштер органдарынын жекече курамын акчалай кармоону жогорулатуу жөнүндө" токтомун аткаруу боюнча чаралары тууралуу" токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 14-сентябрындагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин атайын комендатуралардын кызматкерлерин каржылоо жана алардын бөлүмдөрүн башкаруусу жөнүндө" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 12-апрелиндеги № 214 "Республиканын ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык коргоону камсыздоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 3-октябрындагы № 405 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 530 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички аскерлер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамдарынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобонун 24-статьясынын күч-аракетин таратуу жөнүндө" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-октябрындагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-февралындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзөтүү-эмгек мекемелериндеги соттолгондорду кармоону, оң жолго салууну жана эмгегин пайдаланууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-апрелиндеги № 222 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-сентябрындагы № 399 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-октябрындагы № 443 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер күнүн белгилөө жөнүндө" токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому.