Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ 

2005-жылдын 23-сентябры № 449

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон "Курулуш-Банк" АКБсы, "Инсан" АКБсы жана "Меркюри"  АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 108, 2009-жылдын 3-июнундагы № 330, 2010-жылдын 8-декабрындагы №310 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Социалдык курч абалды төмөндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон "Курулуш-банк" АКБсы, "Инсан" АКБсы жана "Меркюри" АКБсы коммерциялык банктарынын аманатчыларына - жеке жактарга колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-августундагы № 480 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын алдындагы карызы жөнүндө" жана 2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 "Банкрот болгон коммерциялык банктардын аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө" токтомдоруна ылайык чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды 2011-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө алар боюнча аманатчыларга - жеке жактарга тындырылбаган калдыктын өлчөмүндө мөөнөтүнөн мурда тындырууну жүргүзсүн.

 (2010-жылдын 8-декабрындагы №310 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.

(2010-жылдын 8-декабрындагы №310 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ф.Кулов