Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 26-марты № 162
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 4-октябрындагы № 466
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн
пенсиялар жөнүдө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы
№ 82 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1998-жылдын 19-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобого
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
6-пунктта:
- "Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы"
деген сөздөр алып салынсын;
- "Бишкек шаарынын" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарынын"
деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пунктта:
- д) пунктчасы "жумуштун" деген сөздөн кийин ", нотариалдык
конторада же архивдик мекемеде күбөлөндүрүлгөн" деген сөздөр менен
конторада же архивдик мекемеде күбөлөндүрүлгөн" деген сөздөр менен
толукталсын;
- е) пунктчасында "эки" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын;
8-пунктта:
- "бир ай" деген сөздөр "эки ай" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр Ф.Кулов