Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы N 538 токтому менен бекитилген |
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (мындан ары - КККУ) мүчө мамлекеттердин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу жана өндүрүү, ошондой эле аскердик жана жарандык арналыштагы продукцияны өндүрүүдө кош арналыштагы технологияларды пайдалануу (колдонуу) жагында көп тараптуу кызматташууну андан ары тереңдетүү жана өркүндөтүү, интеграцияны өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерин бириктирүү жана координациялоо максатында иштелип чыкты.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн КККУнун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү (мындан ары - Комиссия) өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, КККУнун Уставына, эл аралык келишимдерге жана КККУнун алкагында кабыл алынган чечимдерге, ушул Жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына таянат.
II. Комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары
3. Комиссиянын негизги милдеттери:
- КККУнун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын жыйындарында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын КККУга мүчө мамлекеттер менен аскердик-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
4. Комиссия негизги милдеттерге жараша төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- КККУга мүчө мамлекеттер менен көп тараптуу, ошондой эле эки тараптуу кызматташуудагы конкреттүу проблемаларды чечүүнүн механизмин иштеп чыгат, макулдашат жана аныктайт;
- Комиссиянын ишинин келечек планын аныктайт жана аскердик-экономикалык кызматташуу маселеси боюнча сунуштарды даярдайт;
- КККУнун алкагында аскердик-экономикалык кызматташуу тармагында кабыл алынган эл аралык келишимдердин, узак мөөнөттүү программалардын жана чечимдердин даярдалышын жана ишке ашырылышын контролдойт;
- зарыл учурда мамлекеттик органдардын, уюмдардын, ишканалардын адистерин жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн КККУнун алкагындагы көп тараптуу жана эки тараптуу кызматташуу маселелерин чечүүгө тартат.
III. Комиссиянын иш милдеттери жана укуктары
5. Комиссия коюлган милдеттерди аткаруу үчүн жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:
- Комиссиянын кезектеги жыйындарын даярдоого байланышкан ишти координациялайт, Комиссиянын жыйындарында кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдойт;
- Комиссиянын жыйындарына даярданууга байланышкан маселелер жана пайда болгон проблемаларды чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берет.
6. Комиссия төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- КККУнун алкагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди ыкчам жөнгө салуу боюнча өз компетенциясынын чегинде чечим чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарынан Комиссиянын ишине керектүү маалыматтарды суроого жана алууга;
- Комиссиянын жыйындарындагы маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүн жана эксперттерин катыштыруу менен оперативдүү жыйындарды чакырууга.
IV. Комиссиянын курамы
7. Комиссия мамлекеттик органдардын же алардын орун басарларынын жетекчилеринин ичинен түзүлөт, алардын карамагында аскердик-техникалык кызматташтык маселелери болот. Комиссияны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жетектейт.
Комиссиянын жекече курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.
Караңыз:
КР Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы N 339 (Мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү тууралуу) буйругу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Комиссиянын төрагасына мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүн Комиссиянын ишинин артыкчылыктуу багыттарына жараша Комиссиянын ишине тартууга укук берилет.
Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөлөрүнүн жоопкерчилик даражаларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
9. Комиссиянын ишинин алкагындагы маселелерди чечүү үчүн убактылуу эксперттик топтор түзүлүшү мүмкүн.
V. Комиссиянын ишинин уюштурулушу
10. Комисссиянын жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
11. Комиссиянын жыйындарын уюштуруу жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жоопкерчилик Комиссиянын төрагасына жүктөлөт.
12. Комиссиянын жыйындарын өткөрүү үчүн документтердин долбоорлорун Комиссиянын жооптуу катчысы даярдайт.
13. КККУнун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын жыйындарына катышуучуларды командировкага жиберүүгө жана багууга, ошондой эле Комиссиянын жыйындарын, конференцияларын жана кеңешмелерин Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте каржыланат.