Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-июну № 296
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында аскердик-экономикалык кызматташтыкты, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 "Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктундагы "тиркемеге ылайык курамда" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтомдун "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы" деген тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген жободо:
- 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Комиссия мамлекеттик органдардын же алардын орун басарларынын жетекчилеринин ичинен түзүлөт, алардын карамагында аскердик-техникалык кызматташтык маселелери болот. Комиссияны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жетектейт.
Комиссиянын жекече курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө";
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы түзүлсүн.";
жогоруда аталган токтомдун "Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы" деген тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жекече курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилээри белгиленсин.".
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майындагы № 34 "Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |