Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144, 2007-жылдын 10-октябрындагы № 456 токтомдоруна 2008-жылдын 27-декабрындагы № 727 редакциясыяларына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-кеттик комитети (мындан ары - Мамкомитет) Кыргыз Республикасынын мигра-ция жана калкты ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынжүргүзүүчү мамлекеттик орган болот. Мамкомитеттин борбордук аппараты, аймактык органдары, ведомстволукуюмдар жана чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү болот. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144токтомунун редакциясына ылайык) 2. Мамкомитет өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-нин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток-томдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимде-рин, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, ошон-дой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Мамкомитет, анын аймактык органдары, ведомстволук уюмдар жаначет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү юридикалык жак болушат, Кыргыз Республи-касынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана аталыштары мамле-кеттик жана расмий тилдерде жазылган гербдүү мөөрлөрү, Кыргыз Республи-касынын финансы министрлигинин казыналык системасында учурдагы алыш-бе-риш жана башка эсептери болот. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144токтомунун редакциясына ылайык) 4. Мамкомитеттин борбордук аппараты, аймактык подразделениелери,ведомстволук уюмдар чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү жана пассивдүү (посо-биелер) жана активдүү саясат боюнча иш-чаралар (микрокредит, жумушсузжарандарды кайра окутуу, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар) республикалыкбюджетте, атайын каражаттарда каралган ассигнованиелердин, депозиттиксуммалардан проценттик чегерүүлөрдүн, ыктыярдуу донордук кошумчалардын,эл аралык уюмдардын финансылык колдоосунун, гранттык жардамдарынын жанаКыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардынэсебинен каржыланат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 токтомунун редакциясына ылайык) II. Мамкомитеттин милдеттери 5. Мамкомитеттин милдеттери төмөнкүдөй: - Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары миг-рация, калкты ишке орноштуруу жагында бирдиктүү мамлекеттик саясаттыиштеп чыгуу жана жүргүзүү; - Кыргыз Республикасында миграция жана калкты ишке орноштуруу бо-юнча нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу,ошондой эле алардын аткарылышын контролдоо; - миграциялык кырдаалды, эмгек рыногунун абалын мониторингдөө, бааберүү жана болжолдоо; - негизги өнөк болгон мамлекеттер менен эл аралык эмгек рыногунакирүү боюнча эл аралык-келишимдик базаны түзүү; - миграция жана калкты ишке орноштуруу тармагында эл аралык кыз-матташтыкты өнүктүрүү жана терењдетүү; - Кыргыз Республикасында адамдарды соодалоо фактыларын аныктооүчүн изилдөөлөрдү жүргүзүү жана бул проблеманы жоюу үчүн практикалыкчараларды иштеп чыгуу; - адамдарды сатуунун алдын-алуу жана бөгөт коюу, Кыргыз Республи-касынын миграциялык мыйзамдарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ай-магында четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу, Кыргыз Респуб-ликасынын жарандарын четөлкөдө жумушка орноштуруу жагында мыйзамдардысактоону камсыз кылуу; - Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен сырткары жумушкаорноштуруу максатында топ-тобу менен кетүүсүн уюштуруу; - качкындарга, ыктыярдуу жер которгондорго, тарыхый мекенине кайт-кан этностук кыргыздарга жана мигранттардын башка категорияларына кара-та эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча практикалык чараларды уюш-туруу; - калкты ишке орноштурууну стимулдоо жана ишке орноштуруу, акытөлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу, жумушсуздарды кесиптик жактан оку-туу, кайрадан окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, алардын өзүн өзүиш менен камсыздоосуна жана ишкердик активдүүлүгүнө көмөктөшүү боюнчаактивдүү чараларды иштеп чыгуу; - иш менен камсыздоонун жумуш издөөдө өзгөчө кыйынчылыкка дуушарболгон жумушсуз жарандарды (жаштар, көп балалуу энелер, майыптарж.б.у.с.) ишке орноштурууга шарт түзүүчү ийкемдүү формаларын жана сал-туу эмес чараларын ишке киргизүүгө көмөктөшүү; - жумушсуздук боюнча пособиелерди төлөө аркылуу жумушсуз жарандар-га социалдык колдоо көрсөтүү; - профсоюздар жана жумуш берүүчүлөр менен натыйжалуу үч тараптуукызматташтыктын негизинде аткаруу бийлик органдарынын жана өкмөттүкэмес структуралардын калкты ишке орноштуруу жана эмгектик миграция сая-сатын иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда өз ара байланышта иштешүүлөрүнкамсыздоо; - ички миграция процесстерин турукташтыруу жана тартипке салууүчүн мамлекеттик жана башка структуралардын региондук эмгек рынокторунөнүктүрүү жана жањы жумушчу орундарды түзүү боюнча иштерин уюштуруу жа-на координациялоо. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 токтомунун редакциясына ылайык) III. Мамкомитеттин негизги функциялары 6. Мамкомитет коюлган милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функциялардыаткарат: - Кыргыз Республикасынын миграция жана калкты ишке орноштуруу тар-магындагы нормативдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштардыиштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөберет; - социалдык коргоого муктаж жана жумуш издөөдө кыйынчылыкка дуушарболгон жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү программасын кошо алган-да калкты ишке орноштуруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгат жанааны жүзөгө ашырууга катышат; - тиешелүү министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү мамлекет-тик администрациялар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнкароосуна эмгек миграциясына иммиграциялык квоталарды түзүү жана крите-рийлерди аныктоо боюнча сунуштарды киргизет; - кол коюлган эл аралык макулдашуулардын негизинде Кыргыз Респуб-ликасынын жарандарынын эмгектик потенциалын чет өлкөдө пайдалануу боюн-ча максаттуу программаларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат; - адамдарды сатуунун алдын алуу, бөгөт коюу боюнча иш-чаралардынкомплексин жүзөгө ашыруу, менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республи-касынын аймагында четөлкөлүк жумушчу күчтөрдү тартууга жана пайдалануу-га, четөлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруугабайланышкан жеке жана юридикалык жактардын ишине миграциялык контролдужүргүзүү; - тийиштүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасында адамдардымыйзамсыз алып чыгууга жана сатууга байланыштуу иштерди жалпыга маалым-доо каражаттарында кењири чагылдыруу менен натыйжалуураак текшерүү мак-сатында мыйзамдык чараларды жана укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүбоюнча чараларды көрүү үчүн сунуштарды киргизет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ми-нистрликтер жана администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мененбирдикте мигранттарды жана качкындарды жайгаштыруу жана ыњгайлаштыруумаселелерин чечүүгө катышат, алардын коомго интеграцияланышына, аныничинде жарандыкты алышына көмөктөшөт; - мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн, кесиптик союздардынмиграция жана калкты ишке орноштуруу саясатын иштеп чыгуу боюнча иште-рин координациялайт, алардын аткарылышын контролдойт; - аймактык органдардын жана чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн иште-рин координациялайт жана контролдойт, аларга методикалык жана уюштуруу-чулук жардам көрсөтөт; - мамлекеттик башкаруу органдарынын миграция жана калкты ишке ор-ноштуруу тармагында өз ара байланышта иштешүүлөрүн Кыргыз Республикасы-нын нормативдик укуктук актыларына ылайык координациялайт жана жөнгөсалат; - чет өлкөлөрдө иштеген жана ишкердик жүргүзгөн Кыргыз Республика-сынын жарандарынын укуктарын камсыздоого, ошондой эле эл аралык укуктуннормаларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мигранттар-дын укуктарын камсыз кылууга катышат; - кыргыз жарандарынын эмгеги колдонулган өлкөлөрдөгү региондор жа-на кесиптер боюнча вакансиялар жөнүндө эл аралык маалыматтык базанытүзөт жана пайдаланат; - чет өлкөлөрдөн иш берүүчүлөрдү издөө жана алар менен келишимтүзүү, реципиент өлкөлөрдүн эмгек рыногундагы керектелген квалификация-лык-кесиптик жана адистик талаптарга жараша аларды окутууну жана квали-фикациясын жогорулатууну уюштуруу жолу менен кыргыз жарандарын четөлкөдө ишке орноштуруу процессине көмөктөшөт жана уюштурат; - Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөлөрдө ишке орноштуруу,анын ичинде алардын топ-тобу менен кетүү процессине четөлкөлөрдө иш бе-рүүчүлөрдү издөө, реципиент-өлкөлөрдүн эмгек рыногунун талаптарынаылайык кайра окутууну жана квалификациясын жогорулатуу уюштуруу жолуменен көмөк көрсөтөт жана жүзөгө ашырат; - Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенип жаткан чет өлкөлүкжарандардын санын жана курамын эсепке алат; - Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта иштөөгө уруксатты же Кыр-гыз Республикасынын жарандарын анын чегинен сырткары ишке орноштурууменен байланышкан ишкердик жүргүзүүгө уруксатты тариздеген жеке адам-дардын жана юридикалык жактардын депозиттик эсепке гарантиялык взнос-торду өз учурунда төгүшүн белгиленген тартипте контролдойт; - Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчтөрдү квоталоонуиштеп чыгууга жана камсыздоого, алардын сакталышын контролдоого КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте катышат; - чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, ошондойэле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык иммигранттын статусун берүү жөнүндө өтүнүчтөрүн карайт жаначечим кабыл алат; - Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары, башка мамлекет-тердин тиешелүү органдары менен бирдикте ыктыярдуу жер которууну уюшту-руу, жер которуучулардын укуктарын коргоо жана жер которуучунун стату-сун берүү жөнүндө өтүнүчтөрдү карайт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жерги-ликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдары менен бирдикте республиканын ичинде жер которгон адамдар-ды жана баш калка издеген адамдарды кабыл алуу жана убактылуу жайгашты-руу пункттарынын иштешин камсыз кылат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынынэл аралык макулдашууларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасындакачкындын статусун берүү жөнүндө өтүнүчтөрдү карайт жана чечим чыгарат; - адамдарды мыйзамсыз алып чыгууну жана соодалоону болтурбоо үчүнкеректүү маалыматтардын банкын түзөт, талдоо жүргүзөт, алмашат жана ма-алыматтарды таратат; - тийиштүү мониторинг жүргүзөт жана укук коргоочу, эл аралык жанабашка органдар менен бирдикте адамдарды соодалоонун курмандыктарын кай-ра алып келүүгө жана реинтеграциялоо жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар-ды уюштурат; - жарандарды ишке орноштурууга, анын ичинде чет өлкөдө орношуугакөмөктөшүү боюнча иштерди жүргүзөт; - жумушсуздарды кесиптик окутууну жана кайра окутууну, акытөлөнүүчү коомдук жумуштарга тартууну, мамлекеттик финансылык жардамкөрсөтүүнү жана Мамкомитеттин органдарына кайрылгандарга башка чаралар-ды уюштуруу жолу менен эмгек рыногунда активдүү саясат жүргүзөт; - жумушсуздук боюнча пособиелерди жана кесиптик даярдоо мезгилиндестипендияларды аныкталган тартипте төлөйт; - аймактык органдарга кайрылгандарга миграция жана ишке орношуумаселелери боюнча консультация жана маалымат берет, маалыматтык-кон-сультациялык борборлорду, бизнес-инкубаторлорду өнүктүрөт, адистешти-рилген эмгек биржаларына колдоо көрсөтөт; - жумушчу күчкө суроо-талапты жана сунушту талдайт жана болжол-дойт, калкты ишке орноштуруу боюнча индикативдик көрсөткүчтөрдү иштепчыгат; - жумуш издеген жана жумушсуз жарандарды каттайт; - калкка жана иш издеген адамдарга эмгек рыногунун абалы жөнүндөтакай маалымдап турат, жарнамалык иш жүргүзөт; - инновациялык технологияларды киргизүү, Мамкомитеттин органдарынавтоматташтыруу жана компьютерлештирүү боюнча иштерди жүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функциялардыаткарат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 токтомунун редакциясына ылайык) IV. Мамкомитеттин укуктары 7. Мамкомитет төмөнкүдөй укуктарга ээ: - Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органда-рынан, юридикалык жактарынан жана жеке адамдарынан, эл аралык жанаөкмөттүк эмес уюмдардан Мамкомитеттин функцияларын аткаруу үчүн ке-ректүү материалдарды суроого жана акысыз алууга; - Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясынын жана иш менен кам-сыздалышынын келечектерин аныктоочу социалдык-экономикалык саясаттытүзүү жана өзгөртүү боюнча сунуштарды жана иш-чараларды иштеп чыгуугакатышууга; - иштин аныкталган чөйрөсүндө калктын миграциясы жана иш мененкамсыздалышы маселелери боюнча нормативдик укуктук актыларды иштеп чы-гууга жана басып чыгарууга; - өз компетенциясынын чектеринде ведомстволор аралык мүнөздөгү,анын ичинде чет мамлекеттердин тийиштүү мамлекеттик органдары, эларалыкуюмдар жана четөлкөлүк юридикалык жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгөжана эларалык келишимдерди түзүүгө; - Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары менен зарыл келишим-дерди, макулдашууларды, меморандумдарды, протоколдорду түзүүгө; - Мамкомитеттин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекет-тер аралык, өкмөттөр аралык жана региондук уюмдарда Кыргыз Республика-сынын таламдарын көздөөгө; - өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарынынэмгектик потенциалын чет мамлекеттердин экономикасынын тармактарындапайдалануу боюнча мамлекеттер аралык макулдашууларды, максаттуу прог-раммаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга; - калктын миграциясы жана иш менен камсыздалышы маселеси боюнчаКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башка мамле-кеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташу-уга жана байланышты өнүктүрүүгө; - калктын миграциясы жана иш менен камсыздалышы маселеси боюнча эларалык, республикалык жана региондук конференцияларга, кењешмелерге жа-на башка иш-чараларга катышууга; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана тийиштүү четмамлекет менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте чет өлкөлөрдө өкүлчүлүктөрдү жана алардын регион-дук пункттарын, анын ичинде коомдук негизде ачууга; - Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу, Мамкоми-теттин көрсөтмөлөрүн аткарбоо фактылары боюнча материалдарды КыргызРеспубликасынын сот жана укук коргоо органдарына берүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзкомпетенциясынын чегинде өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүнуюштуруучу катары чыгууга; - аныкталган тартипте банктык кредиттерди жана гранттарды пайдала-нууга, инвесторлорду тартууга; - бюджеттик жана атайын каражаттар, депозиттик суммалар үчүн банк-та улуттук валюта менен казыналык эсептерди ачууга; - Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруучужана чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Респуб-ликасынын аймагында ишке орноштуруучу юридикалык жактардын жана жекеадамдардын иштерине эксперттик изилдөө жүргүзүүгө; - ведомствого таандык уюмдарды, анын ичинде эмгекчилерди алмашууишканаларын түзүү, өзгөртүп уюштуруу жана жоюу маселелерин Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечүүгө, алардын финан-сылык-чарбалык иштерин жогору турган органдын макулдугу боюнча ревизия-лоого жана текшерүүгө; - иш берүүчүлөрдөн ишканалардагы, уюмдардагы, мекемелердеги белги-ленген структуралык өзгөртүүлөр жана кызматкерлердин орчундуу саны кыс-картылышына алып келиши мүмкүн болгон башка иш-чаралар жөнүндө маалы-матты, жумушчу күчкө муктаждык жөнүндө, жањы жана кошумча иш орундардыначылганы жөнүндө маалыматтарды суроого жана ал маселелер боюнча экс-перттик корутунду берүүгө; - иш издеген жана жумушсуз жарандарды менчигинин түрүнө карабастанишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын бардык түрлөрүнө, акытөлөөнүүчү коомдук иштерге, ошондой эле билим берүүчү мекемелерде ке-сиптик даярдоого жиберүүгө; - уюмдарды, анын ичинде эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардыкалктын миграциясы жана иш менен камсыздалышы проблемалары боюнча аркыл социологиялык сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тартуу-га; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктардыишке ашырууга. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 токтомунун редакциясына ылайык) V. Мамкомитеттин ишинин уюштурулушу 8. Мамкомитетке Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушубоюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындай жана бошототурган төрага башчылык кылат. Мамкомитетте статс-катчы жана төраганын эки орунбасары болот. Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу боюнча жанатөраганын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-ленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кыз-матка дайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын функциялары жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кыз-мат боюнча кењеш бекиткен Мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндөжобо менен аныкталат. Төрага статс-катчыга башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ат-карууну жүктөшү да мүмкүн. Төраганын орунбасарлары төраганын сунушу боюнча Кыргыз Республика-сынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.Төраганын орунбасарлары түздөн-түз Мамкомитеттин төрагасына баш ийетжана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде өз ишин жүргүзөт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 токтомунун редакциясына ылайык) 9. Мамкомитеттин аймактык органдарынын жетекчилери кызматка жерги-ликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына жана шаарлардын мэр-лерине макулдашуу боюнча Мамкомитеттин терагасы тарабынан дайындалышатжана бошотулушат. Мамкомитеттин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери Мамкомитет-тин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министритарабынан дайындалат. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-декабрындагы № 727 токтомунун редак-циясына ылайык) 10. Мамкомитеттин төрагасы: - Мамкомитеттин ишин жетектейт, ага жүктөлгөн милдеттердин аткары-лышы жана функциялардын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот,өзүнүн орун басарларынын арасында милдеттерди бөлүштүрөт, алардын жооп-керчилик даражаларын белгилейт; - Мамкомитеттин компетенциясына кирген маселелер боюнча КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын жана башка нормативдик укуктук актылары-нын долбоорлорун аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкиргизет; - Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине төраганын орун басар-ларынын, Мамкомитеттин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин кыз-матына дайындоо жана бошотуу үчүн үчүн талапкерлер боюнча, ошондой элеколлегия мүчөсүнө талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет; - өз компетенциясынын жана дайындоо номенклатурасынын чегинде Мам-комитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, Мамкомитеттин ведомст-волук уюмдарынын, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн кызматка дайындайт, жы-лыштырат жана бошотот; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана анын тапшырмасы бо-юнча эларалык келишимдерге, анын ичинде ведомстволор аралык мүнөздөгүкелишимдерге кол коет; - кызмат орду боюнча Мамкомитеттин жарандык коргонуусунун началь-ниги болуп саналат жана Мамкомитетте жарандык коргонууга жетекчилик кы-лат; - Мамкомитеттин системасына кирген жана анын структуралык подраз-делениелери болуучу органдарды түзүү, өзгөртүп уюштуруу жана жоюу,алардын жоболорун бекитүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат, Мам-комитеттин ведомстволук уюмдарынан тышкары; - Мамкомитеттин түзүмүн, аймактык органдарынын штаттык расписание-син жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн нормативдик-укуктук актыларында белгиленген кызматкерлер-дин санынын жана эмгек акы фондунун чегинде аларды күтүүгө чыгымдардынсметасын бекитет; - Мамкомитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлерине, аймактыкоргандардын, ведомстволук бөлүмчөлөрдүн, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүнжетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоо жанатартиптик жаза чараларын колдонот; - Мамкомитеттин системасына кирген структуралык бөлүмдөрдүн жанауюмдардын иштеринин ички тартибинин эрежелерин, алардын ыйгарым укукта-рын, милдеттерин жана функцияларын аныктайт; - өз компетенциясынын жана Кыргыз Республикасынын "Тышкы эмгекмиграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Ички миграция жөнүндө","Качкындар жөнүндө", "Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү жөнүндө" мый-замдарынын жана башка нормативдик укуктук актыларынын негизинде буйрук-тарды, жоболорду, нускамаларды чыгарат жана бекитет, Мамкомитеттин бар-дык кызматкерлери аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет; - Мамкомитет системасынын жетекчи кадрларынын номенклатурасынаныктайт жана бекитет; - Мамкомитет системасынын мамлекеттик кызматкерлерине статс-катчы-нын сунушу боюнча тийиштүү класстык чиндерди ыйгарат; - Мамкомитеттин кызматкерлерин сыйлоо маселесин чечет жана алардыкызматтык маяналарына үстөк кошумчаларды белгилейт; - Мамкомитет системасынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктарменен сыйлайт, ошондой эле өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди мамлекет-тик сыйлыктарга жана ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтөт; - структуралык подразделениелердин жана аймактык органдардын Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат; - эл аралык уюмдарда жана мамлекеттик бийлик органдарында Мамкоми-теттин кызыкчылыганын атынан чыгат, Мамкомитеттин финансылык жана ата-йын каражаттарын, мүлкүн тескейт, банктарда эсептерди ачат жана банктыкдокументтерге кол коет; - Мамкомитеттин адистерин аныкталган тартипте чет өлкөгө команди-ровкага жиберет жана чет өлкөлүк адистерди жана эксперттерди кабылалат; - Мамкомитетке жүктөлгөн милдеттерге жана функцияларга ылайык баш-ка маселелерди чечет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144, 2008-жылдын 27-декабрындагы № 727токтомдорунун редакциясына ылайык) 11. Мамкомитеттин аймактык органдарынын жана ведомстволук уюмдары-нын жетекчилери өз ведомстволорунун ишине жетекчилик кылат, алардынишин уюштурат жана координациялайт, миграция жана ишке орноштуруу чөй-рөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча алардын ишинин натый-жасы үчүн жекече жоопкерчилик тартат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 токтомунун редакциясына ылайык) 12.Мамкомитетте курамына 9 адам: төрага (коллегиянын төрагасы),статс-катчы, төраганын орун басарлары жана Мамкомитет системасынын баш-ка кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлүкирген коллегия түзүлөт. Коллегиянын өздүк курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министриМамкомитеттин терагасынын сунушу боюнча бекитет. Коллегиянын заседаниелери зарылдыгына жараша, бирок кварталына биржолудан кем эмес өткөрүлөт, заседаниелерде Мамкомитеттин ишинин маа-нилүү маселелери каралат, анын ичинде: - Мамкомитеттин органдарынын иштери жөнүндө; - бюджеттин аткарылышы жөнүндө; - Мамкомитеттин ведомстволук органдарынын иштери, отчеттор жанааларды ревизиялоонун жыйынтыктары жөнүндө; - Мамкомитеттин органдарынын кызматкерлерин тандоо жана кадрлардыжайгаштыруу, квалификацияларын жогорулатуу маселелери жөнүндө; - кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө. Коллегиянын чечимдери анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк до-бушу менен кабыл алынат жана төраганын токтомдору жана буйруктарытүрүндө ишке ашырылат. Добуштар тењ экиге бөлүнүп калганда төрагалык кылуучу добуш бергенчечим кабыл алынат. Коллегиянын андай чечимге макул болбогон мүчөлөрүөздөрүнүн башкача пикирлерин билдире алышат, ал протоколго жазылат.(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы №456 токтомунун редакциясына ылайык) 13. Коллегиянын иш тартиби Мамкомитеттин коллегиясы бекиткен рег-ламент менен аныкталат. VII. Мамкомитеттин өзгөртүп уюштурулушу же жоюлушу 14. Мамкомитетти өзгөртүп уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.