Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22 -декабрындагы № 607
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жанаминералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары -Мамгеоагенттик) жер казынасын пайдалануу жана кен казып алуу өнөржайын өнүктүрүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болот. 2. Мамгеоагенттик өзүнүн ишинде Кыргыз РеспубликасынынКонституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, КыргызРеспубликасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, КыргызРеспубликасы катышып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерге жана макулдашууларга, ушул Жобого жана башкаченемдик укуктук актыларга таянат. 3. Мамгеоагенттик өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар мененбайланышта жүргүзөт. 4. Мамгеоагенттик юридикалык жак болот, Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аты мамлекеттик жанарасмий тилдерде жазылган бланкы жана мөөрү болот. 5. Мамгеоагенттик, ага караган геология тармагынын жана кен казыпалуу өнөр жайынын ишканалары минералдык чийки зат базасын кењейтүүдөнжана толуктоодон минералдык чийки затты казып алууга жана аны кайраиштетүүгө чейинки жер казынасын натыйжалуу пайдалануунун биримдигинкамсыздайт. Геологиялык чалгындоо иштери мамлекеттик бюджеттинкаражатынын, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалыкжактардын жана жеке адамдардын инвестицияларынын эсебинен жүргүзүлөт.Кен казып алуу өнөр жайынын ишканалары рыноктук экономиканын негизиндеиштешет. 6. Мамгеоагенттиктин борбордук аппаратынын структурасы жана кызматорундарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынанбекитилет. Мамгеоагенттиктин борбордук аппаратын кармоонун чыгымдарынкаржылоо республикалык бюджеттин жанаКыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка каржылообулактарынын эсебинен, милдеттүү түрдө казыналык системасы аркылуужүргүзүлөт. II. Мамгеоагенттиктин негизги милдеттери 7. Мамгеоагенттиктин негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: - жер казынасын комплекстүү системалык геологиялык изилдөө; - жер казынасын пайдалануу маселелерин мамлекеттик жөнгө салуу жанажер казынасынын мамлекеттик фондусун башкаруу системасын өркүндөтүү; - кен казып алуу өнөр жайын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик саясаттыиштеп чыгуу жана ишке ашыруу: - геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана кен казып алуу өнөржайына ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу; - жер казынасын коргоо; - кен казьш алуу өнөр жайын жана геологиялык тармакты өркүндөтүүүчүн сунуштарды белгиленген тартипте даярдоо; - Кыргыз Республикасынын экономикасын мобилизациялык даярдоочөйрөсүндө куралдуу күчтөрдүн керектөөлөрүн камсыздоо үчүн шарттардыдаярдоо. III. Мамгеоагенттиктин функциялары: 8. Мамгеоагенттик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөйфункциларды аткарат: мамлекеттик жана тармактык саясаттагы функциялары: - геологиялык изилдөөлөрдү жана кен казып алуу өнөр жайыннатыйжалуу өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгат; - пайдалуу казындылардын минералдык чийки зат базасын өнүктүрүүнүнжана пайдалануунун мамлекеттик, региондук жана тармактык учурдагы жанакелечектеги программаларын иштеп чыгат жана алардын аткарылышынконтролдойт; - Кыргыз Республикасынын, анын айрым региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларын түзүүгө жана ишке ашыруугакатышат; - жер казынасын изилдөө жана минералдык чийки заттын ресурстарынөздөштүрүү боюнча мамлекет аралык программаларды жана макулдашуулардытүзүүгө жана ишке ашырууга катышат; - пайдалуу казындылардын жањы кендерин аныктоо жана прогноздоо жанаилимий-тажрыйбалык маанидеги маселелерди чечүү максатында КыргызРеспубликасынын аймагында системалуу геологиялык изилдөө жүргүзүлүшүнкамсыздайт; - суу чарбалык камсыздоо көйгөйлөрүн чечүү, жер астындагы тузсузжана термалдык-минералдык суулардын абалын жана режимин, калкка жанаөндүрүштүк-социалдык комплекстерге коркунуч алып келүүчү экзогендикгеологиялык абалдын динамикасын изилдөө үчүн гидрогеологиялык,инженердик-геологиялык, геоэкологиялык жана башка атайынадистештирилген иштерди жүргүзүүнү камсыздайт; - геологиялык чалгындоо иштерине жана кен казып алуу өнөр жайынаата-мекендик жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу боюнчаиштерди жүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын аймагынын геологиялык изилденүүсүнө,пайдалуу казындыларды казып алуу жана иштетүү боюнча ишканалардынминералдык чийки заттардын запастары менен камсыздалышына мониторингжүргүзөт; - геологиялык изилдөөлөрдү андан ары жүргүзүү жана менчиктин аркандай түрдөгү ишканалары пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү үчүнкеректүү геологиялык маалыматтардын чогултулушун жана аларды тийиштүүдаярдалышын камсыздайт; - пайдалуу казындылардын келечеги кењ кендеринин запастарын,ресурстарын жана экономикалык баалуулугун аныктайт; - минералдык чийки зат базасын пайдалануунун, кайра чыгарууылдамдыгын, андан ары кењейтүүнүн жана сапатын жакшыртуунунстратегиясын, ушул максат үчүн керектүү материалдык-техникалык жанафинансылык чыгымдардын көлөмүн аныктайт; - мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен геологиялыкчалгындоо иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик заказды бөлүштүрөт жана анынаткарылышын контролдойт; - кен казып алуу өнөр жай тармактарынын өнүгүү прогнозун иштепчыгат; - пайдалуу казындылардын дүйнөлүк конъюктурасын изилдейт жанаминералдык чийки затты экспорттоо жана ички керектөө структурасынжакшыртуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет; - пайдалуу казындылардын запастарынын өсүшүнө жана казып алуукөлөмдөрүнө мониторинг жүргүзөт; - жер казынасын геологиялык изилдөөнүн жањы методикаларьш жанакелечектүү технологияларын иштеп чыгууну жана жайылтууну камсыздайт; - пайдалуу казындылардын запастарын жана ресурстарын эсептөөыкмаларын жана принциптерин, кендердин өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярэкендигинин критерийлерин иштеп чыгат жана өркүндөтөт; - геологиялык маалымат фондуларынын бирдиктүү мамлекеттиксистемасынын иштөөсүн камсыздайт, Мамлекеттик геологиялык фондготапшырылчу геологиялык жана башка маалыматтардын формасын жанамазмунун аныктайт; - жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу казындылардынкендерин иштетүү боюнча иш жүргүзүүдө эмгекти коргоодо жана коопсуздуктехникасын сактоодо ведомстволук жана ведомстволор аралык нормативдүүдокументтерди башка мамлекеттик органдар менен бирдикте иштеп чыгуугакатышат; - минералдык чийки зат ресурстарын изилдөөдө, чалгындоодо жанапайдаланууда кызматташуу боюнча өзүнун компетенциясьшын чегиндесүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана макулдашууларды түзөт; - жер казынасын геологиялык изилдөөдө, пайдаланууда жана коргоодоэл аралык кызматташууну белгиленген тартипте жүргүзөт; - өзүнүн компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча КыргызРеспубликасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт, аныөркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат; - өзүнүн компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча тийиштүүмамлекеттик органдар жана өкмөттүк эмес структуралар мененкызматташат; - өз компетенциясына берилген маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттикоргандар жана өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара байланышта ишжүргүзөт; жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жөнгө салуу функциялары: - Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына ылайыкжер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берет жана кайра алат,лицензиялык макулдашууларды аткарууну мониторингдейт; - Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына ылайыкпайдалуу казындылардын кендерин издөө, чалгындоо жана эксплуатациялооменен байланышкан ишкердиктин түрлөрүн лицензиялайт; - мамлекеттик заказ боюнча геологиялык чалгындоо иштеринжүргүзүүнүн финансылык жана экономикалык маселелерин жөнгө салат; - кен казып алуу өнөр жайынын ишканапарында ресурсту үнөмдөөчүтехнологияларды, жер казынасын сарамжалдуу жана комплекстүүпайдаланууну киргизүүгө көмөктөшөт; - кен жана геологиялык чалгындоо иштеринин жылдык өнүктүрүүпландарын макулдашат; - пайдалуу казындылардын кендеринин өчүрулгөн же экономикалыкбаалуулугун жоготкон запастарын эсептен чыгарат;координация, көзөмөл жана контроль функциялары: - мамлекеттик заказ боюнча жер казынасын геологиялык изилдөөпрограммаларын каржылоону белгиленген тартипте координациялайт,бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну контролдойт; - менчиктин түрүнө карабастан кен казып алуу өнөр жайишканаларынын, менчиктин мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордунөнүгүшүнө мониторинг жүргүзөт; - өлкөнүн отун-энергетикалык балансын түзүү жана контролдоо үчүнКыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыктыөнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик инспекция мененбирдикте көмүр жана мунайгаз тармактарынын жылдык өндүрүштүккөрсөткүчтөрүн макулдашат; - кен казып алуу өнөр жайынын мамлекеттик менчиктен ажыратылуучужана менчиктештирилүүчү мамлекеттик ишканаларынын мүлкүнүн бааларынэкпертизалоого жана аныктоого катышат; - Кыргыз Республикасынын аймагын геологиялык изилдөөдө илимий-геологиялык программалардын аткарылышын координациялайт жанаконтролдойт; - Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин запастары боюнчамамлекеттик комиссиянын иштерин уюштурат; - жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтарды пайдалануунунтартибин жана шарттарын аныктайт; - пайдалуу казындылардын кендеринин эсебин жүргүзөт, Пайдалууказындылардын запастарынын мамлекеттик балансынын кыймылын жанаөзгөрүштөрүн туруктуу мониторингдейт, пайдалуу казындылардынкендеринин жана көрүнүштөрүнүн кадастрларын жүргүзөт; пайдалуу казындылардын запастарын, ошондой эле жер казынасынынучастоктору жөнүндө геологиялык маалыматтарды эсептөө менен техникалык-экономикалык негиздемелерге, техникалык долбоорлорго, отчетторгомамлекеттик экспертизалардын жүргүзүлүшүн уюштуруу жагынан камсыздайт; - геологиялык чалгындоо иштеринин долбоорлорун жана пайдалууказындылардын кендерин иштетүүгө долбоорлорду алардын каржылообулактарына карабастан экспертизалайт (жер казынасын коргоо жагында); - "Жер астындагы суулар" бөлүмү боюнча мамлекеттик кадастрдыfүргүзөт; - менчиктик түрүнө карабастан геологиялык тармактын жана кен казыпалуу өнөр жай ишканаларынын жер казынасын сарамжалдуу пайдаланышынажана коргошуна мамлекеттик контроль жүргүзөт; - жер астындагы тузсуз жана термалдык-минералдык суулардыбулгануудан жана азайуудан сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзөт,жер астындагы суулардын режимине жана сапатына, коркунучтуу экзогендикгеологиялык процесстерге байкоо жүргүзүп геологиялык чөйрөгөмониторинг жасайт; - тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирдикте зыяндуу заттарды,өндүрүш калдыктарын көмгөндө жана булганыч суулардытөккөндө жер казынасынын булгануусун алдын алуу максатындамумкунчүлүктөрдү жана шарттарды аныктоого катышат; - өлкөнүн калкынын радиациялык коопсуздугун камсыздоомаселелерин чечүүгө өзүнүн компетенциясынын чегинде катышат; - өзүнүн компетенциясынын чегинде жер казынасын пайдалануугабайланыштуу иштердин коопсуз жүргүзүлүшү боюнча Кыргыз Республикасынынмыйзамдарынын талаптары, нормалар жана эрежелер аткарылышынкамсыздайт; - жер казынасынын корголушу, лицензиялык макулдашуулардын шарттарынаткаруу боюнча пландуу инспекторлук, ошондой эле арыздар жанадаттануулар боюнча - плансыз текшерүүлөрдү жүргүзөт; - өзүнүн ведомстволук мамлекеттик геологиялык ишканаларындабухгалтердик жана статистикалык эсептерге жана отчетторго, финансылык-чарбалык иштерине контроль жүргүзөт, тийиштүү мамлекеттик органдаргабухгалтердик жана статистикалык маалыматтардын өз убагында берилишинконтролдойт; кызмат көрсөтүү функциядары: - геология жана жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселелерибоюнча кењеш берет; мамлекеттик органдардын, өндүрүштүк жана башкаструктуралардын суроолоруна жооп берет; - пайдалуу казындылардын кендери жана минералдык-чийки зат базасыжөнүндө, Кыргыз Республикасынын аймагынын геологиялык түзүлүшүнүн артүрдүү маселелери боюнча маалыматтарды аныкталган тартипте берет; - Мамлекеттик геологиялык фонддун жана Геологиялык алгачкыматериалдардын архивинин материалдары менен белгиленген тартиптетааныштырат; - жер казынасын пайдалануу боюнча ченемдик укуктук документтердинжана Мамлекеттик геологиялык фонддун материалдарынын көчүрмөлөрүнпайдаланууга белгиленген тартипте берет; - ар түрдүү курулуштарды куруу белгиленген аянттарда пайдалууказындылардьш кендеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутундулардыберет;колдоо көрсөтүү функииялары: - өндүрүш саясатынын максаттарына жана милдеттерине ылайык геологиятармагынын жана кен казып алуу тармагындагы өнөр жайлык ишканалардыөнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет; - геологиялык изилдөө жана пайдалуу казындылардын кендеринөздөштүрүү боюнча ишкердиктин өнүгүшүнө көмөктөшөт; - геологиялык тармактын жана кен казып алуу өнөр жай ишканаларынынчет өлкөлүк уюмдар, компаниялар, жеке ишкерлерименен болгон байланыштарын жана кызматташууларын өнүктүрүүгөкөмөктөшөт; - өзүнүн ведомстволук ишканаларынын экономикалык өнүгүшүнөкөмөктөшөт, мамлекеттик геологиялык ишканаларды түзөт; - өзүнүн ведомстволук мамлекеттик геологиялык ишканалары үчүнпайдадан (кирешеден) которуунун нормативдерин, керектөө жана топтоофондуларын түзүү нормативдерин жана башка көрсөткүчтөрдү бекитет; - мамлекеттик геологиялык ишканалардын өндүрүштү уюштуруунун, эмгекакы төлөөнүн формаларын жана усулдарын өркүндөтүү, тармактынэмгекчилерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоонукамсыздоо боюнча иштерин координациялайт; - Мамгеоагенттиктин борбордук аппаратынын жана анын алдындагыуюмдардын кадрларынын квалификациясынын жогорулатууга жана кайраd`pdnncn көмөктөшөт; - минералдык чийки заттан жасалган товардын өзгөчө касиеттери,тийиштүү сапаттары жана башка мүнөздөмөлөрү менен байланышкангеографиялык жерлердин чектерин аныктайт. IV. Мамгеоагенттиктин укуктары 9. Мамгеоагенттик төмөнкүдөй укуктарга ээ: - менчиктин түрүнө карабастан кен казып алуу өнөр жайынын жанагеологиялык тармактын ишканаларынын бир айдагы, кварталдагы, биржылдагы өндүрүштүк-чарбалык иштери жөнүндө маалыматтарды белгиленгентартипте алууга; - жер казынасын пайдалануучулар лицензиялык макулдашуулардыншарттарын аткарышын контролдоого; - Мамгеоагенттиктин функцияларын аткаруу үчүн аткаруучу бийликтиноргандарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден жер казынасынгеологиялык изилдөө жана пайдалануу боюнча керектүү сунуштарды жанакорутундуларды алууга; - Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамындакөрсөтүлгөн учурларда жер казынасын пайдаланууну белгиленген тартиптетоктотууга, токтото турууга же чектөөгө; - Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы жана башкаченемдик укуктук актылар белгилеген жер казынасын пайдалануу шарттарынлицензиаттардын аткаруусун контролдоого; - белгиленген тартипте өзүнүн ведомстволук мамлекеттик геологиялыкишканаларын түзүүгө, өзгөртүп уюштурууга жана жоюуга, алардынуставдарын бекитүүгө; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленгентартипте геологиялык тармактын ведомстволук мамлекеттик ишканаларынынжетекчилерин кызматка дайындоого жана кызматтанбошотуута, ошол жетекчилер менен контракттарды түзүүгө, өзгөртүүгөжана жоюуга; - кен казып алуу өнөр жайынын жана геологиялык тармактынмамлекеттик үлүштөрү бар ишканаларынын өндүрүштүк-чарбалык иштерининжыйынтыгын коллегиянын заседаниелеринде угууга жана алардын иштеринжакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө; - өзүнүн ведомстволук мамлекеттик геологиялык ишканалары үчүн баатүзүү, эмгек акы төлөө, долбоорлоо, геологиялык чалгындоо иштеринпландаштыруу жана каржылоо, ошондой эле жер казынасын коргоо боюнчаченемдик актыларды бекитүүгө; - мамлекеттик геологиялык ишканалар үчүн пайдадан берилүүчүнормативдерди бекитүүгө, материалдык кызыктыруу жана социалдыкөнүктүрүү фондусун түзүүгө жана пайдаланууга; - геологиялык чалгындоо жана кен казып алуу иштерин жүргүзүүчү жежер казынасын пайдалуу казындыларды казып алуу менен байланышпаганмаксатта пайдалануучу ишканалар жана уюмдар үчүн аткарууга милдеттүүнускамаларды жана усулдук көрсөтмөлөрдү өз компетенциясынын чегиндечыгарууга; - геология жана жер казынасын пайдалануу проблемаларын изилдөө жаначечүү үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштууларды, адистердижана эксперттерди кењеш берүү үчүн тартууга; - нормативдүү актылардын жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуубөлүгүн иштеп чыгууга катышууга; - Мамгеоагенттикке бекитип берилген - негизги фондулардан,жүгүртүлүүчү каражаттардан, башка материалдык баалуулуктардан жанакаржылоо ресурстарынан турган мүлктү аныкталган тартипте пайдалануугажана тескөөгө; - Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин ишканалары,уюмдары менен кызматташтык жөнүндө макулдашууларды түзүүгө; - өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында КыргызРеспубликасынын жана чет өлкөлөрдүн министрликтери, мамлекеттиккомитеттери, администрациялык ведомстволору жана башка уюмдары мененсүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, келишим түзүүгө жана ар түрдүүассоциацияларга аныкталган тартипте кирүүгө; - Мамгеоагенттиктин ишине байланышкан маселелерди чечүү үчүнадистерди чет өлкөлөргө белгиленген тартипте командировкага жиберүүгө; - тийиштүү эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгууга, КыргызРеспубликасынын эл аралык келишимдерден улам болгон милдеттенмелеринаткарууга багытталган чараларды көрүүгө, эл аралык кызматташтык боюнчаиш-чараларды жүргүзүүгө. V. Мамгеоагенттиктин ишинин уюштурулушу
10. Мамгеоагенттикти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.
Мамгеоагенттикте статс-катчынын жогорку мамлекеттик кызмат орду ачылган.
Статс-катчыны Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин сунушу жана директордун
маулдугу менен боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте кызматка дайындайт жана
бошотот. Статс-катчынын функциялары жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кыз-
мат боюнча кеңеш бекитүүчү Мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндө жобо
менен аныкталат. Директор статс-катчыга башка функцияларды жана ыйгарым
укуктарды аткарууну тапшыра алат.
Директордун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан Мамгео-
агенттиктин директорунун макулдугу боюнча дайындалуучу бир орун басары
болот. Директордун орун басары директорго түз баш ийет жана Мамгеоагент-
тикктин ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги N 236 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Мамгеоагенттиктин директору: - Мамгеоагентгиктин жана ага караштуу ишканалардын иштерине жалпыжетекчилик кылат жана Мамгеоагенттикке жүктөлгөн милдеттердин жанафункциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот; - Мамгеоагенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлерин жанаведомстволук ишканалардын жетекчилерин кызматка бекитет жана бошотот,статс-катчынын сунушу боюнча аларды материалдык жана моралдык жактансыйлоо жана тартип жазасын берүү чараларын колдонот; - Мамгеоагенттиктин ведомстволук геологиялык ишканаларынынжетекчилеринин жана борбордук аппараттын кызматкерлеринин кызматмилдеттерин белгилейт жана жоопкерчиликтерин аныктайт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамгеоагенттиктинсистемасында мамлекеттик кызмат өтөөгө байланышкан маселелерди чечет; - Мамгеоагенттиктин борбордук аппаратынын кызматчыларынын кошумчаэмгек акы маселелерин чечет; - белгиленген тартипте буйруктарды чыгарат, нускамаларды жана башкаченемдик актыларды бекитет, көрсөтмөлөрдү берет жана алардынаткарылышына контролду уюштурат. 12. Мамгеоагенттикте саны 7 адамдан турган, курамы директордон(коллегиянын төрагасы), статс-катчыдан, директордун орун басарынан(кызмат орду боюнча киришет), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын өкүлүнөн , ошондой эле башкармалардын,инспекциялардын,
борбордук аппараттын өз алдынча бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук ишка-
налардын жетекчилеринен турган коллегия түзүлөт.Коллегиянын кыз-
мат орду боюнча киргенден башка мүчөлөрү Мамгеоагенттиктин
директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги N 236 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Коллегиянын чечимдери коллегия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуменен кабыл алынат, протокол менен таризделет жана директордун буйругуменен жүзөгө ашырылат. Төрага менен коллегия мүчөлөрүнүн ортосундапикир келишпестик болгон учурларда чечимди төрага кабыл алат жана алжөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирет. Кабыл алынган чечимбоюнча башкача пикирдеги коллегия мүчөлөрү да өзүлөрүнүн пикирлеринКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдире алышат. 14. Минералдык чийки зат базасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарыбоюнча сунуштарды кароо, жер казынасын геологиялык изилдөөдө жанапайдаланууда бирдиктүү илимий жана техникалык саясатты аныктоо үчүнМамгеологоагенттикте илимий-техникалык кењеш түзүлөт. Илимий-техникалык кењештин өздүк курамы жана ал жөнүндө жобоМамгеоагенттиктин директору тарабынан бекитилет. 15. Мамгеоагенттиктин алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүбекитүүчү жобого ылайык иштөөчү Кыргыз Республикасынын пайдалууказындыларынын запастары боюнча мамлекеттик комиссия иштейт.