КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы N 734 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 22-декабры, №607 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы №462 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынынструктурасын өркүндөтүү жөнүндө» жана 2005-жылдын 30-ноябрындагы №607«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүноптималдаштыруу жөнүндө» жарлыктарын аткаруу үчүн КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдыкресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдыкресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы. 2. Күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-майындагы № 350«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдыкресурстар боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-мартындагы №139 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-майындагы №350 «Кыр-гыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Геология жана минералдык ресу-рстар боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармасы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов