КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005 жылдын 28-декабры, № 620 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынажакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген жарандар үчүн аларды ыкчамтейлөөгө ыњгайлуу шарттарды түзүү жана автотранспорт каражаттарынкаттоо үчүн белгиленген мөөнөттү (5 күн) сактоо, чет өлкөлүк жарандаржана жарандыгы жок адамдар, студенттер, бизнесмендер, элчиликтердинжана консулдуктардын дипломатиялык кызматкерлери, жашоого уруксатдокумент (убактылуу, туруктуу) алууга зарылчылыгы жок эмгектикмигранттар Кыргыз Республикасында айдоочулук күбөлүктөрдү жалпынегизде алуусунун тартибин жөнөкөйлөтүү максатында КыргызРеспубликасынын ӨкмөтүТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы №420 "Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу,граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочулардыавтотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө жобонубекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Автотранспорт каражаттарынбашкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүүжана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксаттартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 39-пункттагы "Айдоочу кадрларды даярдоочу окутуучу уюмда 10сааттык кошумча даярдык" деген сөздөр алып салынсын; - 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "40. Чет өлкөлүк жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда улуттукайдоочулук күбөлүктөрү жок болсо, Кыргыз Республикасында жашооговизасы же уруксат документи 6 айдан кем эмес мөөнөттө болсо жекачкындын күбөлүгү болсо, аларга айдоочулук күбөлүктүр жалпы негиздеберилет."; - 45 жана 46-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин. 2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов