Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 токтому менен бекитилген
Экзамендерди кабыл алуу, граждандарга айдоочунун
күбөлүгүн берүү жана транспорт каражаттарын башкарууга
айдоочуларга уруксат берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 16-июнундагы № 449, 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620, 2010-жылдын 16-февралындагы № 106, 2011-жылдын 28-августундагы № 510, 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Кыргыз Республикасынын ИИМинин Мамлекеттик автоинспекциясынын экзамендерге жана транспорт каражаттарын башкарууга жол берүү тартиби
III. Экзамендерди кабыл алуу жана айдоочунун күбөлүгүн берүү тартиби
IV. Айдоочунун күбөлүктөрүн алмаштыруу жана жоголгондун ордуна жаңысын берүү тартиби
V. Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу уюмдарын каттоо тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын бардык юридикалык жактары жана жеке адамдары, ошондой эле республиканын аймагында турган же жашаган чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар аткарышы үчүн бирдиктүү жана милдеттүү болуп саналат, транспорт каражаттарынын категорияларын(*), экзамендерди кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүктөрүн берүү жана транспорт каражаттарын башкарууга граждандарга жол берүү тартибин белгилейт.
2. Бардык транспорт каражаттары тибине, арналышына жана башкаруу өзгөчөлүктөрүнө жараша «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ», трамвай жана троллейбус категорияларына бөлүнөт. Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна бирдиктүү айдоочунун күбөлүгү берилет(**), анын тиешелүү графасына уруксат берүүчү белги коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 106 токтомуна ылайык)
3. «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ» графаларындагы уруксат берүүчү белгилери бар айдоочунун күбөлүгүнө ээ болгон адамдар автотранспорттук каражаттардын төмөнкүдөй түрлөрүн башкара алышат:
А1 - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашпаган мотоциклдер (жеңил мотоциклдер);
А - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см ашкан жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашкан мотоциклдер;
В1 - моторлоштурулган трициклдер жана квадроциклдер;
В - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан ашпаган жана айдоочунун орундугун кошпогондо, орундуктарынын саны сегизден ашпаган автомобилдер («А» категориясына кирген транспорт каражаттарынан сырткары);
С1 - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан ашкан, бирок 7500 килограммдан ашпаган автомобилдер «D» категориясына кирүүчүлөрдөн сырткары;
С - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан ашкан автомобиль, «D» категориясына кирүүчүлөрдөн сырткары;
D1 - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун орундугун кошпогондо, сегизден баштап он алты орундугу бар автомобилдер;
D - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун орундугун кошпогондо, он сегизден ашык орундугу бар автомобилдер;
ВЕ - уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан чиркегичи бар «В» категориясындагы автомобилдер; уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан ашкан, чиркегичи бар «В» категориясындагы автомобилдер;
- С1Е уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 килограммдан ашпаган, чиркегичи бар «С1» категориясына кирген автомобилдер;
- СЕ уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, чиркегичи бар «С» категориясындагы автомобилдер;
- D1Е уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 килограммдан ашпаган, чиркегичи бар «D1» категориясына кирген автомобилдер;
- DЕ уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, чиркегичи бар «D» категориясындагы автомобилдер.
Трамвайдын айдоочусуна трамвайды гана, троллейбустун айдоочусуна троллейбусту гана башкарууга уруксат берилет»;
Эскертүүлөр:
1) Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган автомобилдерге төмөнкүлөр кирет: бардык класстагы автобустар, микроавтобустар жана адамдарды ташуу үчүн кайра жабдылган (вахта бригадалары) жана даярдоочу заводдордун шартында тийиштүү сыйымдуулукта сериялык тартипте даярдалган автофургондор, ошондо эле сегизден ашык адамды ташыган, жабдылган жүк автомобилдери.
2) «В» категориясындагы транспорттук каражаттардын айдоочуларына толук массасы 750 килограммдан ашпаган чиркегичтери бар автомобилдерди айдоого укук берилет. Толук массасы 750 килограммдан ашкан, чиркегичтери бар транспорт каражаттарын айдоо үчүн айдоочунун айдоочулук күбөлүгүндө тийиштүү уруксат берүүчү «ВЕ», С1Е», «СЕ», «D1Е» жана «DЕ» белгилери, ал эми кошулган троллейбустарды айдоо үчүн - аларды башкаруу укугу жөнүндө белгиленген айдоочулук күбөлүгү жана тийиштүү күбөлүгү болууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 510 токтомуна ылайык)
4. Экзамендерди кабыл алуу, жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е» жана «DЕ» категориясындагы транспорттук каражаттарды, ошондой эле трамвайларды жана троллейбустарды айдоого уруксат берүү транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоонун ыйгарым укуктуу органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын катышуусу менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 510, 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомдорунун ылайык)
5. Транспорт каражаттарынын тиешелүү категориядагы айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билим берүү ишине лицензия алган, ошондой эле билим берүү кызматынын сапатын тастыктоочу аккредитациядан өткөн окутуучу уюмдар тарабынан бирдей окуу пландарына жана программаларына ылайык ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык)
6. Окутууну жүргүзгөн окуу уюму берген бирдиктүү үлгүдөгү "Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды бүтүргөндүгү жөнүндө күбөлүк" айдоочулар даярдоодон жана кайра даярдоодон өткөндүгүн ырастаган документ болуп саналат.
(*) транспорт каражаттарынын аныктамасы Жол кыймылынын эрежелеринде келтирилген.
(**) мындан ары "категория күбөлүгү" деп аталат.
(***) толук салмактын аныктамасы Жол кыймылынын эрежелеринде келтирилген.
II. Кыргыз Республикасынын ИИМинин Мамлекеттик
автоинспекциясынын экзамендерге жана транспорт каражаттарын
башкарууга жол берүү тартиби
7. Тийиштүү категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн алууну каалаган адамдар экзамен берүүгө медициналык кароодон өткөндөн жана окутуучу уюм берген Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курсту бүтүргөндүгү жөнүндө бирдей үлгүдөгү күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин киргизилет.
Медициналык кароодон өтүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык)
8. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу экзамен тапшыргандан кийин төмөнкүчө берилет:
- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашпаган мотоциклдерди (жеңил мотоциклдер) ("А1" категориясы), - он алты жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашкан мотоциклдерди ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- мотордоштурулган трициклдерди жана квадроциклдерди ("В1" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден көп эмес орундугу бар автомобилдерди ("А" категориясына кирген транспорт каражаттарын кошпогондо) ("В" категориясы) - он жети жашка чыккан адамдарга;
- "D" категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашкан, бирок 7500 кг ашпаган автомобилдерди ("С1" категориясы) - он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- "D" категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 7500 кг ашкан автомобилдерди ("С" категориясы) - он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден он алтыга чейинки орундугу бар автомобилдерди ("D1" категориясы) - төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары, он алтыдан көп орундугу бар автомобилдерди ("D" категориясы) - төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан "В" категориясындагы автомобилдерди жана чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан "В" категориясындагы автомобилдерди ("ВЕ" категориясы) - эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кг ашпаган "С1" категориясындагы автомобилдерди ("С1Е" категориясы) - төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, "С" категориясындагы автомобилдерди ("СЕ" категориясы) - үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кг ашпаган "D1" категориясындагы автомобилдерди ("D1Е" категориясы) - төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан "D" категориясындагы автомобилдерди ("DЕ" категориясы) - төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка чыккан адамдарга.
Троллейбус айдоого жыйырма бир жашка чыккан адамдарга уруксат берилет.
Автомобиль-трактор адистиги боюнча жогорку жана атайын орто окуу жайларын бүтүргөн адамдарга "А1", "А" же "В1", "В", ошондой эле дипломдун нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, семестрлик жана экзамендик ведомосттордун көчүрмөлөрүн, дипломдун тиркемесин көрсөткөн жана ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө тийиштүү категориялар боюнча теориялык жана практикалык экзамендерди тапшырганда бир эле учурда "А1", "А", "В1" жана "В" категорияларындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугу жөнүндө белгиси бар айдоочунун күбөлүгү берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык)
9. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
10. «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ» башкарууга айдоочунун күбөлүгү ыйгарым укуктуу орган бөлүмдөрүндө теориялык жапа практикалык экзамендерди тапшырган, ал эми троллейбусту башкаруу укугуна - теориялык экзаменди тапшырган адамдарга берилет.
Транспорт каражатын башкаруу укугуна квалификациялык экзамен тапшырууда талапкер транспорт каражатын башкаруунун теориялык жана практикалык көндүмдөрүн жана жолдо жүрүү эрежелерин билээрин көрсөтүшү зарыл. Айдоонун практикалык көндүмдөрүн ырастоо автомобиль транспортуна орнотулган видеорегистраторлор же видео жазуучу башка түзүлүштөр менен тастыкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 106, 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомдорунун ылайык)
11. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
12. «С1», «С», «D1» же «D» категориясындагы айдоочунун күбөлүгү бар аялдар жүк көтөрүшү же жүргүнчүлөрдү батыруусу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аялдар үчүн белгиленүүчү эмгек ченемдеринен ашпаган жүк ташуучу автомобилдерди же автобустарды башкарышына жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 106, 2011-жылдын 25-августундагы № 510, 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомдоруна ылайык)
13. «С1Е», «СЕ», «D1Е» жана «DЕ» категориядагы транспорттук каражаттарды башкаруу укугу «С1», «С», «D1» же «D» графаларына тиешелүү түрдө уруксат берүү белгилери коюлган күбөлүктөрү бар, тиешелүү автотранспорттук каражаттарды башкаруу стажы үзгүлтүксүз бир жылды түзгөн, окуу уюмдарында белгиленген программалар боюнча кайрадан даярдыктан өткөн, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык органдарында теориялык жана практикалык экзамендерди тапшырган айдоочуларга берилет.
«D1» жана «D» категорияларындагы транспорттук каражаттарды башкаруу укугу «В», С1» же «С» категорияларынын күбөлүгү бар, белгиленген жашка толгон (21 жаш) жана транспорттук каражаттардын тийиштүү түрүн башкаруу стажы үзгүлтүксүз бир жылды түзгөн, белгиленген программалар боюнча кайрадан даярдыктан өткөн, теориялык жана практикалык экзамендерди тапшырган айдоочуларга берилет. Айдоо көндүмдөрү боюнча экзамендер автобустарда жана суралып жаткан категориялардын эң жогоркусуна кирген транспорттук каражаттардын курамдарында кабыл алынат
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 510 токтомуна ылайык)
14. Транспорт каражаттарынын айдоочуларына аларды башкарууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте милдеттүү мезгилдүү медициналык кароодон өткөндөн кийин уруксат берилет.
Айдоочунун ден соолугунун абалы шек туудурган учурда ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамдары, автотранспорт ишканаларынын жетекчилери аны белгиленген мөөнөттөн мурда медициналык кароого жиберишет.
Медициналык корутундуда айдоочунун ден соолугу транспорт каражатын коопсуз башкарууга тоскоол болгондой начарлаганы тастыкталса анын айдоочулук күбөлүгү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан алынат жана транспорт каражатын башкаруу укугунун жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим чыгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык)
15. Айдоочуларды транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
Ажыратуу мөөнөтүнө карабастан транспорт каражаттарын башкаруу үчүн ажыратылган адамдарга айдоочунун күбөлүгү теориялык жана практикалык экзамендерди тапшыргандан кийин кайтарып берилет жана мас абалда транспорт каражаттарын башкаргандыгы үчүн ажыратылган адамдар мындан тышкары милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүүгө тийиш. Мында практикалык экзамен башкаруу укугунан ажыратылган жогорку категориялардагы транспорт каражаттарында кабыл алынат.
III. Экзамендерди кабыл алуу жана айдоочунун
күбөлүгүн берүү тартиби
16. Бардык категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна теориялык жана практикалык экзамендерди ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН бөлүмдөрүнүн экзамен комиссиялары кабыл алат.
17. Теориялык жана практикалык экзамендерди кабыл алуу боюнча экзамен комиссиялары кеминде 3 адамдан турууга тийиш. Комиссиянын курамын каттоо-экзамен комиссиясынын начальниги дайындайт, ага төмөнкүлөр кирет:
- ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН бөлүмүнүн кызматкери (комиссиянын төрагасы);
- айдоочуларды даярдаган окуу уюмдарынын, ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу ыйгарым укуктуу органынын автотранспорт ишканаларынын өкүлдөрү, коомчулуктун өкүлдөрү (комиссиянын мүчөлөрү).
Топторду даярдап жаткан окутуучуларды же автомобиль айдоого өндүрүштүк окуткан мастерлерди экзамен комиссиясынын курамына киргизүүгө тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык)
18. Экзамен комиссиясынын мүчөлөрү Жол кыймылынын эрежелерин, экзамен кабыл алуу ыкмасын билүүгө жана төмөнкүлөрү болууга тийиш:
- автомобиль адистиги боюнча жогорку же орточо техникалык билими;
- экзамен өткөрүлө турган категориядагы айдоочунун күбөлүгү;
- кеминде 3 жылдык айдоочулук стажы.
19. Жергиликтүү шарттарга таянуу менен окуу уюмдарында окуган адамдардан ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН бөлүмдөрүнө берилген арызга ылайык окуган жерде, ошондой эл экзамен комиссиясы турган жерде экзамен кабыл алынышы мүмкүн.
20. Айдоочунун күбөлүгүн алуу укугуна экзамендерди тапшыруу алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген жыйымдар төлөнөт, булар курсту бүтүргөндүгү жөнүндө күбөлүк, жеке айдоочулук карточка же башка документтер менен бирдикте экзамен комиссиясынын төрагасына же мүчөлөрүнө берилет.
Бир эле учурда комиссияга тиешелүү категориядагы транспорт каражаттарын башкарууга жарактуулугу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү медициналык справка берилет.
21. Экзамендер төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт: адегенде - теориялык, андан соң - практикалык экзамендер.
Теориялык экзаменди тапшырбаган адамдар практикалык экзамендерге киргизилбейт.
22. Окуу уюмдарында автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна даярдыктан өткөн адамдар үчүн кайталанган теориялык, ошондой эле практикалык экзамендер 10 күндөн кийин дайындалат. Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна экзамен тапшырууга жол берилген адамдар ушул Жобонун 8-пунктунун эскертүүсүнө ылайык, 20 күндөн кийин, Жол кыймылынын эрежелери боюнча 10 саат, ал эми практика экзаменди тапшырбаган учурда - талап кылынган категория боюнча транспорт каражатын башкаруу жагынан 15 саат көлөмүндө окуу уюмунда кошумча даярдыктан өткөндөн кийин кайталанган экзамендерге киргизилет. Окуу уюмунун иш өндүрүш боюнча катталган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн справкасы кошумча даярдыктан өткөндүгүн ырастаган документ болуп саналат.
Теориялык экзамен боюнча алынган оң баа 2 ай бою жарактуу деп эсептелет. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин айдоочулукка талапкер теориялык экзаменге жиберилет.
23. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
24. Экзамендердин натыйжасы Жол кыймылынын эрежелери жана практикалык айдоо боюнча экзамен карточкаларынын негизинде протокол менен толтурулат, ага экзаменди кабыл алууга катышкан экзамен комиссиясынын бардык катышуучулары кол коюуга тийиш. Арыз жана экзамендердин натыйжасы бар экзамен карточкасы айдоочунун күбөлүгүн берүүгө негиз болгон документтер менен бирге сакталат.
25. Эки жылдык программа боюнча окуу-өндүрүштүк комплекстерде окуудан өтүп жаткан орто мектептердин, колледждердин, лицейлердин окуучулары, ошондой эле транспорт каражаттарынын айдоочусуна окутуу үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарткан аскерге чакырылуучулар окууну аяктагандан кийин ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНде экзаменге киргизилет. Экзамендердин натыйжасы оң болгон учурда айдоочунун күбөлүгү каттоо-экзамен бөлүмдөрүндө сакталат жана он сегиз жаш куракка жеткенде берилет. Он жети жаш куракка жеткенде жана "В" категориясы боюнча практикалык экзаменди тапшырганда айдоочунун күбөлүгүн берүүгө жол берилет, мындай учурда курстарды бүтүргөндүгү жөнүндө күбөлүккө жана айдоочунун жеке карточкасына 18 жаш куракка жеткенде "С" категориясындагы айдоочунун күбөлүгүн да алууга укук берген жазуу жазылат.
26. Башка категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна уруксат алган учурда айдоочунун күбөлүгү жаңысы менен алмаштырылат, ага айдоочунун мурдагы күбөлүгүндө болгон зарыл белгилер көчүрүлөт.
27. Айдоочунун күбөлүгү алуучу паспортун көрсөткөндө айдоочулук күбөлүктөрдү берүү китебине өзүнүн колун койдуруу менен берилет. Айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү - 10 жыл.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык)
28. Эркинен ажыратуу түрүндө жаза өтөп жаткан жана транспорт каражаттарын башкаруу укугунан сот тарабынан ажыратылбаган адамдарга алардан алып коюлган айдоочунун күбөлүктөрү Жол кыймылынын эрежелери бузулган жер боюнча же транспорт каражаттары туруктуу (убактылуу) эсепте турган жер боюнча ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН бөлүмдөрү тарабынан кайра кайтарылат.
IV. Айдоочунун күбөлүктөрүн алмаштыруу жана
жоголгондун ордуна жаңысын берүү тартиби
29. "А1", "А", "В1", "В", "С1", "С", "ВЕ", "С1Е", "СЕ" айдоочулук күбөлүктөрү жарактуулук мөөнөтү бүткөнүнө же жараксыз болуп калганына байланыштуу теориялык жана практикалык экзамендерди тапшырбастан, жаран арызын жана айдоочу тиешелүү категориядагы транспорт каражатын башкарууга жарактуулугу жөнүндө медициналык маалымкатты (мындан ары - медициналык маалымкат), айдоочулук карточкасын бергенде алмаштырылат.
Уруксат берилген "D1", "D", "D1Е", "DЕ" категорияларынын, троллейбустун айдоочусунун күбөлүктөрү жарактуулук мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн документтерди тапшырып, теориялык жана практикалык экзаменден өткөндөн кийин алмаштырылат.
Уруксат берилген "D1", "D", "D1Е", "DЕ", категорияларынын, троллейбустун айдоочусунун жараксыз абалга келген күбөлүктөрү теориялык жана практикалык экзаменди тапшырбастан алмаштырылат.
Айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууда жана транспорт каражатын башкарууга укук алууда:
- "В" - айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык экзамендерди тапшыруу менен "А1", "А", "В1", "ВЕ" категорияларын ыйгарууга жол берилет;
- "С" - айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык экзамендерди тапшыруу менен "А1", "А", "В1", "В", "ВЕ", "С1" категорияларын ыйгарууга жол берилет;
- "D" - айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык экзамендерди тапшыруу менен "А1", "А", "В1", "В", "ВЕ", "С1", "С", "D1" категорияларын ыйгарууга жол берилет.
"СЕ", "DЕ" категориясы бар учурда тиешесине жараша "С1Е", "D1Е" категориялары экзамен тапшырбастан берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык)
30. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
31. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
32. Айдоочунун күбөлүгү жоголгон учурда дубликат арыздын, айдоочулук күбөлүктүн, медициналык маалымкаттын негизинде, теориялык жана практикалык экзамен тапшырбастан берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык)
33. Жаңы айдоочунун күбөлүгү толтурулуп жаткан мезгилге айдоочунун күбөлүгүнө бир айлык мөөнөткө убактылуу талон берилет. Зарыл учурларда (суроо-талапты жөнөтүү жана аларга жооп алуу, күбөлүктү жоготуу менен байланышкан башка кырдаалдарды аныктоо) талон эки айлык мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Берилүүчү талондо айдоочунун күбөлүгүнүн сериясынын жана номеринин ордуна "жоготулгандын ордуна" деген жазуу жазылат, ал эми анын колдонулушун улантуу мөөнөтү тескери бетиндеги төмөнкү бөлүккө жазылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык)
34. Жаңы күбөлүктөрдү толтуруу мезгилине берилген айдоочунун күбөлүгүнүн талону өзүнчө китепчеде катталат жана айдоочунун күбөлүгү берилгенден кийин күбөлүктү берүүгө негиз болгон материалдарга кошулат.
35. Ээсине дубликаты берилген кайра табылган айдоочунун күбөлүгү жараксыз деп эсептелет жана белгиленген тартипте жок кылуу үчүн ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН бөлүмүнө тапшырылат.
36. Эски үлгүдөгү айдоочунун күбөлүк айдоочунун улуттук күбөлүгүнө гана алмаштырылат. Эл аралык айдоочулук күбөлүк айдоочунун улуттук күбөлүгүнүн негизинде гана 3 жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Мындай учурда жаны айдоочулук күбөлүккө айдоочунун мурдагы (эски үлгүдөгү) күбөлүгүндөгү уруксат берүүчү белгилер теориялык жана практикалык экзамендерди кабыл алуусуз коюлат, тактап айтканда:
- «А» категориясы бар болсо - «А1», «А» жана «В1» категориялары коюлат;
- «В» категориясы бар болсо - «В1» жана «В» категориялары коюлат;
- «С» категориясы бар болсо - «С1» жана «С» категориялары коюлат;
- «D» категориясы бар болсо - «D1» жана «D» категориялары коюлат;
- «С» жана «Е» категориялары бар болсо - «С1», «С», «С1Е» жана «СЕ» категориялары коюлат;
- «В», «С», жана «Е» категориялары бар болсо - «В1», «В», «ВЕ», «С1», «С», «С1Е», жана «СЕ» категориялары коюлат;
- «D» жана «Е» категориялары бар болсо - «D1Е», «DЕ» категориялары коюлат;
- «А», «В», «С», «D», «Е» категориялары бар болсо - «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», , «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е» жана «DЕ» категориялары коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 510 токтомуна ылайык)
37. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
38. Эл аралык айдоочулук күбөлүк улуттук айдоочулук күбөлүгү болгондо гана республиканын аймагында транспорттук каражаттарды башкаруу үчүн жарактуу.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 510 токтомуна ылайык)
39. Жол кыймылы жөнүндө колдонулуп жаткан конвенциянын талаптарына жооп бербеген башка мамлекеттердин граждандарынын улуттук айдоочунун күбөлүгү милдеттүү түрдө алмаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620, 2010-жылдын 16-февралындагы № 106, 2011-жылдын 25-августундагы № 510 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
40. Чет өлкөлүк жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда улуттук айдоочулук күбөлүктөрү жок болсо, Кыргыз Республикасында жашоого визасы же уруксат документи 6 айдан кем эмес мөөнөттө болсо же качкындын күбөлүгү болсо, аларга айдоочулук күбөлүктөр жалпы негизде берилет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Чет өлкөгө барганда ал өлкөдөн Жол кыймылынын конвенциясынын талаптарына жооп берген улуттук айдоочунун күбөлүгүн, ошондой эле эл аралык айдоочунун күбөлүгүн алган Кыргыз Республикасынын граждандары аларды медициналык кароодон өткөндөн жана ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН бөлүмдөрүнө күбөлөндүрүлгөн котормосу бар көрсөтүлгөн айдоочунун күбөлүгүн бергенден кийин тиешелүү айдоочунун күбөлүгүнө алмаштыра алат.
42. Кыргызстандын чегинен тышкары жерге барган өлкөнүн Жол кыймылынын конвенциясынын талаптарына жооп берген улуттук айдоочунун күбөлүгүн, ошондой эле эл аралык айдоочунун күбөлүгүн алган Кыргыз Республикасынын граждандарына медициналык кароодон өткөндөн жана Мамлекеттик автоинспекция бөлүмдөрүнө күбөлөндүрүлгөн котормосу бар көрсөтүлгөн айдоочунун күбөлүгүн бергенден, теориялык жана практикалык экзамендерди тапшыргандан кийин тиешелүү айдоочунун күбөлүгү берилет.
43. Мамлекеттик тилди же улуттар аралык баарлашуу тилин билбеген чет өлкөлүк граждандар жана башка адамдар теориялык жана практикалык экзамендерди тапшырууга квалификациялуу котормочулардын катышуусу менен киргизилет, бул жөнүндө маалыматтар экзамен комиссиясынын протоколуна жазылат.
Мындай учурда теориялык экзамендер, эреже катары, оозеки аңгемелешүү ыкмасы менен кабыл алынат, ал эми экзамен тапшыруу убактысына лимит коюлбайт.
44. Чет мамлекеттердин жарандарына, анын ичинен дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнө, жарандыгы жок адамдарга улуттук айдоочулук күбөлүк жана анын негизинде милдеттүү түрдө эл аралык айдоочулук күбөлүк берилет.
Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу ыйгарым укуктуу органга тапшырылган айдоочулук күбөлүктүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн кыргыз жана орус тилдерине котормосунун негизинде, медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, теориялык жана практикалык экзамендерди тапшыргандан кийин жүргүзүлөт. Муну менен бирге эле айдоочулук күбөлүк улуттук айдоочулук күбөлүктө уруксат берилген жана ушул Жобонун 3-пунктунун талаптарына ылайык келген, «D1», «D», «D1Е», «DЕ» категорияларынан сырткары, транспорттук каражаттардын категорияларын башкаруу укугуна гана берилет.
Кыргыз Республикасынын жарандарына эл аралык жол кыймылына катышуу үчүн улуттук айдоочулук күбөлүктүн негизинде эл аралык айдоочулук күбөлүк берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 510 токтомуна ылайык)
45. А(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
46. А(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
V. Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана
кайра даярдоо боюнча окуу уюмдарын каттоо тартиби
47. Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу уюмдары белгиленген тартипте, ал эми окуу топтору ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН бөлүмдөрүндө катталууга тийиш.
48. Айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча жаңыдан түзүлгөн окуу уюмдарын каттоодо аларда текшерүү (иликтөө) уюштурулат. Текшерүүнү жүргүзүүчү комиссиянын курамына, эреже катары, ИИБнын ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН бөлүмүнүн кызматкери (төрага), ал эми мүчө катары - окуу жана жогору турган (эгерде ал бар болсо) уюмунун өкүлү кирет. Окуу процессинин жүрүшүндө контролдук текшерүүнү окуу тобу катталган жер боюнча ИИБнын ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзөт.
49. Иликтөөнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу орган башкармасы менен макулдашылган окуу программасынын бар же жоктугу, окуу-материалдык база транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо тартиби жана мөөнөтү жөнүндө Жобонун талаптарына жооп бере тургандыгы же жоктугу, инженердик-педагогикалык кызматерлердин, өндүрүштүк окутуу мастерлеринин билим деңгээли белгиленет жана окуу уюмунун сабактарды жүргүзүүгө даярдыгы аныкталат, бул жөнүндө эркин формадагы тиешелүү акт толтурулат.
Окуу уюму актыда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген учурда түзүлүүчү топтордун саны, сабак башталган жана бүткөн мөөнөт аныкталат.
50. Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу топтору 35 адамга чейинки санда түзүлөт. Сабактар башталгандан тартып 15 күндөн кечиктирбестен окуу уюмдары ар бир топту ыйгарым укуктуу орган бөлүмүндө каттайт, белгиленген формада арызды жана окуучулардын тизмесин берет. Ар бир курсантта туруктуу катталган паспорту, медициналык кароодон өткөндүгү жөнүндө медициналык мекеменин справкасы жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы же мурда бузгандыгы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн белгилери болгон учурда гана окуу топтору катталат.
Ыйгарым укуктуу орган бөлүмдөрүндө окуучулардын тизмеси айдоочуларды даярдоо боюнча окуу топторун эсепке алуу журналында катталат.
(КР Өкмөтүнүн 20140-жылдын 16-февралындагы № 106 токтмуна ылайык)
51. Окуу уюмдарынын ишин ведомствонун үстүнөн көзөмөлдөө тартибинде иликтөө жылына кеминде бир жолу, ал эми окуу процессинин жүрүшүн контролдук текшерүү айына кеминде бир жолу жүргүзүлөт, алардын натыйжасы акт менен толтурулуп, зарыл учурларда кемчиликтерди жоюу боюнча официалдуу милдеттендирүү каттары тиркелет.
Эгерде контролдук текшерүүнүн учурунда окуу уюму ыйгарым укуктуу орган бөлүмдөрүнүн милдеттендирүү каттарын этибарга албай, теориялык даярдыктын төмөнкү деңгээли жана транспорт каражаттарын практикалык айдоонун начар көндүмдөрү менен айдоочулукка талапкерлерди экзамендерге сунуш кылууну улантып жаткандыгы, же коюлган талаптарга жооп бербеген окуу-материалдык базасы жана автомототранспорту бар экендиги белгиленсе, анда бул окуу уюмунан топ катталбайт, бул жөнүндө окуу уюму жана анын жогору турган (ал бар болсо) уюму маалымдалат. Андан соң бул уюмдун окуу топтору милдеттендирүүчү катта белгиленген кемчиликтер четтетилген жана бул Жобонун 47-49-пункттарында баяндалган тартипке ылайык келген учурда гана катталат.
52. ыйгарым укуктуу орган бөлүмдөрүндө транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу уюмдарына байкоо жүргүзүү иштери түзүлөт, анда алардын жабдылышын жана ишин мүнөздөгөн негизги маалыматтар болот, иликтөө актылары, милдеттендирүүчү каттардын көчүрмөлөрү, контролдук текшерүүнүн материалдары, кыскача аналитикалык справкалар жана башкалар болот.
53. Айдоочунун күбөлүктөрүнүн бланктары катуу отчеттуулуктагы документ катары сакталат.
54. Катуу отчеттуулуктагы бланктардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы эсепке алуу китебинде эсепке алынат.
55. Толтуруу учурунда бузулган айдоочунун күбөлүгүнүн бланктары аларды кайталап пайдалануу мүмкүнпчүлүгүн жокко чыгарган каражаттар жана ыкмалар аркылуу кезектеги тeкшерүүнүн учурунда жокко чыгарылат, бул жөнүндө тиешелүү акт түзүлөт.
Медициналык комиссияныи корутундусу боюнча ээси транспорт каражаттарын башкаруудан четтетилген, ордуна жаңысы берилгенден кийин табылган, ажыратуу мөөнөтү аяктагандан кийин 1 жылдын ичинде талап кылынбаган айдоочунун күбөлүктөрү жогорудагыдай эле тартипте жок кылынат, бул жөнүндө айдоочунун күбөлүгүн берүү китебинде белги коюлат.
МАИнин башка бөлүмдөрү берген айдоочунун күбөлүктөрүн жокко чыгаруу жөнуүдө бул бөлүм кабарды жөнөтөт.
56. Айдоочунун күбөлүгүн берүү жана алмаштыруу үчүн негиз болгон материалдар (арыздар, эски айдоочунун күбөлүктөрү, жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар жана башкалар) эки жыл бою сакталат.
Окуу уюмдарынын байкоо жүргүзүүчү иштери, окуу топторун каттоо тизмелери, иликтөөнүн актылары жана башкалар 20 жыл сакталат.
Экзамен комиссияларынын протоколдору 10 жыл сакталат.
Айдоочунун күбөлүгүн берүү тизмеси алар аяктагандан кийин 60 жыл сакталат.
Айдоочулук күбөлүктөрдүн маалымат базасына өзгөртүүлөр айдоочулук күбөлүктү алганда, жоготкондо, алмаштырганда, ажыратканда киргизилет."
Көрсөтүлгөн материалдар тиешелүү мамлекеттик органда, анын бөлүмдөрүндө, бөтөн адамдар кире албоочу жерлерде сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрели № 244 токтомуна ылайык)
57. Медициналык справкалар, айдоочунун карточкасы, окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө күбөлүктөр алардагы бардык реквизиттер толтурулгандан кийин айдоочунун күбөлүгүн берүү учурунда айдоочуларга кайра кайтарып берилет.
58. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылган адамдардын айдоочунун күбөлүгү анын ээси жашаган аймакты тейлеген МАИнин каттоо-экзамен бөлүмдөрүндө сакталат.