Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз XIII (он үчүнчү) сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 81 /XIII-28
Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чындоо максатында, КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №284 Жарлыгына жана биринчи Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайга КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасына” ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып, Ысык–Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагында жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 5-ноябрына саат 10:00 го чакырылсын.
2. Ысык-Ата айыл аймагында жергиликтүү Курултайдын курамы калктын санына ылайык – 50 делегаттан турары белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15-октябрдан 20-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№1 тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
4. Ысык-Ата айыл аймагында жергиликтүү Курултайдын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы – 11 адамдан бекитилсин. (№2 тиркеме).
5. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Чүй-Бишкек- Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом www.ysykata-ao.org.kg вебсайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы социалдык иштер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Бейшекеев |
Ысык – Ата айылдык Кеңешинин
2022-жылдын 16- сентябрындагы
№81 /XIII-28
токтому менен бекитилген
№1 тиркеме
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин жергиликтүү курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын ( жыйындардын )
ГРАФИГИ:
№ | Өткөрүүлүчүү орду | Убактысы
|
Калтын саны |
Делегаттардын саны |
Жооптуулар | |
күнү |
сааты | |||||
1 | Карагай-Булак
| 17.10.22 | 10.00 | 864 | 5 | А.Бектуров |
2 | Тогуз-Булак | 17.10.22 | 13.00 | 693 | 5 | Г.Садыбаева |
3 | Горная-Серафимовка | 17.10.22 | 15.00 | 470 | 5 | А.Алымкулова |
4 | Алмалуу | 18.10.22 | 10.00 | 1770 | 10 | С.Арунова |
5 | Джогорку -Ичке-Суу | 18.10.22 | 13.00 | 398 | 5 | Н.Ибраимов |
6 | Ичке-Суу | 18.10.22 | 15.00 | 405 | 5 | Г.Чотиева |
7 | Норус | 19.10.22 | 10.00 | 404 | 5 | М.Сарыбаева |
8 | Үч-Эмчек | 19.10.22 | 13.00 | 837 | 5 | К.Теңизбаев |
9 | Таш-Башат | 19.10.22 | 15.00 | 273 | 5 | Г.Байтемирова
|
Төрага | Ж. Бейшекеев |
Ысык – Ата айылдык Кеңешинин
2022-жылдын 16- сентябрындагы №81 /XIII-28
токтому менен бекитилген
№2 тиркеме
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин жергиликтүү курултайын уюштуруу жана
өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
№ | Ф.А.А. | Кызматы |
1 | Ж.Бейшекеев | төрага |
2 | Ж.Тентимишова | катчысы |
3 | А.Бектуров | мүчөсү |
4 | Г.Садыбаева | мүчөсү |
5 | А.Алымкулова | мүчөсү |
6 | С.Арунова | мүчөсү |
7 | Н.Ибраимов | мүчөсү |
8 | Г.Чотиева | мүчөсү |
9 | М.Сарыбаева | мүчөсү |
10 | Г.Байтемирова | мүчөсү |
11 | К.Теңизбаев | мүчөсү |
|
|
|
Төрага | Ж. Бейшекеев |