Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 730 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ]
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 16-январы № 23
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына жаш адистерди бекитүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-сентябрындагы № 702 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Жаш мугалимдин депозити" программасына катышуучу республиканын университеттеринин педагогикалык бөлүмдөрүнүн жана педагогикалык жогорку, орто кесиптик окуу жайларынын, мамлекеттик жалпы билим берүүчү мекемелеринин жаш бүтүрүүчү-адистеринин депозиттерин калыптандыруунун кыйла ачык-айкын жана корголгон финансылык системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына жаш адистерди бекитүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-сентябрындагы № 702 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
3 окуу жылына айыл жериндеги же чакан шаарлардагы мектептерде иштөөгө конкурстан өткөн жана контрактка кол койгон жаш мугалимдердин депозиттик эсеби үч жылдын аралыгында айына 2000 сомду түзүп, үч жылдык мөөнөт бүткөндө бардык сумма Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги жаш мугалимге акча каражаттарын төлөө жөнүндө чечим кабыл алган жана тиешелүү түрдө жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөгү кирешелерди алуу булагынан салык кармоо менен төлөнөт. Салык кармоо механизми ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет;
"Жаш мугалимдин депозити" программасына катышуу үчүн конкурстан өткөн жана жүйөлүү себептер боюнча ишке кирише албай калган жаш мугалим (контрактка кол койгонго чейин, ошондой эле андан кийин) Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин уруксаты менен белгиленген тартипте башка айыл жерлериндеги же чакан шаарлардагы ошол сыяктуу бөлөк мектептерге жаңы бөлүштүрүүнү алууга жана долбоорго катышууну улантууга укуктуу.".
2. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Жаш мугалимдин депозити" программасын аткаруу боюнча типтүү келишим-контракттын" тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
- 5.1-пункт "жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин макулдугу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пункттун экинчи абзацы "жана анын колдонулушу ушул Келишим-контракттын 3.2-пунктунда каралган учурлар келгенде өзүнөн-өзү узартылат" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Жогоруда аталган токтомдун жана ага тиркеменин бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов |