Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 730 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 21-сентябры № 702
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына жаш адистерди бекитүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 16-январындагы № 23,
2007-жылдын 27-августундагы № 377,
2007-жылдын 15-сентябрындагы № 410,
2007-жылдын 25-сентябрындагы № 434,
2009-жылдын 28-июлундагы № 478
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Республиканын мамлекеттик бардык типтеги жана аталыштагы билим берүүчү мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдарына университеттердин педагогикалык бөлүмдөрүнүн жана педагогикалык жогорку, орто кесиптик окуу жайларынын жаш адис-бүтүрүүчүлөрүн бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген "Жаш мугалимдин депозити" программасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эл аралык финансы институттары менен "Жаш мугалимдин депозити" программасын аткарууга гранттарды берүү жөнүндө маселени иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине эл аралык финансы институттары тарабынан гранттарды берүү жөнүндө маселе чечилгенге чейин жыл сайын, 2004-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн республикалык бюджетте каралуучу ассигнованиелердин чектеринде, конкурс боюнча тандалып алынган жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бардык типтеги жана аталыштагы билим берүүчү мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдарына иштөөгө жиберилген, университеттердин педагогикалык бөлүмдөрүнүн жана педагогикалык жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын кеминде 500 жаш бүтүрүүчү адистеринин депозиттик эсебине үч жылдык мөөнөт бүткөндө бардык сумманы төлөө менен 3000 сомдон которуп турууга укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 434, 2009-жылдын 28-июлундагы № 478 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.1. "Жаш мугалимдин депозити" программасынын колдонулушу конкурс боюнча тандалып алынган жана Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине иштөөгө жиберилген жаш адистерге, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын педагогикалык адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүнө 2007-жылдын 1-сентябрынан тартып жайылтылсын.
Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине иштөөгө жиберилген жаш адистердин депозиттик эсебине каражаттарды кириштөө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине республикалык бюджеттен каралуучу ассигнованиелердин чектеринде жүргүзүлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 434токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тиркемеге ылайык формада "Жаш мугалимдин депозити" программасын аткаруу боюнча контракт-келишим түзүү укугуна жаш педагогдордун арасында конкурс жарыяласын.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
3 окуу жылына айыл жериндеги же чакан шаарлардагы мектептерде иштөөгө конкурстан өткөн жана контрактка кол койгон жаш мугалимдердин депозиттик эсеби үч жылдын аралыгында айына 3000 сомду түзүп, үч жылдык мөөнөт бүткөндө бардык сумма Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жаш мугалимге акча каражаттарын төлөө жөнүндө чечим кабыл алган жана тиешелүү түрдө жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөгү кирешелерди алуу булагынан салык кармоо менен төлөнөт. Салык кармоо механизми ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет;
"Жаш мугалимдин депозити" программасына катышуу үчүн конкурстан өткөн жана ишке жүйөлүү себептерден улам кирише албай калган жаш мугалимдер (контрактка кол коюлганга чейин жана андан кийин) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин уруксаты менен башка айыл жериндеги же чакан шаардагы ошол сыяктуу мектепке, ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине жаңы бөлүштүрүү алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 23 токтомунун, 2007-жылдын 15-сентябрындагы № 410 токтомунун, 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 434 токтомунун редакцияларына ылайык)
6. Жаш педагогдордун депозиттерин жайгаштыруу үчүн агент катары "Эсептешүү-аманат компаниясы" ачык типтеги акционердик коому (макулдашуу боюнча) аныкталсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун, 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 434 токтомунун редакцияларына ылайык)
Премьер-министр | Н.Танаев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-сентябрындагы № 702 токтомуна тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-сентябрындагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик) жана _______________________ облусунун ______________________ районундагы № ______ мектебине мугалимдик ишке жиберилген, жогорку окуу жайларынын педагогикалык бөлүмүнүн, педагогикалык жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүсү __________ _______________________________________________________________________
аты-жөнү
төмөнкүлөр тууралуу келишим түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1. Министрлик жаш мугалимди ________________ облусунун ___________ районундагы № ___ мектебине мугалимдик ишке жиберет.
2. Тараптардын милдеттери:
2.1. Министрлик төмөнкүлөргө милдеттенет:
2.1.1. Жаш мугалимди ишке орноштурууга байланыштуу бардык жол-жоболорду ишке ашырууга.
2.1.2. Ушул келишимдин мөөнөтү бүткөндө толук сумманы төлөп берүү менен үч жылдын ичинде 2000 сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу өлчөмүндө жаш мугалимдин депозиттик эсебине акча каражатын которууну камсыз кылууга.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-сентябрындагы № 410, 2009-жылдын 28-июлундагы № 478 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.2. Жаш мугалим төмөнкүлөргө милдеттенет:
2.2.1. Министрлик тарабынан иштөө үчүн аныкталган бардык типтеги жана аталыштагы билим берүүчү мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдарына мектептеги иш ордуна өз учурунда барууга.
2.2.2. Программада коюлган милдеттерди аткарууну камсыз кылууга.
2.2.3. Окутууну жогорку кесиптик деңгээлде жүргүзүп, окуучулардын окуу программасын мамлекеттик билим берүү стандарттарынан төмөн эмес деңгээлде өздөштүрүүнү камсыз кылууга жана өзүнүн илимий-педагогикалык деңгээлин жана чеберчилигин дайыма өркүндөтүүгө, окутуунун инновациялык интерактивдик методдорун өздөштүрүүгө жана колдонууга, окуучулардын жекече чыгармачылык жөндөмдөрүн жана турмуш тажрыйбаларын, ошондой эле алардын инсандык сапаттарын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө.
2.2.4. Иштеген жериндеги бардык типтеги жана аталыштагы билим берүүчү мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдарынын ички тартибинин эрежелерине жана эмгек тартибинин нормаларына баш ийүүгө.
2.2.5. Педагогикалык этиканын нормаларын сактоого.
2.2.6. Билим берүү мекемесинде толук үч жыл иштөөгө, андай болбогон учурда депозиттик эсебине түшкөн акча каражаты проценти менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигине кайтарылат.
3. Жумуш убактысы жана эс алуу убактысы
3.1. Жаш мугалимдин жумалык иш оорчулугу айлык акынын ставкасы үчүн педагогикалык иштин сааттарынын нормасынан кем эмести түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 478 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Акы төлөнбөгөн отпуска жана окуу отпускасы "Жаш мугалимдин депозити" программасынын колдонулуш мөөнөтүнө кошулбайт жана тиешелүү түрдө ага төлөнбөйт. Бала багуу боюнча отпускага чыккан учурда депозит боюнча төлөм жаш мугалим ишке кайра чыкканга чейин токтотулат жана ишке чыккан учурдан тартып төлөм калыбына келтирилет.
4. Эмгек талаш-тартыштарын чечүү
4.1. Тараптардын ортосунда талаш-тартыш келип чыкса, ал тараптардын түздөн-түз сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынууга тийиш.
4.2. Эгерде тараптардын ортосундагы талаш-тартыш жөнгө салынбаса, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилиши керек.
5. Келишимди бузуу
5.1. Жаш мугалим педагогикалык этиканын нормаларын бузган учурда келишим бардык типтеги жана аталыштагы билим берүүчү мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдарынын администрациясынын жана профсоюз комитетинин биргелешкен чечиминин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен бузулушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
5.2. Келишим, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бузулушу мүмкүн.
6. Бул келишим ага тараптар кол коюшкан учурдан тартып күчүнө кирет.
7. Келишим ар бир тарапка бирден берилүүчү 2 нускада түзүлдү.
Келишим кол коюлган күндөн тартып үч жыл бою колдонулат жана анын колдонулушу ушул Келишим-контракттын 3.2-пунктунда каралган учурлар келгенде өзүнөн-өзү узартылат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
Тараптардын реквизиттери
Министрлик Жаш мугалим
Дареги ________________________ Дареги _______________________
(дата, колу) (дата, колу)
М.О.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр |
Б.Талгарбеков
|