Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-ноябры № 730
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомуна ылайык билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмү жогорулагандыгына байланыштуу, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жана натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги төмөнкүлөрдү камсыз кылышсын:
- 2004-2010-жылдарда түзүлгөн "Жаш мугалимдин депозити" программасын аткаруу боюнча келишимдерди алардын жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин аткарууну;
- жаш мугалимге акча каражатын төлөө жөнүндө чечим кабыл алынган күнү кирешелерди алуу булагынан салык кармоону.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-сентябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына жаш адистерди бекитүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына жаш адистерди бекитүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-сентябрындагы № 702 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 52-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-сентябрындагы № 410 "Кыргыз Республикасынын мектептерин жаңы 2007-2008-окуу жылына даярдоо жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун бешинчи абзацы жана 6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 434 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарына жаш адистерди бекитүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-сентябрындагы № 702 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 478 "Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын тармактарынын абалы жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |