Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3- апрелиндеги № 194 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 30-январы № 47
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик
акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга
каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка
кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн
тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 28-августундагы № 377 токтомунун редакциясында)
Инфекциялык жана мите оорулар боюнча эпидемиялык абал татаалдаган,
өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар болгон учурларда эпидемияга
каршы жана профилактикалык иш-чаралардын ыкчам жүргүзүлүшүн камсыздоо
максатында, карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу ооруларга эпидемиологи-
ялык көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды
сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана
башка кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө тир-
келген Нускама (мындан ары - Нускама) бекитилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" бекитилген бюджет-
тин чегинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине эпи-
демиялык фонд боюнча каражаттардын өз убагында бөлүнүшүн камсыздасын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-августундагы № 377
токтомунун редакциясында)
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- бул Нускаманы жетекчиликке жана аткарууга алсын;
- эпидемиялык фонд боюнча чыгымдардын сметасын жыл сайын түзсүн
жана бекитсин;
- эпидемиялык фонддун каражаттарын Нускамага ылайык пайдаланууга
контролду камсыздасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-
кармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов