Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3- апрелиндеги № 194 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 30-январындагы № 47
токтому менен бекитилген
Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик
акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга
каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка
кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн
тартиби жөнүндө
НУСКАМА
I. Эпидемиялярга каршы иш-чараларга бюджеттик акча
каражаттарды сарптоонун тартиби жөнүндө
1. Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттар эпи-
демиялык татаалдоолорду жана инфекциялардын чыгышын жоюу боюнча атайын
иш-чараларды жүргүзүүгө ушул Нускаманын тиркемесине ылайык жумшалууга
тийиш.
Аталган акча каражаттар мындан тышкары инфекциялык жана мите оору-
лар, тамактан уулануулар көбөйгөн же таралуу коркунучу жаралган учур-
ларда эпидемияга каршы чукул иш-чараларды жүргүзүүгө жана карантиндик
жана өзгөчө коркунучтуу эпидемиялар боюнча мүнөздүү аймактарда пландуу
эпидемиялык жана эпизоотиялык иш-чараларды жүргүзүүгө жумшалууга тийиш.
2. Эпидемияларга каршы акча каражаттар бекитилген бюджетке жараша
каралат жана бюджеттик классификациянын "Саламаттык сактоо" деген
5-бөлүмүнүн 1.3.4.1. "Башка сатып алуулар жана кызмат көрсөтүүлөр" де-
ген статьясы боюнча 5.3.0.7. "Эпидемияларга каршы күрөшүү боюнча иш-ча-
ралар" дењгээли боюнча чагылдырылат.
Эпидемиянын чордонун жоюу боюнча атайын иш-чаралар өзүнчө сап ме-
нен ( "Сарптоолордун сметасынын аткарылышы тууралуу отчет" деген N 2
форма боюнча) көрсөтүлүп, ошондой эле төмөнкүдөй максаттарга жумшалууга
тийиш:
- убактылуу инфекциялык койкаларды (изоляторлорду, госпиталдарды,
обсерваторлорду) уюштурууга жана кармоого;
- убактылуу эпидемияга каршы кошуундарды (отряддарды, бригадалар-
ды, зоогруппаларды, адистештирилген көчмө бактериологиялык лаборатория-
ларды), ошондой эле инфекциялык оорулардын чордонунда убактылуу көчмө
мончо-дезинфекциялагыч түзүлүштөрдү жана жоюучу отряддарды уюштурууга
жана кармоого;
- саламаттык сактоо органдары атайын ишке тартуучу башка кызмат-
тардын жана ведомстволордун медициналык кызматкерлерине жана персоналы-
на командировка акыларын төлөөгө;
- атайын ишке тартылган транспортко төлөөгө;
- күйүүчү-майлоочу материалдарды, дезинфекциялоочу жана жуугуч са-
мын каражаттарды сатып алууга;
- байланыш каражаттарына төлөөгө;
- казармалык абалга которулган кызматкерлер үчүн жатаканаларды
кармоого;
- санитардык-маалыматтык адабияттарды чукул чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын бекитилген нормативдик укуктук актыларына
ылайык суткалык сарптоолордон кем эмес негизги экинчи маяна төлөөгө;
- чордонду жоюу жериндеги администрациялык-чарбалык кызматкерлерге
жана саламаттык сактоо органдарынын кызматкерлерине мөөнөттөн ашыкча
иши үчүн акы төлөөгө (мөөнөтүнөн ашыкча иш жөнүндө колдонуудагы мыйзам-
дарга ылайык).
3. Ушул Нускаманын 2-пунктунда каралган чыгымдар персоналга эмгек
акы төлөөгө, ооругандардын тамагына, медикаменттерди жана бактерияга
каршы препараттарды, лабораториялык изилдөөлөр үчүн материалдарды, де-
зинфекциялагыч жана жуугуч самын каражаттарды сатып алууга, жабдууларды
жана шаймандарды, жумшак инвентарды сатып алууга, ошондой эле убактылуу
уюштурулган эпидемияга каршы тармактын нормалдуу иштеши үчүн керектүү
башка чыгымдарга дарылоочу жана санитардык-эпидемиологиялык профилдеги
мекемелер үчүн белгиленген эсептик нормаларга ылайык жумшалууга тийиш.
4. Каражаттарды жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларга жумшоодо
төмөнкүлөргө таянуу керек:
- эпидемиялык оорулардын чордонун жоюучу жерлерге жардамга жибе-
рилчү эпидемияга каршы убактылуу отряддар, адистештирилген бактериоло-
гиялык көчмө лабораториялар, эпидемияга каршы пландан тышкаркы иш-чара-
лар Кыргыз Республикасынын Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы ата-
йын комиссиясынын чечими менен жана Кыргыз Республикасынын саламаттык
сактоо министринин буйругу менен уюштурулат.
- инфекциялык убактылуу койкалар Кыргыз Республикасынын Эпидемияга
каршы жана эпизоотияга каршы атайын комиссиясынын чечими болгон учурда,
инфекциялык ооруканалардын жана башка дарылоочу мекемелердин туруктуу
тармагы инфекциялык оорулуулардын баарын ооруканага жаткырууну камсыз-
дай алышпаган учурларда уюштурулат.
5. Республикалык бюджетте эпидемияга каршы күрөш боюнча иш-чара-
ларга каралган каражаттар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо ми-
нистри же анын орун басары бекиткен сметага ылайык, Кыргыз Республика-
сынын Саламаттык сактоо министрлиги түздөн-түз жүргүзүүчү иш-чараларды
каржылоого жумшалат.
Эпидемияларга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга бөлүнчү акча кара-
жаттардын эсебинен кармалчу убактылуу эпидемияга каршы мекемелердин
штаттары жана сарптоолорунун сметалары финансылык органдарда катталууга
тийиш эмес.
Эпидемияларга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга бөлүнчү акча кара-
жаттар ушул Нускаманын 2 жана 3-пункттарына ылайык арналган максат үчүн
гана чыгымдалууга тийиш.
Эпидемияларга каршы күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттардын жылдын аягына
карата пайдаланылбаган калдыктары мекеменин кассасында калат жана бюд-
жетке алып коюлбайт.
Дарылоочу жана санитардык-эпидемиологиялык мекемелерге зпидемияга
каршы иш-чараларды жүргүзүүгө бөлүнгөн каражаттар алардын Казыналыктын
бөлүмдөрүндөгү бюджет боюнча учурдагы эсептерине которулат.
6. Карантиндеги жана обсервациядагы оорулуу адамдар жалпы профил-
деги ооруканаларда тамактануу үчүн белгиленген эсептик нормаларга ыла-
йык тамактандырылат.
Инфекциянын чордонун жоюуга тартылып, казармалык абалга которулган
адамдар продуктулардын тобунун өздүк наркы боюнча акы төлөө менен та-
мактанышат.
II. Эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү
медициналык жана башка кызматкерлердин
командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө
7. Эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка
кызматкерлердин командировкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт:
- саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана ишке тар-
тылган адамдарына, анын ичинде окумуштуулук даражасы бар, эпидемияларга
каршы күрөшкө жиберилген адамдарга ушул Жобонун тиркемесинде
көрсөтүлгөн (карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялардан башка)
оорулардын чордондорунда болгон бардык убактысына командировканын ар
бир күнү үчүн Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына
ылайык бир күндүк орточо эмгек акысынын 70 проценти өлчөмдө кошумча ко-
мандировкалык акы төлөнөт;
- карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу оорулар менен ооруган элдин
ал ооруларды арасында жоюу боюнча жумушта иштеген медициналык жана баш-
ка кызматкерлерге ал оорулардын чордонун жоюу боюнча иштеген убакыт
үчүн Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык бир
күндүк орточо эмгек акысынын 70 проценти өлчөмдө суткалык акча жана
Кыргыз Республикасынын бекитилген нормативдик укуктук актыларына ылайык
негизги экинчи маяна суткалык чыгымдардан кем эмес төлөнөт;
- чордонду жоюу боюнча ишке тартылган медициналык жана медициналык
эмес кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын бекитилген нормативдик укук-
тук актыларына ылайык негизги экинчи маяна суткалык чыгымдардан кем
эмес төлөнөт;
- жапайы жаныбарлар арасындагы эпизоотияларды (чума, кутурма, ту-
ляремия, арбовирустук инфекциялар ж.б.) жоюу боюнча эпидемияга каршы
иш-чараларды жүргүзүүгө жиберилген медициналык жана башка кызматкерлер-
ге Кыргыз Республикасынын бекитилген нормативдик укуктук актыларына
ылайык негизги экинчи маяна суткалык чыгымдардан кем эмес төлөнөт.
8. Командировкага жиберилген кызматкерлер карантинде болгон учурда
орточо эмгек акысынын 100 проценти өлчөмдө суткалык акча төлөнөт (ка-
рантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар менен иштегенде).
9. Эпидемияга каршы чукул иш-чараларды жүргүзүүгө жиберилген меди-
циналык жана башка кызматкерлерге акы, ошондой эле алар эпидемиянын
чордонунан сырткарыда командировкада болгон учурда квартира акысы жана
суткалык чыгымдары Кыргыз Республикасынын кызматтык командировкалар
жөнүндө мыйзамдарына ылайык жалпы негизде төлөнөт.
10. Кызматкерлер командировкага жиберилип жаткан жерди эпидемиялык
жактан опурталдуу - ушул Жобонун тиркемесинде саналган инфекциялар бо-
юнча эпидемиянын чордону деп таануу Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлиги тарабынан, санитардык-эпидемиялык бейпилдикти кам-
сыздоо жагындагы ыйгарым укуктуу орган берген материалдар боюнча ишке
ашырылат жана ал мекемелердин маалымкаты менен ырасталат, маалымкат ко-
мандировкалык чыгымдарды төлөгөн мекеменин иш кагаздарында калат.
11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Каран-
тиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча республикалык борбо-
рунун, анын чумага каршы бөлүмчөлөрүнүн жана өзгөчө коркунучтуу инфек-
циялар боюнча бөлүмдөрүнүн, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөлдөө борборлорунун өзгөчө коркунучтуу инфекциялар (чума, туляре-
мия, кутурма, бруцеллез, күйдүргү, арбовирустук инфекциялар ж.б.) боюн-
ча мүнөздүү райондорго эпидемиологиялык жана эпизоотиялык изилдөөлөрдү,
жок кылуучу дератизациялык иштерди жүргүзүүгө командировкага жиберилген
кызматкерлерине экинчи негизги маяна төлөнөт, бирок ал Кыргыз Республи-
касынын нормативдик укуктук актылары менен бекитилген суткалык чыгым-
дардан кем болбоого тийиш.
12. Командировкага жиберилген адам эпидемиянын чордонунда аткарган
жумуш саламаттык сактоо органынын же мекемесинин маалымкаты менен ырас-
талат.
Эпидемиянын чордонуна командировкага жиберилгендер аткарган жумуш-
ту ырастаган маалымкатка кол койгон адамдар маалымкаттагы маалыматтар-
дын тууралыгы үчүн жооп беришет.
13. Командировкалардын мөөнөтү 3 айдан ашпоого тийиш, айрым учур-
ларда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тараптан
жалпысынан 4 айга чейин узартылат.
Айрым өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
министринин (анын орун басарынын) уруксаты менен командировкалардын
узактыгы жогоруда көрсөтүлгөн чектик мөенөттөн ашык узартылышы мүмкүн.
Тиркеме
Чордонун жоюу үчүн эпидемияга каршы фонддун
каражаттары жумшалууга тийиш болгон инфекциялардын
ТИЗМЕСИ
I. Карантиндик инфекциялар
1. Чума
2. Холера
3. Сары безгек
II. Өзгөчө коркунучтуу инфекциялар
1. Күйдүргү
2. Туляремия
3. Бруцеллез
4. Кутурма
5. Лептоспироз
6. Сап
7. Мелиоидоз
8. Ку безгек
9. Темгилдүү безгек
10. Эпидемиялык ич келте
11. Гемаррогиялык безгектер
12. Арбовирустар пайда кылчу оорулар
13. СПИД
14. ТОРС
III. Башка инфекциялык оорулар
1. Ич келте
2. А жана Б паратифтер
3. Дизентерия
4. Тамактан уулануулар
5. Ботулизм
6. Кептөөр
7. Сенек
8. Кургакучук
9. Менингококк инфекциясы
10. Вирустук гепатит
11. Орнитоз, пситтакоз
12. Полиемиелит
13. Кызамык
14. Скарлатина
15. Эпидемиялык паротит
16. Малярия
17. Котон жара
18. Микоздор
19. Грипп
Эскертүү: Бул Тизмеде каралбаган инфекциялык оору пайда болгон
учурда эпидемиялык фонддун каражатын бөлүү маселесин Кыргыз Республика-
сынын Саламаттык сактоо министрлиги чечет.