Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 59 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-январындагы № 22 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалпы жоболор
"Дамос" маалымат тармагынын структурасы
Республикалык "Дамос" маалымат тармагынын иши жана адам менен
жарандын укуктары жана эркиндиктери
"Дамос" маалымат тармагынын максаттары жана милдеттери
"Дамос" маалымат тармагынын мүчөлөрүнүн функциялары
"Дамос" маалымат тармагынын мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары
1. Баңги заттар жана баңгилик боюнча жашырын эмес маалыматтарды топтоо боюнча республикалык "Дамос" маалымат тармагы (мындан ары - "Дамос" маалымат тармагы) тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана борбордук органдардын, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын баңгиликтин жана наркобизнестин өсүшүнүн себептерин жана шарттарын аныктоо максатындагы алынчу маалыматтарды топтоо, жалпылоо, талдоо жана сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында баңги заттарга байланыштуу абалды жакшыртуу үчүн өз ара байланышта иштөөлөрүн камсыздоочу туруктуу иштеген система болот.
2. "Дамос" маалымат тармагы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга, ошондой эле ушул Жобого таянат.
3. "Дамос" маалымат тармагы өз алдынча юридикалык жак болбойт. Анын иши Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана борбордук органдарынын подразделениелери, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
"Дамос" маалымат тармагынын структурасы
4. "Дамос" маалыматтык тармагы төмөнкүлөрдөн турат:
- баңги заттар жана баңгилик боюнча жашырын эмес маалыматтарды топтоо боюнча республикалык фокустук топтоо борборунан;
- республикалык фокустук адамдардан;
- баңги заттарга керектөөнү мониторингдөө боюнча республикалык борбордон;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана борбордук органдарынын тийиштүү подразделениелеринин жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматкерлеринен турган маалыматтык байланышчы адамдардан.
5. Баңги заттар жана баңгилик боюнча жашырын эмес маалыматтарды топтоо боюнча республикалык фокустук топтоо борборунун ролун баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штабы аткарат.
Керектөөгө бөгөт коюу боюнча республикалык фокустук адамды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги дайындайт, ал эми баңги заттарды мыйзамсыз сунуштоого каршы күрөш боюнча фокустук адамды баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дайындайт.
Баңги заттарды керектөөнү мониторингдөө боюнча республикалык борбордун ролун Кыргыз Респубяикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык наркология борборунун уюштуруу-методика бөлүмү аткарат.
Маалыматтык байланыш адамдары саламаттык сактоо, ички иштер, жаза аткаруу, билим берүү жана илим, мамлекеттик чек араны кайтаруу, бажы иштери, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) жана баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү кызматкерлердин ичинен республикалык фокустук адамдын сунушу менен дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-январындагы № 22 токтомунун редакциясына ылайык)
Республикалык "Дамос" маалымат тармагынын иши жана адам менен жарандын укуктары жана эркиндиктери
6. "Дамос" маалымат тармагы адамдын жана жарандык укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү жашырын маалыматтарды топтоо максатын көздөбөйт.
"Дамос" маалымат тармагынын максаттары
жана милдеттери
7. "Дамос" маалымат тармагынын максаттары төмөнкүдөй:
- Кыргыз Республикасында баңгиликтин жана наркобизнестин көбөйүшүнө өбөлгө болгон айрыкча жалпы себептерди жана шарттарды аныктоо;
- Кыргыз Республикасында баңги заттарга байланыштуу абалды жакшыртуу.
8. "Дамос" маалымат тармагынын милдеттери төмөнкүдөй:
- баңги заттар боюнча абалды мониторингдөө;
- Кыргыз Республикасында баңги заттарга байланыштуу абалды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
"Дамос" маалымат тармагынын мүчөлөрүнүн
функциялары
9. Республикалык фокустук борбордун функциялары:
- республикалык фокустук борбордон келүүчү маалыматтарды жалпылоо;
- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызыкдар структураларды жалпыланган тийиштүү маалымат менен аныкталган тартипте камсыздоо;
- веб-сайт түзүү жана кармоо;
- маалыматтык адабияттарды даярдоо жана чыгаруу;
- атайын китепкананы түзүү жана иштешин камсыздоо;
- семинарларды жана окутуучу программаларды уюштуруу жана өткөрүү;
- отчетторду басып чыгаруу жана жарыялоо.
10. Республикалык фокустук адамдын фнукциялары:
- маалыматтык байланышчы адамдардан өзүнүн линиясы боюнча келүүчү маалыматтарды топтоо жана талдоо;
- баштапкы маалыматтарды, талдоолорду жана сунуштарды жалпылоо;
- маалыматтарды Республикалык фокустук борборго жалпылоо үчүн берүү;
- маалыматты жалпылоо, талдоо жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору жана борбордук органдары менен бирдикте өлкөдөгү баңги заттарга байланыштуу абалды жакшыртуу боюнча тийиштүү жалпыланган сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасында баңгизаттарга байланыштуу абал жөнүндө жыл сайынкы отчеттун тийиштүү бөлүмүн даярдоо.
11. Баңги заттарга болгон керектөөнү мониторингдөө боюнча республикалык борбордун функциялары:
- маалыматтарды топтоо жана иштетүү;
- алгачкы талдоо жана баштапкы сунуштарды даярдоо;
- фокустук адамга маалыматтарды, баштапкы талдоону жана сунуштарды берүү.
12. Маалыматтык байланышчы адамдын функциялары:
- маалыматтарды топтоо жана иштетүү;
- алгачкы талдоо жана баштапкы сунуштарды даярдоо;
- фокустук адамга маалыматтарды, баштапкы талдоону жана сунуштарды берүү.
"Дамос" маалымат тармагынын мүчөлөрүнүн
милдеттери жана укуктары
13. Республикалык фокустук борбордун милдеттери жана укуктары:
- маалыматты топтоонун жана талдоонун натыйжалуу системасын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү;
- республикалык фокустук адамдардан тийиштүү маалыматтарды суроо;
- республикалык "Дамос" маалымат тармагынын мүчөлөрүнө колдо болгон малыматтарды берүү.
14. Республикалык фокустук адамдын милдеттери жана укуктары:
- маалыматтык байланышчы адамдардан тийиштүү маалыматтарды суроо;
- Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна жана борбордук органдарына маалыматтык байланышчы адамдарды дайындоо жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- республикалык фокустук борбор өткөрүүчү иш-чараларга катышуу; Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна жана борбордук органдарына статистикалык отчетту жана талдоо иштерин өркүндөтүү жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- өкмөттүк эмес уюмдарды "Дамос" маалымат тармагынын ишине катышууга тартуу жана алардын баңгиликтин алдын алуу, баңгизаттарга көз каранды адамдарды дарылоо жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү иштер боюнча маалымат берүүсү жөнүндө маселелерди макулдашуу;
- донор уюмдардын жардамын тартуу;
- маалыматтардын өз убагында, сапаттуу жана толук берилишин контролдоо;
- маалымат берилбеген, же сапатсыз, толук эмес же бурмаланган мааалымат берилген учурда Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна жана борбордук органдарына андай чекиликтер жөнүндө билдирүү.
15. Баңгизаттарга керектөөнү мониторингдөө боюнча республикалык борбордун милдеттери жана укуктары:
- тийиштүү статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды республикалык фокустук адамга белгиленген мөөнөттөрдө жана форматта берүү;
- республикалык фокустук борбор өткөрүүчү иш-чараларга катышуу.
16. Маалыматтык байланышчы адамдын милдеттери жана укуктары:
- тийиштүү статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды республикалык фокустук адамга белгиленген мөөнөттөрдө жана форматта берүү;
- баңгизаттарга керектөөнү мониторингдөө боюнча республикалык борбор жана республикалык фокустук борбор өткөрүүчү иш-чараларга катышуу.