Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-сентябры № 512
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомунун редакциясына ылайык)
Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу сарптоону камсыздоо, социалдык төлөмдөрдүн даректүүлүгүн оптималдаштыруу жана күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 "Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө" токтому менен бекитилген 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун биринчи үч жылдык планы катары 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекепик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1 - пунктунда:
- бешинчи абзацындагы "окутуу мөөнөтү 10 айдан ашык эмес" деген сөздөр жана цифралар "окутуу мөөнөттөрү 1 жыл жана 2 жылдык" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
- алтынчы абзацындагы "2 жана 3 жылдан өйдө" деген цифралар жана сөздөр "3 жылдык" деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын биринчи курстарынын окуучуларына окуунун биринчи жарым жылдыгында стипендия учурдагы бааларын эске алуу менен, андан кийин окуунун жарым жылдык жыйынтыктары боюнча төлөнөт;".
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин бекитилген бюджеттик каражаттарынын чегинде ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-февралындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылуу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |