КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 20-марты № 175 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерине толуктоолорду киргизүү тууралуу Менчиктин бардык формаларынын өнүгүшүнө бирдей шарттарды камсыздоомаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы №65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инс-пекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилгенАвтомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Рес-публикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекци-ясында каттоо эрежелерине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: - 3-пунктунда: - жетинчи абзацы "белгиленген үлгүдөгү" деген сөздөрдөн кийин ",анын ичинде товардык биржада катталган биржалык бүтүмдөр боюнча са-туу-сатып алуу келишимдеринин негизинде" деген сөздөр менен толуктал-сын; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Товардык биржаларда катталган биржалык бүтүмдөрдүн натыйжасындасатып алынган транспорт каражаттарын каттоо мурда Кыргыз Республикасы-нын Ички иштер министрлигинин МАИ башкармасында аныкталган тартиптекатталган автотранспортко карата гана жүргүзүлөт."; - 15-пункттун "ж" пунктчасы "ишкер" деген сөздөн кийин ", респуб-ликага алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн алынып келген автотранспорткаражаттарынан башка биржалык бүтүмдөр боюнча сатуу-сатып алуукелишими" деген сөздөр менен толукталсын; - 48-пункту: "фискалдык органдардын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле то-вардык биржалардын аукциондук тооруктары аркылуу сатып алынган же са-тылган автотранспорт каражаттарын" деген сөздөр менен толукталсын; "аукциондук сооданын" деген сөздөрдөн кийин "аукциондук нарк та-рифтик жөнгө салууга жатпагандыктан" деген сөздөр менен толукталсын. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланганкүндөн баштап күчүнө кирет. Премьер-министр Ф.Кулов