Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтому менен бекитилген |
Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460, 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620, 2006-жылдын 20-мартындагы № 175, 2006-жылдын 27-апрелиндеги № 307, 2006-жылдын 4-июлундагы № 489, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2008-жылдын 30-январындагы № 34,, 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658, 2009-жылдын 6-июлундагы № 435, 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 601, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232, 2011-жылдын 27-майындагы № 259, 2012-жылдын 16-мартындагы №180, 2012-жылдын 28-майындагы № 329, 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 231, 2015-жылдын 23-сентябры № 659, 2015-жылдын 7-октябры № 689, 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин каттоонун ушул Эрежелери жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүүгө арналган жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан уюмдарга (анын ичинде ишканаларга, мекемелерге), Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жарандарга, жарандыгы жок адамдарга таандык болгон, кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб сантиметрден көп жана максималдуу конструктордук ылдамдыгы 50 км/сааттан ашкан автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, анын ичинде башка мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасына 6 айдан ашпаган мөөнөткө убактылуу алып келинген транспорт каражаттарын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында мамлекеттик каттоонун Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы бирдиктүү тартибин белгилейт.
Эрежелерди транспорт каражаттарынын ээси болгон бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар аткарууга милдеттүү.
Документтерди толтуруу, транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо), эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин (мындан ары - Департамент) каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү берүүчү транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо, каттоо маалыматтарын өзгөртүү, каттоодон алып салуу аларды эсепке алууну ишке ашыруучу аскер комиссариаттары менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232, 2012-жылдын 16-мартындагы №180 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Транспорт каражаттарынын менчик ээлери же менчик ээлеринин атынан транспорт каражаттарын пайдаланган жана (же) ишеним каттын негизинде тескеген адамдар "Транзит" деген каттоо белгиси колдонулган мөөнөттүн ичинде же сатып алгандан, бажы документтерин толтургандан, номерлүү агрегаттарын алмаштыргандан же каттоо маалыматтарын өзгөртүүнү талап кылган башка кырдаалдар келип чыккандан кийин 5 сутканын ичинде аларды каттатууга же каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө, ошондой эле менчик укугу токтотулар алдында же каттоо орду өзгөргөн учурда аларды катталган жериндеги эсептен чыгарууга милдеттүү.
Каттоо маалыматтарын өзгөртүү Департаменттин бөлүмдөрү берген, каттоо иш-аракеттери жасалган каттоо документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтар кандайдыр-бир өзгөртүлгөн учурда же көрсөтүлгөн документтерге ушул Эрежелерге ылайык кошумча маалыматтарды киргизүү зарылчылыгы келип чыккан учурда жүргүзүлөт.
Каттоо документтерине транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк же, эгерде транспорт каражаттарынын техникалык паспорттору алмаштырылбаса, ал паспорттор, транспорт каражатынын техникалык талону кирет.
Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга таандык тракторлорду, трактор чиркегичтерин, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, ичинен тутануучу кыймылдаткычы бар технологиялык түзүлүштөрдү каттоо Департаменттин бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Транспорт каражаттары каттоо документтеринде, эсеп-справкасында же башка докуметтерде көрсөтүлгөн юридикалык жактарга жана жеке адамдарга гана катталат.
Эгер транспорт каражаттын менчик ээси аны сатуу-сатып алуу келишими боюнча, каттоо бөлүмдөрүндө баштапкы каттатуусуз өзү сатса, ошондой эле эгер ал бүтүм "ажыратууга укугу бар" ишеним каттын негизинде ишке ашырууга ыйгарым укуктуу адам тарабынан жасалса, анда мындай учурда мамлекеттик каттоо Департаменттин жетекчилигинин уруксаты менен гана ишке ашырылышы мүмкүн. Мында каттоо сатып алуучу аны каттатуу үчүн бардык белгиленген жыйымдарды төлөгөндөн кийин жүргүзүлөт.
Каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери транспорт каражаттарынын менчик ээлеринин же ишеним катиын негизинде менчик ээсинин атынан транспорт каражаттарын пайдаланган жана (же) тескеген адамдардын укуктарын жүзөгө ашырууга жана мыйзамдуу таламдарын коргоого көмөктөшүүгө, көрсөтүлгөн адамдардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына түздөн-түз тиешелүү документтер жана материалдар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алардын талабы боюнча берүүгө, ошондой эле каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө же аларды жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга негиз болгон башка маалыматты берүүгө милдеттүү.
Каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө байланыштуу өздөрүнө белгилүү болгон маалыматтарды мыйзамдарда каралгандан башка учурларда жарыя кылууга тыюу салынат.
Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилген, транспорт каражаттарына номерлүү агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүргөн документтерде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: алар түзүлгөн дата жана орду, бүтүмдүн (мамлекеттик органдын чечиминин) маңызы жана шарттары, анын ичинде транспорт каражатынын наркы, тараптардын даректери, реквизиттери жана колтамгалары (юридикалык жактар үчүн - мөөр менен күбөлөндүрүлгөн колтамгалар), транспорт каражаты жөнүндө маалыматтар (маркасы, модели), модификациясы (тиби), чыккан жылы, түсү, шассисинин (рамасынын), кузовунун (коляскасынын, чиркегичинин), кыймылдаткычынын өндүрүштүк катар номери, каттоо документинин сериясы, номери, берилген датасы жана аларды берген уюмдун аталышы.
Транспорт каражатына менчик укугун белгилөөнү, өзгөртүүнү жана токтотууну күбөлөндүргөн келишимдер жана башка документтер белгиленген тартипте толтурулган транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк же техникалык паспорт, транспорт каражаттын паспорту (мындан ары - ТКП) сунуш кылынган шартта каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн кабыл алынат.
Транспорт каражаттарын, номерлүү агрегаттарды жеке же юридикалык жактарга каттоо белгиленген эсеп-справкалардын же каттоо бөлүмдөрү берген справкалардын, анын ичинде товардык биржада катталган биржалык бүтүмдөр боюнча сатуу-сатып алуу келишимдеринин негизинде гана жүргүзүлөт.
Каттоо иш өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Адистештирилген информациялык кызмат көрсөтүүлөр борборунун компьютердик тармагы аркылуу же анын жер-жерлердеги филиалдарында жүргүзүлөт жана эсепке алынат.
Каттоо иш өндүрүшү, каттоо документтерин жана каттоо бөлүмдөрү берүүчү башка докуметтерди толтуруу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн реквизиттери Бириккен Улуттар Уюмунун 1968-жылдын 8-ноябрындагы Вена шаарындагы Жол кыймылы боюнча конференциясында кабыл алынган Жол кыймылы жөнүндө конвенциянын талаптарына ылайык латын алфавитиндеги тамгалар менен кайталанат.
Транспорт каражаттарына менчик укугун күбөлөндүргөн документтер жана каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн сунуш кылынган, башка тилде түзүлгөн башка документтер кыргыз же орус тилине которулууга жана аларда бир тилден экинчи тилге которуунун тууралыгы жөнүндө нотариустун же мындай нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укугу бар башка кызмат адамынын күбөлөндүргөн жазуулары болууга тийиш.
Товардык биржаларда катталган биржалык бүтүмдөрдүн натыйжасында сатып алынган транспорт каражаттарын каттоо мурда Департаментте аныкталган тартипте катталган автотранспортко карата гана жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620, 2006-жылдын 20-мартындагы № 175, 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери транспорт каражаттарынын менчик ээлери каттоо иш-аракеттерин жасоо, каттоо документтерин, каттоо белгилерин жана жол кыймылына катышууга автомототранспортко жол берүү үчүн зарыл болгон башка атайын продукцияны берүү үчүн каттоо жыйымдарын төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияларды же төлөм тапшырмаларын беришине контролдукту жүзөгө ашырат.
Эгерде транспорт каражаттарынын менчик ээлери көрсөтүлгөн салыктарды, жыйымдарды төлөөдөн мыйзамдарда белгиленген тартипте бошотулган болсо, квитанцияларды же төлөм тапшырмаларын берүү талап кылынбайт.
5. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү учурунда каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери транспорт каражаттарынын менчик ээлеринин же алардын өкүлдөрүнүн ким экендигин паспорттун же аны алмаштырган, белгиленген тартипте берилген документтин негизинде аныкташат. Менчик ээсинин өкүлү жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган учурда менчик ээсинин таламдарын билдирүүгө анын укуктары мыйзамдарга ылайык түзүлгөн документтердин негизинде текшерилет.
Транспорт каражатынын менчик ээси сот тарабанан эмгекке жараксыз же жөндөмү чектелүү деп табылган адам болгон учурда мындай адамдын атынан тиешелүү түрдө камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу иш жүргүзөт.
Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан, анын жечекчисинин же буга уюштуруу документтери тарабынан ыйгарым укуктуу башка адамдын колтамгасы менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат, мында бул уюмдун мөөрү басылат.
14 жаштан 16 жашка чейинки курактагы жарандардын ким экендигин аныктоо бойго жете элек адамдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк көрсөтүлгөн учурда ата-эненин (асырап алуучулардын), камкордукка алуучулардын (көзөмөлдүк кылуучулардын) же камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.
Транспорт каражаттарынын менчик ээлери 14 жаш куракка жетпеген адамдар болгон учурларда каттоо иш-аракеттери алардын атынан ата-энеси, камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу тарабынан гана, ал эми менчик ээлери 14 жаштан 18 жашка чейинки курактагы адамдар болгон учурда бул адамдар тарабынан өздөрүнүн мыйзамдуу ата-энесинин, камкордукка алуучунун же көзөмөлдүк кылуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт.
Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү учурунда транспорт каражаттары менчик укугун ырастаган документтерге, каттоо документтерине жана (же) транспорт каражаттарынын паспортторуна алардын ылайык келе тургандыгы жана жол кыймылына катышууга жол берүү мүмкүнчүлүгү жагынан текшерип каралат.
Сунуш кылынган документтер, мамлекеттик каттоо белгилери жасалмалыгынын, транспорт каражаттарына аны чыгарган уюмдар койгон маркировкалар өзгөртүлгөндүгүнүн, жок кылынгандыгынын, номер агрегаттары сунуш кылынган документтерге же каттоо маалыматтарына ылайык келбегендигинин белгилери табылган, ошондой эле транспорт каражаттары, номер агрегаттары издөөдө экендиги же сунуш кылынган документтер жоголгондордун (уурдалгандардын) катарында экендиги жөнүндө маалыматтар бар болгон учурда мындай документтер, каттоо белгилери кармалат, мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү маалымат ички иштер органдарына жөнөтүлөт.
Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу (токтотуу) жөнүндө ички иштер органынын жүйөлүү токтому берилген учүрда катоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө коюлган чектөөлөр алып салынат. Кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарылган учурда каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү иш боюнча өндүрүш мыйзамдарда белгиленген тартипте аяктаганга чейин кийинкиге калтырылат.
Транспорт каражаттарын кармоо мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Каттоо бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү каттоо жана башка документтери бул бөлүмдүн кызмат адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Документтерди, ошондой эле каттоо белгилерин алуу фактысы катталган транспорт каражаттарынын реестринде же каттоо иш-аракеттери автоматташтырылган түрдө жүргүзүлгөн учурда арызда менчик ээсинин колтамгасы же менчик ээсинин атынан ишеним каттын негизинде транспорт каражаттарын пайдаланган жана (же) тескеген адамдын колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
Бул Эрежелерди бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү учурунда өздөрүнүн укуктары жана мыйзамдуу таламдары бузулду деп эсептеген транспорт каражаттарынын менчик ээлери же менчик ээсинин атынан ишеним каттын негизинде транспорт каражаттарын пайдаланган жана (же) тескеген адам бул жөнүндө даттанууну жогору турган ички иштер органына же сотко берүүгө укуктуу.
Иш-аракеттери же чечимдери сот тартибинде даттанылган ички иштер органдарынын кызмат адамдары мыйзамдарга ылайык даттанылган иш-аракеттердин (чечимдердин) мыйзамдуулугун сотто документтер менен далилдөөгө милдеттүү; жаран даттанылган иш-аракеттердин (чечимдердин) мыйзамдуулугун далилдөө милдетинен бошотулат, бирок өзүнүн укуктары менен эркиндиктери бузулгандыгынын фактысын далилдөөгө милдеттүү.
6. Каттоо иш-аракеттери төмөнкүлөргө жүргүзүлбөйт:
- конструкциясы же конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрү жол кыймылынын коопсуздугу жагынан Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан эрежелердин, нормативдердин жана стандарттардын же сунуш кылынган документтердин талаптарына ылайык келбеген транспорт каражаттары;
- оперативдүү жана атайын максаттарга арналган жана стандарттардын талаптарына ылайык келбеген транспорт каражаттары;
- мурда Департаменттин бөлүмдөрүндө катталган жана катталган жериндеги эсептен чыгарылбаган транспорт каражаттары;
- карандаш менен жазылган же өчүрүлгөн же кошуп жазуусу, чийилген сөздөрү, ошондой эле эскертилбеген оңдоолору бар документтер көрсөтүлгөн документтердин тексти айкын жана так жазылууга тийиш. Жарандардын фамилиясы, аты-жөнү алардын жашаган жерин көрсөтүү менен толук жазылууга, ал эми юридикалык жактардын аталыштары кыскартылбастан жана юридикалык даректерди так көрсөтүү менен жазылууга тийиш. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн сунуш кылынган документтердин, ошондой эле катто документтеринин жана катто бөлүмдөрү берген башка документтердин көчүрмөлөрү (анын ичинде фотокөчүрмөлөр жана жарыккөчүрмөлөр) түп нусканы алмаштыра албайт;
- запастык бөлүктөрдөн жана агрегаттардан чогултулган же керектен чыгарылган тетиктерден кайрадан калыбына келтирилген транспорт каражаттары;
- өз алдынча жасалган же техникалык шарттарды бузуу менен кайра жабдылган, сертификациядан өтпөгөн же техникалык шарттар боюнча Департаменти менен макулдашылбаган транспорт каражаттары;
- транспорт каражатынын ээсинен салык же мыйзамдарда белгиленген башка акча жыйымдары төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны же төлөм тапшырмасын менчик ээси сунуш кылбаган юридикалык жана жеке жактарга тиешелүү автотранспорт каражаттары.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Каттоо бөлүмдөрү жүргүзүүчү иш-аракеттер
7. Каттоо бөлүмдөрү өздөрүнүн функциялык милдеттерин аткаруу учурунда төмөнкүдөй иш-аракеттерди жасайт:
- ТКП беришет;
- транспорт каражаттарын каттайт;
- транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берет;
- каттоо белгилерин берет;
- жасалган иш-аракеттердин реестрин жана транспорт каражаттарынын күрөөсү жөнүндө келишимди каттоону жүргүзөт;
- каттоо маалыматтарын өзгөртөт;
- транспорт каражаттарын эсептен чыгарат;
- "Транзит" каттоо белгилерин берет;
- Департаментте катталган транспорт каражаттары жүргөн жерди убактылуу каттайт;
- транспорт каражаттарынын жоголгон, пайдаланууга жараксыз, колдонулуп жаткан стандарттарга ылайык келбеген каттоо белгилеринин ордуна жаңыларын берет;
- транспорт каражатынын паспорту жөнүндө жободо жана ушул Эрежелерде каралган учурларда транспорт каражаттарынын жоголгон же жараксыз паспортторунун ордуна алардын дубликаттарын берет;
- ушул Эрежелерде каралган учурларда транспорт каражаттарын техникалык жактан кароонун актыларын берет;
- Департаментте катталган транспорт каражаттарынын бошогон номерлүү агрегаттарына документтерди берет;
- жүргүзүлгөн каттоо иш-аракеттери, катталган транспорт каражаттары (номерлүү агрегаттар) жана алардын менчик ээлери жөнүндө же менчик ээлеринин атынан каттоо иш-аракеттерин жүргүзгөн адамдар жөнүндө справкаларды (реестрлерден көчүрмөлөрдү) берет;
- айдап качылган жана уурдалган автомототранспорттун картотекалык эсебин жүргүзөт;
- транспорт каражаттары айдап качылгандыгы, уурдалгандыгы же алар издөөдө экендиги жагынан компетенттүү органдар аркылуу текшерүүнү белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
- нотариалдык конторалар берген ишеним каттары боюнча транспорт каражаттарын башкарган адамдарды каттоону жана эсепке алууну жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Автотранспорт каражаттарын каттоо.
Транспорт каражаттарын каттоо боюнча негизги талаптар
8. Юридикалык жактардын жаңыдан түзүлгөн авточарбаларына автомототранспорт каражаттары белгиленген тартипте катталган уставдын негизинде жана транспорт каражаттары токтоп туруучу жана сакталуучу аймактарды иликтөөнү жүргүзгөн мамлекеттик автоинспектордун чечимине ылайык транспорттун санына карабастан катталат.
9. Жеке адамдардын транспорт каражаттары транспорт каражатынын менчик ээсинин паспортунда же аны алмаштырган документте көрсөтүлгөн анын туруктуу жашаган жери боюнча, ал эми юридикалык жактарга - алардын юридикалык дареги боюнча катталат.
10. Жарандардын жеке менчигинде болгон транспорт каражаттары бир ээлик кылуучуга гана катталат.
Жазуу жүзүндөгү арыз бар болгон учурда каттоо жөнүндө күбөлүктүн өзгөчө белгирерине ээлик кылуучунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча транспорт каражаттарынын тең ээлик кылуучуларынын фамилияларын киргизүүгө жол берилет.
Көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу же кайра каттоо транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн тең ээлик кылуучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
11. Аскер кызматчыларына транспорт каражаттары аскер бөлүктөрүнүн командованиеси аныкталаган жана белгиленген тартипте берилген документтер менен ырасталган алардын жашаган жери боюнча катталат.
12. Кыргыз Республикасынын ТИМинин алдында аккредиттелген дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөргө, эл аралык (мамлекеттер аралык) уюмдарга, чет өлкөлүк банктарга, чет өлкөлүк басма сөз, радио, телекөрсөтүү органдарына жана башка уюмдарга таандык болгон транспорт каражаттарын каттоо бул өкүлчүлүктөрдү, уюмдарды, басма сөз, радио, телекөрсөтүү органдарын каттаган мамлекеттик органдар берген документтерде көрсөтүлгөн дарек боюнча, ал эми чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - ички иштер органдарында катталган документтерде көрсөтүлгөн дарек боюнча жүргүзүлөт.
13. Качкындарга жана аргасыздан көчкөн адамдарга таандык транспорт каражаттарын каттоо Кыргыз Республикасынын миграциялык кызматынын органы берген күбөлүктө көрсөтүлгөн анын жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.
14. Республикага ташылып келген транспорт каражаттарын жана номерлүү агрегаттарды каттоо Кыргыз Республикасынын бажы жана чек ара органдары берген документтер (бажылык кириштөө ордери же товарга декларация, коштомо кагазы (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүдө (импорттоодо) колдонулат)) бар болгон учурда гана жүргүзүлөт.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн ташып киргизилген транспорт каражаттарын каттоо Евразия экономикалык бирлигинин сертификаттоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын (борборлордун) Бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториялары (диагностикалык борборлор) берген документтин негизинде гана жүргүзүлөт (транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк).
Автомототранспорт каражаттарынын жана номерлүү агрегаттардын бажы документтерин толтуруу Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилеген тартипте региондук бажы органдарында жүргүзүлөт.
Юридикалык жактар жана жеке адамдар кайра алып кетүү жөнүндө милдеттенме астында Кыргыз Республикасынын аймагына 6 айдан ашык мөөнөткө убактылуу ташып келген транспорт каражаттарын каттоо алардын бажы документтери толтурулгандан кийин, транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болушунун бажы документтеринде көрсөтүлгөн мөөнөтүнө транспорт каражаты катталганы жөнүндө күбөлүктөрдү жана каттоо белгилерин берүү менен жүргүзүлөт. Мындай учурларда башка мамлекеттердин транспорт каражаттарын каттоо документтери жана каттоо номерлери каттоо бөлүмүнө тапшырылат жана мындай транспорт каражаттарын эсептен чыгарганда кайра берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658, 2011-жылдын 27-майындагы № 259, 2015-жылдын 7-октябры № 689, 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Ушул Эрежелердин III бөлүмүндө каралган каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн транспорт каражаттарынын менчик зэлери төмөнкүлөрдү тапшырышат:
а) аныкталган арызды;
б) каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн кайрылган жарандын ким экендигин тастыктаган документти;
в) белгиленген салыктар жана жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө документтерди;
г) каттоо документтерин;
д) транспорт каражатын, буга ал утилдештирилген учурлар кирбейт. Транспорт каражатын көрсөтүүгө тоскоолдук кылган кырдаалдар болгон учурда транспорт каражаты турган жердеги Департамент бөлүмүндө түзүлгөн жана каттоо бөлүмүнүн начальниги тарабынан күбөлөндүрүлгөн аларды кароо актыларын сунуш кылууга жол берилет. Актынын жарактуулук мөөнөтү 20 сутка;
ж) жасап чыгаруучу уюм, расмий өкүл (дистрибьютер, дилер), жасап чыгаруучу завод, соода уюму, ишкер берген маалымдама-эсепти, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн республикага алып келинген автотранспорт каражаттарынан башка биржалык бүтүмдөр боюнча сатуу-сатып алуу келишимин же транспорт каражатына, номерлүү агрегатка менчик укугун күбөлөндүргөн башка документти;
жасап чыгаруучу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер) болуп жасап чыгаруучу завод (анын соода үйү) менен дистрибьютердик же дилерлик макулдашуусу (контракт же ниеттер протоколу), ырастоо-каты же дистрибьютердин же дилердин өндүрүүчү тарабынан берилген статусун күбөлөндүрүүчү сертификаты бар соода уюму эсептелет.
Транспорт каражатына, номерлүү агрегатка менчик укугун кубөлөндүргөн башка документтерге төмөнкүлөр кириши мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген транспорт каражаттарына, номерлүү агрегаттарга бажы органдары берген документтер;
- майыптарга транспорт каражаттарын бөлүү жөнүндө калкты социалдык жактан коргоо органдары берген документер;
- соттун чечимдери, мажбурлап аткаруу органдарынын же бажы органдарынын токтомдору, финансылык полиция органдарынын буйруктары;
- мүлктү мурастоого укук жөнүндө келишимдер, күбөлүктөр жана мыйзамдарга ылайык түзүлгөн башка документтер;
з) транспорт каражаттарынын каттоо белгилерин же "Транзит" каттоо белгилерин жана (же) Кыргыз Республикасына ташылып келген транспорт каражаттарын каттаган мамлекеттин каттоо документтери жана каттоо номерлери.
и) Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн республикага ташып киргизилген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин сертификаттоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын (борборлордун) Бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториялары (диагностикалык борборлор) берген автотранспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 175, 2009-жылдын 6-июлундагы № 435, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Юридикалык жактарга таандык транспорт каражаттарын каттоо үчүн алардын мамлекеттик каттоосун ырастаган документтер кошумча түрдө талап кылынат.
17. Чет өлкөлүк басма сөз, радио, телекөрсөтүү органдарынын кызматкерлерине таандык транспорт каражаттарын каттоо үчүн кызматтык аккредиттөө карточкалары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ыйгарым укуктуу ведомстволук подразделениесинде катталган улуттук паспорттор кошумча түрдө көрсөтүлөт.
Республикада аккредиттелген чет өлкөлүк банктардын жана башка уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине таандык болгон транспорт каражаттарын каттоо үчүн аккредиттөө карточкалары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ыйгарым укуктуу ведомстволук подразделениесинде катталган улуттук паспорттор көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ушул Эрежелердин 17-пунктунда көрсөтүлбөгөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга таандык транспорт каражаттарын каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ыйгарым укуктуу ведомстволук подразделениесинде катталган улуттук паспорттор же жашоого документи кошумча түрдө көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Транспорт каражаттарын каттоо, каттоо номерлерин өзгөртүү, эсептен чыгаруу, каттоо документтерин жана каттоо белгилерин алмаштыруу учурунда транспорт каражаттарынын паспортторунда тиешелүү белгилер коюлат.
20. Коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы, Юстиция министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги юридикалык жактарга жана жарандарга саткан, мурда каттоо бөлүмдөрүндө катталбаган транспорт каражаттарын каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- жетекчинин буйругунун;
- гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн наряд-эсептин (3ОО-форма);
- бөлүктүн командири тарабынан бекитилген техникалык абал актысынын;
финансы бөлүмү берген кассалык кириш ордеринин квитанциясынын.
Эскертүү: "А" табелинен "Б" табелине которуу учурунда транспортту каттоо ушундай эле түрдө жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Транспорт каражаттарын жеке ээлерге каттоо төмөнкүдөй учурларда да жүргүзүлөт:
- автотранспорт каражаттарына документтер бар болгон, ошондой эле алар жок болгон учурда ээсиз, финансылык жана мамлекеттик органдардан ээсиз, ошондой эле конфискацияланган катары кабыл алынган транспортту комиссиялык дүкөндөр саткан учурда документтин, мында эсеп-справканын арткы бетине "Соттун, салык инспекциясынын, финансылык полициянын жана бажы контролу органдарынын кызматынын чечиминин негизинде кабыл алынды жана сатылды" (документ көрсөтүлөт) деген жазуу жазылат да, ал дүкөндүн (мекеменин) директорунун колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт;
- жарандар түздөн-түз ишканалардан (бирикмелерден), кооперативдерден жана башка уюмдардан сатып алган автомототранспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктүн (техникалык паспорттун, талондун), кириш ордеринин квитанциясынын, сатып алуу-сатуу, тартуулоо келишиминин, ал эми мамлекеттик органдар үчүн - Маммүлк министрлигинин аймактык башкармаларынын уруксатынын (ырастоосунун) негизинде жүргүзүлөт;
- буюм лотереяларын өткөрүү учурунда, спорттук иш-чаралардын жана ар кандай шоу-программалардын учурунда (спорт сарайында, стадиондордо жана башка спорттук жайларда) жарандар утуп алган автомототранспорт каражаттарын каттоо белгиленген формадагы эсеп-справкалардын негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Катталган транспорт каражаттарына каттоо документтери, ошондой эле тиешелүү типтердеги каттоо белгилери берилет. Автомобилдерге жана автобустарга - экиден, ал эми мототранспорт каражаттарына жана чиркегичтерге бирден каттоо белгиси берилет.
23. Республикага 6 айдан ашык мөөнөткө келген транспорт каражаттарына фону сары болгон "Р" сериясындагы номер белгилери берилет.
24. Белгиленген тартипте республиканын аймагында ачылган чет өлкөлүк фирмалардын, банктардын, авиакомпаниялардын жана башка уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жана бул өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгон транспорт каражаттарына фону сары болгон "М" сериясындагы мамлекеттик номер белгилери берилет.
Кызматкерлердин жеке транспорт каражаттарына "М" сериясындагы номер белгилерин берүү үчүн негиз болуп ички иштер органдарында катталган улуттук паспорттор же министрликтер, ведомстволор берген кызматтык күбөлүктөр саналат.
25. Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүнүн, алардын кызматкерлеринин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн транспорт каражаттарына фону сары болгон "К" сериясындагы мамлекеттик номер белгилери берилет.
Жеке транспорт каражаттарына "К" сериясындагы номер белгилерин берүү үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги берген кабарчылардын күбөлүктөрү же техникалык персоналдын күбөлүктөру, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү үчүн - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ыйгарым укуктуу ведомстволук подразделениесинде катталган улуттук паспорттор саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Биркелешкен кыргызстандык-чет өлкөлүк ишканалардын чет өлкөлүк жарандар же бул ишканалардын чет өлкөлүк кызматкерлери башкарган транспорт каражаттарына; чет өлкөлүк жарандарга прокатка берилген транспорт каражаттарына; чет өлкөдө туруктуу жашаган жана республикага жеке иштери боюнча келген чет өлкөлөрдүн жарандарынын транспорт каражаттарына; жашоого уруксат боюнча республикада туруктуу жашап жаткан чет өлкөлүк жарандардын транспорт каражаттарына фону сары болгон "Н" сериясындагы мамлекеттик номер белгилери берилет.
"Н" сериясындагы номер белгилерин берүү үчүн негиз болуп транспорт каражаттарынын ээлеринин арызы саналат.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, дипломатиялык кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, чет өлкөлүк ишканаларга жана алардын кызматкерлерине, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга таандык болгон автомобиль чиркегичтерине жана мототранспорт каражаттарына Кыргыз Республикасынын жеке адамдарына жана юридикалык жактарына берилүүчү номер белгилери берилет.
Эскертүү: Биркелешкен кыргызстандык-чет өлкөлүк ишканалардын транспорт каражаттарын республиканын аймагында турүктуу жашаган кыргыз жарандары башкарган учурда республиканын уюмдарынын жана жарандарынын транспорту үчүн каралган номер белгилери берилиши мүмкүн.
27. Кызыл фондо ак түстөгү катталган номердик белгилер төмөнкүлөргө берилет:
- "D" сериясы - чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, алардын башчыларынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспорт каражаттарына; Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясынын жоболоруна ылайык статустары дипломатиялык агенттердин статустарына теңештирилген алардын эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, алардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарына;
- "Т" сериясы - дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле аларга теңештирилген өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык жана тейлөө персоналдарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспорт каражаттарына;
- "С" сериясы - чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, алардын башчыларынын жана консулдук кызмат адамдарынын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспорт каражаттарына;
- "НС" сериясы - Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарынын кызматтык автотранспорт каражаттарына берилет.
Көгүш фондо ак түстөгү катталган номердик белгилер төмөнкүлөргө берилет:
- "D" сериясы - БУУ системасынын өкүлчүлүктөрүнүн, алардын башчыларынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспорт каражаттарына;
- "Т" сериясы - БУУ системасынын өкүлчүлүктөрүнүн, администрациялык-техникалык жана тейлөө персоналдарынын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн автотранспорт каражаттарына берилет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-сентябры № 659 токтомдун редакциясына ылайык)
28. Дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол кызматында аккредиттелген кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгон автотранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын Кыргыз Республикасында аккредиттелген кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө нормативдик-укуктук актыларга ылайык "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, дипломатиялык кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, чет өлкөлүк ишканаларга жана алардын кызматкерлерине, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга таандык болгон автомобиль чиркегичтерине жана мототранспорт каражаттарына Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына ушундай транспорт каражаттары үчүн берилүүчү номер белгилери берилет.
29. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
30. Автомототранспорт каражаттарын башка транспорт каражатына бекитилген номер белгилери менен пайдаланууга тыюу салынат.
31. Жеке адамдарга таандык автомобилдерге, автомобиль сүйрөгүчтөрүнө, мотоциклдерге, мотоколяскаларга, мотонарттарга, мопеддерге, чиркегичтерге жана жарым чиркегичтерге каттоо жөнүндө күбөлүк жана номер белгилери, ал эми юридикалык жактарга таандык болгон автомототранспорт каражаттарына техникалык талондор берилет.
IV. Автомототранспорт каражаттарын кайра каттоо
32. Автомотранспорт каражаттарын кайра каттоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- ээлик кылуучу (сатууга, тартуулоого, мураска алууга, алмашууга ж.б. байланыштуу) өзгөргөндө;
- транспорт каражатынын турган жери же ээлик кылуучунун жашаган жери өзгөргөндө;
- уюмдардын аталыштары өзгөргөндө;
- транспорт каражатын кайра жабдуудан же андагы агрегаттарды алмаштыруудан, улам автомобилдин тиби же модели өзгөргөндө, ошондой эле анын түсүн өзгөртүүдө;
- ээлик кылуучунун фамилиясы, аты-жөнү өзгөргөндө.
33. Автомототранспорт каражаттарын кайра каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
а) таандыктыгы (ээлик кылуучу) өзгөргөн учурда:
- ТПК;
- ээлик кылуучунун катынын (арызынын);
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн (талондун);
- ушул Эрежелердин 15-пунктунда каралган докуметтердин биринин негизинде.
б) Транспорт каражатынын турган жери же ээлик кылуучунун жашаган жери өзгөрүшүнөн улам:
- ээлик кылуучунун катынын (арызынын);
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн (талондун); жеке паспорттун же аны алмаштырган башка документтин (жеке ээлик кылуучулар үчүн) негизинде;
в) - транспорт каражаттарын кайра жабдыган учурда:
- юридикалык жактар (транспорттун ээлери) үчүн:
уюм боюнча приказдын (буйруктун);
ТКП;
Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармасынын уруксатынын;
автомобиль (автобус) кайра жабдылгандан кийин каттоо бөлүмүнүн кызматкери түзгөн аны техникалык кароо актысынын;
автомобиль оңдоочу заводдун (ишкананын) кайра жабдылганы жөнүндө белгиси, кайра жабдуу датасы, орнотулган кузовдун, шассинин, кыймылдаткычтын номери көрсөтүлгөн автомобилди (автобусту) каттоо жөнүндө күбөлүктүн же конструкцияны макулдашуу жөнүндө күбөлүктүн;
автомобилдин (автобустун) жана кыймылдаткычтын белгиленген формадагы эсеп-справкасынын негизинде;
- жеке ээлик кылуучулар үчүн:
автомобилдин кайра жабдуу жөнүндө ээлик кылуучунун арызынын;
Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармасынын уруксатынын;
каттоо бөлүмүнүн кызматкери түзгөн автомобилди техникалык кароо актысынын;
жаңыдан орнотулган кузовго жана кыймылдаткычка менчигинин түрүнө карабастан аларды сатууга укугу бар дүкөндөр же техникалык жактан тейлөө станциялары берген эсеп-справкалардын; нотариалдык тартипте же каттоо бөлүмүнүн кызматкери тарабынан күбөлөндүрүлгөн аларга менчик укугун өзгөртүү боюнча келишимдердин, ошондой эле товардык чектердин (ярлыктардын), кассалык кириш ордеринин квитанциясынын, кайра жабдылган автомобилге орнотулган негизги түйүндөргө жана тетиктерге складдан материалдык баалуулуктарды берүү жөнүндө накладнойдун негизинде.
Автотранспорт каражаттарын кайра жабдуу техникалык жактан тейлөө станцияларында (ТТС), автомобиль оңдоо заводдорунда (АОЗ) жана транспортту оңдогон башка уюмдарда жүргүзүлөт. Жеңил автомобилдерди алдыңкы приводдуу жана тескерисинче түрдө кылып кайра жабдуу ТТСтерде гана жүргүзүлөт. Бир маркадагы транспорт каражаттарынын чектеринде кыймылдаткычтар жана рамалар өз алдынча орнотулушу мүмкүн. Башка учурларда аларды алмаштыруу транспорт каражаттарын чыгарган заводдордун сунушу боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
г) транспорт каражатынын ээсинин фамилиясы, аты-жөнү өзгөргөн учурда:
- ээсинин арызынын;
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн (талондун); жеке паспорттун жана аны алмаштырган башка документтин;
- көрсөтүлгөн өзгөрүүлөргө байланыштуу ээсинин жарандык абалынын актысын каттоо органдары берген нике жөнүндө күбөлүктүн же башка документтердин негизинде.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
34. Кайра жабдылган транспорт каражаттарын, анын ичинде өз алдынча жасалгандарын кайра каттоо Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармасынын аймактык органдарынын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн (бөлүмчөсүнүн) алардын техникалык абалы Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө корутундусунун негизинде жүргүзүлөт. Жеке транспорт каражаттарынын кайра жабдуунун же оңдоонун натыйжасында бошогон номерлүү агрегаттары (кузов, кыймылдаткыч, рама, кыймылдаткычтын блогу) алардын ээлеринин менчигинде өз каалоосуна жараша пайдалануу укугу менен калат.
Транспорт каражатынын ээсинин арызы боюнча каттоо бөлүмүнүн кайра жабдуунун натыйжасында бошогон кузовду, раманы, номерлүү агрегатты сатууга справка берет.
Моделин өзгөртүү менен кайра жабдылган автомобилди кайра каттаган учурунда жеке ээсине каттоо жөнүндө жаңы күбөлүк берилет, анда жаңы модель: кузовдун, шассинин жана кыймылдаткычтын номерлери көрсөтүлөт, ТКПга анын кайра жабдылганы жөнүндө жазуу жазылат.
Каттоо жөнүндө жаңы күбөлүктүн графасында мурдагы күбөлүк жана мурдагы модель көрсөтүлөт.
"Чыгарылган жылы" графасына сызык коюлат.
Ар бир кайра жабдылган автомобилге автомототранспортту эсепке алуунун 3 нускадагы карточкасы түзүлөт.
Эски (мурдагы) карточка номер белгилеринин картотекасынан көмөкчү картотекага которулат жана 3 жыл бою сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
35. Кузовду (автомобилдин моделин жана модификациясын өзгөртпөстөн), кыймылдаткычтарды жана рамаларды алмаштырган учурда адардын эсепке алуу маалыматтары алмаштырган датаны жана чыгарылган жылын, эгерде булар документтер же заводдук маркировка менен ырасталса, аны көрсөтүү менен аларды сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастаган документтердин негизинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн "Өзгөчө белгилер" деген бөлүмүнө Департаменттин кызматкери тарабынан жазылат. Киргизилген жазуу мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Кайра жабдуудан улам транспорт каражаттарын кайра каттоо алар техникалык кароодон өткөндөн жана акт түзүлгөндөн кийин жүргүзүлөт.
Юридикалык жактардын транспорт каражаттарын кайра каттаган учурда зарыл өзгөртүүлөр автотранспортту эсепке алуу карточкасына киргизилет, ал эми ээлик кылуучуга жаңы техникалык талон жана каттоо жөнүндө күбөлүк берилет, ТКПга анын кайра жабдылганы жөнүндө жазуу жазылат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Транспорт каражаттарын менчигинин түрүнө карабастан башка ишканалардан сатып алган же алмашкан юридикалык жактардын авточарбаларына кайра каттоо транспорттун мурдагы жана жаңы ээсинин ортосунда түзүлгөн сатып алуу-сатуу, алмашуу, тартуулоо келишими көрсөтүлгөн учурда жүргүзүлөт.
38. Түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлери каттоо документтеринен айырмаланган автомототранспорт каражаттарын кайра каттоо Департамент кабыл алган чечимдин (корутундунун) негизинде жүргүзүлөт, өзгөрүлгөн идентификациялык номерлердин фотосүрөттөрү (50 мм х 15 мм өлчөмүндө) каттоо китептерине, автомототранспортту эсепке алуу карточкасына жана каттоо күбөлүгүнүн "Өзгөчө белгилер" бөлүмүнө чапталат жана каттоо подразделениесинин начальнигинин мөөрү жана колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт. Ээлик кылуучу фотосүрөттөрдү жоготуп жиберген учурда алардын көчүрмөлөрү суратылат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Башка республикаларда ээси жок туруп сатуу үчүн эсептен чыгарылган транспорт каражаттарын кайра каттоо каттоо иштери бөлүмү тарабынан алардын жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү макулдугуна ылайык ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
40. Эгерде тартуулоо келишиминде же мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктө бир нече адам көрсөтүлгөн болсо, тартуу иретинде кабыл алынган же мурас боюнча алынган транспорт каражаттары бардык менчик ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен алардын бирине кайра катталат.
Автомобилдерди, мотоциклдерди жана алардын чиркегичтерин жубайлардын биринен экинчисине алардын биргелешкен арызынын жана нике жөнүндө күбөлүгүнүн негизинде кайра каттоого уруксат берилет.
41. Соттун чечими боюнча конфискацияланган, каттоо жөнүндө күбөлүгү жок транспорт каражаттары ээлик кылуучуга соттун чечиминин негизинде кайра катталат.
Жеке, ошондой эле юридикалык жактар контрабанда жана бажы ишинин чөйрөсүндө башка кылмыштарды жасоо максатында пайдаланган, конфискацияланган жана мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн автомототранспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык кайра катталууга тийиш.
Конфискацияланган транспорт каражаттары бажы аукциондорунда, соода биржаларында же соода ишканалары жана уюмдары, анын ичинде Мамлекеттик бажы органдары түзүүчү ушундай уюмдар аркылуу сатылышы мүмкүн.
Каттоо, кайра каттоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- соода ишканалары берген белгиленген үлгүдөгү эсеп-справка;
- транспорт каражаттарын сатуу боюнча аукционду өткөрүүнү ырастаган документтер, мында автомашиналардын маркасы, модели, эсепке алуу маалыматтары, чыгарылган жылы жана наркы, кимге сатылгандыгы көрсөтүлөт (жеке же юридикалык жак). Документ кызмат адамынын колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Автомототранспорт каражаттарын кайра каттоо төмөнкүдөй квитанцияларды көрсөтүү боюнча жүргүзүлөт:
- юридикалык жактар үчүн - кайра катталгандыгы жана номер белгилерин, каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү, техникалык талондорду бергендиги үчүн жыйымдарды төлөө жөнүндө;
- жеке адамдар үчүн - кайра каттоо, атайын бланк продукциясы жана номер белгилери, кайра каттоо жылына туура келген техникалык кароодон өткөндүгү үчүн белгиге жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Жоголгон же жараксыз болуп калгандардын ордуна ТКП, каттоо жөнүндө күбөлүктөр, техникалык талондор жана номер белгилери автомототранспорт каражаттарынын ээлеринин арыздарынын негизинде жана белгиленген жыйымдарды төлөгөндөн кийин берилет. ТКПнын, каттоо жөнүндө күбөлүктүн дубликаттары (талондор) эсептик карточкалардагы маалыматтар боюнча толтурулат. Кайра жабдылган автомобилдерге берилген ТКПнын, каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн дубликаттарын толтуруу ушул Эрежелердин 36-пунктунун экинчи бөлүгүндө белгиленген тартипте ишке ашырылат. Жеке ээлик кылуучу комиссиялык дүкөндөн сатып алган же менчик укугун каттоо подразделениелеринде (нотариустук конторада) кайрадан тариздеген учурунан тартып ээлик кылуучу кайрадан каттатуу үчүн келгенге чейинки мезгилдин аралыгында жоголгон транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн дубликаты автомобиль (мотоцикл) жөнүндө маалыматтар жана мурдагы катталган жеринде каттоо подразделениелеринен эсептен чыгарылгандык фактысы ырасталгандан кийин гана берилет.
Жеке пайдалануудагы автомобилдин (мотоциклдин), чиркегичтин, жарым чиркегичтин, мотонарттын, мотоколясканын каттоо жөнүндө күбөлүгү жоголгондо жаңысын берүү жөнүндө маселе чечилгенге же жоголгону табылганга чейин анын ээсине эки айлык мөөнөткө убактылуу күбөлүк берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
43. Менчик ээсинин өзгөрүшү менен транспорт каражатын кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү жана мамлекеттик номерлерди алмаштыруу менен жүргүзүлөт.
Транспорт каражаттарын кайра каттоо менчик ээсинин каалоосу боюнча каттоо жөнүндө күбөлүктү жана мамлекеттик номер белгисин алмаштырбастан ишке ашырылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232, 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 231 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
44. Кайра каттоого төмөнкүлөр кабыл алынбайт:
- Департаментте менчик укугун өзгөртүү боюнча келишимдерди күбөлөндүрбөстөн, комиссиялык дукөндөрдөн тышкары жеке ээлеринен сатып алынган же нотариалдык конторада күбөлөндүрүлбөгөн алмашуу тартибинде, тартуулоо келишимдери боюнча өткөрүп берилген, ошондой эле ишеним кат (акысыз пайдалануу келишими) боюнча пайдаланууга берилген автомобилдер жана коляскалуу мотоциклдер;
- чектөөлөрү барлар (соттордун, бажылык контроль органдарынын, финансылык полиция кызматынын тийиштүү чечимдери болсо, укук коргоо органдары, мүлктү ажыратууга тыюу салуу жөнүндө нотариалдык конторанын жана/же күрөө каттоо конторасынын билдирүүсү автотранспорт каражаттарына арест салса).
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620, 2006-жылдын 4-июлундагы № 489, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
V. Транспорт каражаттарын каттаган (кайра каттаган) учурда жыйымдарды алуу
45. "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык транспорт каражаттарын алгачкы каттоодо, ошондой эле кайра каттоодо, бүтүмдүн түрүнө карабастан, жыйым алынат, буга ушул Эрежелердин 46-пунктунда каралган учурлар кирбейт.
Транспорт каражатын алгачкы каттоодо жыйымдын өлчөмү анын наркынан 5 процентти, ал эми кайра каттоодо анын наркынан 1 процентти түзөт.
Транспорт каражатынын наркын Департамент рынокто түзүлгөн орточо бааны эске алуу менен аныктайт, тарифтик торчо түзүлөт, ал монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат, андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Жыйымдарды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
- транспорт каражаттарын бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алган бюджеттик уюмдар, анын ичинде сатуучу уюмдардын маалымкат-эсептери боюнча;
- гуманитардык жардам линиялары жана каналдары боюнча алынган автомототранспорт каражаттары;
- мурас боюнча алынган транспорт каражаттары;
- эң жакын туугандардын (эрди-катын, ата-эне-бала-кыз) тартуулоо келишимдери боюнча алынган транспорт каражаттары;
- Жогорку Кеңеш ратификацияланган келишимдер боюнча уюмдар менен ишканалар алган жана салыктар менен жыйымдарды төлөөдөн бошотулган транспорт каражаттары, анын ичинде дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, алардын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн транспорт каражаттары;
- транспорт каражаттарын жогору турган уюмдан анын баш ийген филиалына кайра каттаган учурда;
- эгерде менчиктин формасы жана уюштуруучулардын курамы өзгөрбөсө, аталышы өзгөрүшүнө байланыштуу транспорт каражаттарын кайра каттаган учурда;
- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 231 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- финансылык ижара (лизинг) келишимдери боюнча Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан сатылып алынган транспорт каражаттары;
- менчик укугун өткөрүп бергенге чейин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдердин негизинде сатып алган автомототранспорт каражаттары боюнча Кыргыз Республикасынын банктары;
- бюджеттик уюмдар юридикалык жактан же жеке жактан демөөрчүлүк жардам катары алышкан транспорт каражаттар.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-январындагы № 34, 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658, 2009-жылдын 6-июлундагы № 435, 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 601 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
47. Бюджеттик уюмдарга таандык жана Маммүлк министрлигинин жана сатууга ыйгарым укуктары бар башка мамлекеттик структуралардын аймактык башкармалары аркылуу бюджеттен тышкаркы уюмдарга жана жеке адамдарга сатылган транспорт каражаттарын кайра каттоо учурунда жыйымдын наркын эсептөө транспорт каражаттарынын бул уюмдар бекиткен баасына таянуу менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
48. Соттук жана фискалдык органдардын, ошондой эле товардык биржалардын аукциондук тооруктары аркылуу сатып алынган же сатылган автотранспорт каражаттарын чечимдеринин негизинде конфискацияланган жана аукциондор аркылуу сатылган транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) учурунда жыйымдын наркын эсептөө аукциондук сооданын аукциондук нарк тарифтик жөнгө салууга жатпагандыктан баалоо наркына таянуу менен жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 175 токтомунун редакциясына ылайык)
49. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
VI. Автомототранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу
50. Автомототранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу ээлик кылуучулардын арыздарынын негизинде төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- транспорт каражаты бракка чыгарылса;
- сатып алуу-сатуу, алмашуу, тартуулоо келишимдери боюнча, сот органдарынын чечими боюнча менчик ээси өзгөргөндө, ошондой эле калкка сатуу үчүн комиссиялык соода дүкөнүнө өткөрүп берилгенде.
Эгерде транспорт каражатынын ээси 2 жеке адам болсо, аны эсептен чыгаруу тең ээлик кылуучулардын экөөнүн тең жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт.
51. Юридикалык, ошондой эле жеке жактардын менчигинде болгон автомототранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу бул транспорт каражаттары каралып чыккандан кийин гана жүргүзүлөт.
Транспорт каражаттарын ал турган жер боюнча каттоо подразделениелери берген техникалык кароонун күбөлөндүрүлгөн актысын көрсөткөн шартта транспорт каражаттарын көрсөтпөстөн эсептен чыгарууга уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
52. Транспорт каражаты тейленүүчү аймактан тышкары жакка кеткен учурда каттоо жөнүндө күбөлүккө жана ТКПга ал кетип жаткан жер көрсөтүлүү менен эсептен чыгаруу жөнүндө белги коюлат. Мындай учурларда номердик белгилер жана техникалык талондор (юридикалык жактарга таандык болгон транспорт каражаттары үчүн) тапшырылат, мында ээлик кылуучуга "Транзит" белгиси берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Транспорт каражатынын турган жеринин же ээлик кылуучунун жашаган жеринин (шаардын же райондун чегинде) өзгөрүшү каттоо жөнүндө күбөлүктө (талондо) чагылдырылат жана автомототранспортту эсепке алуу карточкасына тиешелүү белги коюлат.
54. Эгерде юридикалык же жеке жактарга таандык болгон транспорт каражаттары менчик укугун өзгөртүү үчүн өткөрүп берилсе, каттоо күбөлүгүндө жана ТКПга эсептен чыгарылганы жөнүндө каттоо подразделениесинин белгиси коюлат. Мында транспорт каражаты каралып чыгат, номер белгилери тапшырылат, алардын ордуна "Транзит" белгиси берилет.
Жеке адамдарга таандык автомототранспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктө "Эсептен чыгарылды" деген графага тиешелүү жазуу жазылат, ал дагы каттоо подразделениесинин мөөрү жана кызмат адамынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 658, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
55. Транспорт каражаттарын алардын ээлери жашаган (юридикалык жак жайгашкан) жер боюнча жана сатып алуучунун катышуусунда эсептен чыгаруу сатуучу менен сатып алуучу түзүшкөн, кол койгон жана каттоо подразделениелеринин кызматкери текшерген сатып алуу-сатуу, тартуулоо же алмашуу келишимдеринин негизинде жүргүзүлөт. Каттоо жөнүндө күбөлүккө транспорт каражатын эсептен чыгаруу жөнүндө жазуу жазылат, мында жаңы ээлик кылуучунун негизги маалыматтары (фамилиясы, аты-жөнү, жеке паспорту, жашаган жери; юридикалык жактын аталышы, жайгашкан дареги) көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Ээсиз сатуу үчүн транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу ээлик кылуучулардын арыздарынын негизинде Департаменттин уруксаты менен гана жүргүзүлөт, мында каттоо жөнүндө күбөлүктө сатуу орду (республика, область) көрсөтүлөт жана "Транзит" номердик белгиси берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Юридикалык жактардын менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга сатылган транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу каттоо жөнүндө күбөлүккө жана эсепке алуу-каттоо документтерине кеткен орду жана жаңы ээси жөнүндө жазууларды жазуу менен транспорттун мурдагы жана жаңы ээлеринин ортосунда түзүлгөн сатып алуу-сатуу, тартулоо, алмашуу келишиминин негизинде, ал эми мамлекеттик органдардын транспорт каражаттары үчүн ошондой эле сатып алуу-сатуу келишими Маммүлк министрлигинин аймактык органдары ырастаган учурда жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн тартуулоо келишиминин, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн же соттун чечиминин негизинде ээлик кылуучу өзгөргөндүгүнө, ошондой эле сатууга (өткөрүп берүүгө) байланыштуу тышка кетип жаткан транспорт каражатын эсептен чыгарган учурда каттоо жөнүндө күбөлүктө кеткен жери, жаңы ээлик кылуучунун фамилиясы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
59. Түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлери каттоо документтеринен айырмаланган автомототранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу ички иштер органдары кабыл алган чечимдердин (корутундулардын) негизинде жүргүзүлөт.
Бракка чыгарылган автомототранспорт каражаттары транспорт каражатынын ээсинин арызы боюнча эсептен чыгарылат, мында транспорт каражаттары каралып чыкпайт.
Бракка чыгышы боюнча транспорт каражатын эсептен чыгарган учурда ээлик кылуучудан каттоо жөнүндө күбөлүк (техникалык паспорт), техникалык талон алып коюлат, алар негиздемелерге кошуп тигилет.
Эсептен чыккан бракка чыгарылган автомототранспорт каражаттарынын мамлекеттик номер белгилерине акт түзүлөт жана белгиленген тартипте жок кылынат.
Мамлекеттик номер белгилерди кабыл алган кызматкер тапшырылган мамлекеттик номерлерди ошол эле атайын журналга каттайт.
Мамлекеттик номер белгилерди эсепке алуу журналда кара жана түстүү металлдардан жасалган мамлекеттик номерлер боюнча өз-өзүнчө жүргүзүлөт.
Кайрадан калыбына келтирүүнү талап кылбаган түстүү металлдардан жасалган мамлекеттик номерлер сериялары боюнча жыйналат жана өзүнчө сакталат.
Кара металлдан жасалган, ошондой эле жараксыз болуп калган мамлекеттик номерлерге акт түзүлөт жана белгиленген тартипте жок кылынат.
60. Жарандар социалдык жактан камсыз кылуу органдары аркылуу алган автомототранспорт каражаттары бул органдардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен эсептен чыгарылат.
61. Күрөөдө турган же иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча кандайдыр-бир чектөөлөрү бар транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу бул чектөөлөрдү койгон уюмдардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
62. Транспорт каражатынын менчик ээси жокто транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- менчик ээси Кыргыз Республикасынын аймагында беш жыл бою жок болгон жана транспорт каражатынын ээсинен алынуучу салыкты төлөбөгөн учурда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде;
- транспорт каражаты айдалып качканда, эгерде айдап качкандыгы жөнүндө арыз берилген учурдан тартып 5 жылдан ашык убакыт өтсө.
63. Ушул эрежелердин 62-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу кызматтык текшерүүдөн жана Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармасынын жетекчилиги бекиткен тиешелүү корутунду чыгарылгандан кийин жүргүзүлөт.
Кызматтык текшерүүнүн материалдары боюнча транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу акысыз жүргүзүлөт.
Транспорт каражаттарын эсептен жокко чыгаруу жөнүндө кызматтык текшерүүнүн корутундулары жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармасында үч жыл бою сакталат.
Эскертүү: Жокко чыгарылган транспорт каражаттарын кайталап каттоого Департаменттин директорунун жазуу жүзүндөгү макулдугу бар болгон учурда гана уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Каттоо подразделениелери белгиленген тартипте жүзөгө ашыруучу текшерүүлөр аяктаганга чейин, ошондой эле ушул Эрежелердин талаптары аткарылбаган учурда же мыйзамдарда каралган башка учурларда транспорт каражаттарын каттоо, каттоо номерлерин өзгөртүү, эсептен чыгаруу жана башка каттоо иш-аракеттери жүргүзүлбөйт. Эгерде транспорт каражаттарына карата соттор, тергөө, бажы органдары, финансы полициясынын, калкты социалдык жактан коргоонун органдары тарабынан тыюу салуулар же менчик укугун өзгөртүү боюнча чектөөлөр киргизилген болсо, аларды эсептен чыгарууга да жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакцияларына ылайык)
65. Жеке адамдардын каттоо подразделениелери тейлеген аймактан сыртка алынып чыгуучу автомобилдери жана мототранспорт каражаттары ээсинин жашаган жери өзгөрмөйүнчө, ошондой эле башка адамдарга ишеним каттар жана акысыз пайдалануу келишими боюнча өткөрүп берилгендер эсептен чыгарылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Катталган автомототранспорт каражаттарын эсепке алуу
66. Автомототранспорт каражаттарын каттоо учурунда алар жөнүндөгү бардык маалыматтар автомототранспортту каттоону эсепке алуу китебине жазылат жана алардын ар бирине тиешелүү сериядагы автомототранспортту эсепке алуунун карточкасы түзүлөт.
67. Катталган транспорт каражаттарына автомототранспортту эсепке алуу карточкасы түзүлөт. Бир нускасы каттоо подразделениесинин картотекасында сакталат, экинчиси - Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгына жиберилет, үчүнчүсү - эгерде катталган транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Транспорт каражаттарынын тизмесинде болсо, аскер комиссариатына жиберилет.
Кыргыз Республикасына алып келинген автотранспорт каражаттарын каттагандан кийин автотранспортту эсепке алуу карточкасынын биринчи нускасына автотранспорттун же номердик агрегатынын колдонулуу мезгилине Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан берилген, алып келинген транспорт каражатына бажы документтери тиркелет.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-апрелиндеги № 307, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232, 2011-жылдын 27-майындагы № 259, 2012-жылдын 16-мартындагы №180 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
68. Транспорт каражаты республиканын чегинен тышкары жакка кетип жаткандыгынан улам аны эсептен чыгарган учурда, ошондой эле менчик укугу өзгөртүлгөн же бракка чыгарылган учурда автомототранспорт каражатын эсепке алуу карточкасына жана ташылып чыккан транспортту эсепке алуу китебине тиешелүү жазуу жазылат жана мамлекеттик номер белгилери тапшырылгандыгы жөнүндө белги коюлат.
Андан соң автомототранспорт каражатын эсепке алуу карточкасы колдонуудагы картотекадан чыгып кеткен транспорттун картотекасына которулат, ал эми анын сигналдык көчүрмөлөрү бул транспорт каражаты катталган учурдагы даректерге жөнөтүлөт, аларда да сигналдык карточка алынганда транспорт каражаты эсептен чыгарылганы жөнүндө негизги эсепке алуу карточкаларында белги коюлат, андан кийин карточкалар колдонуудагы картотекадан чыгып кеткен транспорттун карточкасына которулат, ал эми сигналдык карточкалар жок кылынат.
69. "Транзит" деген кагаз номер белгилери областка (шаарга) бекитилген номер белгилеринин серияларын пайдалануу менен Департаменттин диагностика станциясы тарабынан даярдалат.
Келип түшкөн атайын продукциянын (номер белгилеринин, каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн жана башкалардын) санын эсепке алуу атайын продукциянын келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын китеби боюнча жүргүзүлөт.
Номер белгилеринин, каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн чыгымдалышын эсепке алуу автомототранспортту каттоону эсепке алуу китептери боюнча жүргүзүлөт, аларда берилген каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн жана номер белгилеринин сериялары жана номерлери номерлердин иретин катуу сактоо менен жазылат.
Автомашиналардын мамлекеттик номер белгилери, каттоо күбөлүктөрүнүн, техталондорунун бланктары катуу отчеттогу документ катары сакталат.
(Бул абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Мамлекеттик номер белгилерди кабыл алган кызматкер аларды тапшырылган мамлекеттик номер белгилерди каттоочу атайын журналга ошол эле күнү өзү каттайт.
Эсептен чыгарылган жана бракка чыгарылган автомототранспорт каражаттардын мамлекеттик номер белгилери милдеттүү түрдө акты түзүү менен белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын символикасын пластинадан кесип салуу жолу менен, мамлекеттик номер белги тапшырылган күнү жок кылынат.
Мурда жок кылынган мамлекеттик номер белгилерди кайрадан жасоого Департаменттин уруксаты менен гана жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Автомашиналардын техникалык талондорунун жана каттоо жөнүндө күбөлүктөрүнүн толтуруу учурунда бузулган бланктары аларды кайталап пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган каражаттар жана ыкмалар менен кезектеги текшерүү учурунда утилдештирилет, бул жөнүндө тиешелүү актылар түзүлөт.
71. Транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу, номер белгилерин, каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү жана техникалык талондорду берүүгө же алмаштырууга негиз болгон документтер автомототранспортту каттоону эсепке алуу китебиндеги жазууларга ылайык келген кезектүүлүккө өзүнчө иштерге тиркелет жана 2 жыл бою сакталат.
Автомототранспортту каттоо, катуу отчеттуулуктагы бланктардын жана номер белгилеринин келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу китеби туруктуу сакталат.
Бракка чыгарылган, ошондой эле каттоо подразделениелеринин тейлөө зонасынын чегинен тышкары кеткен автомототранспортту эсепке алуу карточкалары үч жыл бою сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620, 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
VIII. Автомототранспорт каражаттарынын картотекалык эсебин жүргүзүү
72. Каттоо подразделениелеринде көрсөтүлгөн картотекалардан тышкары айдалып качкан жана уурдалган транспорттун картотекасы жүргүзүлөт, ал келип түшкөн маалыматты эсепке алуу менен такай оңдолуп турат.
Картотекага жана мамлекеттик номер белгилери сакталган бөлмөгө бөтөн адамдардын киришине катуу тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакцияларына ылайык)
73. Автомототранспорт каражаттарынын эсепке алуу карточкаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарыл жазуулары каттоо подразделениесинин кызматкеринин колу менен милдеттүү тартипте күбөлөндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
74. Кыргыз Республикасынын ИИМинин Маалыматтык борборуна автомототранспорт каражаттарын айдап качуу же уурдалганы жөнүндө суроо жөнөтүлгөн учурда эсепке алуу карточкасына "ырастоо болмоюнча эсептен чыгарылбасын" деген белги коюлат жана кийин ырастоо алынган учурда бул милдеттерди аткаруу функциясы жүктөлгөн адис чектөө алып салынгандыгы жөнүндө белгини коет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 231 токтомунун редакциясына ылайык)
75. Каттоо подразделениесинде катталуучу (эсепке коюлган) бардык транспорт каражаттары алардын мурда катталган жерине карабастан айдап качуу же уурдалгандык жагынан текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
76. Айдап качуу же уурдоо жагынан жөнөтүлгөн суроолорду, башка суроо-талаптарды, ошондой эле аларга алынган жоопторду эсепке алуу бөтөн адамдардын жеткиликтүүлүгү жокко чыгарылган өзүнчө журналда жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн картотека менен салыштырбай туруп транспорт каражаттарын эсептен чыгарууга же кайра каттоого тыюу салынат.
IX. Автомототранспорт каражаттарын убактылуу эсепке алуу
77. Убактылуу эсепке төмөнкүлөр алынат:
чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган, республикага 20 күндөн ашык, бирок 6 айдан ашпаган мөөнөткө алынып келген автомототранспорт каражаттары.
Көрсөтүлгөн транспортту эсепке алуу каттоо документтериндеги зарыл жазуулары менен өзүнчө журналда жана өзүнчө картотекада жүргүзүлөт жана бөлүмдүн начальнигинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт;
- чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган жана белгиленген жыйымдар жана транспорттон алынуучу салыктар төлөнгөн учурда ишеним каты боюнча бир жылдан ашпаган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жарандары башкарган транспорт каражаттары.
Колдонуу мөөнөтүн узартуу көрсөтүлгөн жыйымдар төлөнгөндүгү текшерилгенден кийин гана жүргүзүлөт.
78. Чет мамлекеттин аймагында жашаган жеринен кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарына таандык болгон жана эсептен чыгарылбаган транспорт каражаттары транспорт каражаттарынын каттоосунун аныктыгы жана мурда катталган жери боюнча эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө текшерүүнү жүргүзүү үчүн 3 айга чейинки мөөнөткө убактылуу катталат.
Көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын убактылуу же туруктуу каттоо жөнүндө чечимди Департаменти чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)