Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 12-апрели №260 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандык үчүн чет өлкөлүк адамдарга ижаралык төлөмдүн өлчөмүн белгилөө максатьшда коэффициентги бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык) Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багытгагыжерлерди пайдалангандык үчүн чет өлкөлүк адамдарга ижаралык төлөмдүнөлчөмүн белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-статьясынын 3-пуктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Калктуу конуштардын жерлерин пайдалангандык үчүн чет өлкөлүкадамдарга ижаралык төлөмдүн өлчөмүн белгилөө үчүн 1 ге барабар болгонкоэффициент бекитилсин. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Ушул токтомдун 1-пункту менен белгиленген коэффициент жерди бе-рүүдө төмөнүрөөк коэффициент белгиленген чет өлкөлүк жактарга каратаколдонулбайт. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык) 3. Жергшшктүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн нормативдикукуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин. Премьер-министр Ф.Кулов