Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 24-апрелиндеги № 292
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Өзгөчө калктуу конуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статъясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары
К.К.Иманалиев, Ө.Ч.Текебаев, Б.Э.Шерниязов жана М.К.Жураев тарабынан
демилге кылынган "Өзгөчө калктуу конуштар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде
макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасъшын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
24-апрели 2006г. № 23-3/75 Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Өзгөчө калктуу конуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары
К.К.Иманалиев, Ө.Ч.Текебаев, Б.Э.Шерниязов жана М.К.Жураев тарабынан
демилге кылынган "Өзгөчө калктуу конуштар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү аны кабыл алууга төмөнкүдөй сын-пикирлердин жана сунуштардын
негизинде макулдук бербейт.
Мыйзам долбоорунун жоболору жалпысынан Кыргыз Республикасынын
Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, "Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик чегарасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы сыяктуу башка мыйзам актыларынын нормаларын кайталайт.
Мыйзам долбоорунун преамбуласында өзгөчө калктуу конуштардын
укуктук статусу белгиленет, аларда жашаган жана (же) иштеген
жарандардын укуктары жана милдетгери аныкталат. Бул учурда мыйзам
долбоорунда "өзгөчө калктуу конуш" түшүнүгү ачылып берилбейт, болгону
бул термин текст боюнча "чегара жанындагы калктуу конуш" катары гана
колдонулары түшүндүрүлөт.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 18 жана 19-статьялары Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик чегарада тиешелүү
тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чегарага жакын жайгашкан
райондун, шаардын, айылдын аймагынын чектеринде чегара зонасын
белгилөөнү карайт. Чегара зонасында (тидкесинде) жарандардын кирүү
(чыгуу), убактылуу болуу, жашоо жана жумуштарды аткаруу тартибин
регламенттөөчү чегаралык режим белгиленет.
Мыйзам долбоорунун 3-статьясы жарандардын укуктарынын чектелишине
карата Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17-статьясын кайталайт.
Мыйзам долбоорунун 4-статьясы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
чегарасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-21-
статьяларында каралган нормаларды камтыйт,
Мыйзам долбоорунун 1-статьясы жана 4-статьясынын 3-пункту айыл
чарба багытындагы жерлерди сатып алуу-сатууну жүргүзүүгө тыюу салууну
киргизүүнү карайт. Бирок, Кыргыз Республикасында жер мамилелери Кыргыз
Республикасынын Жер кодекси менен регламенттелген.
Атап айтсак, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-статьясынын 2-
пунктуна жана 5-статьясына ылайык чегара зонасындагы жерлер
мамлекеттик менчикте турат, чет өлкөлүк адамдарга айыл чарба жерлерин
менчикке берүүгө жана өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Мыйзам долбоорунун 5-статьясы "Курал-жарак жөнүндө" Кыргыз
Республикасњнын Мыйзамына шилтеме нормаларды кармайт.
Мыйзам долбоорунун 6-статьясы "Кыргыз Республикасынын мамлекетгик
чегарасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясын
кайталайт, анда Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик
чегараны кайтарууга ыктыярдуу катышуу мүмкүнчүлүгү регламенттелген,
Жарандарды мамлекеттик чегараны кайтарууга тартуу тартиби Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Мыйзам долбоорунун 7-статьясы салыктарды төлөөдө жана кредитгерди
алууда жењилдиктерди карайт. Бул норма Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин 5-статьясынын 2-пунктуна карама-каршы келет, ага ылайык
салык маселелерин башка мыйзамдарга, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын
29-майындагы № 255 токтому менен жактырылган 2001-2010-жылдарга Кыргыз
Республикасынын салык саясатын өркүндөтүү концепциясынын жоболоруна
киргизүүгө тыюу салынат.
Мындан сырткары мыйзам долбоорунун статьяларынын көпчүлүк бөлүгү
анда көрсөтүлгөн иш-чараларды жана мамилелерди укуктук жөнгө салуунун
тартибин аныктабайт, тек гана аларды ишке ашыруу үчүн кабыл алынышы
керек болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине шилтеме
жасайт.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, мамлекеттик чегараны чыњдоо
жана чегара жанындагы райондордун жарандарынын жашоотурмуш дењгээл-
дерин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик чегарасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүүнү сунуш
кылат.
Премьер-министр Ф.Кулов