Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 294 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 11-майындагы № 164,
2009-жылдын 20-апрелиндеги №236
2009-жылдын 27-августундагы №542 токтомдорунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-тетүү өнөр жай министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ишин жөнгө са-лып, анын ролун, милдеттерин, функцияларын жана укугун аныктайт. 2. Министрлик мамлекеттик башкаруунун агроөнөр жай комплексининчөйрөсүндө жер жана агрардык реформаны, мал чарбачылыгын, ветеринария-ны, балык чарбасын, дыйканчылыкты, өсүмдүктөрдүн карантинин, мелиораци-яны, кыртыштын күрдүүлүгүн, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу-ну, айыл чарбасынын чийки заттарын жана азык-түлүктү, тамак-аш жанакайра иштетүү өнөр жайын камтыган мамлекеттик саясатты белгилөөчү атка-руучу органы болот. 3. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-нин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын, Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кењешинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын эл аралыккелишимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 4. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республи-касынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамле-кеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, ошондой эле казыначылыксистемасында эсептери болот. 5. Министрлик өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, жер-гиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, коомдук бирикмелер жана баш-ка уюмдар менен эриш-аркак байланышта ишке ашырат. II. Министрликтин максаттары жана милдеттери 6. Министрликтин максаттары жана милдеттери төмөнкүлөр болуп эсеп-телет: - Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун республиканынкалкынын негизги тамак-азыктарына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо; - Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу алкагында өндүрүштү уюшту-руу жана айыл чарба продукциясын сатуу, тамак-аш жана кайра иштетүүөнөр жай чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, анысырье менен камсыз кылуу, пайдалануучулардын жана ата мекендик товарөндүрүүчүлөрдүн укугун коргоо боюнча чаралар комплексин жүзөгө ашыруу; - өлкөбүздөгү агроөнор жай комплексинде атаандаштыкка жөндөмдүүрыноктук башкаруу систем-сын түзүүнүн негизинде натыйжалуу жеке менчикдыйкан (фермер) чарбалардын, алардын агробизнес бирикмелерин жанаөндүрүштүк ишканаларын колдоо жана түзүлүшүнө жардам көрсөтүү жолу ме-нен айыл чарба продукциясынын жана аны кайра иштетүү продуктуларынынэкспортун көбөйтүү; - өндүрүш, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сатуу, та-мак-аш. кайра иштетүү жана алкоголдук өнөр жай чөйрөсүндө мамлекеттикконтролду, эсепке алууну жана отчеттулукту уюштуруу жана жүзөгө ашыруу. III. Министрликтин функциялары 7. Максаттарга жетүү жана көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Ми-нистрлик төмөнкү функцияларды ишке ашырат: 7.1. Тармактык саясат функциялары: - жер жана агрардык реформаны мындан ары терењдетүү, айыл чарбасы-нын, мал чарбасынын, балыкчылыктын жана дыйканчылыктын, суу чарбасынын,тамак-аш, алкоголь жана кайра иштетүү өнөр жайларынын продукцияларынөндүрүү, өндүрүлгөн продукцияларды сатып алуу, сатып өткөрүү жана экс-порттоо тармагында бирдиктүү мамлекеттик агрардык саясатты иштеп чыгуужана жүзөгө ашыруу; - өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин чөйрөсүндө мамлекеттик саясат-ты ишке ашыруу үчүн тийиштүү ченемдик укуктук актыларды, ошондой элемаалыматтык каражаттарды иштеп чыгуу; - жер реформасынын саясатына жана стратегиясына ылайык жер жанаагрардык реформанын жүргүзүлүшүн жана жерлерди бөлүштүрүү боюнча иштер-ди андан ары жүргүзүү; - Министрликтин максаттарына жетүү жана милдеттерин аткаруу үчүнсаясатты жүргүзүү, программаларды жана долбоорлорду аткаруу үчүн бардыкподразделениелердин иштерин координациялоочу жүзөгө ашырылуучу иш-чара-лардын ар жылдык планын ишке киргизүү жана аткаруу; - эл аралык финансы жана донордук уюмдар тарабынан каржыланганайыл чарбасын өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаларды жана долбо-орлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөктөшүү; - дыйкан, фермер жана башка чарбалар тарабынан аларга берилген жа-йыт жерлерин коргоо, жакшыртуу жана пайдалануу жагында саясатты иштепчыгуу жана жүзөгө ашыруу; - жаныбарлардын ооруларын табуу, алдын алуу жана даарылоо боюнчамамлекеттин бирдиктүү саясатын жүргүзүү; - жаныбарлардын генетикалык потенциалын жогорулатуу жана тукумдук,продуктуулук жана асыл тукумдук сапаттарын өркүндөтүү саясатын жүзөгөашыруу; - ветеринардык тейлөө жана жеке ишкердик чөйрөсүндө ветеринардыккызмат көрсөтүү боюнча атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте балык чарбаишинин коргоо, экономикалык жана экологиялык туруктуу стратегиясын жанаколдоо планын жүзөгө ашыруу; - сууну изилдөө, аны менен камсыздоо, керектөө жана аны республи-канын чегинен сырткары мамлекеттер аралык бөлүштүрүү, мамлекеттик саясат-
ты иштеп чыгуу; - ирригация системаларын башкаруу, айыл калкын жана сугат суусу
менен камсыз кылуу, суу ресурстарын эл аралык макулдашуулардын жана
конвенциялардын негизинде башкаруу; - сууну үнөмдүү пайдалануу максатында сууну пайдаланууга ченемдикукуктук актылардын жана тарифтердин долбоорлорун түзүү; - айыл чарба өндүрүшүн механизациялаштыруу жана тамак-аш, кайраиштетүү өнөр жайларын өнүктүрүү боюнча чаралардын пакетин иштеп чыгуу; - айыл чарба машиналарын, чиркегичтерин жана жабдууларын сериялууже дааналап жасоого даярданууда, ошондой эле сыноодо документтерди жанабашка ченемдик укуктук актыларды экспертизалоо; - тамак-аш, кайра иштетүү жана алкоголдук тармактарды өнүктүрүүбоюнча көрүнүктүү программаларды иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынынмыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштардын максаттарын жана артыкчылык-тарын аныктоо; - бюджетке түшкөн кирешени, өндүрүштүн көлөмүнүн көрсөткүчтөрүн,алардын чарбакер субъекттерге чейин жеткирилишин болжолдоо, алардын ат-карылышын контролдоо, спиртти жана алкоголдук продукцияны чыгаруу жанажүгүртүү чөйрөсүндө биримдиктүү баа саясатын түзүү; - Кыргыз Республикасынын бажы чегарасынан жылдырылган алкоголдукпродукцияга карата экономикалык саясат чараларын иштеп чыгууга катышуу. - мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары менен бирдикте экономи-каны мобилизациялык жактан даярдоо чөйрөсүндө нормативдик укуктук база-ны өркүндөтүү жана иш-чараларды жүзөгө ашыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы N 542
токтомунун
редакциясына ылайык) 7.2. Кызмат көрсөтүү функциялары: - айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн, сатып алуучулардын жана кайраиштетүүчүлөрдүн кењири чөйрөсүнө айыл чарбалык продукция рыногунун аба-лы тууралуу маалымат берүү; - жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктарга ветеринар-дык-санитардык экспертиза жүргүзүү; - лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү; - малдын продуктуулугун баалоо; - консультациялык кызматтар жана изилдөөчү мекемелер менен тыгызкызматташтыкта фермерлерге, жогорку сорттогу айыл чарба өсүмдүктөрүнүнүрөнүн өндүрүүчүлөргө которуштуруп айдоо системасынын жањы ыкмаларын,кыртышты иштетүүнүн технологияларын киргизүү боюнча консультацияларды,маалыматтарды жана усулдук колдонмолорду сунуш кылуу; - үрөндүк жана тигилүүчү материалдардын себилүүчү (отургузулуучу)сапаттарын аныктоо; - сорттоштуруп айдап-себүү сынактарын жүргүзүү; - суу пайдалануучулар ассоциацияларына техникалык жана башка масе-лелер боюнча консультация берүү; - айыл жеринде кооперативдерди, соода-сатык уюмдарын, айыл чарбапродукциясын соодалоо үчүн дүњ базарларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө кон-сультациялык кызматтарды көрсөтүү; - айыл чарба ишканаларын дыйкан, фермердик чарбаларга жана айылчарба кооперативдерине өзгөртүп уюштуруу; - бизнес пландардын долбоорлорун экспертизалоо, айыл чарба ишкана-ларынын финансылык-чарбалык иштерине талдоо жүргүзүү; - ээлеринин, мамлекеттик жана башка органдардын суроолору боюнчакөзөмөлгө алынуучу машиналардын жана жабдуулардын техникалык абалын жа-на ресурстук чамасын баалоо; - ээлеринин арызы боюнча техникалык каражаттардын абалын экс-перттик баалоо. 7.3. Иштерди аткарууну координациялоо, көзөмөлдөө контролдоо жа-на мониторинг жүргүзүү функциялары: - айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайында инвестициялыкпрограммаларды жана долбоорлорду ишке киргизүү максатында мамлекеттикбашка органдары менен кызматташуу жана ишмердигин координациялоо, алар-дын аткарылышын контролдоо; - тамак-аш жана айыл чарба продукциясын чыгаруу, сатып алуу жанакайра иштетүү чөйрөсүндө алектенген чыгаруу ишмердигин координациялоо; - жер жана агрардык реформаны жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттиксаясаттын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү; - борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын жана мамлекет-тик башка органдарынын спиртти жана алкоголдук продукциянын чыгарылы-шын, сакталышын жана сатылышын контролдоо маселелердеги ишмердигинетармактар аралык координация жүргүзүү; - сатып алуу наркын жана мүлктүк пайларды берүү төлөмүн чогулту-уну жүзөгө ашыруу; - селекциялык-асыл тукум иштерин жана айыл чарба малдарынын бар-дык түрлөрүн багуунун үстүнөн мамлекеттик контролду координациялоо жанажүзөгө ашыруу; - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ве-домстволор жана башка аткаруу бийлик органдары, менчигинин түрүнө кара-бастан чарбакер субъекттер тарабынан алардын менчик формасына карабас-тан ветеринардык мыйзамдардын аткарылышын координациялоо; - ветеринардык эрежелерге ылайык эпизоотиялык кырдаалдын пайдаболушуна мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аныктоо жана жаныбарлар-дын эндемиялык ооруларын жоюу боюнча иштерди жүргүзүү; - жаныбарлардын оорулары пайда болгон учурларда сактануу чарала-рын көрүү, мониторинг жүргүзүү жана карантиндик режимдерди киргизүү; - малды багууда, мал чарба продуктыларын чыгарууда, кайра иш-тетүүдө, ошондой эле ветеринардык кызматтардын контролунда турган про-дукцияны экспорттоодо жана импорттоодо ветеринардык-санитардык талап-тардын жана эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдиктеөсүмдүктөрдүн коркунучтуу зыянкечтеринин жана илдеттеринин, отоочөптөрдүн жана кыртышты булгоочулардын жайылышына байланыштуу өзгөчөкырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана алдын ала божомолдоонун ти-йиштүү стратегиясын жана планын иштеп чыгуу; - өсүмдүктөрдүн жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн эндемиялыкылањдары боюнча абалга мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аныктоо, алылањдарды жоюу боюнча программаларды ишке ашыруу; - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себилүүчү (тигилүүчү) материалдары-нын сорттук жана өнүмдүк сапаттарын контролдоо; - гидротехникалык системалардын, насостук станциялардын жанаскважиналардын пайдаланылышын көзөмөлдөө; - суу ресурстарын пайдаланууну эске алуу менен болгон инфраст-руктураны пландоо, жањыларын куруу жана реконструкциялоо боюнча иштикоординациялоо; - сууну пайдалануучулардын сугат жана дренаждык тармактарды пай-далануу жана өнүктүрүү боюнча иштерин координациялоо; - мамлекеттик ирригация курулуштарын кармоо, техникалык пайдала-нуу жана капиталдык ремонттоо процессин башкаруу; - сууну пайдалануучулар ассоциацияларынын иштерин мамлекеттикжөнгө салуу жана контролдоо; - мамлекеттик ишканаларда айыл чарбалык техниканын жана жабдуу-лардын сакталышына жана мөөнөтүнөн мурда эсептен чыгарууну болтурбоогомамлекеттик техникалык көзөмөлдү жана контролдоону камсыз кылуу; - айыл чарбалык машиналардын, техниканын жана жабдуулардын пай-даланылышы объект техникалык көзөмөлдөө жагында мамлекеттик жөнгө са-луу, контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары; - жеке жана юридикалык жактардын адамдардын айыл чарбалык техни-каны жана жабдууларды жасоонун, өзгөртүп жабдуунун, техникалык пайдала-нуунун, каттоодон өткөрүүнүн, кайра каттоонун, эсепке алуунун, жарак-сыздыкка жана эсептен чыгаруунун тартибин аныктоочу ченемдик укук акты-ларды аткарышын көзөмөлдөө.(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы N 542
токтомунун
редакциясына ылайык кучун жоготту) 7.4. Жөнгө салуу функциялары: - айыл чарба машиналарынын жана жабдууларынын түйүндөрүнөн жанаагрегаттарынан кайра жасалгандарды жана куралгандарды техникалыккүбөлөндүрүүнү жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айылчарба техникаларын жана жабдууларын каттоодон өткөрүү, кайра каттоо,эсепке алуу, ошондой эле аларга номер белгилерин, техникалык паспорт-торду, талондорду берүү; - окуган жана тракторист-машинисттин адистигин алган адамдарданэкзамен алуу, механизаторлорду бул каражаттарды башкаруу укугуна ти-йиштүү категориянын күбөлүгүн берүү менен аттестациялоо жана кайра ат-тестациялоо; - Кыргыз Республикасынын аймагына айыл чарба өсүмдүктөрүнүнүрөндүк жана тигилчү материалдарын алып келүү укугуна уруксаттардыберүү; - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин мамлекет-тик сыноодон өткөрүү, үрөндөрдүн өнүмдүк сапаттары жөнүндө документтер-ди берүү; - фитосанитардык сертификаттарды жана импорттук карантиндикуруксаттарды берүү; - агрохимикаттарды жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын тест-терлөө, аларды каттоодон өткөрүү жана шайкештик сертификатын берүү; - мурда өзгөртүп уюштурулган айыл чарба ишканаларын менчиктеш-тирүү боюнча укук аныктоочу документтерди (сатуу-сатып алуу келишими)берүү; - жеке ветеринардык иш жүргүзүүгө жана дарыяларга жанакөлмөлөргө суу тосмолорун курууга лицензия берүү; - пиво, вино, шампан, ликер, арак, коньяк жана спирт ичимдикте-рин чыгарууга, алкоголдук продукция менен соода жүргүзүүгө лицензияберүү; - спиртинин, алкоголдук продукциянын жогору болгонун импорттоголицензия берүү. 7.5. Колдоо функциялары: - Министрликтин бардык дењгээлдеринде окутуу жана кайра окутуусистемасын камтыган кадрдык ресурстарды башкаруу системасын түзүү жанапрактикага киргизүү; - айыл чарба азык-түлүктөрүн сатып алуу жана кайра иштетүүчөйрөсүндө ишкердикти мамлекеттик колдоо системасын калыптандыруу; - иштеп жаткан тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканала-рын модернизациялоо жана техникалык жактан өзгөртүп жабдуу, жањыларынкуруу үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартууга, ДСУга, ЕКга мүчөмамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн продукцияларынын сапатына болгондирективалык талаптарга ылайык чыгарылып жаткан продукциялардын сапатынжана көрүнүшүн жакшыртууга көмөктөшүү; - жер рыногун түзүү жана өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерге каты-шуу; - жер жана агрардык реформага тиешелүү маселелер боюнча жерги-ликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарына жана жарандарга консультациялык колдоону камсыз кылуу; - жер жана агрардык реформа боюнча көрсөтмө консультациялык жанаокуу материалдарын иштеп чыгуу, жарыялоо, таркатуу жана алар боюнчаадистерди, фермерлерди жана башка жарандарды окутуу; - чарбакер субъекттерге жана калкка консультациялык кызматкөрсөтүү үчүн айыл чарба тармагындагы адистерди окутуу жана кайра даяр-доо системасын түзүү; - улуттук жана эл аралык илимий-техникалык мекемелер жана уюмдарменен биргелешкен илимий иштерди жүргүзүү жана байланыштарды түзүү, Ми-нистрликтин компетенциясынын чегинде кызматташтык тууралуу зарыл макул-дашууларга, протоколдорго жана башка документтерге кол коюу; - Министрликте жана анын түзүмдүк подразделениелеринде тармактымаалыматтык-коммуникациялык башкаруу технологияларын пландаштыруу жанаэтабы менен ишке киргизүү; - чекене жана дүњ сатуучулар, фермерлер, чарбакер субъекттер жа-на калк тарабынан пайдалануу үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмессекторунун маркетинг жана маалымат системаларын түзүүгө жана түзүүгөкөмөктөшүү; - фермерлердин, чарбакер субъекттердин жана калктын проблемала-рын чечүү үчүн алардын иштеринин багыттарына жараша консультациялыккызматтарды көрсөтүү үчүн айыл чарбасында колдонмо изилдөөлөрдү пайда-лануу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу; - мамлекеттик ишканаларды жана айыл чарбасында, суу чарбасындажана кайра иштетүү өнөр жайында мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалар-ды башкарууга катышуу; - айыл чарба жаныбарларынын экономикалык жогорку продуктулуутүрлөрүн жана тукумун, ошондой эле мал чарбасын, канаттуулардыөстүрүүнү, балык өстүрүүнү жана балчылыкты өнүктүрүү боюнча программа-ларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга көмөктөшүү; - ветеринардык тейлөө жана ветеринардык кызматтарды көрсөтүү бо-юнча жеке ишкердик чөйрөсүндө атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү; - малды жакшыртуу процессинде лабораториялык-диагностикалыкиликтөөлөрдүн жањы ыкмаларын киргизүү жана ылањдарга диагноз коюунуныкмаларын өркүндөтүү; - фермерлерди, ишканаларды жана уюмдарды суу менен камсыздооүчүн жол-жоболорду жана шарттарды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга, суупайдалануучулардын ассоциацияларын түзүүгө жана башкарууга көмөктөшүү; - кыртышты иштетүүнүн технологияларынын жана которуштуруп айлоосистемасынын жањы ыкмаларын изилдөө жана ишке киргизүү; - сугат жерлерин инвентаризациялоо жана каттоодон өткөрүү систе-масын иштеп чыгуу; - айыл чарба жерлерин жана айылдардагы калктуу конуштарды сел-дерден жана суу ташкындарынан коргоо; - пайдаланууга уруксат берилген сортторду жана гибриддерди мам-лекеттик каттоодон өткөрүү; - айыл чарба техникалары жана жабдуулары иштеген учурда коопсуз-дук ыкмасынын эрежелерин жана талаптарын сактоону камсыз кылуу; - айыл чарба лизинг системасын өнүктүрүүгө жана калыптандыруугакөмөктөшүү; - запастык бөлүктөрдү жана алдыњкы технологияларды даярдоодо,айыл чарба машиналарын жана жабдууларын техникалык пайдаланууну, ре-монттоону, сактоону жана техникалык тейлөөнү уюштурууда алдыњкы тажрый-баны жайылтууга көмөктөшүү; - тракторлор жана башка өзү жүрүүчү машиналар (автомототранс-порттон башка) катышкан жол-транспорт кырсыктарын эсепке алуу, ал кыр-сыктардын болгон себебин талдоо жана аларды болтурбоо үчүн Министрлик-тин компетенциясынын чегинде чара керүү. IV. Министрликтин укуктары 8. Министрлик өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкү укуктаргаээ: - Министрликтин ишине тиешелүү маселелер боюнча бардык юридика-лык жактар жана жеке адамдар жетекчиликке алууга жана милдеттүү аткару-уга жатуучу ченемдик укуктук актыларды жана башка чечимдерди чыгарууга(техникалык жөнгө салуу маселесинен башкаларын); - айыл, суу, балык чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай маселеле-ри, ошондой эле Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелербоюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларынынжана буйруктарынын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгарууга; - мыйзамдарда белгиленген тартипте Министрликтин органдарынын,ведомстволук уюмдарынын уставдарын жана жоболорун бекитүүгө, алардынжетекчилерин кызматка дайындоого жана бошотууга; - менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастанжеке жана юридикалык жактардан асыл тукум иштерин, үрөнчүлүктү жүргүзүүжана асыл тукум малды, канаттууларды, үрөндүк жана көчөт материалдардысатуу боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте маалыматтарды алууга.Жерди, сууну, пестициддерди, агрохимиялык жана ветеринардык препарат-тарды, башка өндүрүш каражаттарын сапаттуу пайдалануу боюнча, ошондойэле айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн физика-лык параметрлери (аянты, малдын саны, продукция чыгаруу, кирешелүүлүк,өндүрүш чыгымдары ж.б.у.с.) боюнча маалымат алууга; - Министрликтин кызматкерлери асыл тукум жана үрөнчүлүк чарба-ларга, ошондой эле иш-аракети пестициддерди пайдаланууга, балык чарба-сын жүргүзүүгө байланышкан уюмдарга жана ишканаларга Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарында аныкталган тартипте кирүүгө, агрохимиялык жана ве-теринардык-препараттарды пайдаланууга текшерүү жүргүзүүгө укуктуу; - агроөнөр жай комплексинин бардык маселелери жана чөйрөлөрү бо-юнча эл аралык макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана даярдо-ого катышууга; - мамлекеттик агроөнөр жай, суу чарба, балык чарба, мамлекеттикжана кайра түзүлгөн айыл чарба ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемеле-ринин, бөлүмдөрүнүн, бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин инвестициялык долбо-орлорду ишке ашыруудагы иш-аракеттеринин жыйынтыктары тууралуу отчетто-рун угууга. Алардын жылдык балансын кароого, кызматтык милдеттерин жеалар менен түзүлгөн контракттарды аткаргандыгы жана аткарбагандыгы үчүнведомстволук ишканалардын жана уюмдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги^тууралуу тиешелүү чечим кабыл алууга; - иштин аныкталган чөйрөсүндөгү нормативдик укуктук актыларды,расмий жарыяларды, Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюн-ча башка материалдарды жарыялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынбелгиленген тартипте ачууга; - белгиленген тартипте иш-аракеттин белгиленген чөйрөлөрүндөөзгөчөлүк белгилерин түзүү жана алар менен Министрликтин жана Минист-рликтин курамындагы кызматтар менен структуралардын кызматкерлерин сый-лоого; - Министрликтин иштөө тармагына тиешелүү маселелерди иштеп чыгууүчүн илимий жана башка уюмдарды, илимпоздорду жана адистерди тартууга; - спирт жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган, сактаганжана саткан чарбакер субъекттерди текшерүүнү белгиленген тартиптежүргүзүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеалардын техникалык кайра иштелип чыгуусу үчүн контрабандалык же контра-фактылык продукцияны (спирт, алкоголдук продукцияны жана пивонуж.б.у.с.) кармоого; - мыйзамдарга ылайык администрациялык тартип бузуулар тууралууиштерди кароого жана анын ичинде спирт, алкоголдук продукцияны жана пи-вону мыйзамсыз жүгүрткөн адамдарды администрациялык жазалоого, зарылучурларда укук коргоо органдарына материалдарды өткөрүп берүү; - белгиленген иш чөйрөсүндө агроөнөр жай комплексинде биринчикезектеги милдеттерди чечүү үчүн ведомстволор аралык кењештерди, комис-сияларды, топторду түзүү. V. Министрликтин ишин уюштуруу
9. Министрликти Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган
тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу министр башкарат.
(2009-жылдын 20-апрелиндеги №236 токтомуна ылайык)
10. Министр Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жанаиштин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышына же-ке жоопкерчилик тартат. 11. Министрликтин Жобосу жана башкаруу схемасы министрдин сунушубоюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Министрликтинтүзүмү жана борбордук аппаратынын чектик саны Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министри тарабынан бекитилет. 12. Министрликте статс-катчы жана министрдин эки орун басары бо-лот. 13. Министрликтин статс-катчысы Мамлекеттик кызмат жөнүндө КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы-нын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат. 14. Статс-катчынын иш-милдеттери Статс-катчы жөнүндө жобо мененаныкталат. Статс-катчыга башка функцияларды жана иш милдеттерди аткаруутапшырылышы мүмкүн 15. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошо-тулат. 16. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактыкподразделениелерин кармоого чыгымдар мамлекеттик бюджетте каралган ка-ражаттардын, ошондой эле атайын каражаттардын эсебинен каржылоо. 17. Ведомстволук подразделениелер Министрликтин сунушу боюнча Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлөт. Министрликтин ведомство-лук подразделениелери жөнүндө жоболор министрдин сунушу боюнча КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 18. Министр: - Министрликтин, анын коллегиясынын, борбордук аппаратынын жанааймактык органдарынын иштерине жалпы жетекчиликти ишке ашырат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сыйлоо жанатартипке чакыруу чараларын Министрлик системасынын кызматкерлерине жанажумушчуларына карата колдонот; - Министрликтин оперативдүү жана башка утурумдук маселелери боюнчаКыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген буйруктарды чыгарат; - кызматкерлердин бекитилген санынын чегинде Министрликтин борбор-дук аппаратынын жана түзүмүнө кирген ишканалардын структурасын жанаштаттык расписаниесин бекитет; - Министрликтин мүлкүн жана каражаттарын тескейт, Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү жасайт; Министрликтин, анын карамагындагы кызматтардын жана түзүмдөрдүнкызматкерлерин, белгиленген чөйрөдө иш аткаруучу башка адамдарды КыргызРеспубликасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарды ыйгаруугабелгиленген тартипте көрсөтөт; - Министрликтин ведомстволук подразделениелерине тапшырма беретжана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт; - эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимди жокко чыгаруу-нун башка тартиби көрсөтүлбөсө, Министрликтин ведомствого караштуу кыз-маттарынын жана түзүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршыкелген чечимдерин жокко чыгарат; - статс-катчынын сунушу боюнча Министрликтин борбордук аппаратынынмамлекеттик администрациялык кызматтарды ээлеген кызматкерлерине кенже,орто жана улук класстык чиндерди ыйгарат, Министрликтин борбордук аппа-ратынын кызматкерлерин, Министрликтин ведомстволук жана аймактык под-разделениелердин жетекчилерин дайындайт жана кызматтан бошотот, КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлигине Чегаралык-ветеринардык каран-тиндик кызматынын башкы башкармалыгынын начальнигин кызматка дайындоогожана бошотууга макулдук берет; - номенклатурага ылайык кызматтарды ээлөөгө Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министрине сунуш киргизет; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Рес-публикасынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында турган четөлкөлөрдүн ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамилелерде Ми-нистрликтин атынан чыгат, Министрликтин компетенциясына кирген маселе-лер боюнча өз ара байланышуу жана кызматташтык тууралуу өз ыйгарымукуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге,макулдашууларга жана протоколдорго кол коет; - кызмат орду боюнча Министрликте жарандык коргонуунун начальнигиболуп эсептелет; - Министрликтин компетенциясындагы оперативдүү, уюштуруу-штаттык,кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүүбоюнча Министрлик системасындагы кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынбелгилейт; - ак-ниеттүү, натыйжалуу жана сапаттуу иштери үчүн, чыгармачылыкышкысын жана кесиптик демилгесин көрсөткөн кызматкерлерди Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Жарлыгы менен белгиленген мамлекеттик кыз-маткерлердин айлык акынын төлөө шарттарына ылайык жекече үстөктөрдүбелгилейт; - ак-ниеттүү, натыйжалуу жана сапаттуу иштери үчүн, чыгармачылыкышкысын жана кесиптик демилгесин көрсөткөн кызматкерлерди айлык акыныналты айлык фондусунан ашпаган өлчөмдө сыйлайт, мындан тышкары эмгекакынын эки айлык фондунун жогору эмес өлчөмүндө материалдык жардамкөрсөтөт. 19. Статс-катчы жана министрдин орун басарлары өздөрүнүн компетен-циясына кирген маселелерди министрдин макулдашуусу боюнча чечимдердикабыл алышат, нускама жана усулдук документтерге, тейлөөсүндөгү маселе-лер боюнча кирген жана чыккан документтерге кол коюшат. 20. Министрликте курамына министр (төрага), Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, статс-катчы, министрдин орун басарлары жа-на башка агроөнөр жай комплексинин кызматкерлери кирген 11 адамдан тур-ган коллегия түзүлөт. Министр, статскатчы, министрдин орун басарларыколлегиянын курамына кызмат боюнча кирет. Коллегиянын жеке курамын кал-ган мүчөлөрү министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министри бекитет. 21. Министрликтин коллегиясы өзүнүн заседаниелеринде айыл, суучарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарынын, жер жана аг-рардык реформаны өнүктүрүүнүн эњ маанилүү проблемаларын карайт, респуб-ликалык, райондук уюмдардын, мамлекеттик ишканалардын жетекчилерининалардын иштери жана аларга тапшырылган милдеттердин, функциялардын ат-карылышы тууралуу отчетторун угат жана тиешелүү чечимдерди кабыл алат. 22. Министрликтин коллегиясынын чечими министрдин буйругу мененбекитилет. Коллегиянын иш тартиби министр тарабынан бекитилген жобогоылайык аныкталат.