Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2006-жылдын 27-апрели N 307

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы N 259, 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Автомототранспортту эсепке алуу маселелерине тиешелүү нормативдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды четтетүү жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы N 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы N 65 токтому менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 67-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасына алып келинген автотранспорт каражаттарын каттагандан кийин автотранспортту эсепке алуу карточкасынын биринчи нускасына автотранспорттун же номердик агрегатынын колдонулуу мезгилине Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан берилген, алып келинген транспорт каражатына бажылык күбөлүк тиркелет.".

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Премьер-министр

Ф. Кулов