Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 25-апрелиндеги №296
токтому менен бекитилген
Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын
иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуу коркунучуна туш
болгон адамдарды социалдык жактан коргоонун тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтомунун
редакциясына ылайык)
Бул Жобо «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 14-жана 15-статьяларына ылайык иштелип
чыккан жана кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын
иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуу тобокелине туш болгон
адамдарды социалдык кепилдиктер менен камсыз кылуу тартибин аныктайт.
1. Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда медициналык,
фармацевтикалык, социалдык жана башка кызматкерлердин адамдын
иммуножетишсиздигинин вирусуна чылдыгышы кесиптик оорулардын
категориясына кирет.
Кесиптик оорулар - эмгектин зыяндуу шартынын таасиринени улам
келип чыккан ооруу.
Өтүшкөн кесиптик оору - өндүрүштүк зыяндуу факторлордун (нөөмөт
ичинде) бир жолку таасиринен кийин пайда болгон кесиптик оору.
Өнөкөт кесиптик оору - өндүрүштүк зыяндуу факторлордун көп жолку
жана узак таасиринен кийин пайда болгон кесиптик оору.
Кызматкерге кесиптик оору же алардын эмгектик милдеттерин аткаруу
менен байланышкан денсоолугуна башкача зыян келтирүүнүн ордун толтуруу
боюнча мамилелер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз
Республикасынын Эмгек кодекси, «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы жана Зыяндын ордун толтуруу эрежелери менен
жөнгө салынат.
Кесиптик оорунун пайда болушуна иш берүүчүнүн күнөөсүн аныктоо
үчүн кызматкердин санитардык чечемдерден четгеген шартта болушунун
фактысы белгиленүүгө тийиш. Иштөө мезгили жылдагы жумушчу убакыттын
кеминде 80 процентин түзүүгө тийиш. Эгерде кесиптик оорунун келип
чыгышы же анын күчүркөшү иш берүүчү тараптан эмгекти коргоо эрежелерин
сактабагандыктан улам болсо (коргоо каражаттары колдонулбаса), анда иш
берүүчү денсоолукка келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
Кесиптик оорунун пайда болушунун себептерин жана шарттарын атайын
териштирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте
саламаттыкты сактоо жана башка мекемелердин администрациясынын жана
кесиптик бирлик уюмунун катышуусу менен санэпидстанциянын
(санэпидкөзөмөл борборунун) врачы тарабынан жүргүзүлөт.
Кесиптик оорунун кесепетинен денсоолугуна зыян келген адамдын
кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасын аныктоону Кыргыз
Республикасынын мыйзамына ылайык жалпы негизде Кыргыз Республикасынын
Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин медициналык-
социалдык эксперттик комиссиясы (МСЭК) жүргүзөт.
2. Калкты ВИЧке лабораториялык диагноздоону, ВИЧ/СПИДге чалдыккан
адамдарды текшерүүнү, дарылоону жана байкоо жүргүзүүнү ишке ашырган
саламаттык сактоо системасынын уюмдарынын кызматкерлери, ошондой эле
иши ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга социалдык жана башка жардам
көрсөткөн же инфекциялык материалдарды пайдалануу менен илимий
изилдөөлөрдү жүргүзүү жана денсоолукка коркунучтуу эмгек шарттарын
диагноздоо үчүн биологиялык дарыларды чыгаруу менен байланышкан
мекемелер менен уюмдардын кызматкерлерине:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 13
"Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө
жөнүндө" токтому менен белгиленген базалык кызматтык маянанын 40 про-
центи өлчөмүндө үстөк акы белгиленет;
- жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы жумасына 36 сааттан
ашпайт жана ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүсү 42 календарлык күнгө
(денсоолук үчүн коркунучтуу эмгек шартында иштегендиги үчүн ар жылдык
кошумча өргүүнү эске алуу менен) белгиленет.
үстөк акыларды төлөп берүү иши тийиштүү бюджеттерден бөлүнгөн
каражаттардын эсебинен жењилдиктерди белгилөөгө укук берген денсоолук
үчүн коркунучтуу эмгек шарты бар уюмдардын, өндүрүштөрдүн
кызматкерлеринин, кесиптердин жана кызмат орундарынын тиркелген
Тизмесине ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтомунун редакциясы-
на ылайык)
3. Толук жумушчу күнү ВИЧке чалдыккан же СПИД менен ооруган
адамдарга медициналык жана башка жардам көрсөткөн, калкты ВИЧ-
инфекцияга лабораториялык диагноздогон, инфекцияланган материалдарды
колдонуу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн, ошондой эле СПИДди
дарылоо жана алдын алуу жагында иштеген саламаттыкты сактоо
мекемелеринин кызматкерлери иши жењилдетилген шартта курагы (карылыгы)
боюнча пенсияга чыгууга укук берген №1 тизме боюнча адистиктер жана
кызмат орундары боюнча иштерде, жер алдында иштеген өндүрүштөрдө,
кызмат орундарында, өзгөчө зыяндуу жана эмгек шарты оор иштерде
иштегендиги үчүн жењилдетилген шартта курагы боюнча пенсияга укуктуу.
СПИД жана ЛЖВС менен оруугандарды дарылоого арналган саламаттыкты
сактоо мекемелеринин жана мекемелердин адистештирилген бөлүмдөрүнүн,
саламаттыкты сактоо органдары тарабынан СПИД жана ЛЖВС менен
оорулуулардан келип түшкөн канды, материалдарды жана биологиялык
суюктуктарды изилдөө тапшырылган саламаттыкты сактоо
лабораторияларынын жана мекемелердин тобунун жана ВИЧке чалдыккан жана
СПИД менен ооруган адамдарга туруктуу медициналык жана башка жардам
көрсөткөн, ВИЧ-инфекцияны лабораториялык диагноздоо, инфекцияланган
материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн, ошондой
эле СПИДди дарылоо жана алдын алуу жагында иштеген кызматкерлерге
жылына жумуш убактысынын (эсептик мезгилдин) жарымынын азында №2 тизме
боюнча пенсия дайындалат.
ЛЖВС жана СПИД менен ооругандар менен туруктуу иштеген, ошондой
эле инфекцияланган материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү
жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз
Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин
кызматкерлери, социалдык кызматкерлер жана башка адамдар Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү бекиткен өндүрүштөрдүн, иштин, кесиптин, кызмат
орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн №1 тизмеси боюнча жењилдетилген
шартта курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу.
ВИЧке чалдыккан же СПИД менен ооруган адамдарга туруктуу жардам
көрсөткөн, ВИЧке чалдыккан же СПИД менен ооруган адамдар менен
иштеген, инфекцияланган материалдарды пайдалануу менен илимий
изилдөөлөрдү жүргүзгөн жогоруда аталган кызматкерлерге жылына жумуш
убактысынын (эсептик мезгилдин) жарымынын азында №2 тизме боюнча
пенсия дайындалат.
№1 тизме боюнча пенсияларды дайындоо жана төлөп берүү жумуш
орундарын аттестациялоого ылайык жалпы негизде социалдык
камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын
Социалдык фондунун бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Жумуш орундарын аттестациялоону иш берүүчүлөр комиссиялык жол
менен жүргүзөт. Комиссиянын курамына администрация, кесиптик бирлик
комитетинин, мамлекеттик эмгек инспекциясынын, санэпидстанциялардын
өкүлдөрү жана башка кызматкерлер кирет.
Иштегендиги үчүн жењилдетилген шартта курагы (карылыгы) боюнча
пенсияга чыгууга укук берген эмгектин зыяндуу жана оор шарттары менен
өндүрүштөрдүн, иштин, кесиптин, кызмат орундарынын жана
көрсөткүчтөрдүн №2 тизмеси боюнча пенсия дайындоо жана төлөп берүү
жењилдетилген стаждын көпчүлүк бөлүгүн иштеген жер боюнча иш берүүчү
тарабынан жана кызматкердин пенсиялык куракка жеткенге чейин иш
берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Кызматтык милдеттерин аткарууда
адамдын иммуножетишсиздигинин
вирусуна чалдыгуу коркунучуна туш
болгон адамдарды социалдык жаткан
коргоонун тартиби жөнүндө жобого
тиркеме
Иши эмгек жагында жењилдиктерге укук берген мекемелердин,
уюмдардын, ишканалардын жана кызмат орундарынын
ТИЗМЕСИ
__________________________________________________________________________
№ |Мекемелердин, жана кызмат | Аткарылуучу иштин мүнөзү
|орундарынын аталыштары |
___|___________________________________|__________________________________
1. |СПИДдин алдын алуу жана ага каршы |Диагностика,калктын канын ВИЧке
|күрөшүү боюнча мекемелер, анын |лабораториялык изилдөөнүн бардык
|ичинде калкты ВИЧ-инфекцияга текше-|түрлөрү,изилдөө,дарылоо жана
|рүү милдети жүктөлгөн лаборато- |ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды
|риялар: медициналык кызматкерлердин|(ЛЖВС) түздөнтүз тейлөө
|кызмат орундары,жетекчилер,адистер,|
|кызматчылар жана жумушчу кесипте- |
|гилер |
___|___________________________________|__________________________________
2. |ЛЖВСны дарылоого арналган саламат- |ЛЖВСны дарылоо жана түздөн-түз
|тыкты сактоо мекемелери жана меке- |тейлөө
|мелердин адистештирилген бөлүмдөрү:|
|медициналык кызматкерлердин кызмат |
|орундары,жетекчилер,адистер,кыз- |
|матчылар жана жумушчу кесиптегилер |
___|___________________________________|__________________________________
3. |1- жана 2-пункттарда көрсөтүлгөн- |Консультация берүүдө, карап чыгууда,
|дөрдөн тышкары саламаттыкты сактоо |медициналык жана социалдык жардам
|системасынын мекемелери, ошондой |көрсөтүүдө,соттук-медициналык
|эле башка ведомстволор жана алардын|экспертизалоодо жана башка иштерди
|түзүмдүк бөлүмдөрү: медициналык |жүргүзүүдө СПИД жана ЛЖВС менен
|кызматкерлердин кызмат орундары, |ооругандар менен тикелей байланышы
|жетекчилер,адистер,кызматчылар |болсо,эгерде күн сайын толук жумуш
|жана жумушчу кесиптегилер |күнү алар менен болсо
___|___________________________________|__________________________________
4. |Саламаттыкты сактоо органдары |СПИД жана ЛЖВС менен оорулуулардан
|тарабынан СПИД жана ЛЖВС менен |түшкөн кан,материалдар жана биоло-
|ооругандардан түшкөн кан, матери- |гиялык суюктуктарды лабораториялык
|алдар жана биологиялык суюктуктарды|изилдөө жүргүзүү,эгерде күн сайын
|изилдөө милдети жүктөлгөн саламат- |толук жумуш күнү аларды жасаса
|тыкты сактоо мекемелери жана меке- |
|мелердин тобу: медициналык кызмат- |
|керлердин кызмат орундары,жетек- |
|чилер,адистер,кызматчылар жана |
|жумушчу кесиптегилер |
___|___________________________________|__________________________________
5. |Илим-изилдөө мекемелери жана |СПИД маселеси боюнча илимий иштерди
|алардын түзүмдүк бөлүмдөрү: илимий |аткарууга жана СПИД,ЛЖВС менен
|кызматкерлердин кызмат орундары |ооругандар жана ВИЧке чалдыккан
|(жетекчилер,анын ичинде бөлүмдөрдүн|материалдар (анын ичинде жаныбарлар)
|жетекчилери,башкы,жетектөөчү,улук, |менен иштөөгө тартуу,эгерде күн
|кенже илимий кызматкерлер), илимий-|сайын толук жумуш күнү аларды жасаса
|техникалык кызматкерлердин кызмат |
|орундары (улук лаборанттар),препа- |
|раторлор,адистер,кызматчылар жана |
|жумушчу кесиптегилер (анын ичинде |
|жаныбарларды баккандар) |
___|___________________________________|___________________________________
6. |Медициналык иммунобиологиялык дары-|СПИДдин вирусу жан адамдын иммуно-
|ларды даярдоого карата бактериялык |жетишсиздигинин вирусунан турган
|жана вирустук дарыдармектерди чыга-|материалдар менен иштөө
|руу боюнча илимий-өндүрүштүк бирик-|
|мелер,ишканалар (өндүрүштөр) жана |
|алардын түзүмдүк бөлүмдөрү,анын |
|ичинде цехтер: медициналык кызмат- |
|керлердин кызмат орундары,жетек- |
|чилер,адистер,кызматчылар жана |
|жумушчу кесиптегилер |
___|___________________________________|____________________________________