Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-майы № 246
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-апрели № 258 токтомдун редакциясына ылайык)
Саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын реформалоо жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 13 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 1-пункт "кызматкерлеринин" деген сөздөн кийин "(эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн эркин жалдануучу жана жарандык персоналын (медицина кызматкерлерин) кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө", "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуу коркунучуна туш болгон адамдарды социалдык жактан коргоонун тартиби жөнүндө жобонун 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 13 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө" токтому менен белгиленген базалык кызматтык маянанын 40 проценти өлчөмүндө үстөк акы белгиленет;".
4. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-апрели № 258 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |